“Арча” адабий сынагы

archa

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Түрк элдеринин «Евразия» жазуучулар бирлиги «Жаңы Ала-Тоо» журналы менен биргеликте республикабызда өткөргөн «М.Кашгари – 2014» адабий сынагынын (аңгемелер) жыйынтыгы чыгарылды жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү аңгемелер жана авторлор жеңүүчү деп табылды.

1-сыйлык – Жылкычы Жапиевге – “Бейиш тоо” аңгемеси үчүн диплом, кубок жана акчалай;

2-сыйлык – Абдил-Ахат Курбан уулуна – “Анар” аңгемеси үчүн диплом, кубок жана акчалай;

3-сыйлык – Шайырбек Эркин уулуна (Мукарамов)– “Жарык” аңгемеси үчүн диплом, кубок жана акчалай.

 

* * *

Ага удаа “Турар” басмасынын жана “Жаңы Ала-Тоо” журналынын “Арча” адабий конкурсу жарыяланды. Ал, конкурс­тун шарттары:

1. Мурда жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпаган чыгармалар катышат. Көлөмү чектелбейт.

2. Бир автор 1 гана чыгарма менен катыша алат.

3. Конкурска чыгармаларды кабыл алуу: 2015-жылдын 1-мартына чейин.

4. Авторлор чыгармасын жашыруун адабий ысымын (псевдоним) коюу менен кагаз жүзүндө үч нускада, электрондук вариантын диск түрүндө чоң конвертке, ал эми автордун сүрөтү, кыскача өмүр баяны сыртына автордун адабий ысмы жазылып өзүнчө кичине конвертке салынып редакцияга тапшыруусу (заказ кат, колмо-кол да) зарыл.

5. Конкурс жабык өтөт. Калыстар тобу татыктуу деп эсептеген чыгармалар автордун жашыруун адабий ысымын коюу менен “Жаңы Ала-Тоо” журналында жарыяланат.

6. Конкурс эки номинация: проза, котормолор боюнча өткөрүлөт.

7. Конкурска келип түшкөн чыгармалар кайтарылып берилбейт жана редакция тарабынан сындалбайт.

8. Конкурстун жыйынтыгы 2015-жылдын март айында калыстар тобунун жашыруун добуш берүүсү аркылуу чыгарылат жана дарек катын ачып жеңүүчүлөрдүн чыныгы ысымын аныктоо менен жеңүүчү-авторлорго сыйлыктар Нооруз майрамына карата салтанаттуу тапшырылып, жыйынтыгы ЖМКларда жарыяланат.

Сыйлыктардын өлчөмдөрү – Проза: 1 сыйлык. “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 100 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар;

Котормо: 1 сыйлык: “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү менен – 20 000 сом. Кызыктыруучу сыйлыктар.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын дареги: 720031, Бишкек ш., Горький көч. – 1 А. E-mail: jany.alatoo@gmail.com

Д.ӨМҮРЖАНОВ, сүрөт Ж.КАЗЫБОЛОТОВдуку, “Кыргыз туусу”, 09.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.