Жаңы китептер

janykitepter

“Эң кыйын экен баарынан”

“Илхам келсе, бышып абыдан,
Козголчудай жүрөк кабынан.
Сөздөрдү – сөздөр кубалап,
Эргүүгө кээде кабылам.

Жазгандар жагып калса деп,
Тагдырга дайым жалынам.
Бирок да, дурус ыр жазуу –
Эң кыйын экен баарынан…”

Бул саптар “Кыргыз Туусунун” мурдагы редакторлорунун бири, белгилүү коомдук-саясый ишмер, КРнын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таанымал журналист-публицист жана тарбиячы-аалым, профессор Тилектеш Ишемкуловдун алгачкы “Эң кыйын экен баарынан” аттуу ырлар жыйнагынан алынды.

Автордун аталган ырлар жыйнагында дээрлик 60 жылдан берки, тактап айтканда өспүрүм курактан бери карай жазылган ырлары камтылган. Ырлардын тематикасы, идеялык өзөгү ар кыл.

Автор китептин баш сөзүндө жыйнактын чыгышына демөөрчүлүк кылганы үчүн коомдук ишмер, бизнес тармагынын устаты Кубаныч Серкебаевге терең ыраазычылыгын билдирген.

 

“Жүрөктө калган бир элес”

Ал эми бул китеп жаш акын Бердибек Жамгырчиевдин калемине таандык. Былтыр басмадан жарык көрүп, быйыл дагы алымча-кошумчалары менен кайра да кайталанып басылды.

Жыйнакка акындын жан дүй­нөсүнө тынчтык бербей, тоо булагындай оргуштап чыккан мазмундуу, философиялык ойлорду камтыган омоктуу жана дымактуу ырлары киргизилген.

Бүтпөс темага айланган махабат, жасалмалуулукту жактырбаган табият, чыркыраган чындык, Ата журт, ошондой эле акындын туулган жери Ысык-Көл, жылдын төрт мезгили – акындын жан дүйнөсүнөн шөкөттөлүп чыгып, жамгырдай төгүлүп түшүп, ырга айланган.

 

“Апакемдин алмасы”

Жаш калемгерлердин көч башында келе жаткан дагы бир таланттуу жаш акындардын бири – Мелис Маматжанов кайсыл темага кайрылбасын, дүйнөнү өз алдынча көрө билип, өзөк алдынан ой таап, ташка тамга баскандай таасын айткан таланттуу акын.

Буга чейин ырдалып келген тематикаларды дагы акындын жан дүйнөсү менен сезип, туюп, ага жарашык, жаңы боёк берип, таза дилинен, акындык сезимтал жүрөгүнөн алып чыгып, анан ыр кылып окурманына тартуулоо кудуретине жетишкен.

Анын “Апакемдин алмасы” аттуу алгачкы ыр жыйнагында мына ушундай ырлар топтолгон.

Жыпар Исабаева, “Кыргыз Туусу”, 05.12.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Жаңы китептер

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.