Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын эл артисти: «Мамлекет 12 жолу көңүл бөлсө да элдин аң-сезими өзгөрмөйүн театрга кыйын…»

baytobotov

– Дүйшөн мырза, алгач сизден азыркы театр менен совет мезгилиндеги театр жөнүндө сурагым келип турат. Бир кездерде дүңгүрөп турган театр менен азыркы мезгилдеги театрдын окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү эмнеде?

– Театр илгери кандай жашап келсе азыр деле ошондой жашап келе жатат жана жашай берет. Бирок, учурда театрды түшүнбөгөндөр абдан көп, мени ушул нерсе аябай өкүндүрөт. Калп айткан менен болобу, көпчүлүк театр эмне экенин түшүнүп-түшүнбөй эле «театр» дей беришет. Биз жаш кезибизде театрды күнүмдүк жеген наныбыздай кабыл алчубуз. Азыркы заманда жаштар театрды бир айда бир жеген момпосуюндай көрөт. Анан дагы эң таң калыштуу нерсе, өткөндө бир жолдошум: «Мени менен бир жакка барып келчи» дегенинен убактым жок экендигин, спектакль ойноорумду айтсам, «Өзүңдүн сөздөрүңдү чогултуп 10 мүнөттө айта коюп эле кете бербейлиби» дейт. Анын мындай сөзүнө бир чети таң калсам, бир чети нааразы болдум. Анан ага: «Менин замандашым болуп туруп, алигүнчө театрдын эмне экенин билбесең, көрбөсөң мага көңүл жакын жолдош болуп жүргөнүңө рахмат. Сен экинчи мага жолобо, театр эмне экенин да билбе, өз оокатыңды кыла бер, мен өз оокатымды кылайын» деп айттым. Ал болгондо да кызматта иштеп жүргөн адам. Кызматта отургандарыбыз эч нерсени билбесе, көрбөсө – театр кантип өсүп, кантип жакшы жакка барат. Мисалы, кыргыз ат чабыш, улак чабыш болсо ичип жаткан тамагын таштап коюп, күйөрмандык кылат. Ал эми тамагын таштап коюп театрга барайын деген эч ким жок.

– Ошентсе да улуу муундун театрдын эмне экенин билбегендери сейрек кездешет. Ал эми жалпы бир муундун театр жөнүндө билбей калышына эмне күнөөлүү? Бул үчүн биз кимди күнөөлөй алабыз?

– Бул жерде балдар күнөөлүү же убакыт, же заман күнөөлүү деп айта албайм. Кийинки мезгилде жаштарыбыз да, орто муун да, карыларыбыз да бардык нерсеге көңүл кош мамиле жасап калды. Көңүл коштук эпидемия сыяктуу элди каптап, жаман жакка үндөп койгону өкүндүрөт. Илгери бир айылда бир же эки гана телевизор болсо, азыр ар бир үйдө бар. Андан сырткары, компьютерден баштап оюнга керектүү аппараттардын баары бар. Мурун бир жактан оюн же концерт келиптир десе, элдин баары жабылып ошого барчу. Азыр болсо баары үйүнөн эле көрүп алат. Көргөндө да уруш-мушташ, талаш, согуш, жарым-жылаңач тартылган кинолорду көргүсү келишет. Ушундай бир катаал заманга туш келдик. Ошонун ордуна адам катары калыптанууга аракеттенип, кыргыздын өнөрүн урматтап, маданиятын, театрын өнүктүрүүгө бийликтегилер да көрүүчүлөрүбүз да көңүл бурсак жакшы болоор эле. Биздин элибизге кандай идеология керек? Же бир «өнөрдү сыйлайлычы, намысыбызга келеличи» деп ар кимдин кулагына шыбырай турган идеология керекпи, чынында билбей турам?!

– Идеология деп калдыңыз, кыргыз так идеологиянын жоктугунан өнүкпөй жатабы же андан башка да маселе барбы? Негизи эле биз эмнеден аксап жатабыз?

– Биринчи кезекте биз тактык жагынан таптакыр жок болуп калдык. Кыргыздын тактыгы жок. Эгерде биз убакытка так жүрсөк, жумушубуз убагында бүтмөк. Жерибиз убагында айдалып, чөбүбүз убагында жыйналмак. Мен аткаминерлерди жамандагым келбейт, бирок өкмөтүбүз да ошондой. Муну аткарабыз, тигини кылабыз, эмки айга чейин мындай кылабыз дейт, ошол дейт боюнча калып калууда. Ушул нерселер бизге тескери таасирин берип жатат. Бүгүнкү күндө эл театрга келбегени менен той дегенде жабылып барышат. Ага да убагында барбайбыз, алтыда башталчу той сегизде араң башталат. Убакытка так болсок, өнүгүү болмок.

