Мусакун Сатыбалдиев. «Жанотсуз көздөр»

(повесть)

Негедир ал чочуп ойгонду, бир жерине күтүлбөгөн жерден шыркыраган кызыл чок тийип кеткендей, бүт денеси дирт этти, кудум азоо ат жалт эте үрккөндөй. Ал тургай эки кишилик  кенен польша диваны да кошо үрккөнсүп, кыймылдап кетти. Демейде былк этпеген неме эми түйшөлгөндөй кычырай түштү. Колун башынан ашыра созуп, өзү жакта турган чакан, айнектен жасалган тумпочканын үстүндөгү түнкү жарыкты күйгүздү. Чык эткен үндөн уламбы, же өзүнчө элеби, айтор, катарында жаткан аялы түйшөлүп барып, эки колун баш жагына суналта керилип алды да, тынчып калды. Кайрадан таттуу уйкунун кучагына бой таштады окшойт, курсагына чейин дардайып ачык калыптыр, анысын да сезген жок. Жаздыкка төгүлгөн кара чачын, тирсийген кош эмчегин кайдыгер гана саамга карап турду, анан жука төшөктүн жакасын жогору тартып, жаап койду. Дубал боорундагы чоң саатты карады, үчтөн жыйырма беш мүнөт өтүптүр. Ордунан обдулуп, дивандын баш жагына жөлөнө олтурду. Эмнеден чочуп кеткенин түшүнө албай деңдароо болду. Өпкөсү көбө демигип, терге чөмүлүп калган экен. Отургучтун кырына илинген көйнөгүн алып, этек жагы менен терин сүрттү. Эми эстеди, көрсө, түшүнөн чочуптур. Көз алдына кайра тартыла түштү. Бир жакка бара жатыптыр. Бийик кыр окшойт, бир маалда анын чокусуна чыгып, алды жагын карады. Типтик жар экен. Төмөн жагы көрнбөйт, абдан терең окшойт. Мындан ары жол жок экен. Эңкейе берип, төмөн карады. Ушул учурда эки көзү өзүнөн-өзү бөлт эте чыгып кетти да, төмөн кулады. Мындай болуп кетерин күтпөгөн неме кармап калууга үлгүрбөй калды. Дүйнө уюган бир караңгылыкка чулгана түштү. Көрүнбөгөн туңгуюкту көздөй көз эмес эле килейген таштар күлдүр-шалдыр түшүп кулап баратты. Муну даана угуп турду. Анан ошол күлдүрөктүн тээ түпкүрүнөн кулак тундурган: «Ап-па-аа!..» деген үн жаңырды. Ал Бараттын көөдөнүн жарып чыкты. Дал ушул аалам жаңырткан үндөн чочуп ойгонду. «Апа» деген сөздү айтпай калганы качан. Эмне үчүн ушинтип кыйкырганын азыр өзү түшүнө албай, делдиреп олтурду. Башы салмактанып, табы айнып турганын сезди. Мындай адам жүрөгүн түшүргөн, түпөйүл кылган түбү түшкөн түш эмнеден шоорат берип жатканына чама-чаркы жетпеди. Адатта, жагымсыз түштөр ичкен учурларда кирет эмеспи. Антейин десе ичкиликти оозуна албаганына бир нече күн өткөн. Негизи ал ичкиликке үзүлүп түшпөгөн адам эле, тойдо же кыйышпас жакшы санаалаш кишилер менен гана бир, эки жолу алып токтотуп коймой адаты бар, мунусун билгендер көнүмүш адатка салып кыйнай беришпейт. А азыр негедир ичкиси келип кетти, бурулуп аялына карады. Тебелеп кетсе да туяр кебетеси жок, «атаңкөрү, ушунун уйкусунун жарымын мага берип койсочу» деп алды ниетинде.

Ордунан туруп, халатын жамынды да, ашкана бөлмөсүнө кирди. Жарыкты күйгүзүп, киши боюнан чоң муздаткычты ачты. Тирелген тамак-аштар коюлган текчелер, батпагандарын биринин үстүнө бирин коюп салыптыр. Капкактын ички бетиндеги текчелерде түрдүү формадагы бөтөлкөлөр шыгырайт. Орус арагы, кыргыз арагы, кыргыз коньягы, армян коньягы, япон сакэси, румын ичкилиги. Бурулдун булардын барын каяктан таап келгенине таң калып кетти, сарамжал аял экенине ичинен ыраазы болду. Алардын бирин алып, капкагын ачып баратып кайра айныды, ордуна коюп койду. Төмөнкү текчеден «Актык» деген жазуусу бар желим бөтөлкөнү алды. Оозунан куркулдата жутуп, жарымынан оодарды. Заматта сергилең тарта түштү. Антсе деле бары бир кайра уктап кете албады. Баш-аягы билинбеген чаржайыт ойлорго чарпылып жата берди. Ойго, санаага чырмалып кыйналгандан көрө, ооруп жатып алган кыйла жеңил эмеспи. Бирок, Бараттын санаага саргая турган эч себеби, жөнү деле жок болучу. Кудайга шүгүр, дени сак, бала-чакасы маңдайында. Маянасы көздү кычыштырган жакшы кызматта иштейт, маянадан тышкаркы кирешеси да аз эмес. Натыйжада эки кабат там, кымбат машина, элдин көбүндө жок буюм-тайымдар дегендей. «Колунда наны бар бала сүйгүнчүктүү» деп бекер жеринен айтылбайт тура. Анын сыңарындай «Баке, Баке!» дегендер арбын. Анан кайдагы ой, кайдагы санаа десең. Бирок, адам дегениң ошол ой, санаа бар үчүн адам эмеспи. Ансыз малга аралашып төрт аяктап, чөп оттоп, же сөөк кемирип кетпейби. Түгөттүкү, кирпиги катып калгансып уктай албады. Көздөрүнүн бөлт эте чыгып кеткени улам көңүлүндө кайталана берди. Жан-дүйнөсү белгисиз бир дүрбөлөңгө түшүп, жан тынчтыгы бүлүндү. Сезимине анча сиңе бербеген «Апа» деген сөз ошол бүлүнгөн дүйнөнүн күңүрттөнгөн асманында жыл-жылт эте өчүп-жана берди. Эми уктай албасын билип, ордунан туруп кетти. Душка түшүп, кийинди. Чай ичкиси келбеди, жанагы «Актыктын» калган жарымын ичти да, таң эми гана атып келатканына карабастан, кызматына жөнөп кетти.

