Элдик этнограф Амантурдун көөнөргүс изи

Жума күнү (5-декабрда) Бишкекте кыргыздын чыгаан агартуучусу, журналисти жана кол өнөрчүлүк жаатын иликтеген этнографы Амантур Сейтаалы уулу Акматалиевдин 80 жылдыгына арналган мааракелик илимий жыйын өткөрүлөт.

“Азаттыктын” мурдагы кабарчысы
Амантур Сейтаалы уулу Акматалиевдин
80 жылдыгына

Амантур Акматалиев боз үйдүн жанында. 28.5.1995.
Амантур Акматалиев боз үйдүн жанында. 28.5.1995.

Илимпоздор маркум Амантур Сейтаалы уулунун мурасы тууралуу талкуулашат

2014-жылдын бештин айынын (декабрынын) 5инде саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйын залында (дареги: Чүй проспекти, 265а, Бишкек ш.) кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти, агартуучусу жана көркөм өнөр таануучу этнографы Амантур Сейтаалы уулу Акматалиевдин (12.12.1934 – 30.8.2002) 80 жылдыгына арналган «Кыргыз этнографиясы жана маданияты» аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өз ишин баштайт.

Бул илимий жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, “Кыял” улуттук кол өнөрчүлүк бирикмеси, Сүймөнкул Чокморов атындагы №92 Элдик көркөм өнөрчүлүк лицейи сыяктуу корлор, мекемелер жана уюмдар биргелешип уюштурууда. Жыйын маалында колунан көөрү төгүлгөн кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн чыгармаларынын айрым өрнөктөрүнүн чакан көргөзмөсү уюштурулмакчы.

 

Амантур Сейтаалы уулунун кичи мекени

Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань районундагы) Жерге-Тал өрөөнүндө жайгашкан Бөрүлү кыштоосунда 1934-жылы 12-декабрда туулган.

Ата-теги моңолдор уруусунан болгон. Чоң атасы – молдо Арпачы Ажибек уулу.

Арпачы үч уулдуу болгон экен: Токтонаалы, Акматаалы жана Сейтаалы. Алардын туну – Токтонаалыдан эки кыз бар экен. Ортончусу Акматаалы Улуу Атамекендик согушка кетип, алааматтуу уруштан кайтпай калган экен. Кенжеси Сейтаалыдан бир уул (Амантур) жана бир кыз болгон.

Демек, Амантурдун өз атасы – Сейтаалы, бирок ал өз уулунун тегатын “Акматалиев” деп согуштан кайтпай калган бир тууганы Акматаалынын ысымына каттатып койгон.

 

Педагогдук жана журналисттик таалим

Амантур Сейтаалы уулу 1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Нарын мугалимдерди даярдоо институтун бүтүргөн. 1966-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин (андагы кийинчерээк жабылып калган алгачкы журналистика бөлүмүн) аяктаган.

1954-72-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору жана башка кызматтарда иштеген.

 

Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн журналист “пири”

1972-жылдан негизинен Бишкекте жашаган жана ар кыл мекемелерде иштеген. Кыргыз ССРинин жергиликтүү эл чарба министрлигинин Көркөм эксперименталдык лабораториясынын инженери, сектор башчысы болгон.

Ал азыркы “Кыял” улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесин түптөөчүлөрдөн болгон, анда башкы көркөм өнөр таануучу болуп иштеген.

Кыргызстандагы мезгилдүү басма сөздө жана телерадио берүүлөрүндө кыргыз кол өнөрчүлүгүнө арналган макалалар жарыялап, берүүлөр уюштурган. Маселен, КТРда (азыркы КТРК) көгүлтүр экранда анын катышуусу менен “Эл чыгармачылыгы”, “Чебер” берүүлөрү обого чыккан, үналгыда “Маданий турмуш” берүүсү даярдалган. Жумурияттык, облустук жана райондук гезиттерде “Эл ичи – өнөр кенчи” рубрикасына ырааттуу салым кошуп турган.

