А.Сарманбетов. “Автобуста”

ңгеме)

Жай саратаны анык күчүнө кирип, аптаптан адамдар гана эмес жер үстүндөгү жан аттуулардын бардыгы кургакта калган балыктай акактап, кайнаган Бишкекте эптеп эле баш катарга көлөкө издеп калган мезгил. Баш калаа албетте, жашыл шаар эмеспи, ошентсе да бардыгын бак көлөкөсүнө батыра албайт да. Анүстүнө бүтүндөй дүйнө калааларындай эле асфальт жол, цементтелген аянт, бийик үйлөрдөн урган уу ис аз келгенсип, кийинки кездери көчөгө батпай, жаны тынбаган кумурскалардай кыжылдап кеткен автолордун түтүнү саңырсып, адамды думуктурат. Алар аз келгенсип коңшу казак талааларынан келген ысык, кургак аба батыштан лапылдайт. Алардын улам соолуп бараткан Арал деңизинин туздары да шамаал менен учуп келип, мөңгүлөрүбүздүн эрүүсүн тездетип барат дешет, илимпоздор. Албетте, мөңгүлөрүбүз азайган сайын аба да ысып, сууларыбыз шор тартып, аба тазалачу өсүмдүктөр дүйнөсү куруп барат. Андайда жайы  салкын, кышы жылуу кереметтүү Ысык-Көлдөн артык жер барбы?! Ак карлуу тоо чокуларынан, жайы-кышы жашыл арча, карагайлуу калың токойлорунан салкын аба жакага агылыптүшүп, чалкыган көк көлдүн муздак демине аралашып денең жыргап, өпкөң кенен дем алып эле жыргап калат. Не деген керемет, касиеттүү жер! Ошондой ысыкта бишкектиктер, деги эле түштүктүктөр гана эмес, бүтүндөй түндүк эли да албетте, жапатырмак көлгө түрүлө жөнөшөт. Көптүн бири катары мен да отпуска аларым менен Ысык-Көлүмө ысыктан качып баратам. Көлдө туулуп калганыма миң мертебе кудайга тобо кылып, дайыма төбөм көккө жете сыймыктанам. Ата-бабаларым эзелтен бери мекендеп келишкен экен, албетте, аларга да ырахмат. Көлгө көз арткандардан көкүрөк тосо коргоп да келишиптир, биздин ырыскыбызга. Азыркы агайын-туугандарым, улуу балам да көлдө жашайт. Көздөп баратканым да ошолор. Эми ал өзүнчө да, узак да кеп…

Тез толуп, эртерээк жетем го деген ой менен жаңы деп аталган чыгыш автобекеттин чоң, кенен автобусуна түшпөй, “Бишкек – Чолпон-Ата” деген жазуусу алдыңкы терезесине чапталган, домпойгон коңуздай, эл “бусик” деп атап алган микроавтобуска келгенимде ал чын эле жарым-жартылай толуп калган экен. Ага кирип, кап ортосундагы  арыкчырай, ак, суюк чокчо сакалчан, тердесе да ак калпагын башынан түшүрбөй олтурган каадалуу абышканын  жанындагы бош орундуктан орун алдым. Ал, кызыл жүздүү, ойноок көздүү аксакал менин башыман аягыма чейин көңүлү толбогонсуп сыдыра карап алды да, сыпаалык үчүн нары жылымыш этип:

– Аа, кел, кел иним, бирге жол кыскартып баралы,- деп койду, сыйда гана. Кеп-сөз билбеген, ысыктан башын ала качып бараткан шаардыктардын бири го деп ичи чыкпады көрүнөт, анысы суз көз карашынан сезилип калды. Мейлиң дедим ичимден, бара көрөбүз, кимдин сөз билги экендигин. Көлдүк карылардын санжырага, нускалуу кепке жакындыгын бала кезимден жакшы билет эмесминби. Ошондон аларга башынан жакынмын. Аны кайдан билмек.