Ээн кабинетинде олтурду. Эл келе электе бир топ жумушту бүткөрүп алайын деген ниетте ишине киришти. Канчалык аракеттенгени менен алдындагы додолонгон кагаздардын дегеле чети оюлуп, кара баскырдын карааны азайчудай эмес. Улам бирин алган сайын тигил жагына кайра өчөшкөн немедей эки барактан кошулуп, сары кыр үймөктүн үстүнө тынымсыз ыргытылган чөп сымал көбөйүп жаткансыйт.  Элүүдөй адам иштеген бул чоң мекеменин ишин жалгыз өзү бүтүрчүдөй болуп, таң атпай келип алганына өкүнүп да алды. Эми кайра кетмек беле, кыбырай берүү керек, он чакты кагазды карап чыгып, туура дегендерине колун коюп койсо деле пайда. Дагы бир баракты алып, андагы быжыраган сандарга, сызыктарга толтурулган цифраларга көз жүгүрттү. Башынан көңүл коюп карап келатып, бүтө электе экинчи бетти оодарды, мында деле ошондой көрүнүш. Туура эле сыяктанат. Барактын аягындагы өзүнүн фамилиясы турган сызыкка кол койду да, карап чыккан кагаздардын үстүнө таштады. Балээ баскан сандар менен быжылдаган цифралар кийинки кездери аны тажата баштады, тез чарчап, көздөрү талыйт. Ага болбой дагы бир азын бүтө салайын деген ниетте отура берет. Анан башы салмактанып, чекеси лукулдап чыгат, ошондо гана баш көтөрүп ишин токтотот. Эки саатка чукул тынбай иштегендиктен азыр да көздөрү талып кетти, бели да кожоюп, зыңкыя түшкөн экен. Болгон-бүткөн чыдамы түгөнүп, какшып баратканын сезди.

Калемин столго коюп, ордунан турууга обдулду, бирок, үлгүрбөдү. Дал ушул учурда столдун наркы бет маңдайындагы отургучта олтурган адамга көзү кадала түштү. Ал көз ирмем аралыгында пайда болду, калемди коюп жатканда отургучтун бош турганын көргөн. Эми болсо ал эчак эле келген кишидей жайма-жай олтурду, бүтүндөй ак кийимчен экен. Барат чок басып алгандай селт этти, ушуга удаа ордунан тура качууга далбастады. Бирок, бүтүндөй денеси таш уюлуна айланып кеткендей салмактанып, козголо албады, кыйкырайын деген ниетке кетти, мунусунан да майнап чыкпады. Оозун бир ачып алып, муунган немедей кыйк этип олтуруп калды. Көмөкөй тереңинен үнү чыкпай койду, тиги муну сездиби жокпу, ким билсин. Барат андан кандайдыр бир муздак илептин келип бетине урулганын сезди. Эрксизден башын арт жакка серпип алды, бирок, кыймылдаган жок. Ал азыр кудум байыркы балбал таштардын бирине айланып калган. Алайган көздөрү менен тигини жалдырап карап отуруп берүүдөн башка аргасы жок эле. «О Кудай! Бул эмнеси?! Эмне деген ишаратың бул, же арбак дегени ушубу? Балким, периште болуп жүрбөсүн, адатта периштелер адамдын жанын алуу үчүн келет дешчү эмес беле? О Алла, деги бул эмне деген белгиң? Же газеттер жазып жүрүшкөндөй параллель дүйнөнүн өкүлүнөн болду бекен, а мүмкүн башка планеттен келген неме болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да адамга, мага зыяны, саат-сабыры тийбес бекен? Эмне үчүн мага келди», деген коркунучтуу ой көкүрөгүнө жебедей кадалды. Суроолорунун бирине да жооп таба албады. Негизи бу киши көп нерсеге ишене бербеген, өз оюнан кайтпаган катуу, тоң мүнөз  адам эле. Мүмкүн Кудайды, Алланы оозуна алганы ушулдур? Көз ачык, экстрасенс, астролог, табып дегендерге эзели жакындачу эмес. Кимдир бирөөлөрдөн «көрүнчү көрдүм, арбак көрдүм» дегендерин укса мыйыгынан жылмайып, аларды акылынан айныган келесоолор катары эсептечү. Эми ошол «арбак» дегени дал маңдайында олтурат. Балким, андай эместир, азыр ар кандай мүмкүнчүлүктөргө эгедер болгон адамдар көп эмеспи. Мисалы, Калиостро, Мессинг сыяктуу. Кытайда учуучу адамдар пайда болбодубу, бул деле ошондой касиетке ээ адамдардын биридир, деген ойго чарпыла түштү. Өзүнүн оюнун тууралыгына ишенгиси келди. Эгерде ошондой адамдардан болуп, аны таң калтыргысы, болбосо келекелеп, тамашалагысы келсе – анда буга ким экенин көрсөтөт. Тамашалачу, же келеке кыла турган адамды тапкан экен ченебей. Коркуу сезимин баш көтөрө баштаган кыжыры басып, кыймылдабаса деле колдору калтырап, муштумдары түйүлө калды. Анткен менен колу былк этпеди, кудум кылым карыткан байтерекке кыл чылбыр менен чытырата арчындап таштаган немедей. Мунун бардыгы тигинин кесепетинен, белгисиз күчүнөн болуп жатканын сезип, негедир жели бөксөрө түштү. Анын алдында өзүнүн алсыз, кудуретсиз бир пенде экенин түшүндү. Былк этүүгө дарманы жок жалдырап олтура берди.