– Азыркы Кыргыз драма театры менен совет мезгилиндеги Кыргыз драма театрынын негизги айырмачылыгы эмнеде?

– Совет мезгили деген совет мезгили болчу. Мурда Россияда театрлар кандай өнүккөн болсо, азыр андан беш бетер өнүгүп жатат. Себеби, ал жакта элдин аң-сезими башкача экен. Москвага барып театрга кирем десең билет жок кире албайсың, дем алыш күндөрү билет калбай калат. А бизде бекер чакыруу берсең да келбей жатпайбы. Алардын элинин аң-сезими өсүп жатса, бизде аң-сезим көчүп-урап жатат. Мына өзүмдүн эле туугандарымды, тааныштарымды театрга чакырсам убакыт жок дешет. Убакыт кафеге, тойго барганга табылат а театрга келүүгө убакыты жок. Совет мезгилинде биздин театрларда да билет калбай калчу. Коюлган спектаклдер аншлаг менен өтүп, залга эл батпай турчу. Совет мезгилиндеги театр менен азыркы театрдын айырмасы ушунда. Кыскасын айтканда, сүрөөнчүлөр болмоюн ат чабышта ат чуркабаган сыяктуу, көрүүчүлөрдүн кол чаап, актёр менен кошо ыйлап же кошо күлүп турганы болбосо, өнөр адамдары да ордунан жыла албай тыбырчылап тура берет экен.

– Көрүүчүлөрсүз, сүрөөнчүлөрсүз өнөр адамдары алдыга карай өсө албаса, актёрлорубуздун таланттары ачылбай калат го?

– Биз эл качан келип кол чаап, бизди тыпыратпай түрткүлөйт дебейбиз. Биз болушунча өзүбүздүн өнөрүбүздү өстүрүп, тартуулай беребиз. Тескерисинче, ансайын курчуп, аракетибизди кылып келебиз.

– Көпчүлүк «мамлекет тарабынан маданиятка көңүл бурулбай жаткандыктан өспөй жатат» деген пикирин айтып келет. Сиз бул пикирге кошуласызбы, көңүл бөлүнсө эле маданият гүлдөп кетиши мүмкүнбү?

– Балээниби, мамлекет 12 жолу көңүл буруп, 12 жолу акча бөлсө да элдин аң-сезими өсмөйүн, ой-тилеги өзгөрмөйүн баары бир кыйын. Чынында бизге көңүл бөлүнбөй, театрлар кыйналып жашап жатканы ырас. Бирок биринчи кезекте элдин театрга болгон көз карашы өзгөрүшү керек. Элсиз биз эч нерсе кыла албайбыз. Он эки миллионер театр болуп, артисттер миллионер болуп кетсе да, театрга эл келбесе, биздин артисттигибиз кайсы? Эл көрбөгөндөн кийин чыгармачылыгыбыздын өсүп жатканы кайсы? Ошондуктан биз эл менен болгондо гана бир нерсе чыгат.

– Демек, сиздин пикириңизде элдин көз карашы өзгөрүшү керек? Элдин аң-сезимин канткенде өстүрө алабыз?

– Элибиздин аң-сезими таптакыр начар деп айтпайм, бирок көңүл сүйүнтөөрлүк эмес. Аң-сезим өзгөрмөйүнчө биз эч нерсе кыла албайбыз. Пендебиз, мал эмеспиз да. Сүйлөй билебиз, уга билебиз дегендей. Ошондуктан аң-сезимибиз багытын өзгөртмөйүнчө ушул көрүнүш улана берет. Тойлордо жыргап жүрө бербей келечегибизди ойлоп, балдарыбызды жакшы жакка тарбияласак жакшы болот.

– Ошол эле мезгилде театрдын репертуары да замандын талабына жараша жаңыланышы керек да. Мурун коюлган спектаклдер кайра-кайра коюлуп жатат. Драмалар жазылбай жатканы баарына маалым, бирок баары бир репертуар жаңылануусу зарыл го?