Жайланыша олтуруп, жүргүнчүлөргө аста көз салганымча болбой бети-башы балтайган, жоон-жолпу, чекесинен тери буурчактанган сары аял бакылдай кирип келди.

– Айтып кой, келинге, мен барганча чайын белендеп койсун, өлүк-тиригиңди көрөйүн! Асан агаңа айттыңбы, мени тосуп ал деп? Ишине шылтоолоп эсине жара чыгып калбасын?- Аялдын жашы ашып кетсе элүүлөрдө эле. Бирок семиздигинен өз жашынан кыйла кары көрүнөт.

– Ооба, апа, кечээ да, бүгүн эртең менен да айткам… – артынан ээрчий кирген жыйырмалардагы кызбы, келинби элпек жооп кайтарды. Кыязы, кызы эле көрүнөт кабак-кашынын түспөлдөштүгүнө, саргыч өңүнө караганда.

– Дагы айткын! Силерди бекер тууптурмунбу, өлүк-тиригиңди көрөйүндөр десе. Тогузуңарды багам деп жүрүп өлмөй болдум… эми силер баккыла…- аял кызын каарып, бакылдай берди.

– Коюңузчу эми, элдин көзүнчө уят… – кызы аста үн каткан болду.

– Койбойм, этпейм, өлүкканаңды көрөйүн. Эл деп… элдин менде кандай иши бар экен?!

Автобустун ичи дароо ачыткы, арактын жытына толуп чыкты. Албетте, ал кирээри менен эле алкынып жаткан бу аял тараптан буркурап жатканы белгилүү. Энесинин карооздугунан уялган кызы көпчүлүктүн экөөнү жактырбай тигиле карап калганынан корунуп, көзүн алакачып, башы жерге кире уялып жатты. Эптеп эле энесинен кутулуп, тезирээк түшө качсам экен деген таризде ал:

– Тигине, артта бош орун бар экен, ошол жакка өтүңүз…-деди үнүн жута.

Аял автобуска кирген менен ичкери өтпөй турган болчу, капысынан эле зиркилдеп кетти:

– Отурбайм артына, силкилдеп, дене-боюм жанчылып калат! Ай келин, сен артка барып олтурчу! Бул жерге мен отурайын,- деп, алдыңкы орундуктагы отуздан ашып калган келинге буйра сүйлөдү.

Мындай оройлукту күтпөгөн ал таң кала тигини жалт карап алды да, тааныйбы-тааныбайбы белгисиз, үндөбөй эле элпек тура калып артка жыла жөнөдү. Айылдык келиндердин абийири ай, улууга тил кайырбаган. Атадан келаткан салт эмеспи. Же аңкылдаган тигиге тили өтпөстүгүн туйду бекен.

– Жолдо кусуп жибермейим бар эле… атайын алдыга олтурайын десе…- деп, келин өзүнчө күңкүлдөй жанымдан кейип өттү.

Автобустагылардын баары сары аялдын жөнү жок оройлугун, өзүмчүлдүгүн жактыра бербегени көрүнүп турду.

Ал болсо адатынан жанбастан:

– Өй, сумкелердин баарын салдыңбы? Шопурга жакшылап дайындадыңбы? – деп кызына опурулуп, анан,- Ой, шопур, унутуп калбайсыңбы, билем силерди, эптеп эле ар кимдин бирдемесин өөнөп калсак деп акыйып эле турасыңар,- деп кажылдап, ынатарлык жооп алгандан кийин,- бар эми, оокатыңды кыл, столбадай солдоюп тура бербей,- деп, дагы кызын жемелей кетти.

Мени менен эле жашташ сары катындын карооз, көржемелигине жиним келе, дердейген таноолуу, чекир көзүн көргүм келбей күрмөмдүн ички төш чөнтөгүнөн гезитимди алып чыгып, көз жүгүртө баштадым. Ал менин ачуум келгендеги адатым.

