Ырчы Алтынай Нарбаева: “Изденүүдөн ийгилик жаралат”

a_narbaeva

Алтынай Нарбаева – Кыргызстанда таанымал, ошол эле учурда үнү менен айырмаланган ырчылардын бири. “Эркин Тоо” гезитинин окурмандары үчүн өнөрпоз узап бараткан жылдагы ийгилик-кемчиликтери, жаңырчу жылга болгон купуя тилектеринен бөлүштү.

– Алтынай, өтүп бараткан жыл чыгармачылыгыңыз үчүн кандай жыл болду?

– Бул жылы тынымсыз, чымырканып иштедим. Апрель айында отчеттук жеке концертим чоң ийгилик менен өттү. Албетте, анын аншлаг менен өтүшүнө филармониянын директору Кыргызбай Осмонов, азыркы Маданият, маалымат жана туризм министри, режиссер Алтынбек Максутовдун, музыкалык оркестрдин жетекчиси Бакыт Тилегеновдун ошондой эле, кесиптештеримдин да кошкон салымдары чоң. Адатта, изденүү жеке концертти ийгиликтүү өткөрүүгө ачкыч болот. Анткени, изденүүдөн жаңы нерсе жаралат. Ал эми угармандар ырчыдан жаңылык күтөт. Жеке концертимде өзүм аткарып жүргөн көп ырлар дует менен аткарылды. Муну угармандарым жаңылык катары кабыл алып, жактырышты. Анын үстүнө, театралдык жактан режиссердук табылгалар менен сахналаштырылганы ыр кечебиздин ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө түздү.

“Искусство калпты каалабайт, чындыкты сүйөт” дегенге кошулам. Ар бир ырды жан дүйнөм менен тандайм, берилүү менен аткарам. Элдин, угарман-күйөрмандардын жүрөгүнө жетүүнүн жолу ушул. 2014-жыл чыгармачылыгым үчүн аябай жемиштүү болду. “Кат жазчы мага”, ”Кимибизден” аттуу ырларым кайрадан жылдын мыкты ырлары болуп табылды.

– “Кат жазчы мага” быйылкы жылдагы элдин сүйгөн ыры болду. Бул ырды кандайча аткарып калдыңыз эле?

– Аталган ырдын автору маркум Шамшыбек Өтөбаев эмеспи. Коңшу жашачубуз. Ага-карындаш катары катышып турчубуз. Апам дүйнөдөн кайтыш болуп, айылда жүрүп келсем, Шамшыбек агай да оо дүйнө салыптыр. Аябай жаман болдум. Себеби, ал мен идеал туткан, сергек жана жигердүү өмүр сүргөн адам эле. Жакшы адамдын өмүрү мындай кыска болуп калганына аябай ичим ачышты.

Радиодон “Кат жазчы мага” деген ыр жаңырып калды. Бул ыр мени аябай таасирлентти. Дароо радиодогуларга чалып, автору Шамшыбек агай экенин билдим. Ырдын текстин, обонун радиодон жаздырып алып, күндөп-айлап ырдадым. Ырдаган сайын ыйладым. Шамшыбек агай тиги дүйнөдөн “Кат жазчы мага” деп, суранып жаткандай сезиле берди. Толук бышканда гана элге алып чыктым. Кудайга шүгүр, угармандар тарабынан жакшы кабыл алынды. Шамшыбек агайдын арбагы ыраазы болсо экен деп жараткандан тилек кылам!

-Кай бир ырчылардын эл алдында ырдап жатып ыйлаганын көрүп жүрөбүз…

– Отчеттук концертимде “Шуудураба, теректеримди” аткарып жатып ыйладым. Мага кошула көрүүчүлөр да көздөрүнө жаш алышты. Себеби, бул ырдын сөзү да, обону да сай-сөөгүңдү сыздатат. Өмүрдүн философиясы көз алдыңа тартылат. Мындай ырды ыйлабай аткаруу мүмкүн эмес.

-Ырлар сизди кайсы сапаттары менен өзүнө тартат?

-Жакшы ырдын жылуулугун дароо сезем. Көбүнесе, мага эки октавалуу, кайырмасы бар ырлар жагат. Ушундай ырларды аткаруу менен өзүмдү толук ачам.

– Алтынай айым, мындан ары да элге ырахат тартуулаган ырларды жаңыртып, чыгармачылык ийгиликтерге марып жүрө беришиңизди каалайбыз!

Маектешкен Абдимухтар АБИЛОВ, “Эркин тоо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.