Чоюн сап манасчы Чоюке

manas_epos

Чоюке менен Саякбай,
Көлдөгү бугу Арыктан.

Баарысын айтып бүтүрдү,
Манасты айтып тарыхтан.
Тоголок Молдо

Чоюке манасчыны шакирти Мамбетаалы Ашынбай уулу минтип эскерет: “Чоюке “Манас” айтууда өз учурунда көлдүн төрүндө алдына эч кимди чыгарбаган. Ал мал-жанына да, бала-чакасына да карабай,“Манас” дегенде баарын таштап кете берген киши болгон. Ким чакырса да, токтолбой аттанып барган. Айтылуу Акылбек менен Тыныбектерден үлгү алган. Бирок, эл Чоюке өз устаттарынан да мыкты айтат дечү. Айрыкча, Каныкейдин  Тайторуну чапкан жерин айтканда ыйлабаган киши калчу эмес”.

Чоюкенин устаты Акылбек Чоң казатты жети күн, жети түн катары менен айтып, андан кийин бир жума бутун тартпай уктап, айыл аралап чыкпачу дешет. Бирок, эл Чоюкени андан да жогору баалагандыгын Саякбайдын айтканы айгинелейт:

“Чоюке – чынар,
мен – чырпык.

Чоюке – бүркүт,
мен – чымчык”.

Бизде манасчылар болобу, төкмө акындар болобу, улууларды, устаттарды сыйлаган, көкөлөткөн. Маселен, Осмонкул ырчы Калык жөнүндө:

“Калык – буура, мен – тайлак,
Качып турам жалтайлап.
Каарына алганды,
Какем, жутуп коет бир чайнап”

– дегени бар эмеспи. Саякбай дагы устаты Чоюкени жогору баалаган. Жарым миллион сап шыдыратып төгүп айткан манасчынын устаты чынар, “бүркүт” болсо, менимче ал миллиондон ашык сап билген. Жети күн, жети түн катары менен уктабай айтуу ойдон чыгарылган эмес. Болгон окуя. Демек, “Манас” эпосунун өзүндө керемет бар. Атактуу манасчылар Суранчы, Байдылда, Тыныбек, Чоюкенин айткандары кийинки манасчылардын муундарына өтүп, мисалы Чоюке, Дыйканбай, Шаабайлардын салттуу сюжеттик таасири астында калыптанып, мурас катары Саякбайга өткөн. Чоюкенин таржымалына, чыгармачылыгына байланыштуу айрым маалыматтар аны көрүп, билип “Манасын” угуп калган кишилердин айтымында мындай эскерилет: “Чоюке кедей кембагалдын үй-бүлөсүндө туулуп, турмушу жупуну өткөн. “Манасты” 17-18 жашынан, ал эми топ алдында 25-30 жаш чамасында айтып чыккан. “Манас”, “Семетей”, “Сейтекти” айтуу жагынан ал алдына киши чыгарган эмес”.

“Манас” эпосун айткандардын баарына тең кандайдыр аян берилет, же  түш көрүшөт. Чоюке жаш кезинде Каркырадан келе жатып, Кызыл-Кыянын Түргөнүндө уктап калып, түш көрөт. Түшүндө аксакал киши оозуна таруу куюп, бир кап тарууну үйүнө алып кет деп кошо берет да, кайып болот. Ошол күндөн тартып “Манасты” жакшы айта баштадым”-деген Чоюке.

Айың менен Күнүңдүн,
бир өзүнөн бүткөндөй.

Асман менен Жериңдин,
Тирөөчүнөн бүткөндөй.

Манасты даңазалаган бул саптар канча кылымдардан бери ооздон-оозго өтүп келатат. Нурланган саптар, жарык саптар. Бир өкүнүчтүүсү Чоюкенин өз оозунан “Манас” жазылып алынган эмес. Бирок, шакирттери Саякбай Карала уулу, Мамбетаалы Ашырбай уулу, Шаабай Азиз уулдарынын варианттарына карап, Чоюке “Манас” үчилтигин толук жана анын уландысы Кенен, Алымсарык, Кулансарык жөнүндөгү окуяларды да айткан деп болжолдоого болот. Чоюке манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана анын чоролорунун мекенин көрөм деп, 1900-жылдары Каракол уездинен Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан.

Чоюке өмүр уулунун туулган жылын 1863 же 1864-жыл деп жүрүшөт. Манасчы Талантаалы Бакчиевдин жазганына караганда ал 1864-жылы туулган. Токтогул Сатылганов менен тең. Быйыл залкар манасчынын 150 жылдыгы.

Таң кашкайып атканда,
Тараза жылдыз батканда,

Канатын жайып калкылдап,
Куйругун жайып жаркылдап,
Асман менен запылдап,
Айчүрөк учту шыпылдап.
Асман менен сызганда,
Айдын жүзү тутулуп,
Күндүн көзү бузулуп,
Ай жарыгы түн болуп,
Ачылбаган күн болуп.
Канатынын дуусунан,
Тоо-токойлор үн болуп.

Жети муун өлчөмү – “Манас” эпосу – күкүктөп агып жаткан дайранын нугу. Эгерде аталган эпосту кара сөз менен айтканда кумга сиңип кеткен суудай жоголмок. Жети күн, жети түн күкүктөгөн Чоюке манасчыны унутууга эч мүмкүн эмес.

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин тоо», 19.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.