Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари (Барскани) Карахандардын мамлекеттик башкаруусу тууралуу

karahan

Бул макала Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-апрелинде өткөн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын илим департаменти Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз элинин фольклорундагы жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелеринин чагылдырылышы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын алкагында даярдалган.

Кыргызстандын орто кылымдардагы мамлекеттүүлүк тарыхынын орчун доору Карахандар кагандыгы тарыхы менен байланыштуу. Айтылуу «мусулман ренессансы (кайра жаралуусу)» доорунда ири ислам чөлкөмүнө камтылып, Карахандар кагандыгы мамлекеттик башкаруу илиминде жергиликтүү салт менен мусулмандык чыгыш салтынын тажрыйбасын ширелткен. Бул доордо Караханийлер илимге кош жылдызды берген. Алар – XI кылымда жашап, эмгектенген Жусуп Баласагын (1015-18-жж. аралыгында туулган – өлгөн жылы белгисиз) менен анын кичүү мекендеши Махмуд Кашгари Барскани (1029-38-жж. аралыгында туулган – өлгөн жылы белгисиз).

Жусуп Баласагындын жападан жалгыз чыгармасы – «Кутадгу билиг» («Кут билим» же «Кут кылчу бийлик») поэмасы 1069-1070-жж. жазылган. Бул дастандын негизги идеясы Карахандар кагандыгында идеалдуу өкүмдарды тарбиялоого жана окутууга багытталган. Жусуп Баласагындын «Кут билим» поэмасы акылмандык менен бийлик жүргүзүүгө, адамдарга жакшы мамиле кылууга алып баруучу жолду көрсөтүү максатында жазылган этикалык-дидактикалык чыгарма болуп эсептелет.

Жусуп Баласагын билимди баарынан жогору коёт, ал аны менен баардык адамдык касиеттерди байланыштырат. Поэмада вазирге, аскер башчыга, хажибге, катчыга, элчиге, жазмачыга, окумуштууга, дарыгер-табыпка жана көптөгөн башкаларга зарыл болгон сапаттар сүрөттөлөт. Жусуп Баласагын окумуштууларга жана окутуучуларга урматтап сый мамиле кылууга чакырган, так илимдерди: астрономияны, математиканы ж.б. окуп үйрөнүүнүн зарылдыгын баса белгилеген. Жусуп Баласагын өзүнүн окурмандарын эне тилине аяр мамиле кылууга үндөгөн. Ал мыйзамды сыйлоо, дипломатиялык өнөрдү өздөштүрүү жөнүндө жазат.

Эң башкысы, анын «Кут билим» поэмасында баардык элдерди баардык мезгилдерде толкунданткан жалпы адамзаттык идеялар даана жана жогорку көркөмдүктө чагылдырылат.

Махмуд Кашкари (Барскани) болсо – Ысык-Көл аймагында туулуп-өсүп, дүйнөгө залкар түркологиялык энциклопедияны калтырып кеткен аалым. Анын санжыралык аты-жөнү: Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед.

Махмуд ал-Кашгари өз эмгегинде өзү ак сөөктөрдүн тукумунан жана Карахандар кагандыгын негиздөөчүлөр менен башкаруучулардын урпактарынан экендигин баса белгилейт. Махмуд Кашгаринин атасы Хусейн ибн Мухаммед – айтылуу каган Харун Сатук Буура хандын небереси Мухаммаддын уулу экени жана Барскандын беги катары Ысык-Көл ойдуңундагы аймакты башкарганы маалым.

Ар кайсы өлкөлөрдө беш жылга жакын саякаттап жүрүп жана бай материал топтоп, ал өзүнүн башкы эмгеги «Дивану лугати т-түрк» («Түрк тилдеринин сөздүгү»; 1072-1077) чыгармасын Ортоңку Чыгышта арапча жазып бүтүрөт жана аны Аббасийлер халифи ал-Муктадиге арнайт.

