Букар эмирлигиндеги жогорку мамлекеттик мансаптар

Сейид Алим-хан, 1911-ж., сүрөттү тарткан С. М. Прокудин-Горский
Сейид Алим-хан, 1911-ж., сүрөттү тарткан С. М. Прокудин-Горский

Эмирликтин мамлекеттик мекемелери административдик, финансылык, соттук, полициялык жана аскердик мекемелерден турган. Алардын ар бирин жогортон дайындалчу кишилер башкарган.

Букар ордосарайында 30дай аткаминер кызмат өтөгөн. Жергиликтүү башкаруу органдарындагы кызматкерлердин саны болсо 30 миңден ашкан. Мындан тышкары 40 вилайет-бекчиликтин башында жергиликтүү уруулардын бийлери турган.

Борбордук бийликте мындай жогорку мамлекеттик даража-мансаптар киргизилген: Деванбеги, Көкүлдөш (?), Кошбеги, Мушриф, Миршаб, Датка, Ынак(?), Мирохур, Дасторкончу, Китабдор, Токсаба, Парваначы, Садр, Шейх-ул-ислам, Башкаазы, Мупту, Мухтасиб.

Эң жогорку мансап Кошбеги даражасы болгон (баш вазир). Ага бардык бийлик түзүмдөрү баш ийген. Кыскасы бүткүл аткаруу бийлиги Кошбегинин колунда болгон. Түмөн акимдери менен вилайет акимдери да Хансарайдагы Кошбегинин сунуштамасы аркылуу дайындалчу.

Деванбеги хандыктын финансы-экономикалык иштерин башкарган жан ал да Хансарайда турчу.

Кукельдаш (Көкүлдөш) эмирликтин чегинде дос же душмандык маанайдагы кишилер тууралуу маалыматтарды чогулткан.

Мушриф аткаминерлер ханга берген тартуу-белектерди тизмелеп турган. Аскерий жарак-жабдууларды жана түшкөн салыкты тизмелөө иши да анын милдети болчу.

Миршаб — борбор шаардын түнкү сакчылыгына жооптуу болгон.

Датка – жарандардын арыз-муңун кабыл алып чечим кабыл алуучу аткаминер болгон.

Ынак – Эмирдин буйрук-өкүмдөрүн (бектерден башкаларына) жеткирип турган.

Мирахур — Эмирдин атканасы үчүн жооптуу болгон.

Дасторкончу – хансарайдагы өтүүчү салтанат, оюн-зоокторго жооптуу болгон.

Китабдар — Эмирдин китепкана башчысы болгон.

Токсабо — колбашчы.

Парваначы – мансапка жаңыдан дайындалган кишиге буйрукту жеткирип турган.

Садр — вакф мүлкүн тейлеп-тескеген.

ж.б.у.с.

khivinskoe-khanstvo_-bukharskiy-emirat_-kokandskoe-khanstvo-i-rossiyskaya-imperiya

Которгон Шаамерчем

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.