Бердибек Жамгырчиев: “Мактоолорду жоопкерчилик катары кабыл алам”

Учурда эки сап ыр жазып алып, коркпой эле акынмын дегендер көп. Акын болорумду мезгил таразалап көрсөтөт. Азырынча акындыкка талапкермин десем жаңылбайм. Ал эми мен тарапка карата айтылган баардык мактоолорду жоопкерчилик катары кабыл алам.

Акыркы учурларда кыргыз поэзиясына жаңыча жол салып, жоон топ жаш калемгерлердин келе жаткандыгы кубанаарлык көрүнүш. Бүгүнкү “Улут уюткусу” программасында дал ошол калемгерлердин көч башында келе жаткан, элге төбөсү көрүнүп, сүймөнчүлүгүнө ээ болуп калган жаш акын, “2013-жылдын мыкты жаш акыны” наамынын ээси, «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү,«Жүрөктө калган бир ысым» аттуу китептин автору Бердибек Жамгырчиев менен маектештик.

Бердибек мырза, жакында поэзия күйөрмандарын топтоп чоң чыгармачылык кечеңизди өткөрдүңүз. Бул сиздин чыгармачылыгыңызда жакшы жаңылыктардын бар экендигинен кабар берет. Акыркы жаңылыктарыңызды өзүңүздүн оозуңуздан уксак.

– Албетте, бул мен үчүн дагы, күйөрмандарым үчүн дагы жакшы жаңылык болду. Былтыр май айында алгачкы ырлар жыйнагым жарык көргөн. Жакында ошол “Жүрөктө калган бир ысым” аттуу китебимди кайрадан 60-70тей ыр менен толуктап, экинчи басылышын чыгардым. Бул жерде атын өзгөртүп өзүнчө китеп кылып чыгаруу сунуштары дагы айтылды. Бирок мен санына эмес, сапаттуу бир китеп менен чыгармачылыгымды түптөп алгым келди. Ал эми чыгармачылык кече тууралуу айта турган болсом, негизи өзүмдүн ырларыма дагы, жасаган ишиме дагы эч качан купулум толбойт, элдин айтуусу боюнча жакшы деңгээлде өттү десем болот.

2014-жылдын аяктаарына саналуу күндөр калды. Адатта жыл соңунда ар бирибиз жыл ичинде жасаган иштерибиздин жыйынтыгын чыгарат эмеспизби. Былтыркы жылдын эсебинен “Мыкты жаш акын” наамына ээ болдуңуз эле, бул жыл кандай жемиштерин берди?

– “Азга ыраазы болбогон, көпкө жетпей зар болот” дегендей, бардык нерсеге ыраазымын. Аз да болсо, поэзиянын чакан чөйрөсүнө ырларым жетип, буюрса чыгармачылыгым жакшы өңүттө келатат. Бул жыл мен үчүн жаман жылдардан болгон жок. Чыгармачылыкта бир тепкич болсо дагы өйдөгө жылыш болду десем жаңылбайм.

Жан дүйнөңүздү байытып, толуктап туруу үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?

– Биринчи китеп чыгармачылыктын көрөңгөсү, алгачкы даярдык болсо, экинчи китеп изденүүнү талап кылат дешет. Негизи жазуучулук, айтуучулук өнөр биздин тукумда бар. Чоң атам Жамгырчы тубаса манасчы, анын бир тууган иниси комузчу болгон. Бирок 1% талант болсо, 99% адамдын эмгеги болуш керек. Албетте жан дүйнөнү ачка кылбай, ар дайым жакшы нерселер менен толуктап туруу зарыл. Тилекке каршы учурда көр оокат менен алышып, чынын айтсам китеп окуганга деле убакыт жок болуп калбадыбы. Ошентсе дагы көптү көргөн адамдар менен баарлашып, жан дүйнөмө жакшы нерселерди топтоп алганга аракет кылам. Чынын айтсам, ар ким ар кандай кеп-кеңештерин айтса, кимге карап түздөнөөрүңдү билбей калат экенсиң. Ошондуктан өзүңдү угуп, өз алдынча жеке изденип, өзүмдүн жан дүйнөмдү, үнүмдү элге жеткиргим келет.

Өзүңүздү поэзиясыз, ырсыз кандай элестетесиз?

– Мелис досумдун бир ырында “мен ырларсыз эч ким деле эмесмин” деп айтылгандай, ырларсыз мен өзүмдү элестете албайм. Ырлар менен арууланам, тазаланам, ырлар менен пикир алышып жашагым келет.

Акындар арасында улуу муун менен кичүү муундун ортосунда ажырым байкалбайбы?

– Ачыгын айтканда ажырым бар. Эмнегедир 50 жаштан жогорку акын эже-агалар кийинки биздин муунга көп ыраазы болбогондой сезим калтырат. Керек болсо бизди тааныбаган, тааныгысы келбегендер дагы бар. Бирок, биздин чыгармачылыгыбызга дем берип, жакшы кеп-кеңеш сөздөрүн айтып, канаттарына калкалап, биз менен кошо аралашып жүргөндөр дагы жок эмес. Мисалга: Зайырбек Ажыматов, Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева жана башкалар.

Чыгармачыл жаштар арасында элге төбөсү көрүнүп калса эле “жылдызга” айланып кеткендер көп. Сиз булардын катарын толуктабайсызбы?

– Кыргызстандын анын ичинде жазуучулар союзунун абалы ушундай кыйчалыш абалда турганда биз кайсы арыбызга жылдыз болобуз. Жылдыз болмок түгүл, бул сөздү айтуудан уялам. Биз эл менен бийик болушубуз керек, элден бөлүнүп жылдыз болуунун кажети деле жок деп ойлойм.

Сынды кандай кабыл аласыз?

– Эгерде туура айтылган сын болсо туура кабыл алган жакшы. “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, кээде капталдан чыга калып каяша айткандар болот, алардыкын кабыл албай, кайра каяша менен жооп берип коюшум мүмкүн. Албетте айтылган сынды туура кабыл алсаң өсүүгө гана жардам болот.

Акындар сүйүүгө туруксуз болот дешет. Мыкты акын болуш үчүн бул нерсе керекпи?

– Акынга атактан мурун тагдыр керек дейт. Табияттын койнунда жуурулушуп, ач дагы, ток дагы болсоң анан бир нерсе жазылат. Турмушта кыйналдым, кысталдым деп айта албайм. Бирок, сүйүүдөбү, башка жааттабы ар кандай тагдырларды көрдүм. Ырларымдын 90 пайызында менин жашоом бар. Кээ бирлер айтышат, сүйүү жөнүндө жазылган 80ге жакын ырыңды 80 кызга арнагандай сезим калтырат деп. Андай болсо жүрөгүм калбыр болуп тешилип, аркан болуп жешилип калбайт беле. Алардын ичинде тегерек-четтеги ар кандай адамдардын тагдырынан жаралып калгандары да бар. Ошондон улам сүйүүгө туруксуз деген ойлор жаралышы мүмкүн. Мен буга кошула албайм. Балким ошол 80 ыр бир кызга арналгандыр. Ошондуктан мен өзүмдү сүйүүгө туруктуумун деп айта алам.

Каныкей Бозгунова, “Марал” радиосу, 25.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.