Барат Базаровичтин жан-дүйнөсүндө кандай будуң-чаң болуп, эмнени көксөп, эмнени көрсөткүсү келип атканын тигил билип коюптурбу. Бир оокумда жай гана башын көтөрүп, отургучка чалкалай берип, ага карады. Эми даана көрүндү. Кан-сөлү жок чапжаак келген, купкуу, арык, сүйрү беттүү, ээги узунурак, чачы куудай ак, сакал-мурутсуз адам экен. Жаш эле сыяктанат. Көздөрү бир башкача көрүндү. Аны сөз менен айтып түшүндүрүү өтө кыйын. Ошо көздөр көздөрүнө чагылыша түшкөндө Бараттын жүрөгү куушурулуп, деми чыкпай кала жаздады. Көздөрү караңгылап, көңүлү айнып кетти. Жыгылып кетпесем экен, деди ниетинде. Анан тигинин көздөрүнөн кандайдыр бир кызыл жарыктын чачырай түшкөнүн көрдү. Денеси жеңилдеп, ордунан жылуу аба толтурулган шариктей көтөрүлдү. Кандайдыр бир кичирейип бараткансыды. Балким, тескерисинче тигинин жалындуу көздөрү чоңоюп бараткандыр? Муну билүүгө чамасы жок эле. Ошол жакка өзүнөн өзү оп тартылып баратты. Эч кандай каршылык кыла албады. Болгону көөдөн тереңинен оор онтогон үнү чыкты. Акыркы сезгени ушул болду…

*     *     *

…Ал кызыл жалынды аралап, кайдадыр чуркап баратты. Туш-тараптын бардыгын алоолонгон жалын каптаган. Таман коер соо жер жок. Караса жалын өз денесинен да чыгып жатыптыр. Бирок, эч жери күйбөдү, ысыган да жок. Жөн гана жалындын үзүмдөрүн арт жагына чубалта калтырып, безеленип чуркап баратты. Кайда, эмне үчүн экенин да билбейт. Көз ирмемге токтой калса жалбырт этип күйүп кетчүдөй коркунучтуу сезим бучкактап, арка жагынан камчылап бараткандай. Канча жүрдү ким билсин, оо бир оокумда алды жактагы уюлгуган жалын тең экиге бөлүнө берди. Эки тарапта жалындан бүткөн бийик дубал пайда болду. Аны бойлой кеткен узун жол дале күйүп жатты. Барат эми ошол жол менен чуркап баратты. Кандайдыр бир кызыктай салынган зор имаратка келди. Өмүрүндө мындай нерсени көргөн эмес, салынган формасы боюнча өзүнө белгилүү болгон дүйнөдөгү бир да имаратка окшобойт эле. Бийиктигин көрө албады, дубалдары бүтүндөй кызыл жалынга чулганып турат. Ошол жалын уланып отуруп асмандагы жалынга кошулуп кеткендей. Имараттын алдына келип, эми кай тарабына басарын билбей туруп калды. Жакын жерден кыбыр эткен бир жан көрүнбөдү. Кай жакка жана кандайча келип калганын билбейт. Оң тарабына бир нече кадам басып барып, кайра тартты. Жанагы ордуна келди. Бир аз туруп, артка кетсемби деген ойго урунду. Бирок, кайда барат? Ушул эле суроону күтүп турган сыяктанып, дубалдын боорунан бир эшик ачылып, ичиндеги күчтүү жарык бетке уруп, көзүн карыктырып жиберди. Кыйлага ача албай турду. Анан кимдир бирөө аркасынан акырын түртүп, ачылган эшикти көздөй алып жөнөдү. Артын кылчайып карады, эч ким көрүнгөн жок, бирок, эки ийнинен бирөөнүн жумшак колунун тийип баратканын сезип атты. Бөлмөнүн ичи абдан жарык экен. Көзүн көндүрүп алып, акырын ачты. Кенен, ээн бөлмөдө эмне кыларын билбей жалгыз турду, ийниндеги колдор да жок болду. Бул жерде эч нерсе жок экен, болгону жарык, көз карыктырган жарык. Ал дубалдын бардык тарабынан, шыптан, полдон текши чыгып жатты. Бул үйдүн өзү жарык чыгаруучу материалдан курулса керек, деп ойлоп алды. Каптал тараптан кандайдыр бир шоорат эшитилди. Ал жакка кылчайып, дагы бир эшиктин жылма ачылганын көрдү. Эми бүткүл тулкусу менен бурулуп, кандайдыр бир белгисиз коркунуч, тынчсыздануу менен былк этпей мелтиреп карап турду. Муундарын майда калтырак басты, тизелери бүгүлө жаздап токтойт. Эшиктин ары жагындагы көз карыктырган жарыктын арасынан бир караан чыкты. Ал да жарыктан бүткөн жан сыяктуу апакай эле. Бутун жапкан ак көйнөк кийген окшойт, жерге тийип-тийбей үлпүлдөйт. Жакындаганда апакай жоолукчан экенин көрдү. Ал жер менен баспай эле, жерден бир аз көтөрүлүп учуп келаткандай. Калкып келаткандай. Бир нече кадам жетпей токтоду да, башын көтөрүп Баратка карап калды. Отуздарга келип калган жылдыздуу, татынакай аял экен. Жалжылдаган көздөрүндө кандайдыр бир терең катылган кайгынын, муңдун көлөкөсү жаткандай. Ал дагы бир-эки кадам илгериледи. Барат өзүнөн-өзү артка серпилип кетти, бирок, ордунан жыла алган жок – буттары полго биротоло чапталып калган сымал. Өңү абдан жылуу учурады, негедир жүрөгү тызылдай түштү. Көзүнө жаш кылгырды. Эмнеге минтип жатканы гана түшүнүксүз болду. Бул аял ага тааныш эле, бир жерден көргөн. Ооба, сөзсүз көргөн, бирок, качан, кайдан көргөнүн эстей албай жатты. Көп жыл мурда көрсө керек эле. Канчалык тырышса да эстей албады. Аял дагы бир кадам жылды. Эми бир гана кадам жетпей турду.