– Ушу катынга кор болгон кайран эркек! Күйөөсү кантип чыдап жүрдү экен… – деп кейип койду, коңшу аксакал ънън пас чыгарып. Тигил ажаан угуп калса шорумду катырат деп жалтайлаганы го. Жанатан кажанган катынды карай берип аны караманча эсимден чыгарып салган экемин. Анын өкүтүнө кошуларымды билгизе ага көз буруп, башымды чайкамыш эттим. – Тогуз баласынын баскан изинин топурагын өппөйбү, каргабай.- деди аксакал өзүнчө угулар-угулбас мурду алдынан күңкүлдөп,- бир балага жете албай армандап жүргөндөр канча…- Унчукпадым. Анын сөздөрүнүн түпкү сыры барлыгын боолгоп, кызыксам да жолдо сурап алармын дедим. – Аял деген азоо аттай, азыраак эле оозун бошотсоң алакачып кетет деп аталар бекер айтпаган экен. Мына, эркиндигин берип койду эле эл-журтту көзүнө илбей кетишти, минтип. Ыйман, ызаат дегенди такыр эле жыйыштырып салышты…- аксакал эми ачык эле, баарыга угуза тиги аялды каарып салды. Сөздүн төркүнү өзүнө айтылганын билген ал отурган жеринен бүт тулкусу менен очорула артка мойнун буруп, биз тарапты жутуп жиберчүдөй акшыя карап алды да унчукпай сөзүн жутту. Карыянын каадалуу  сөөлөтүнөн улам сөз кайырганга батынбады көрүнөт. Болбосо мындай чалпоолугу менен чакчелекейди салып жиберери көрүнүп турат… Аңгычакты бусик толуп, ордунан козголо берди.

– Быссымылла,- абышка күбүрөндү.- Жол бере көр, Кудай.

Таңкы саат араң эле он болуп калса да ысык күчөп, дем алуу оорлой баштаган болучу. Асман чаңгылт, аптаптан ал да алсырап калгандай. Буюрса, үч-төрт саатта Чолпон-Атага жетип каламын, машинеси менен балам күтүп алат деген ойдо санаам тынчып, гезитимди окуп кирдим. Булактын суусундай тунук, төшөктөй жылуу, абасы салкын көлдүн жүргүнчүлөрдүн баарысынын көзүнөн учуп турганы белгилүү. Элибиздин бактысына жаралган экен да! Жердин түбүнөн бери издеп, суктанып келишет, биз болсо ал ырыскыбызды баалай албай… гезитимди тиктеген менен окубай, оюм бир жерге токтой албай жатты.

Көп өтпөй эле коркураган коңурук чыгып калды. Куйкам куруша түштү. Эзелтен коңурукту жек көрөм. Аскерде жүргөнүмдө эшиткен эле жерден дароо өтүк менен уруп калчу элем, кимиси болбосун. Эми канттим?.. Көрсө, жанагыл сары аял “наркы дүйнөгө кеткен” экен. Ысыкта арагы башына тээп, а-буга келтирбей дароо көтөрүп чапса керек. Элдин баары аны жактырбай, амалы түгөнгөндөй бирин-бири сыр билги карап, унчугушпады. Мен да амалым куруй жанымдагы абышкага суроолуу жүз бурдум. Ал да мага бурулуп:

– Андай акылсыздарга көңүл бурба. Андан көрө өзүбүзчө сөзгө алаксыйлык.- деп, жөн билгилигин көрсөттү,- Тетигил келин биздин айылда турат,- деп, менин сол жагымдагы орундукта, терезени ойлуу тиктеп бараткан сулуусымак келинге ээк кагып койду,- бала буюрбай эки эрден чыкты, байкуш.