Махмуд Кашгари (Барскани) өз чыгармасында Ысык-Көл ойдуңу, жергиликтүү калктын үрп-адаттары, каада-салттары тилинин өзгөчөлүктөрү, чарбасы жана негизги кесиптери жөнүндө кеңири маалыматтарды берет, аларды бөлөк түрк элдери менен салыштырат . Ал эмгегине дүйнөнүн тегерек картасын тиркеген. Уникалдуу картада Жердин борбору катары Ысык-Көл ойдуңу жана аны курчап турган Теңир-Тоо кырка тоолору көрсөтүлгөн.

«Кутадгу билиг» жана «Дивану лугати т-түрк» чыгармаларындагы мол маалыматты башка булактарга салыгштыруу аркылуу Карахандарда жалпы мамлекеттик бийликтин башчысы улуу каган болгонун билебиз. Өзүнчө аймактарды башкарган жергиликтүү хандар өздөрүн хан катары эсептешкен менен, улуу кагандын бийлигин таанышкан. Алар өздөрүнүн ээликтери үчүн чыгарган тыйындарынын бетине өз атын эле эмес, жалпы мамлекет башчысы – улуу кагандын ысымын да чектиришкен.

Улуу каганга баш ийген жергиликтүү «эликтер» (дубан хандары) өз кезегинде бектер аркылуу өз ээлигин башкарган. Бектер Карахандар сулалесинен (династиясынан) эле эмес, башка тектен чыккандардан деле дайындалган. Махмуд Кашгари «бек» («бег») сөзүн арабча «эмир» сөзү аркылуу которот. Бул бек бир эле учурда аскер башчы да болгонун айгинелейт.

Мамлекеттик идеологиялык салт бектердин зоболосун көтөрүүгө багытталган. Алар тек гана өлкөнү башкаруучу болуп эсептелбестен, интеллектуалдык жактан да калайыктын каймагы катары бөлүнүп турууга тийиш эле. Буга Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» эмгегинен төмөнкүдөй саптар мисал болот:

«Не дээрин эшиткин, Өтүкен беги,
Сынап сүйлөп, сөздөрү нарктуу деги:
Эл үчүн эң татыктуу беги керек,
Көңүлү, тили – түз, кылыгы айкөл керек.
Билимдүү, окуган, элине карамдуу,
Дили да, көзү ток, көңүлү жарамдуу.
Бардык изги ишке болсо экен колу узун,
Уяттуу, сылык да, мүнөзү түзүк».

«Манас» дастанындагы «Бир чакырсак билимдүү, Падышалык илимдүү Манасты гана алалык» (Сагымбай Орозбак уулунун варианты) деген жана башка өкүмдар сабаттуу болушу керектиги баса белгиленген саптар да кыргыз эли мамлекет башчынын мыкты башкаруу үчүн зарыл болгон билимине зор маани бергенин айгинелейт.

Караханийлердин мыйзамы «төрү» деп аталган. Бул мыйзам каада, салт-санаа, нарктан турган жана укумдан тукумга оозеки өткөрүлгөн.

Жусуп Баласагын катаал бийлик маалында анын айрым жол-жоболорун оңдоп коюуга болоорун белгилеген:

«Төрү (мыйзам) – суудай, күч болсо ал от сымал өчөөр, Сууну мол агызсаң, күчтүү от өчөөр».

Бирок мамлекеттин тиреги анын мыйзамдары менен байланыштуу экендиги да Жусуп Баласагындын дастанынан даана байкалат:

«Түз мыйзам орнотсоң, түзөлөт дүйнөң, Киши чыкпас, өлкөдө, зомбулук көргөн».

Караханийлер доорундагы саясат таанууга байланыштуу бир макал Махмуд Кашгаринин чыгармасы аркылуу бизге маалым: «Эл калды, төрү калмас» («Мамлекет сакталып калаар, адат (салтка негизденген мыйзам) болсо өзгөрөөр»). Демек, мамлекеттеги мыйзам жана салт улам жаңы доорго ылайыкталып өзгөрүүгө учураары ошол кезде да белгилүү болгон.