– Албетте, жаңы-жаңы спектаклдер да болушу зарыл, биз да заманга жараша өзгөрүшүбүз керек. Буга чейин орус, немис драматургдарынын пьесалары коюлчу эмес, коюла баштады. Учурда швейцар драматургу Фридрих Дюрренматтын «Карыган айымдын визити» аттуу спектакли коюлуп жатат. Анда мен да роль жараткам. Мына 50 баракка жазылган ролумду чөнтөгүмдө даяр алып жүрөм. Ушул 50 баракты жаттап, ийинине жеткире аткарып элдин алдына алып чыгыш өзүнчө азап. Ушунча эмгек кылып даярдансаң, көрүүчүлөр келип эмгегиңди баалабаса баарына кол шилтеп басып кеткиң келет.

– Театрда сизди эмне кармайт?

– Актёр болуп оорусаң, бүттү театрдан кете албайсың. Ал оору рактан да жаман. Чыга албай жүрүп, жаман айтпай жакшы жок, ушул жактан өлөсүң. Башкача айтканда, «наркаман» болуп каласың. Алар ичпесе чекпесе, сайынбаса тура албаган сыяктуу артисттер да сахнада жүрбөсө, театрдын жытын жыттап турбаса чыдай албайт. Өнөр деген баалуу нерсе. Аны сыйлабагандар да, сахнада ырчы ырдап же актёр ойноп жатса залда күлүп отургандары да бар. Ошондуктан актёр менен кошо жашаган көрүүчү эң мыкты көрүүчү. Жүрөгү бар адам гана артист менен кошо жашай алат.

– Улуу муун менен да азыркы жаштар менен да иштешип жатасыз. Ошол улуулар менен азыркы жаштардын жумушка кылган мамилесин салыштырып болобу?

– Биринчи кезекте театрга фанат болбосоң иштей албайсың. Улуу муундун өкүлдөрү театрга баштарын сайган адамдар болчу. Биздин муундун баары фанаттар, ал эми азыркы жаштар а кудайга шүгүр жакшы өсүп келе жатат. Улуулар өзүнө берилген ролду чын пейили менен ийинине жеткире аткарганга аракеттенип, дайыма тырышчу. Кийинки муундагылар кичине тамашага айлантып коюшат. Мисалы, олуттуу ролду ойноп жатсаң, орто жолдон башка бир нерсеге өтүп кетип, бурмалап ийишет. Муун-муун деп бөлүшө бербейли, муунга бөлүнгөн театрдан пайда чыкпайт. Актёрлор өз ишине так мамиле кылса, тактыктан ийгилик жаралат дегендей, көп жакшы нерселер жаралаарына ишенем.

– Азыркылар олуттуу нерселерди да тамашага айлантып, бурмалап жиберет деп жатпайсызбы, балким бул башкаруудан да болуп жүрбөсүн?

– Албетте, канчалык бир деңгээлде башкарууга байланыштуу. Актёрлордун жумушка убагында келүүсүн көзөмөлдөп, тартипти катуу кармаса болот. Бирок, ал нерселер ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Бизде так жүргөндөр бар. Кээ бирөө бар бүгүн айтсаң, эртең кечигет. Андан кийин кайра эле жок. Бул жоопкерчиликтин жоктугунан.

– Бул көрүнүш сиздердин убагыңыздарда да бар беле?

– Кандай гана коллектив болбосун бул боло турган нерсе. Арасында бар болчу, анда-санда болбой эле чыгып калат. Жашоонун мыйзам ченеми анын баарын жоюуга болбойт. Бардык нерсе тактыкта.

– Алардын бири-бирине кылган мамилеси кандай эле, азыркылар менен салыштырсак болобу? Адамдык баалуулуктар да заманга жараша өзгөрөт эмеспи.

– Бир сөз менен айтканда бири-бирин сыйлай билчү, урматтачу. Бири-бирин жамандачу эмес. Тескери басканын көрүп, ахыбалын билип калса да айтпай зымырайып орду менен бүтүрүп коюшчу. Азыр деле байкабай катачылык кетиргендер болот. Бирок колдон келишинче өсүп келе жаткан жаштарыбызды, актёрлорубузду жакшы жагына тарбиялаганга аракетибизди жумшап жатабыз. Баары жакшы, бирок бардык нерсе адамдын өзүнөн. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста деген сөз баары бир өзүнүкүн алат экен. Аста-аста жакшы болуп келе жатабыз.

Парахат Шукурова, “Де-факто”, 11.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.