“Улут жүзү” фондунун жетекчиси, меценат Рустам МАМАНОВ: “Улуттук идеологиябыз санжыра- тарыхыбызда жатат”

mamanov– Мекенди сүйүү кайсы зарылчылыктан улам пайда болот деп ойлойсуз?

– “Ата мекенге болгон сүйүү, бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш”- деп акылмандар бекер жеринен айтпаган чыгар. Мекенди сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Кимдир бирөө кайсы бир зарылчылыктан улам Ата-Журтумду сүйөм десе, анда жаңылышат.

– Кыргыздын тарых-санжырасын жаздырууга 40 млн. сом каражат бөлдүңүз, ушу туурасында кеп салсаңыз…

– Кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктансак жарашат. Мына, канча элдер али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген төгөрөктүн төрт бурчунан тарыхчы, илимпоз адамдарды жөнөтүп, элибиздин тарыхын, санжырасын изилдетип, алардын башын бириктирген «Санжыра» борборун түзүп, 40 млн. сом бөлүп, кыргыз элибиздин тарыхый санжырасын 40 том кылып чыгарууга аракет жасап келем. Асыкбек Оморов сапарга чыкканда, мыкты тарыхчыларды тандап алып кетет. Буга чейин Россиянын Алтай, Тува, Хакас, Эне-Сай, Красноярск, Иркутск шаарларынын жана Түркия, Кытай, Венгрия, Казакстан өлкөлөрүнүн архивдеринен кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп келишти. Жараткан жакшылыгынан айтса, жакынкы күндөрү жакшы саамалыктын күбөсү болор күн да алыс эмес. Ошондой эле бул долбоорду ар тараптан колдоп жаткан мекендештериме чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

– Быйылкы жылы «Улут жүзү» фонду үч социалдык-маданий долбоорду ишке ашырып, элдин көңүл борборунда болдуңуздар. Алгач бирдиктүү мектеп формасын иштеп чыктыңыздар. Ушул долбоорлор тууралуу кеп учугун уласаңыз.

– Бул жыл биз үчүн жемиштүү жылдардын бири болду. Мамлекетибиз үчүн, өлкөбүз үчүн, улутубуз үчүн маанилүү болгон эң ири долбоорлорду иш жүзүнө ашырдык десем жаңылышпайм. Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Улут Жүзү” коомдук фонду ишке ашырган бирдиктүү мектеп формасы – келечек муундун өкүлдөрү үчүн жакшы жөрөлгөлөрдүн бири. Мен ар дайым айтып келем, биздин жаштарыбыз кийген кийими, ата-энесинин кадыр-баркы, байлыгы менен эмес, өз акыл көрөңгө, алган билимдери менен тең тайлашышсын. Билим деңгээли өнүккөн элдер кошуналарынан зыян тартпайт. Тескерисинче, билими өөрчүгөн өлкөнүн жарыгы башка өлкөлөргө тийип, бири-биринен идея алышат, ошондон улам бүтүндөй ааламдын кубаттуулугу да, ишмердиги артат.

– “Кыргыз кантип бийлеген” долбоорун ишке ашырдыңыздар. Эмне үчүн кыргыз элине таандык элдик бийди жаратууну көздөдүңүз?

– Ар кандай мааракелерде, той-топур жакшылыктарда, башка улуттардын ырлары коштогон бийлерге түшүп жаткан агай-эже, ини-карындаштарыбызды көрүп, «Эмне үчүн биз кыргыздар, ушундай улуу руханий мурастардын уюткусу болуп туруп, өз ырларыбыздын коштоосунда өз элибизге таандык бийге түшпөйбүз?» деген суроо баарыбыздын эле көкүрөгүбүздү өйүп турса керек. Мен негизинен иш сапарларыма байланыштуу чет өлкөгө көп чыгам. Кайда барбайын, кайсыл өлкөдө болбоюн кыргыз элине таандык өзгөчөлүктөрдү издей берем. Эсимде, бир жолу Кытайга барып, ошол жерден кыргызча ырдап, нукура кыргызча бийлеп жаткан боордошторубузду көрүп, аябай сыймыктандым. Көрсө, өз ырыбызга деле, келиштире бийлесе болот турбайбы деп ойлодум. Биз көбүнчө элибиз түшүнбөгөн маданиятыбызга таптакыр жат болгон кайдагы музыкаларга бийлеп, ырлардын мазмунуна маани бербей келебиз. Бийдин да өзүнүн маданияты болот. Башка улуттардын дүйнө кыдырган бийлерин карап отуруп, «биздин улуттун жүзү болгон бийибиз барбы» деген суроо жүрөгүндө мекенчилдик сезимдер күйүп турган ар бир эле кыргыз атуулунда пайда болсо керек.