Аялдын көзүнөн жаш куюлуп, бети менен төмөн кулады. Анысын сүртпөдү, жайына койду. Ээгинен сарыккан тамчылар апакай көйнөгүнүн бооруна тамчылап жатты. Төмөн карай кыпкызыл из калтырып барып, сүт сымалданган апакай жарык полго тамат. Ага да кызыл тактар калып атты. Капысынан эле: «бул – кан» деген ой Бараттын көөдөнүнө сайылды. Денеси дүркүрөп кетти. Бардык күчү менен кыйкырып жибергиси келди. Тамагы бүтөлүп калгансып үнү чыкпады. Аял эки колун ага сунуп, алаканы менен эки жаагынан аяр сүйөдү. Абдан жылуу, ушунчалык жумшак экен. Заматта тынч алып, жаны жайлана түшкөнүн сезди. Өзүнчө магдырап, аялдын жылуу кучагына тартылып баратты. «Балам! Уулум менин!», – деди аял бир маалда акырын шыбырап. Эми тааныды – бул анын апасы болучу. Артка жалт берейин деген ою ишке ашпады. Жанагыдай эле ордунан козголо албады. «Сагындым балам, сенин  карааныңды бир көрүүгө зар болдум. Сен менин бул дүйнөдөгү жападан жалгыз таалайым элең, балам. Сен үчүн гана бардыгынан аша кечип, азаптан жоолук салынып, зил санаанын сазына белчемден малынып жашап жүрбөдүм беле, кулунум. А сен мени таштап кеттиң. Ошол бойдон бир кайрылбадың. Кусалыктан күнүгө өлүп, бары бир акыры мага келет деген үмүттөн улам күндө кайра тириле берип тажап бүттүм, балам. Түгөнүп бүттүм, уулум. Карааныңдан кагылайыным, сен менин кайнаган шорум болдуң. Бул дүйнөдө чыга албас терең орум болдуң. Келчи кагылайын, боорума бекем кысып бир жыттап алайын». Аял аны кучактап, бооруна бекем кысты. Качандыр бир кездеги тааныш, жагымдуу жыт мурдуна өрдөдү. Барат ого бетер магдырап, башын апасынын ийнине жөлөп көздөрүн жумду. Эненин жүрөк балкыткан өзгөчө бир мээримин сезди. Тээ качан, беш-алты жаштарында ушинтип, апасынын көкүрөгүнө башын катып жатканды жакшы көрө турган. А кийин, мектептен окуйм деп биринчи жолу апасын мектепке жетелеп баргандан кийин… азыр аны эстегиси келбей кетти. Жүрөгү зыр этип алды. Эмнегедир анын жан-дүйнөсүндө энеге деген сагыныч, жан сыздаткан куса жок болучу. Буга азыр өзү да таң калып кетти. Анан кокусунан эле: «Апа, сен өлдүң беле?», – деп сурады жүрөгү үшүй түшүп. Аял кучагын бошотту: «Менин өлгөнүм качан, уулум. Сен баягыда мени жыга түртүп, чуркап кеткенде эле өлгөм. Ошондон көп өтпөй балдар үйүнө кетип калдың. Ошондо экинчи сапар өлгөм. Тиги жакта мен эмес, менин сөлөкөтүм гана, ичинде эч нерсеси жок карандай карааным гана жашап жүрөт, уулум». Буга ал түшүнбөй калды. «Мен да өлдүмбү, апа?» Барат ыйламсырап сурады. «Жок уулум, сен тирүүсүң». Оор жүктөн арылгандай жеңилдей түштү. «А бул жер эмне болгон жер, кай жер, эмне үчүн мени мында алып келишти? Алар кимдер?» Аял саамга унчукпай турду да: «Бардыгын өз убагында билесиң, уулум. Менин зарлаган үнүм Алланын кулагына жеткенине кубанып турам», – деди.

