Бул күндүн үч ыры

Зайырбек Ажыматов

ЖҮРӨК

Дүк, дүк, дүк, дүк – аяр, жумшак какканда,
дүйнө ойгонуп, кан айланып аккан да.
Алгач ирет ушул үндү эшиткем,
апакемдин курсагында жатканда.

Дүк, дүк, дүк, дүк – сээп өмүр үрөнүн,
дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөрүн.
Эгиз болгон, бир чымчым эт менде да,
ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.

Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам, дүкүлдөктү жүрөкчөм,
тирүүлүктү апакемден үйрөнгөн.

Эне жүрөк жакын турса муюучу,
эгер азга алыстаса туюучу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.

Эй, адамдар, эсиңерге түйгүлө,
жүрөктөрдү ажыратпай жүргүлө!
Кашайтты эле кайран эне-баланы,
кара жоолук, анан башка үй-бүлө…
17.12. 2014

 

Малис Маматжан уулу

ЖАНЫ – АРЫК

Көп жылдар мен өзүмдү кеткем бөлүп,
Койбодум бирок такыр эстен бөлүп.
Туулган жер жуурулушуп калгам сага,
Тырмакты албагандай эттен бөлүп.

Жолуңдун бастым азыр чаңын кошо,
Кубаты сиңиргендей жалын кошо.
Денемди турпагыңа берген менен,
Түбөлүк сени менен жаным кошо.

Теңселип кусалыктан араң бастым,
Тең өскөн терек менен саламдаштым.
Буталган суу боюнда талдар турат,
Учундай учталбаган карандаштын.

Чогултуп өткөн күндүн аралыгын,
Чөмүчтөп жуткум келет тазалыгың.
Качандыр мен чуркаган көчөлөрдө,
Баламды ойнотсо экен, балалыгым.
(“Апакемдин алмасы” китебинен)

 

Рахат Аманова

* * *

Оңой бекен сырдашуу?..,
Оңой бекен сыр ачуу?..,
Оңой бекен көрүнгөнгө ачылып, айта салуу
көөдөнүңдө, көкүрөктө уюп турган көк ташты?.
Оо, ал үчүн..,
Көк мөндүрдөй төгүү керек көз жашты..,
Анан дагы,
Керек го дейм бийик, таза ишеним ?..,
Жулуп салып, үзүп салып чектөөлөрдүн кишенин!,
Турган өңдүү акыретте суракта,
Жаныңды деп жашырбай..,
Агыңдан бир жарылып,
Айтууң керек кай жериңден тайганыңды жаңылып,
Ачуу чындык туруш керек жан дүйнөңдө чаңырып да, жаңырып,..
Кулап келип кучагына бук түшүп,
Оо, ал үчүн..,
Адам керек чачтарыңдан сылап уккан , аяп сени түшүнүп.
Оңой бекен сырдашуу?..
Оңой бекен сыр ачуу?..
Июнь, 2014.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.