Анын кебинин төркүнүнө дароо түшүндүм. Жанагы “бир балага жете албай армандап жүргөндөр канча” деген кебин улап жатканы да. Жана, мен кирип келип орун караштыра баштаганымда эле ал келин менен негедир көздөрүбүз чагылыша түшкөн да, ал дароо терезеге жүз буруп кеткен болучу. Анысына анчейин маани деле берген эмесмин. Эми ага улам уурдана көз сала баштадым. Келин чынында эле чырайлуу, бирок сабыры суз, өтө муңайым эле. Анысы эми белгилүү болду. Кейиштүү тагдырын угуп, аны аяп кеттим. Дагы да терезенин сыртындагы зыпылдап артта калып жаткан жашыл талааларды, алыста мунарыктаган тоолорду карап ойлуу, маанайы пас телмирет. Бишкектен жаңы чыгып, айлампа жол менен зымырап бараткан элек. Эмнеге ажарлуу аялдардын баары армандуу келишет? Тиги, сары катынга окшогон өңү да, жылдызы, акылы да жок гөрпенделерге бапыраган балдарды, камбыл, жакшы эрди да берип коёт? Бул менин көптөн берки баамым да, жоопсуз, түйшүктүү суроом да. Бири кем дүйнө деген ушулбу? Эмнеге кай бирлерге ай чырайды, акылды берет да турмушунан, татыктуу теңинен кем кылып коёт, Кудай? Аны дайыма көрөгөч, калыс дешет го? Калыстыгы кайсыл?..

Ай чырайлуу Ак-Мөөрдүн, Бүбүсара менен Таттыбүбүнүн арзыткан теңине жетишпей армандап өтүшкөнүн, көргөндүн көз жоосун алган жылдыздуу Бакен эженин карыганда кароосуз, бир канча күн моргдо сөөгү алынбай жатып калган азалуу тагдырларын өкүттүү эстеп, ойго туна түшкөн экемин:

– Ыя баатыр, эмне ойлонуп кеттиң, жол кыскартып барбайлыбы?- деген  аксакалдын тааныш үнүнөн эсиме келе түштүм.

– А, жөн эле… өзүмчө…- деп койдум.

– Эс алганы баратасыңбы? Кай жерлик болосуң?- деп, карыя тамырымды тарта баштады. Карылар дайыма ушинтип билгизбей сыр тартып, сөзгө алышат эмеспи.

Жөн-жайымды уккан соң:

– Бу шаарда иштейсиң го, кандай кызматтасың?- деп, сөз учугун үзгүсү келбеди.

– Ооба, Бишкекте иштеймин.- анан түшүнөбү, түшүнбөй калар бекен деп ыргылжың тарта түштүм да, түшүнбөсө кайра жакшы, мага жабышканын койсун деген ойдо,- Студенттерге саясаттан сабак беремин…- деп койдум.

– Саясат? Саясатты да окутабы?

– Ооба, ушундай илим бар. Кийин чыкты.- Мен убайлуу ойлорумдан али толук чыга албай маекти уланткым келбегендигин билгизе дагы кыска жооп узаттым.

– М-м, азыр баары эле саясатчы болуп кетишти. Же бири да элди эстебейт,- аксакал нааразы боло сүйлөндү,- Саясатчы дегениң алгач элди ойлоп, өлкөнү, элдин турмушун көтөрүшү керек эле го… Раззаков, Ибраимов, Масалиев сындуу таза падышалар чыгабы деги? Же ушинтип элди итке мингизип коюп эле куйрук түйүп кете беришеби? Андан кийинкилеринен да Атамбайыптан башка эл үчүн иштеп берейин деген бирөө  чыкпады. Баары эле өз көмөчүнө күл тартышып, бири-бирин чукуп, ит жыгылыш, ызы-чуу…

Эмне демекмин. Бул ой, санаа мени да кыйнап келет. Жообун таппайм.