Жакын эле жерден телефон чырылдады. Заматта аялдын кучагынан суурулуп чыкты. Эмелеки тирукмуш имарат, кызыл жалын жалбырттаган айлана жок болду. Башын силкип жиберди. Суунун тереңинен чыга албай тумчугуп, жан-алакетке түшүп атып, анан капысынан кургакка чыга калгандай аптыгып алды. Түш көрүп жатып, чочуп ойгонуп кеткенсиди. Өзүнүн иш столунда олтурган бойдон экен. Бир гана эми эле үрөй учуруп, жалын жанган көздөрүнө оп тарткан неме алаканды ачканда пыр эте уча качкан таранчыдай заматта жок болду, анын чын эле маңдайына келген-келбегенине да көзү жетпей, өзүнчө эсеңгиреди. Буга  ишенбейин десе апасынын өзүнө тааныш жүзү, анын сөөктөн өткөн сөздөрү жаңырып турат. Тумандай түшкөн көздөрүн дагы бир жолу бардап-бардап алды, ушундан соң столуна кайрадан көз чаптырды. Жок, бардыгы мурдагыдай эле турган экен. Баягыда даңазасы таш жарган Нью-Йорк шаарындагы бүткүл дүйнөлүк соода Борборунун токсон экинчи кабатындагы ажайып дүкөндөн элүү беш долларга сатып алган кооз, салмактуу калеми койгон ордунда жатат. Орто дыйкандын жарты талаасындай болгон иш столунун үстүндөгү иретсиз жаткан китептер. Алардын бардыгын мындай кой, эч болбоду дегенде бири анын колуна тийди бекен? Муну ошо китептер эмес – өзү билбейт, алардын мында эмне кылып жатканы менен да иши жок. Учталган түркүн карандаштар, көк, жашыл, сары жазылган калемдер, кайчы, кичинекей бычак, дагы керексиз май-барат нерселер салынган прибор. Нары жагында эртең менен келип, кабинетинин эшигин ачып, ордуна отурар замат кылгырган, коймолжуган, ашыгырак боелгон көздөрүн кыя жиберген катчы келин иштетип берип, кетеринде өчүрүп кое турган чоң компьютер. Аны алып келгенден бери өзү кол тийгизип, иштеп көрө элек, а чынында аны менен кандай иштеп, эмне жумуш кыларын билбейт, же атайын үйрөнбөсө. Кандайдыр бир документ керек болсо колундагы кооз, кымбат калемин төш чөнтөгүнө салат да, прибордогу калемдердин бирин алып жазып кирет, бүткөндө катчы келинди чакырчу чырылдакты басат. Дароо лып кирип келген келиндин коймолжуган, бир учкунду жылт эттире чагылткан көздөрүн тике карабай колундагы кагазды алдына таштап коет, аны эмне кылышты тигил жакшы билет. Көпкө күттүрбөй өзүнүн иш столундагы компьютерге тере коюп, апакай кагазга чыгарып келе коет, ошол кагазга кайдагы бир маанисиз, тажатма сандарды гана эмес, өзүнүн ушул барбайган мурдунан алыс жакты көрө албаган учкунсуз, сезимсиз көздөрү менен караган адамга болгон ак сезиминен уучтап алып кошуп келгендей аяр сунат. Мунусу менен иши эмне, шарт алып кайра карап чыгууга мойну жар бербей, коер жерине сыйлуу калеми менен колун тайралаңдата коет, бүттү. Компьютерди чукулап, тамга терип, көз майы менен убактысын бөөдө өлтүрүп отургуча ушу оңой эмеспи? Компьютердин оң жактагы капталына кат-кат кылып ташталган бөйрөктүү папкалар кирпичтей тизилип, бири-бирин былчыйта басып жатат. Аларга иретсиз салынган барактар бери чыгып, бырышып-тырышып, айрым жерлери кирдеп, тытылып калган, арманын айтайын десе тили жок, кыйкырайын десе үнү жок мелтиреп жата бергенден башка аргалары жок. Алардын ичинде эмне жазылган, балким адамдын, же көчөдөгү ар кай жерде үйүлгөн таштандыларды чачып, ишпалдасын чыгарган каңгыган иттердин тагдыры жазылгандыр? Муну Барат Базарович бир ачып көз жүгүртүп чыкпагандан кийин кайдан билсин, ачмак турсун өзүнүн боюндай жыйылган папкаларды көргөндө эле көңүлү айнып, кыжыры келе түшөт. Буларды иштеш үчүн, кимдир бирөөлөргө жардам берип, өзү иштеген мекеменин, өкмөттүн, мамлекеттин ишин тырмактын агындай болсо да алга жылдыруу үчүн эмес – анын кыжырына тийип, убактысын бөөдө жеринен коротуп, сыймыктанган, ардактаган калеминин сыясын түгөтүш үчүн гана алып келгендей сезет. Ушуга жаны кашайып, ичинен буркан-шаркан түшөт, өзүн-өзү токтото албай ордунан учуп туруп, ушулардын бардыгын жыйып, жан адам көрбөс жерге алып барып жарым, жок, бүтүндөй бир чака бензинди шарп эттире куюп. өрттөп жибергиси келет. Анан жалындап күйүп жаткан отту канагаттаануу, кубануу, жеңилденүү менен талыбай карап тургусу келет. Көз ирмебей акыркы барак күйүп бүтүп, жылт өчкөнчө карап тура бергиси келет.

Бирок, бир жакшы жери мунусун сыртка чыгарбайт, өз ичинде гана быкшыйт, жада калса тигил кылгырган катчы келин да билбейт. Балким, билбегени жакшыдыр, ушундан улам көптөрдү көрө билбеген көзүнө бир илингиси келип жүрө бергени оңдур? Баса, куураган келин буга эмне мынча үйрүлөт десең, анын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар экенин жакшы билет, деги аял деген өзү оңой жан эмес го. Сурамжылап жүрүп муну билип алган, анан эмнеге минтип өз жанын тирүүлөй азапка салып жүргөнүн өзү деле билбейт. Негизи адам дүйнөсү өзүнчө бир аалам, ачыла элек Галактика го. Ай, бардыгы куруп кетсинчи, азыр ал бардыгына, мына ушул пайдасы тийбеген компьютер менен бети ачылбаган папкаларга белин ийилтип турган столу менен кошо бөтөнчө жасалгаланган кабинетинин көздөн кайым болуп кетишине да кайыл эле. Анткени булардын бардыгы адамзатка белгисиз жанагыдай күчтөр үчүн түккө турбаган нерсе тура. Антсе деле мындай ойдун кайдандыр кайып келип, көңүлүнө метеориттей урула түшкөнүнө чочуп кетти. Мунусун кимдир бирөө сезип калбады бекен деген ниетте кабинетинде жалгыз олтурганына ишене албай, алдыртадан айланасына көз жүгүртүп өттү. Кудайга шүгүр, жанында башка жан түгүл чиркейдин үнү угулбайт. Эмелеки көз алдында болуп өткөн окуяга дале ишенип, ишене албай деңдароо тартат. Мурда мындай каргашаны көрмөк тургай сезчү эмес эле го? Эми бүгүн эмне деген балекетине жолукту? Жок, бул биринчи жолкусу эмес эле. Мурда да болгон. Бирок, качан, кай жерден, кандайча көргөнүн азыр эстей албай жатты. Аны эстөөгө аракеттене, кабинеттин көз жоосун алган сүрөттөр түшүрүлгөн төбөсүн саамга карап мелтиреди. Антсе да, мокок тартып калган эсине колго урунар эч нерсе илинбеди. Кайра шырдактын оюусундай ийрелеңдеген сызыктарды көрүп, эстемек турсун болгонун жоготуп кое таштады. Ошонусунан коркуп кеткендей башын булкуп, шыпка тигилген көздөрүн тартып алды. Ушул учурда жанагы неме кайрадан көз алдына тартылды. Ооба, өткөндө да ошону көргөн, дал ушул болучу. Анда мынчалык узак көрүнгөн эмес, жылт этип көзгө бир чалынып коюп жок болгон. Ошондо жаны тынбай чуркап жүрүп чарчагандыкы го деген ойдо калган. Бир туруп аны ошол күнү эмес, качандыр бир кезде түшүмдө көргөн чыгармын деген бүдөмүк ойго да чарпыла калчу. Көрсө өңүндө эле көргөн экен, эми эстебедиби. Дал ошондо болгон, муну кантип унутуп койду экен?