Каган мамлекетти башкаруу жүрүмүндө өзүнүн атайын буйругун – жардыгын чыгарып турган. Аны «йарлыг» сөзү менен белгилешкен. Махмуд Кашгари бул сөздүн чигил тилинде экенин айтып, бирок бул терминди огуздар билишпейт деп кошумчалай кетет.

Дагы бир олуттуу жагдайды кошумчалап айта кетүүбүз абзел. Бул – тээ 11-кылымда да бабаларыбыз жалаң гана өздөрүнүн коомдук тажрыйбасы менен чектелбестен, Батыш менен Чыгыштын өз дооруна таандык ой берметтерин өз философиясына, анын ичинде мамлекетти башкаруу тууралуу ой-мурасына кошо алгандыгында.

Бул эл аралык руханий алакалар менен байланыштуу калыптанган тарыхый кыртышты анча-мынча мисал менен тастыктап айта кетели.

Абу Наср Мухаммед ибн Мухаммед ибн Тархан ибн Узлаг ал-Фараби ат-Түрки – жалпы түрк калктарынын орток аалымы, Теңир-Тоонун эң түндүк-батыш өңүрүндө туулуп-өскөн ойчул. Анын кыскача ныспасы — Фараби. Латын адабиятында Alpharabius атыккан бул илимпоз 872-жылы айтылуу Фараб шаарында туулган (Сыр-Дарыянын оортоңку агымындагы бул аймак азыр Түштүк Казакстанга кирет). Ал мусулмандык маданий өрүш доорунда Жакынкы Чыгышка чейин билим кубалап саякат кылып, ошол жакта өмүр кечирип, 950-жылдын 14-декабры менен 951-жылдын 12-январынын ортосунда Дамаск шаарында дүйнөдөн кайткан. Бул философ, математик, музыканын теоретиги, чыгыштын ойчулу катары атыккан илимпозду байыркы грек ойчулу Аристотелдин чыгармаларын мыкты которуп, түшүндүрүп, анын философиялык окуусун андан ары уланткандыгы үчүн Чыгышта “Экинчи мугалим” (ал-му’аллим ас-сани) деп аташкан.

Фарабинин “Ак жолтой шаар” жөнүндөгү илимий эмгегинде өз доору үчүн гуманисттик окуу өнүктүрүлгөн. Мында ал эмгекчил жана билимдүү инсандар коомун жана мамлекетти сүрөттөгөн. Мындай коомго Фараби түгүл азыркы адамзат да эмгиче толук жете албай, умтулуп келебиз.

Мында ысымы эске алынган Аристотель (байыркы грекче Ἀριστοτέλης; 384-322) болсо өз доорунун залкар жеңип алуучусу, ири дөөлөттү негиздеген Александр Македондуктун (356-323) мугалими, устаты болгон. Улуу Александр III, байыркы грекче Ἀλέξανδρος Γ’ ὁ Μέγας, латынча Alexander Magnus, мусулман элдеринде ал-Искендер Зу-л-Карнайн (“Кош мүйүздүү Искендер”) деп атыккан бул падыша жана колбашчынын аскерлери Борбордук Азияга чейин сүңгүп келип, Фергана аймагында Александра Эсхата шаарын негиздегендиги тарыхта маалым.

Ал Ортоңку Чыгышты жана Борбордук Азиянын айрым аймактарын талоонго алып, далай көтөрүлүшчүлөрдү кыргынга учураткан менен, заман жаңырып, кылымдар карып, мусулман дүйнөсүндө ал тууралуу ой-пикир оң маанайга көчкөн.

Маселен, Махмуд Кашгари чийген дүйнө картасында Искендер Зу-л-Карнайндын дубалы Түштүк-Чыгыш Азия тарапта көрсөтүлөт. Падыша жана жааңгер Искендер жапайы калк болгон йажуж жана мажуж элдерин (Библияда “гог-магог” деп, “Манас” дастанында Анжы-Манжы деп көрсөтүлгөн калкты) оолак сүрүп, алар өткүс темир дубалдын ары жагында калтырган имиш.