 

Кол өнөрчүлүктүн энциклопедиячысы

Амантур Сейтаалы уулунун үзүрдүү эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын нечендеген уздары, усталары, ар кыл кол өнөрчүлүк мектептеринин өкүлдөрү, көркөм өнөрү тууралуу мол маалымат Кыргызстандын алты томдук улуттук энциклопедиясында, облустарга, үй – тиричилигине, кол өнөрчүлүгүнө ж.б. темаларга арналган ар кыл энциклопедиялык басылмаларда, альбомдордо, антологиялык жыйнактарда, окуу куралдарында жарык көргөн.

Ал жарыялаган китептердин арасында “Кыргызстан кол өнөрчүлөрү”, “Элдик оймочулук”, “Боз үй”, “Жасалга өнөр чеберлери”, “Көркөм кол өнөрчүлүк”, “Кыргыздын улуттук кийимдери”, “Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү”, “Усталар жана уздар”, “Зергерчилик, теричилик, мүйүзчүлүк”, “Ат жабдыктары жана тери буюмдары”, “Жыгаччылык жана элдик аваздык аспаптар”, “Кийизчилик, чий чырмачылык, эшмечилик, куракчылык”, “Саймачылык”, “Элдик кийим кечектер”, “Өрмөкчүлүк жана токуучулук”, “Ак өргө”, “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (колдонмо)”, “Көркөм оюмдар”, ж.б. чыгармалары бар.

Амантур Сейтаалы уулунун чыгармачыл өнөрканасын эл акыны Анатай Өмүрканов өз ырында таамай сыпаттаган:

Амантур жоош киши, момун киши,
Өнөрлүүнү таап жазган сонун киши.
Кылымдардан кылымдарга кыйшайбаган,
Кыргызына күлазыктай берген киши.

Камчы өргөн, ээр чапкан, шырдак ойгон,
Куттуу өнөр унутулуп болордо ойрон.
“Эл өнөрү эртеңкинин энчиси” – деп,
Эргип иштеп, орду-ордуна сенсиң койгон.

 

Амантур – “Азаттыктын” кабарчысы

Амантур Сейтаалы уулу 1991-жылдын май айынан бир катар жылдар бою “Азаттык” үналгысынын (“Эркин Европа / Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын) Бишкектеги тыш кабарчысы болгон.

Ал Кыргызстандын ичинен туруп “Азаттыктын” Мүнхендеги кеңсесине кабар берген үчүнчү тыш кабарчы болгон. Анын чоо-жайына учкай кайрыла кетелик.

Тээ 1991-жылы апрелде, тээ Батыш Германиянын Мүнхен шаарынан “Азаттык” үналгысынын ошол кездеги деректири Аким Өзгөн Бишкекке келип калды (Аким агай алгачкы жолу Ала-Тоого 1989-жылы август айында келип, демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык мааракелерине катышкан). Саал мурдараак Аким агай мени “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы болууга чакырган. Бул сунушту ага “Азаттыктын” Ала-Тоодогу туңгуч жергиликтүү кабарчысы болгон түрколог, филология илимдеринин кандидаты Кадыралы Конкобаев айткан экен.

Аким агай мага “ар кыл саясий жана башка оперативдүү жаңылыктарды, басма сөз жаңылыктарын даярдайсың, маанилүү окуялар тууралуу маек куруп, сереп жазып турасың”, деп тапшырма берди. Кетээринде ал “Амантур ага кыргыздын каада-салттары, кол өнөрчүлүгү тууралуу мезгил-мезгили менен өз материалын сунуштап турат” деп, Амантур Сейтаалы уулу агайга көздөштүрүп койду.