*     *     *

Ошондо, ошол күнү бөтөнчө бир, башкаларына окшобогон таң атканын сезген. Ал тургай көңүл багында миң түркүм куштар миң түркүм абаз салып, ажайып бир кооз, керемет үндөрү менен сайрап атышканын сезим кылдары аркылуу уккан. Ага өзү кошулайын деген ниетте болбосо деле эрксизден кошулуп, ошол башка жандар эзели уга албаган, сезе албаган ажайып абазга бой таштап, анын ырахатына чөмүлүп, ичинен кайрып кыңылдап ырдап кирген ырдаганын эзели укпаган аялынын оозун аңырдай ачырып. Мунун олуттуу, чоң себеби бар болучу, ошол күнү түштөн кийин өзү иштеген мүдүрдүн энесинин сексен бекен, же токсон бекен, айтор туулган күнүн өткөрүшмөк болуп калышты. Аны уюштуруу жана чоң салтанат менен өткөрүүнү даярдоо милдети ага жүктөлүп калбаспы, карга дайыма эле адамдын жонун булгай бербеси кандай анык болсо, Барат Базаровичтин жолунун дайыма эле ийги боло бербегендиги дал ошондой анык эле. Мына эми, бакыйган мүдүрдүн көзүнө илинип, анын ишенимине ээ болуп,  тагдыр чечер тапшырмасын алып отурат. Бул жөн жеринен эмес, ушунча жыл анын алдынан кыя өтпөй, тапшырган ишин кабагын бүркөлтпөй жасап жүргөнүнүн жемиштүү натыйжасы, акыбетинин кайтышы катары кабыл алды. Болбосо мекемеде эмне кылып, кандай кызматты аркалаганы белгисиз тапырап жүргөндөрдүн бирине деле тапшырбайт беле. Жок, аларга эмес дал Барат Базаровичке тапшырып атат, демек, бул деген жакшылыктын жышаанасы, ыргыткан ташыңдын дагы бийик түшөрүнөн үмүттөнө бер дегени. Мындан ал кам санаган жок, андыктан таң менен кошо туруп жанын таштап коюп, милдетин аткарууга киришти. Буту-бутуна тийбей безилдеп, бардыгын мүдүрдүн оюндагыдай жасап, анын көңүлүнө толуштун камында учуп-күйүп жүрдү.

Аракеттин берекети бар, муну башы бүтүн, боору эсен ар бир жан жакшы түшүнөт, түшүнбөгөн пендеге айла жок, андайга таарынган менен пайда жок. Баса, кеп оролу азыр мында эмес. Ооба, ошол күнү анын чырагына май тамган, качантан бери бир орунда үлбүлдөгөн шамчырагы жарк эте түшкөн. Антпегенде анан, кызмат орду дагы бир тепкичке көтөрүлүп, зоболосу булут жиреген карлыгачтай көкөлөп, кол алдындагы адамдар дагы көбөйүп, ага жагынып, кошомат кылып козусун эмес, килейген коюн көтөрө чапкандар арбыганы жатса. Караңгы түндө жылтылдаган жалгыз шамды пааналаган шайтан көпөлөктөрдөй болуп, тегерегине топтолуп дарбыганы жатса. Мындай нерсе адам пендесинин даргөйгө жык толгон турмуш деп аталган татаал жолунда Күн чыккан сайын, же Ай толгон сайын кезиге бербейт. Андыктан бир келген шартты колдон чыгарып жиберген адамдын маңдайы кантип жаркысын, иши кантип илгери жүрсүн. Орус агайындар айткандай буга «тиши менен жармашышы» керек эмеспи. Ушундай ишеним анын сезим түпкүрүнөн бекем орун алган. Бирок, качан, кандай шартта экени эсинде жок, эстегиси да келбейт, болгону тээ качантан, балким, эс тартып, ак менен каранын ажырымын тааный баштагандан бери ушул нерсе менен жашап келет. Мүмкүн, мунусу менен келбес сапарына да чогуу кетет, мындай бүтүм чыгарууга себеп бар. Анткени адамды дырдай жылаңач кылып чечинтип салууга болот, асты аны калыптанып калган мүнөзүнөн, канына сиңип калган көндүмүнөн биротоло ажыратып коюшка болбойт, мүмкүн эмес. Эмнеси болсо да мунун чын экенин ошол күн далилдеп койду, футбол талаасын көз алдыга бир тартып өткөн сыйлуу, кымбат деген кафелердин биринде мекеме мүдүрүнүн энесинин даңазалуу тою дүркүрөп өтүп жатты. Мүдүрдүн каш-кабагынан, жылмайган жүзүнөн тойдун даярдалышына ыраазы экени сезилип, ушундан улам жүрөгүнө кубанычтын жылуу, жагымдуу булагы тымызын агылып кирди. Үн-тилсиз ырдатып, канатсыз көкөлөтүп учуруп жатты, өзү жерде отурганы менен көңүлү, бүтүндөй жан-дүйнөсү асманда закымдап жүрдү. Ал тургай айрым учурда чеги менен чети жок Ааламдын өзү да ал үчүн тар сезилип кетип атты. Антпегенде кантсин, мүдүрдүн өзү ыраазылыгын сездирип жатса. Буга кошумча Барат Базаровичтин дагы бир белеги бар болучу, туурасын айтканда бирөө эмес – экөө эле. Анын бири – мурда өзү жүз көрүшпөгөн бул кемпирге деп чет өлкөдөн сатып алган өтө кымбат алтын билерик. Экинчиси – азыркы замандагы жерден таш ала коюп баш оогон тарапка ыргытып жиберсе башына тийген жазуучулардын бирине сураган калемакысын төлөп берип жаздырып алган куттуктоо сөзү. Бул кезге чейин толгон-токой тойлордун сыйлуу орундарын бакыйып олтурганы менен кимдир бирөөлөргө көбүрүп-жабырып куттук, төгүлүп-чачылып каалоо айтып көрбөгөн. Айтса да, жаттап алган төрт-беш сүйлөмдү эптеп кургак, чала-чарпыт сүйлөп берип кутулуп кутулуп кетчү. Мында антүүгө болбойт, бул такыр башка шарт, башка жагдай, тагдыр чечер учур. Андыктан ушуга маани берип, чыга турган өз кезегин чыдамсыздана күтүп олтурду. Мындайда өчөшкөн немедей биринин артынан бири чыгып, быкылдаган кишилерден сөз тийбей, убакыт бүтүп калып, көкүрөгүн делөөрүткөн белегин бере албай өкүттө, арты жаман арманда калчудай кыйпычыктайт. Ордунда тынч олтура албай, тойду алпарып жаткан жигит тарапты улам карап, колун көтөрүп жибере жаздап барып токтойт, анын колундагы узун тизменин башырак жагына жаздырып койбогонуна өкүнүп, өзүнүн тоң моюндугуна кыжыры келет. Өзүн-өзү көкүрөккө дүк эттире коюп калгысы келет, ошенткенде эле бардыгы жай-жайында боло калса кана, мындан майнап чыкпасын билет. Бул аны акыры ордунан туруп барып, тигил жигиттин кулагына шыбырап, өзүн тигилерден мурдарак чакырышын айтып коюуга мажбурлады, жигит жок дей албайт эле, себеби анын тойдон ала турган акчасы бул кишинин чөнтөгүндө. Тойдун төрүндөгү тиги киши сүйлөп бүтөрү менен сөз берерин айтты, куураган кишинин мээси эрип кеткендей, каңылтыр жармага бир кочуш соданы уруп жибергендей көбүрүп-жабырып көпкө сүйлөдү.  Же бир сөздөрүнүн салмагы, даамын чыгара турган чымчым тузу болсочу, куураганда.