Искендер падышаны фарсы тилдүү акын жана ойчул Фирдоуси (935-1020) да айрыкча даңазалаган. Ирандын Хорасан аймагындагы Тус шаарынан чыккан Хаким Абу-л-Касым Мансур Хасан Фирдоуси Туси “Шах-нааме” дастанын жазып, өз доорунун өкүмдары Махмуд Газналыкка багыштаган. Бул дастанда ал Искендер Зу-л-Карнайнды байыркы Ирандын падышасы Дарийдин урпагы катары сыпаттайт. Албетте, бул – тарыхый анахронизм, себеби Александр Македондук, тескерисинче, байыркы ирандык цивилизацияны басып алган чет элдик жааңгер эмеспи.

Бирок биз көңүл буруп жаткан өңүт башкада. Бул дастанда Фирдоуси Искендерге байыркы Ирандагы эң адилет падышанын мүнөздөмөсүн таңуулайт. Дастанда падыша тактысына отуруп жатып Искендер мындай деп айтат:

“…Бул дүйнөдө бардыгы өтөт да, кетет.
О, замандын уу тырмагы! Андан эч ким кача албайт.
Деги келсинчи бизге нааразынын баары тең,
Ак сарайдын дарбазасына адилеттик тилеп,
Күндүзү келишсин, түндүн дал ортосунда келсин,
Биздин адил сөзүбүздү угуп-билсин…”.

Андан ары Искендер беш жыл бою алык-салыктан кече турганына, бакыбат турмушка шаардыктар да, чөл-талааны байырлагандар да, дарыя жээгинде же тоолуу аймактарда турмуш кечиргендер да балкый турганына убада кылат.

“Оокаттууларды жакырдантпаймын, / Жарды-жалчыларга дүр-дүнүйө тартуулайм”, – деп Искендер адил падышанын сөзүн айтат. Мындайча айтканда, байлардын байлыгын колун бурап тартып албай турганын, “рейдерлик” кылбастыгын, жакырларга, бей-бечараларга кайрымдуу болоорун билдирет.

Ушул жерден саал чегине кетелик. Орто кылымдардагы жана жаңы доордогу түшүнүккө ылайык, мамлекетти бийлеген адил падыша, адил хан же султан калайыкка оор салык салбагандыгы үчүн жаккан. Кыргыздын “Кедейкан” деген дастанында тээ Борбордук Азиянын батышындагы Хива хандыгын бийлеген Азимканды ууру-кески болгон, өз чөлкөмүнүн байларын уурдап-тоногон, мындайча айтканда, аймактагы “Робин Гуд” болгон киши тактысынан ажыратканда, жергиликтүү калайыктын тың чыкмалары Азимкандын элге очорулткан салык салбаган дурус өкүмдар экенин Кедейканга айтат:

“Сиз сураган Азимкан,
Салыгын жаман салчу эмес,
Чыгымын жаман алчу эмес,
Чыгымын салып күнүгө
Кырк жигити барчу эмес”.

Азимкан айына болгону 18 сом салык жыйнатчу экен.

Фирдоуси жазган “Шах-нааамедеги”, ошондой эле кыргыздын “Кедейкан” жана башка дастандарындагы мамлекетти адилет башкаруучунун бейнеси тууралуу ойлор Жусуп Баласагындын “Куттачу бийлик” же “Кут билим” дастанында да арбын учурайт.

“Киреше – эл бакыбат болсо гана дурус чыгат, / Калайык болсо анык тартипте гана байлыкка тунат”.

Мындан тышкары, Жусуп Баласагын мамлекеттик бийликти зомбулук менен кармап турууга мүмкүн эместигин, эл мындай зөөкүр мамилеге чыдап турбастыгын да эскертет.

Бек, Жусуп Баласагындын оюнча, ар кандай шараптан (алкоголдук ичкиликтен) жана абийирсиздиктен, ыпластыктан алыс болушу абзел. Бектердин өздөрү карапайым калайыкка, букарасына өрнөк көрсөткөн учурда, оболу өздөрү мыйзамды кыйшаюусуз аткарган чакта гана жалпы элде кадыр-барк, бедел сакталаарын акын таасын белгилейт.