– Саясат дегениң элди, мамлекетти башкаруу, жакшы жолго салуу го. Эл болсо мына бул автобустай: жашы да, карысы да, эмчектеги баласы, мендей карысы да, сендей илимпоз, акылдуусу да, тигиндей кераяктары да,- деп, коңурукту кош тартып жаткан жанагыл сары аялга каш серпип койду,- түмөн-түркүнү болот. Ошолордун ар бирине күйүнүп, туура жолго баштап, жамандарын тартипке салып, жакшылыкка үндөп барчу чыгаан болуу керек. Ата-тегинен каны жакшысын тандаш керек, ансыз түк болбойт, өз элинен чыккан хан керек. Эли-жерин жанындай сүйгөн, күйүмдүү болушу керек. Мынабул эле биздин казактардын Назарбаевин карачы! Элин-жерин кандай көтөрүп салды! Кыйчалыш замандан аман-эсен, ызы-чуусуз алып чыгып, баарын байытып, жакшылыкка салып койду. Он жылда эле элде жок шаар салып, баарыга иш берип, алтургай кытай-кыргыздарды да ишине салып, балдарын илим-билимге окутуп, Каркыраны, көлдөгү пансионаттарыбызга чейин алып койду. Ататүрктү ал, өзүн да, осмон, селжук элин да жалпы түрктөрдүн атасы кылып көтөрүп койбодубу!..

Абышканын сөзүн бөлүүгө дарманым жетпей дапдырай угуп олтура бердим. Тобо! Айылдык эле карапайым кары киши коом, мамлекет, лидер деген саясат илиминин биз нечен жылдап окуп жатып араң акыл тегереткен негиздерин жөпжөнөкөй, туптуура саймедиреп жатпайбы! Бу, тегин адам эмес, СССР кездеги райком же парторг, бери дегенде эле тарыхчы мугалим болсо керек деп ойлоп, с=зън б=л=  кызыга сурадым.

– Аксакал, сиз жогорку билим алдыңыз беле? Кандай кызматтарда иштегенсиз?

– Эч кандай билим-силимим жок. Чоң кызматтарда да иштеген эмесмин. Жаштыгыбыз согуш маалында өтсө кайдагы окуу. Сегиз жылдык эле билимим бар,- деп мени сынай карады,- Турмуштун артынан жүрдүк, баарын турмуш үйрөттү. Болгон окуум ошол. Талаачылык эле иштерде иштедим.

Демек, көкүрөгү таза адам турбайбы. Бала кезимде тубаса акылман, табигатынан кеменгер кишилерди айылыбыздагы карылар ошентип коюшчу. Туптуура, таптак айтылган!

– Саясат дегениң ошондой. Же туура эмес айттымбы?- менин үндөбөй, ой тарта түшкөнүмөн аксакал жаңылып алдымбы дегенсип шекшине түштү.

– Жо-о, сиздики туура…

– Анда сен саясатчыларды жаман окутуп жатсаң керек?..- карыя ансыз да жүлжүк көздөрүн күлмүңдөтө тийиштик кыла чымчылай сурап калды. Бейкүнөө жерден беделиме сөз тийип жатканына намысым козголо түштү.

– Ким билсин… Бирок, азыркы саясатчыларды мен окуткан жокмун. М-м, кандай десем…- ишимдин ал ойлогондон кыйла татаал, нары олуттуу экендигин сездирип коёюн деген ниетте,- Мен саясаттын жаңы, тармагы болгон адам, улут, коом дегендер боюнча сабак беремин.- дедим.

– Ой, аның эмне? Саясат дейсиң, кайра туруп улут дейсиң… Биздин тил менен эле түшүндүрүп айтсаң боло?- аксакал дилгир көздөрүн кыбыңдата мен жакка копшоло бурулуп, кызыга кетти.

Балээ басты, бүтүндөй дүйнө окумуштууларынын түгөл башы ооруп, жандырмагын таппай келаткан маселени бу, айылдык абышкага кантип, кандайча түшүндүрмөкмүн. Дайыма ушул, тилимдин азабын тартам да жүрөм. Айтпай эле койбой. Кыжалатка бата түштүм. Эми мынча болду айтпасам да болбойт.