Демигип отуруп, байкуш кемпирди эки жүзгө чыгарып жибербедиби, кокуй күн. Бул өзү бала-чакаңдын, ал тургай али төрөлө элек неберелериңдин башын жеп, анан какбаш деген атты мойнуңа илип алып кет дегени эмеспи балакеттики. Залда ичегилери кызып олтурган адамдар буга маани беришкен жок, дүркүрөтө кол чаап жиберишсе болобу. Албетте, мындан Барат Базарович четте калмак беле, сүйлөнгөн сөздүн мааниси жетер жерине жетпесе деле тура калып алаканын шартылдатты, мүдүр аны жылмаюу менен карап калды. Дал ушул учурда тигил жигит ортого каадалана басып келип, микрофонун оозуна такап алып, эмдиги сөз ушул салтанаттуу тойду уюштурууда зор салымын кошуп, көп күч жумшаган урматтуу Барат Базаровичте экенин жар салды. Зарыктыра күттүргөн учурдун келгенине өрөпкүп алган неме тигил сөзүн бүтө электе эле ордунан ыргып турду да, бере электе колунан микрофонду тартып алды. Олтургандардын айрымдары күлүп жиберишти, ага көңүл да бурбады, калтыраган колдору менен төш чөнтөгүндөгү төрт бүктөлгөн кагазды жазып, андагы компьютерде чоң тамгалар менен терилген сөздөрдү окуй баштады: «Улуу урматтуу Жазый апа! Мына бүгүнкү күн, ушул залда олтургандар үчүн гана эмес, жалпы шаарыбыз үчүн кубанычтуу күн, чоң майрам деп айтсам да жарашат. Биздин улуу агабыз, даңазалуу жазуучубуз айткандай кылымга тете бир күн бар экенин бүгүнкү күн эң сонун далилдеп жатат. Анткени сиздин торколуу тоюңузда бардыгыбыз кубанычтын койнунда балкып отурабыз. Бул күн эсибизден түбөлүккө кетпей турган күн. Анан да улуу урматтуу пайгамбарыбыз бейиштин төрү эненин бутунун астында экенин айткан. Кандай акылмандык менен айтылган сөз, мен муну кош колдоп колдойм. Анткени энелерге мындан артык баа бериш кыйын. Чынында эле бейиш сиздин бутуңуздун алдында. Урматтуу Жазый апа, туулган күнүңүз кут болсун, бала-чакаңыздын убайын көрүңүз, сизге Алла ыроологон жашка жетиңиз, кадырлуу карылыктын алтын дооронун сүрүңүз». Ушул жерден колундагы барактын артын карады, ал жагы актай экен. Адашып кетип, барактагы акыркы авзацты окуп кириптир, орто жериндеги сөздөр окулбай калды. Эми эмне кыларын билбей, бир тынымга делдирей түштү, залдагылар муну башкача түшүндү да, дуулдата кол чаап киришти. Бүткөн сөзүн кайрадан баштоого болбой калганын түшүнүп, ичи тыз дей түштү. Сөздөрдүн, куттуктоосунун жакшы жерлери окулбай калды, буга өзүнчө кыжааалат болуп кетти, «төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун» дейт эмеспи кыргыз. Селейип турган ордунан акырын жылып, төрдөгү бийик креслодо салабаттуу олтурган байбичени көздөй жөнөдү, жарым жолдон аялы кошулду. Төш чөнтөгүндөгү кооз кутучага салынган билерикти алып чыгып, сөөлөт күткөн кемпирдин колуна салды, аялы кулачтаган жоолукту башына жапты.

