Абдулметин Кескин: “Кайда жашабайлы жүрөгүбүз дайыма Кыргызстан деп согот”

keskin

Жакында Афганистандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүндө жашаган кыргыздарга Кыргызстандан атайын жөнөтүлгөн делегация гуманитардык жардам жеткирип келди. Памир кыргыздарынын, бир кезде ал жактан Түркия Республикасына көчүп кеткен кыргыздардын абалы кандай? Биз бул суроого жооп алуу үчүн Памирде төрөлгөн, Кыргыз түрктөрү уюмунун башчысы, Рахманкул хандын жээни, азыр Түркияда жашап, Стамбул мэриясында иштеп жаткан Абдулметин Кескинге кайрылдык.

Абдулметин мырза, учурда Түркиянын Ван аймагында жашап жаткан кыргыз туугандардын абалы кандай?

– Рахмат. Мен Түркияда жашаган кыргыздардын ысык саламын Кыргызстандагы туугандарыбызга жолдойм, Түркиядагы кыргыздардын баары жакшы. Ванда жашаган кыргыздар, Анкара жана Стамбул сыяктуу шаарларда окуп, иштеп жүргөн жалпы кыргыздардын ал-акыбалы жакшы. Алардын бир гана арманы – түпкү мекени Кыргызстанды көрүү…

– Жакында Афганистандагы Памир кыргыздарына Кыргызстандан жардам жиберилди. Сиз бул тууралуу кабарыңыз болсо керек?

– Ооба, уктум. Жада калса жардам жиберилээрден мурун бул жөнүндө алдын ала кабар уктум. Мага кээ бир досторум маалымат беришти. Чындыгында мен да ал жакка барууну каалагам. Бирок Кыргызстан тараптан так маалымат ала албагандыктан бара албадым. Кыргызстанга, кыргыз эллине, жардамга катышкан врачтарга, журналисттерге жана аты аталбаган башка делегация мүчөлөрүнө да түркиялык кыргыздар чоң рахмат айтабыз.

– Сиз Түркиянын чоң шаарында жашаган адам катары Кыргызстан жана Памирде болуп жаткан окуялар тууралуу кабарларды кайдан аласыз?

– Ооба, Түркиянын эң чоң шаары болгон Стамбулда 25 жылга жакын убактан бери жашайм, ата-энем Ванда турушат. Кээде мүмкүнчүлүк болгон сайын алардын жанына барып турам. Кыргызстанда болгон окуяларды kabar.kg, кээде Azattık.kg сайттарынан окуп турам. Памир кыргыздарынын абалын күн сайын болбосо да кээде тааныштарым Памирден туугандары менен сүйлөшкөн кезде угуп турам.

– Абдулметин мырза, Памир кыргыздарын Кыргызстанга алып келүү көптөн бери талкууланып келүүдө. Бул маселеге Сиздин пикириңиз кандай?

– Афганистандын Памир өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кыргызстанга алынып келсе абдан жакшы иш болмок. Бирок айрым адамдар эмнегедир “Памирде жашаган кыргыздардын көбү ал жактан кеткиси келбейт”,- деген сөздү айтып жүрүшөт. Албетте, жашоо-шарты катаал болсо да үйрөнүп калган жерин таштагысы келбегендер да бардыр. Чындыгында бакубат жашагандар Памирден кетүүнү каалашпайт. Бирок ал-акыбалы оор, малы жок кыйналып жашагандар кантип Кыргызстанга кетүүнүн жолун билишпейт. Алыс жолдо жүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Алар байларга кызмат кылып гана жашап жүрүшөт. Ошондой эле Памирдеги айрым кыргыздар маңзат (опийум) илдетине чалдыккандыгы ачуу чындык катары ачыкка чыгаруунун мезгили келди деп ойлоймун. Мындан 3 жыл мурун, Памирден Түркияга 16 кишини алып келдик. Алардын арасындагы маңзат азгырыгына алдыргандары бул жакта араң жүрүштү. Акыры чыдабай эки айдан кийин кайтып кетишти. Биз алардын жок дегенде 3-4 ай жүрүп, Түркиянын жашоо-турмушун, көп жерлерин көргөзөлү деген ойдо болгонбуз. Тилекке каршы мындай тилегибиз ишке ашпады. Андыктан памирлик кыргыздарды түпкү мекени Кыргызстанга көчүрүп кетүү оңой эмес жана кыргыз өкмөтүнө көп түйшүктүү иштерди жасоого туура келет. Алгач Афганистан өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Памир кыргыздарын кайтарып алуу маселесин коюшу зарыл. Эгер алар уруксат берсе, Кыргызстандан бир делегация жөнөтүп, көчүүнү каалаган адамдарды алып келишсе, калгандары да аргасыздан көчүүгө мажбур болушат деп ойлойм. Азыр Памирде болжол менен 1500 киши бар экендиги тууралуу маалымат алдым. Булардын жарымы Кыргызстанга келүүнү каалашат. Биздин Кыргызстан мамлекетинен бир суранычыбыз, Памир кыргыздарын түпкү мекенине алып кетсе, абдан чоң соопко калышар эле.

Афганистандын Памир кыргыздарына Түркиядан жардам жеткирүү иш чаралары болдубу?

– Тилекке каршы Афганистандын Памир кыргыздарына азыркыга чейин тамак-аштан же башка жардам көрсөтүү тууралуу эч кандай жогорку деңгээлдеги иш чара өткөрө албадык. Себеби жол алыс жана башка мамлекеттердин аймагынан өтүүдөгү кыйынчылыктар бар. Анткен менен мүмкүнчүлүк болгон сайын колдон келишинче материалдык жардам көрсөтүп турабыз.

– Эгер Памир кыргыздары ал жакта жашай берсе, келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

– Памир кыргыздарынын келечеги тууралуу эч кандай сөз айта албаймын. Себеби ал жерде жашоо абдан оор. Ошон үчүн Кыргызстан бул маселеге чындап киришип, аларды Кыргызстанга алып келбесе, бир канча убактан кийин Памир кыргыздары жок болуп кетишет. Кээде аларды Түркияга алып келүүгө аракет кылсак деп ойлойм, бирок бул кыйын иш. Түркияда шарттар алмашты, Памир кыргыздарына эң жакшы жер катары Кыргызстан аймагын көрөм. Жери кенен, калктын саны да аз. Кээде Кыргызстандан келген депутаттар менен Түркиядагы кыргыздарды Кыргызстанга алып кетүү жөнүндө сүйлөшүп калабыз. Бирок эң оболу Афганистандагы кыргыздардын маселесин чечүү керек. Бир чети азыр Түркиядагы кыргыздардын абалы абдан жакшы, учурда алар жогорку билимге ээ болушуп, ар түрдүү кесиптин ээси болушууда. Эң негизгиси бул жактын шартына көнүп калышты. Кайда жашабайлы жүрөгүбүз дайыма Кыргызстан деп согот.

“Кабар” МА, 17.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.