Айдарбек Сарманбетов

Жазуучу, журналист, котормочу, сүрөтчү. КР маданиятынын мыкты кызматкери.

1953-жылы 8-июнда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында төрөлгөн.

Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, кесиби – журналист. Эл аралык (Кыргыз-Түрк “Заман Кыргызстан), өкмөттүк ”Кыргыз туусу”, коомдук ЖМКларда, КР Улуттук жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы болуп иштеген. Учурда эл аралык адабий-көркөм “Жаңы Ала-Тоо” журналынын башкы редакторунун орун басары, “Турар” басмасынын редактору, Эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын гендиректору.

Чыгармачылыгы: 6 китептин автору (“Кымча бел” (“Кыргызстан” 1989, балдарга), “Жүкө балбан”(2007, “Гүлчынар”), Бишкек, “Аңгемелер” (2008, “Турар”), “Таасири күчтүү табып” (Гүлчынар, 2009), “Мекенсиз”(Турар, 2011), “Айтматовдун жолунда” (Анкара, 2013).

Чыгармалары “Ала-Тоо гүлдөрү” (Кыргыз жазуучуларынын антологиясы, 1990, Түркмөнстан), “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер” (Бишкек, 2009), “Кубан бөбөк” (2011, Бишкек, мектептен сырткары окуу куралы), “Кыргыз жазуучуларынын антологиясы” (2013-ж. Бишкек), “Кыргыз жазуучуларынын антологиясы” (2013-ж. Түркия, Анкара) топтомдоруна кирген. 60тан ашуун чет элдик жана кыргыз акын-жазуучуларынын китептеринин редактору. Чыгармалары түрк, кытай, азербайжан, орус, казак, уйгур, түркмөн, татар ж.б. тилдерге которулуп, жыйнактарында, адабий журналдарында жарык көргөн. Учурда китеби КЭРде которулуп, жарык көрүү алдында. Түркия (Ю.Эмре, С.Али, Я.Делиөмероглу, А.Пейами ж.б.), Казакстан (Абай, М.Магауин, У.Есдаулет ж.б.), Азербайжан (Э.Зейналов) акын-жазуучуларынын көптөгөн чыгармаларын кыргыз тилине которгон жана алар “Жаңы Ала-Тоо” журналында, гезиттерде жарык көргөн.

Сыйлыктары: Жазуучу катары – Түрк элдеринин эл аралык Махмуд Кашгари (2008, 2012), Казакстандын “Түбөлүк достук” (2009) сыйлыктарынын, ТҮРКСОЙ уюумунун Алтын медалынын (2014) жана М.Гапаров атындагы республикалык адабий сыйлыктардын ж.б. ээси.

Журналистика боюнча: “Манас-1000” медалы, ООН, ПРООН программаларынын, Жогорку Кеңеш, ИИМ, “Кыдыр аке” ж.б. республикалык көптөгөн конкурстардын лауреаты.

Наамдары: КР Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын, Түрк мамлекеттеринин “Авразия” (Түркия) Жазуучулар бирлигинин мүчөсү. Эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын академиги.

Байланыш тел: (312) 53-08-846, (555) 40-31-24.

 

Айдарбек Сарманбетов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Кызырсөз кыраатын келтирген калемгер

“Турар” басмасынан жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун “Мекенсиз” китеби жарык көрдү

 

Чыгармалары

Малкиши (аңгеме)

Автобуста (аңгеме)

Айбанталаадагы адам (аңгеме) 

Бакталаш (аңгеме)

Баатыр-Таш баяны (аңгеме)

Кара шаршемби (аңгеме)

Картачы (аңгеме)

Көл периси (аңгеме) 

Тентимиш (аңгеме)

Сетер (аңгеме)

Кыраан (аңгеме)

 

Соц тармактар:

4 thoughts on “Айдарбек Сарманбетов

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.