Бектерди, кагандарды, падышаларды абийирдүү жана адилет башкарууга чакырган мындай китептер жалпы чыгыш калктарынын орток ой казынасы экенин Жусуп Баласагындын дастанынын баш сөзүнөн эле айгинелей алабыз.

Бир чети, бул насаат китеп, Жусуп Баласагындын айтымында: “Түндүк Кытайда (Чын мамлекетинде) “Айкөлдүк иштер жыйындысы” деп аталса, ал эми Түштүк Кытайда (Мачын мамлекетинде) “Ири дөөлөттөрдүн – мамлекеттердин күйөрманы” деп аталат. Чыгыш өкүмдарлары бул китепти “Мамлекет башкаруучулардын шөкөтү” дешсе, иран тилдүүлөр аны түрктөрдүн “Шах-наамеси” деп аташат. Кээлери аны “Бийлик ээлерине насыят китеп” дешет. Турандыктар болсо аны “Кутадгу билиг” деп аташат”. Мындан улам, мамлекетти башкаруу тууралуу илим башка чыгыш өлкөлөрүндө да өнүккөндүгү тууралуу Жусуп Баласагын кабардар экенин боолголой алабыз.

Жусуп Баласагын түздөн-түз айтпаса да, өзүнөн саал мурдараак жашап өткөн фарсы акыны Фирдоусинин чыгармасынан кабардар экенин “Шах-нааме” чыгарма аталышын эскергенинен улам жоромол кыла алабыз.

Ошону менен катар эле, Жусуп Баласагын: “Арапта, тажикте китептер арбын, Биздин тилибизде бул жазмам – жалгыз” деп эскертип, өз чыгармасынын караханийлик түрк тилинде жазылган көзгө басар насыят дастан экенин баса белгилейт.

Ал эми Махмуд Кашгаринин “Диванындагы” макал-лакаптар жана башка этнографиялык мол маалымат болсо бийликти таза, адилет башкаруу, саясий ынтымак жана башка жагдайлар тууралуу элдик ой-мурас Караханийлер каганатында жана андан сырткары жашаган түрк калктарында кеңири камтылганын таасын чагылдырган. Ошол макалдардын бири, маселен, “Эки кочңар башы бир ашачта бышмас” (“Эки кочкордун башы бир казанда кайнабас”); деген макал кылым карытып, азыркы кыргыз жана башка калктардын фольклорунда сакталып келди.

Жусуп Баласагын өз дастанында “улук хажип” (улуг хасс хажиб) кызматын ээлеген мамлекеттик аткаминер тууралуу атайын сөз кылып, мамлекеттик ишмер ар кандай паракорчулуктан алыс болушу керектигин эскертет:

Түп нускада:

“Орунч олмаса, кылса барча ишиг, / Йагутса бегине, йырамыш кишиг”.

Азыркы кыргызча котормосу:

“Пара албасын, кылсын бардык (өкмөт) ишин, / Жакын кылсын бегине жарамдуу (кадырман) кишилерин”.

Бул “орунч” (“пара”) сөзү ошол доордо гана эмес, азыркы тапта да мамлекеттеги адилеттикти, акыйкаттыкты ылайлаткан жосунсуз, кылмыштуу жорук болуп жатканы азыр да “Кутадгу билиг” дастаны коомдук олуттуу жүк көтөргөн чыгарма экенин айгинелейт.

Кыскача жыйынтыктасак, бул эки чыгаан окумуштуунун – Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин эмгектеринде мамлекетти башкаруу илиминин айрым идеялары, жоболору, ага байланыштуу мол терминдик маалымат камтылган. Ошондуктан алардын чыгармалары кыргыздардын жана теңир-тоолук түрк калктарынын мамлекеттик башкаруу илиминин тарыхын иликтөөдө көөнөргүс булак болуп саналат.

Тынчтыкбек Чоротегин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору,
“Мурас”, 06.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.