– Мм-м, азыркы кезде дүйнөдөгү чоң, күчтүү мамлекеттердин кичине, экономикасы алсыз элдерди ажыдаардай соруп алуу коркунучу пайда болуп турат. Аны ааламдашуу-глобализация деп коёт. Миңдеген жылдардан бери келаткан мурдагы кубаттуу, көп, азыркы кезде саны аз болуп калган элдердин үрп-адаты, каада-салты, алтургай тили, тарыхы, маданияты бүт жоголуп кетчүдөй. Аларсыз эл да жок болот. Кыргыз тили да дүйнөдөгү жок болуп кетчү тилдердин тизмесине кирип калды. Өзүңүз билесиз, тили жоголсо эл да жок болот. Мындан жаман, мындан кайгылуу эмне бар? Ошондон улам азыр ал майда элдерди, анын арасында кыргыздарды кантип, кандай сактап калуу керек деген суроо мени кыйнап келатат. Азыркы кездеги чоң коркунуч ушул болуп турат,- деп, оюмдагыны колдон келишинче жөнөкөйлөнтүп, кыскартып айтып алдым.

Не дээр экен, сөзүмдү түшүндүбү же сиңире албай калды бекен деген ой менен аксакалга караганымча болбой ал:

– Ой, ушул элеби? Мен да алда кандай жалаңкыч, алааматы келип калды экен деп коркуп турса,- деп, компойсо болобу!- Кыргыздар эч кайда жоголуп кетпейт, коргоочу Манасы бар. Ал, ааламдашуу дегениңди кыргыздар небак эле баштап койгон,- Мен не дээримди билбей, таң калгандан оозум ачылып калды! Кебине түшүнсөм буюрбасын. Бу, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан каргашага кыпындай кыргыздын кандай тиешеси бар?! Же адаттагыдай кыргыздардын обу жок мактанычтарынын бириби? Менин суроолуу элтейгенимди көрүп, карыя мыйыгынан жылмайып,- Эмне, түшүнбөй жатасыңбы?- деди өзүнө маашырлана жамажайын жая күлүп. Не демекмин, сөз ката албай калдым,- Ой, Манас “Курама жыйнап журт кылдым” деп жатпайбы. Майда элдерди бириктирип эл кылганы  ошол да.- Мына сага! Чын эле…- Кырк түрлүү элди айланасына бириктирип, кыргыз эли күчтөнүп жатпайбы. Кайра-кайра каганатын куруп, тиги эле Алтайдын нары жагынан бу Эдил дарыясына чейинки аябагандай чоң мамлекетин куруп. Жалгыз кыргыздар мынча жерди кантип чаап, ээликтемек? Кыргыз деген кырк өгүз урууларынан куралган эл деген сөз. Азыр эле арабызда не деген түркүн элдер  бар? Кийин, жакында эле келип кошулганы канча?! Ошентип, күчтүүсү алсызын сен айткандай өзүнө сиңирип алып күчтөнөт. Ар замандан ошондой. Ал эми күчтөнүп, көп элди бириктириш үчүн акылман, бийлиги күчтүү кан керек. Антпесе кыпчак, уйгур, дунгандардай болуп, өз мамлекетин түзө албай, чачырап, башка калктарга сиңип, изи калбай калат. Дүйнөнүн жарымын чаап алып турушкан Зулкарнайнды, Чыңгызханды кара, алар алгач өз элин бириктирип, күчтөп,  анан айланасындагы элдерди басып алып, көп элди чогултуп, күчтүү болушкан. Атүгүл Мукамбет пайгамбар да биринчи өзүнүн жакын урууларынын башын бириктирип, анан бардык араптарды, кийин бөлөк элдерди кылыч менен баш ийдирип, ынтымакка алып келген. Анан ар кошкон аларды баш ийдирип, башкарыш ъчън ислам динин кийирген. Адам дегениң бир нерседен коркуп турбаса болбойт. Ыркы бузулуп, бири-бири менен чабышып кетет…