Ошентип, Амантур Сейтаалы уулу агай менин батиримден (ал кезде Бишкекте “Азаттыктын” өз алдынча бюросу жок болчу) өз үналгы материалдарын тасмага жаздырып кетип жүрдү. Өз үйүм болбогонуна байланыштуу, кайсы жакка батирге көчсөм, ошол жактан оболу Алматы шаарына чалып, ал шаар аркылуу Мүнхенге өзүмдүн кабарларымды да, Амантур агайдын макалаларын да жаздырып жүрдүм. 1992-жылы гана бюробуз акын Акбар Рыскулов жетектеген “Кабар” агенттигинин имаратынан алгачкы кеңсеге ээ болгон.

Амантур Сейтаалы уулу “Азаттык” үналгысы аркылуу кыргыз улутунун көркөм өнөрү жана каада-салттары тууралуу оригиналдуу баяндарды обого чыгарган.

Бул үналгы этюддары кийинчерээк айрым китептерине жана мезгилдүү басылмалардагы макалаларына киргизилген.

 

“Манас” дастанынын 1000 жылдык мааракесине карата камылгаларга салым кошкону

Амантур Сейтаалы уулу 1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис кызматын аркалаган.

Мааракеге карата өз чыгармаларын жогорку көркөмдүктө даярдоого белсенген көптөгөн кыргыз усталары менен уздарына ар дайым көмөк көрсөткөн.

Аны менен бул дирекцияда бир катар жылдар чогуу иштешкен Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев агайыбыз Амантур Сейтаалы уулу нечендеген мыкты боз үйлөрдү, көз жоосун алган кол өнөрчүлүк буюмдарын сынакка даярдоодо усталар менен уздарга адис катары баа жеткис кеп-кеңешин бергенин айтып калат.

 

Этнопедагог, улуттук асыл нарктар боюнча насаатчы

Амантур Сейтаалы уулу 1990-жылдардан тартып Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда кыйла жылдар кызматкер болуп иштеген.

Аталган институттун этнопедагогика бөлүмүндө башкы илимий кызматкер катары иштеп, пост-советтик доордогу “Адеп”, “Мурас” сабактарынын окуу программасын түзүүгө жигердүү катышкан.

Анын кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн тармактары тууралуу эмгектери Кыргызстандагы жана КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусундагы кесиптик техникалык окуу жайларда колдонмо окуу куралы катары пайдаланылган.

Анын насаат сөздөрүнөн бир шиңгил: “Мурас – ата-бабадан келе жаткан адептүүлүк. Анын ыйманы ичинде. Ал адамдарга коңурдуулук, туруктуулук, сүйкүмдүүлүк, ажардуулук аркылуу көрүнөт. Т. а. ыймандуулук, адептүүлүк экөө биринин сапатын, даражасын бири толуктайт. Адамдардын ою боюнча түбөлүккө жашайт. Адамдык оң таасирлер ар дайым жаныңда”. (2002-жыл).

Амантур Акматалиев шырдакчы айым менен. 1990-жж. башы.
Амантур Акматалиев шырдакчы айым менен. 1990-жж. башы.

 

Кочкордогу унаа кырсыгы

Амантур Сейтаалы уулу 2002-жылдын 30-август күнү Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Теңдик айылына караштуу аймакта автокырсыктан улам күтүүсүз жерден дүйнөдөн кайткан.

68 жашында бул кесепеттүү окуяга кириптер болгон Амантур аганын ден соолугу мыкты эле. Аттиң, жазмыш ушул экен! “Жалган дүйнөнү” чыгармачыл жактан толукшуп турган чагында таштап кете берди.

Дүйнөдөн мезгилсиз өткөн досу Амантур Акматалиевдин жарык элесине арнап, акын Байдылдa Сарногоев “Кош бол, Амантур, досум!” деген кошок ыр жазган:

Козголбос жерден козголдуң досум,
Жок болбос жерден жок болдуң досум.
Кан жолдо кокус каргаша болуп,
Кантейин, мээме ток койдуң досум…

Каңырык түтөйт ойлогон сайын,
Кармашкан кезин кош колдун досум.
Ажалга айла таба албай калдык,
Кош болгун эми, кош болгун досум.