– Бул долбоорду ишке ашыруу чоң жоопкерчиликти жана көп түйшүктү талап кылабы?

– Элибиздин өзгөчөлүгүн, нукуралуулугун чагылдырып, ошол эле учурда жалпы элге бирдей жаккан кыймыл-аракеттеринен турган бийди табуу жана бул бийдин маани-маңызын, өзгөчөлүгүн элге чечмелеп, түшүндүрүп жеткирүү чоң түйшүк. Бул нерсе көп түйшүктү талап кылат, же бул иште көптөгөн кыйынчылыктар бар деп карап отура берсек, биз үчүн, кыргыз улуту үчүн, кыргыз элине таандык бийди эч ким, эч качан бизге таап бербейт. Тескерисинче, жаштарыбыз элибизге таандык өзгөчөлүктөрдөн четтеп, башка элдин музыкаларына ыктап, бөтөн элдин бийлерин бийлөөнү салтка айландырып алышары толук мүмкүн. Биз бүгүн өз улутубуздун маданиятын, тарыхын, каада-салт, үрп-адатын унутта калтырып, эртең кыргыз эли үчүн күйгөн, мекенчил жаштарды тарбиялай алабызбы? Кеп мына ушунда жатат. Бүгүн биз келечек муун үчүн элибиздин руханий мурастарын асабадай желбиретип, бийик кармап жол көрсөтүп, улуттун уңгулары ата-бабалар болсо, эртеңки келечеги силерсиңер деп үйрөтүшүбүз керек.

– Алдыда дагы кандай аткара турган жакшы иштериңиз бар?

– Адам ар дайым аруу тилек, асыл үмүт менен жашайт. Жашоодо баарыбыз жаңылыкты, жакшылыкты күтөбүз. Жылдар жылып, айлар агып өтөт тура. Ошондуктан да, ар бир күнүмдүн текке кетишин каалабайм. Биз азыр кыргыз элибиз үчүн, келечек урпактарыбыз үчүн кара жаныбызды карч уруп иштешибиз керек деп ойлойм. Азыркы убакта кыргыз кол өнөрчүлүгүн колдоо максатында бир катар алгылыктуу иштерди баштадык. Жакында бул тууралуу да кенен маалымат беребиз деп ойлойм. Ошондой эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, анын Европадагы өмүр баянын сүрөт аркылуу чагылдырып, улуу жазуучубуздун эч бир жерде жарыяланбаган, коомчулукка белгисиз сүрөттөрүнүн бет ачаары болот. Бул коомчулукка белгисиз сүрөттөр аркылуу белгилүү жазуучубуздун бейнесин ачып, эл аралык деңгээлде иш-чара өткөрүү алдында турабыз. Аткара турган, жасай турган иштерибиздин баары алдыда.

– Кыргыз элинин улуу мурасы деп эмнени айтат элеңиз?

– Албетте, “Манас”. “Манас” – бул кыргыз элинин маданиятынын туу чокусу десем жаңылышпайм. Дүйнөдө эч бир элдин бешенесине ушундай улуу, руханий байлык буйруган эмес. Биз ушундай улуу эпосту жараткан кеменгер эл экенибизди эч качан унутпашыбыз керек. Мына ушул кезге чейин улуттук идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн-өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Биздин улуттук идеология эпосторубузда, санжыра-тарыхыбызда, каада-салт, үрп-адаттарыбызда жатканын түшүнсөк да түшүнгүбүз келбеди. “Колдо бар алтындын баркы жок”, – дегендей, колубузда турган баалуу мурастарыбызды колдоно албай келебиз.

– Бир катар долбоорлорго демөөрчү болуп келесиз. Демөөрчүлүк хоббиңизби же патриоттуулукпу?

-Адам канчалык жакшылык жасаса, ошончолук улуулукка умтулат деп ойлойм. Жардамга муктаж адамдарга колуңдан келсе сөзсүз жардам берсең, ал адам утурумдук кыйынчылыктарын жеңгенден кийин сөзсүз башкаларга жардам берет. Оргуштап чыга албай жаткан булактын көзүн ачып коюудан, же болбосо кимдир бирөөгө үмүт берип, колдоп, таяныч болуу бул адамгерчиликтин өзөгү деп түшүнөм. Жараткандын жазмышынан эч ким эч кайда качып кутулган эмес, колдон келсе бири-бирибизге жардам берип, жөлөп-таяганга не жетсин.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА, Эркин тоо, 03.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.