Ой тобо! Мына сага, ааламдашуу! Бул процесс небактан бери эле болуп келаткан турбайбы! Эмне, андан коркуп кереги жокпу, анда? Курулай эле дүрбөп, кыжалат тартып жатканбызбы? Ал, эзелтеден болуп келген тарыхий жагдайга көзүбүз эми гана жаңы ачылып, мээбиз жетип жаткан окшобойбу. Же, ал баш оорутманы мурдатан болуп келгендей дагы бир кыйды саясатчы, же ушул шылтоо менен байыгысы келген дагы бир сүткор чыгара койгонбу. Ошондой болуусу да мүмкүн. Эмне деген ири саясатчы, илимпоздор баш оорутуп, жандырмагын таба албай жаткан алааматтуу башкатырманы айылдык эле бир абышка кебелип койбой чечмелеп, данектүү айтып жатпайбы. Болгондо да жөпжөнөкөй, турмуштун көзү, тили менен. Албетте, анын айткандары айныксыз эреже эмес дечи, бирок ошого негиздеп, жолдорун тереңдете изилдеп чыгып, көйгөйдү чечүүгө багыт алса болчудай. Турмуштун жөнөкөй чындыгынан ашкан чындык барбы!

– Ошол, сен айткандай күчтүү ажыдаарларга жем болуп кетпеш үчүн аз элдер өз дилин, каада-салтын, тилин – баарын күчтөшү керек. Анан түпкү тамыры бирге, өзүнө боору жакын, заманындагы күчтүү, чоң элдин айланасына биригүүлөрү керек. Ошондо гана майдалары аман калат. Антип, ынтымакка келишпесе алгач кичинелери, анан жалгыздап калган ортолору, бара-бара чоңдору да андан күчтүүлөргө жем  болуп кете берет. Ал үчүн жанагы айтканымдай акылман, элине башын сайган журт башы керек. Кыйчалыш кырдаалдарда дал ошондой баатыр, чыгаандар чыгып, илгертеден калкын куткарып, көч улап келген. Илгерки үйсүндөр, сактар, андан кийинки Туран, Иран деген мамлекеттер, алардын элдери кайда? Башчыларынын чабалдыгынан таруудай чачырап, жок болуп кетишкен, – Аксакал не дээр экен дегенсип, саал токтоло калып мени тирмийе тиктеп калды. Менин дагы эле тил-ооздон калып олтурганымды көрүп, өзүнө маашырлана кебин улантты,- Жо-о, алар түп орду менен жок болуп кетишкен жок. Алар бизде, азыркы кыргыз, казак, хакас… түрк элдери дейсиңерби, парсыбы, ошолордун дилине, тилине ооп, чачырап, сиңип кетишкен. Эгерде кыргыздар, азыркы түрктөр, ошол эле моңгол, кытайлар кезинде өзүнө жакын элдерди бириктирип, күчтөнбөсө өздөрү небак эле жок болуп кетишмек. Бу, жер үстүндө түбөлүктүү эч нерсе жок, эл да, адам, мамлекет да түбөлүктүү болбойт. Ошону үчүн жалган дүйнө делет. Баары алмустактан тартып өзгөрүп, алмашып, жаңыланып турат. Куранда деле “Күнөөсү үчүн кесирлерди ойрондоп, күлүн чачып тараттык, жоголгондун ордуна жаңы муун жараттык” деп жатпайбы!..

Мына сага! Мен армандап жүргөн нускалуу, кеменгер карыялар тукум курут болуп кетпептир! Бар экен! Мындай, көкүрөгү көрөгөч, акылы тунук карыялар турганда элибиз жок болбойт… дегенден башка ой келбей аксакалдын коңур үнүнө, нускалуу кебине кулак төшөп, муюп  бараттым…

Армандуу келин терезеден убайлуу көздөрүн албай телмирип, ажаан аял болсо  коңуругун кош тарта бейкапар уктап жатты. Арткы орундуктагы кыргыз эле кыз-жигиттер орусча ырдап киришти. Баарыбыздын өмүр, тагдырыбыз колуна тапшырылган кер мурут айдоочу автобусту зымырылта айдап, бейиштей Ысык-Көлгө алып учуп баратат. Боомдун тар капчыгайына жакындап калдык. Анан эле кереметтүү көл… буюрса…

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары.

Соц тармактар:

One thought on “А.Сарманбетов. “Автобуста”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.