 

Коомдук ишмердигинин кырлары

Маркум Амантур Сейтаалы уулу коомдук ишмер катары кеңири таанылган эле.

Ал СССР Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү (1988), Кыргызстан элдик чеберлер биримдигинин Башкармалыгынын президиумунун мүчөсү, Кыргызстан журналисттер биримдигинин мүчөсү болгон.

 

Чыгармачыл энциклопедиялык мурасы – көөнөргүс

Амантур Сейтаалы уулу  кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн түрлөрүн жана ар кыл дубандардагы уздардын жана усталардын өрнөктүү ишмердигин кыргыз этнография илими үчүн ырааттуу сыпаттап калтырган журналист жана өз демилгелүү этнограф болчу.

Анын адепке, ыймандуулукка чакырган, улуттук каада-салтты үйрөткөн эмгектери кыргыз элинин ата-бабадан калган баалуу айдыңдык мурасынын ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Амантур агай менен кыйла жылдар үзөңгүлөш иштеген ыраматылык Сабыр Иптаровдун мындайча жазганы бар:

“Кыргыз үчүн кымбат мүлк “Манасты” сактаган Саякбай, күүнү сактаган Кара Молдо, күчтү сактаган Кожомкул, обонду сактаган Муса, сөздү сактаган Хусейин десек, элдик өнөрдү сактаган Амантур дебешке чара жок.” (Караңыз: Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Бишкек: Шам, 2000. – 10-бет).

Амантур Акматалиев бүркүтчү менен. 1990-жж. башы.
Амантур Акматалиев бүркүтчү менен. 1990-жж. башы.

 

Урпактары уучун узартып келет

Амантур Сейтаалы уулу аганын уул-кыздары атанын ысымын көкөлөтүп чыгарып келишет.

Тун уулу – академик, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Амантурович Акматалиев (1956-жылы 15-январда туулган). Ал мүлдө кыргыз журтуна гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде чыңгыз айтматов таануучу, манас таануучу, адабиятчы, түрколог, акын катары ат кашкасындай таанымал.

Абдылдажан (Мелис) агабыздын калеминен кыркка жакын ар кыл монография жана башка китептер, 7 брошюра, 600дөн ашуун макала жаралган. Анын илимий жана адабий эмгектери кыргыз, түрк, орус, англис, немис, француз, кытай, жапон, казак, өзбек, азербайжан, ж.б. тилдерде жарык көргөн. Ал илимий-педагогикалык кадрлар даярдоодо да салым кошуп, анын жетекчилиги менен ар кыл улуттун (кыргыз, казак, түрк ж.б.) өкүлдөрүнөн куралган 9 илимдин доктору, 49 илимдин кандидаты даярдалган. Ал негиздеген жана президенттик кылган Эл аралык Айтматов академиясы канатын улам кеңири жайууда.

Кыздары – Уулкан Акматалиева (1969-жылы 23-сентябрда туулган) менен Сүйүмкан Амантур кызы (1975-жылы 22-июлда туулган) – агартуучулук тармагында ата жолун улантышууда. Уулкан азыркы тапта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде журналистика тармагында окутуучу. Сүйүмкан болсо – аталган университетте түрк тилинен сабак берет. Андан тышкары ал Түркиянын Бишкектеги элчилигинде да иштеп келет.

Амантур Сейтаалы уулу агайдын дагы бир уулу – кесиби боюнча тарыхчы Уулбек Амантурович Акматалиев (1973-жылы 24-майда туулган). Учурда ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын Маалыматташтыруу жана телебайланыш бөлүмүнүн референти болуп иштейт. Болочокто этнограф катары иликтөөлөрдү улантууну самайт.

Тынчтыкбек Чоротегин, “Азаттык”, 04.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.