Биз күткөн тасма Анкарага келди

stambul

“Курманжан Датка” тасмасы 31-августта эл назарына коюла баштагандан кийин дүйнөнүн ар бурчундагы кыргызстандыктар “бизге да келер бекен”, – дешип бушайман болушууда. Кыргызстандыктар көп жашаган Түркия өлкөсү жана айрыкча Анкара шаары да алардын арасында. Анын үстүнө, тасма Кореяда көрсөтүлүптүр деген кабарды уккандан кийин андан бетер ыза болдук. Азыр болсо, 20-декабрь саат 16:00дө Анкарада көрсөтүлгөн “Курманжан Датка” тасмасынан кийин үйгө келип бул блогду жазып отурган кезим.

“Курманжан Датка” алтынчы күнү саат 16:00дө Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин имаратында көрсөтүлдү. Мен күткөндөй эле, эл аз келген жок. 300 кишиге эсептелген киносалонго эл батпай, фильмди үч саат бою туруп алып көргөндөрдүн саны да бир топ. Салондо тасма коюп иштеген Мелих “кеминде 500 кишидей келди” деп айтты.

Мен, жеке өзүм, тасманын тартылышынын сапатын баалагым келип турат. Ширелүү кадрлардан куралганы жана Кыргызстандын кооз жерлеринде тартылганы мени башкача бир дүйнөгө алып кетти. Себеби, буга чейин көргөн дүйнөлүк деңгээлдеги фильмдердин арасынан (көпчүлүк “Курманжан Датканы” да дүйнө деңгээлине чыгарып жатышат) мындай табиятты көрбөптүрмүн. Ал эми мыкты кадрлардын артында турган тасманын маани-маңызына менин акылым жетпейт деген шылтоону айтуу менен сынчылардан кутулууну туура көрдүм (тамашалайм). Себеби биз, анкаралыктар, үчүн “Курманжан Датканын” бул жакта көрсөтүлүшүнүн өзү эле майрам болду.

Керек болсо борбордон миң километр алыста турган вандык кыргыздар да атайын көрүү үчүн келишти. Ван аймагындагы Улуу-Памир (Ulupamir) айылынан келген 63 жаштагы Эгемберди аксакал, фильм абдан жакканын жана атайын алыстан келгенине өкүнбөгөнүн айтты.

Иш-чаранын аягында уюштуруучуларга айтылган каалоо-тилектерге караганда, бүгүн эл үйүнө жакшы маанайда кайтат деген жыйынтык чыгардым. Жакпай анан?.. Бул жактагы жарым орусча, жарым түркчө сүйлөгөн кыргыздарга бул саамалык башкача бир күч-кубат берди болсо керек. Менин болсо фильмдин жаратуучуларына мактоодон башка сөзүм жок. Андыктан, тасманын аягында эл тик туруп кол чаап жатканда, мен дагы элден калбайын деген ой менен эмес, чыныгы ыраазычылыгымды жана алкышымды көрсөтүү үчүн кол чаап жаттым.

Шербол Жапаралиев, Анкара, Түркия,
“Азаттык”, 21.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.