Ушундан соң санаасы тынгандай, бирок, кандайдыр бир өзү түшүнө албаган кыжаалат ойду чубалжыта сүйрөй барып, ордуна көчүк басты. Эмнегедир өзүнөн-өзү ичтен калтырап жатканын сезди, себебин түшүнө албады. Маңдайында олтурган аялы бир оокумда стол астынан бутун оорута тепти, буга да түшүнбөй калды. Балким, жанагы кымбат белекти менден жашырып бересиң деп кучунашы кармап жаткандыр. Караса катардагы столдо олтурган бейтааныш аялга карап баш ийкеп, жылмайып аткан экен. Жөндөн-жөн бутка тепкен кандай болорун далилдеп, жооп берүүүгө оңтойлонуп, бутун бери тартты, эми шилтеп каларында көзүнө бир нерсе урунду. Узун столдо бет маңдай олтурган бейтааныш карыянын ийнинен аша ак кийимчен бир адам көз ирмем аралыгында пайда болду. Ал абада асылып тургансыды. Анан бери жылып, карыянын ийнинен арта салынды. Барат Базаровичтин дал маңдайына келди. Кан-сөлү жок купкуу жүзү, кызарган көздөрү менен карап турду. Адеп жүрөгү оозуна кептеле түштү, ордунан козголууга дарманы жок, денеси зыл таш болуп катып калган экен. Үнү да чыкпады, сыртка мөлт этип чыгып кете жаздап турган көздөрү менен дел болуп карап отургандан башка арга таппады. Ирмелбеген көздөрүнөн ичиркенткен бир муздактыктын, белгисиз заардын илеби анын бетине серпилип өттү. Башын арт жакка бардык күчү менен силкип алды. Бирок, козголгон жок, бүт тулкусу кыймылсыз эле. Бир маалда токтоо гана: «Эне жөнүндө жакшы айттың, бирок, өзүңдү жарык дүйнөгө жан кылып жаратып, кара жанын карч уруп чоңойтуп койгон өз энеңди бир жолу урматтап, чын дилиң менен «апа!» деп айткан күнүң болду беле?», – деди. Бул сөздөр кунан чабым залда күүлдөп жаткан элдин, даңка-дүңк түшүп кулактын кужурун алып, башты кеңгиреткен музыканын үнүн тып басып, даана угулду. Ал эми зал кадимкисиндей күүлдөп жатты, жанында олтургандар да өз түйшүктөрү менен алектенип, миң түркүм тамак-аштын улам бирин ооздоруна салып, эки кол тынымсыз кыймылда. Тигил сөлөкөткө көңүл бурган жан жок, демек, аларга көрүнбөй эле турат. Сөзү учтуу мыкка айланып, башына тынымсыз тык-тык эте кагылып аткансый берди. Көзү караңгылап, көңүлү айнып кетти, жанындагы челектей кара киши кармай калбаганда шалак этип жерге кулап түшөт беле. Муну сезе калган аялы: «сага эмне болду, жылкы теппей, жылан чакпай», деген көз караш менен карады, сурданган көздөрүнөн анча жашырылбаган шылдыңдын, келекенин көлөкөсү көрүнө түшкөнүн сезди. Наркы тереңинен «өлүп кет» деген ойдун жылт эткен учкунун да сезип калууга үлгүрдү. Ичинен сөгүнүп алды да, башынын кыймылдабасын билсе деле «эч нерсе болгон жок» дегенди билгизейин дегендей башын чайкамыш болду. Эми эле катып турган башы чайкалып кетти, обдула берип жанагы сөлөкөттү карады – жок, эчак караан үзүптүр. Бирок, сөзү дале кулагында жаңырып турду. Мына ошондо адеп көргөн бул балакетти. Кантсе да ошол күндүн эртеси эле мүдүр кабинетине чакырып алып, ал даярдаган той жакшы өткөнүн, бардыгы өз жайы менен болгонун, анын жасаган аракетине ыраазы экенин билдирип, бир бөлүмдүн начальниги кылып дайындап койду. Ушинтип, анын безилдеп чуркап таман жырткан акыбети кайтты, кечээки сөлөкөт жакшылыкка көрүнгөн экен деген ишенимде калган. Эми кайрадан көрүндү, бу жолу кандай жакшылык болор экен, деги жакшылык эле болсо экен. А эмне үчүн ал көзүнө киргизип, апасы менен кезиктирди экен? Аны менен кезикпей калганына кырк жылдай болбодубу? Бул кезде ал киши жетимиш жаштарга жакындап калса керек эле. Бирок, жана отуздагыдай көрүндү го. Баса, ал апасынан жети жашында кетпеди беле, демек, ал киши анда жыйырма жетиде болучу. Ага дал ошол курагы менен көрүндү. Эмне үчүн, мында эмне деген сыры бар? Азыр Барат Базарович кырк сегиз жашта. Ошондо апасы алтымыш сегизге келген экен. Деги, бул эмненин жышаанасы? Бул суроолордун бирине да өзү ынанарлык жооп таба албай, кыжаалат болуп атты.

*     *     *

Кээ бир кездерде ушундай учурлар болот – бүтүндөй жан-дүйнөң байыркы бир Диоген аттуу акылман чал жашап, анан деңиз жээгине таштап кеткен челектей аңгырап, бошогон. Аны кайрадан толтура турган эч нерсе жок, эми эмне кылуу керек, буга жооп да жок. Азыр Барат Базаровичтин дүйнөсү дал ошол акылман дүйнөнүн бардык жыргалынан артык көргөн жыгач челектей болуп турду. Ушул мекеме, шаар, өлкө, бүтүндөй дүйнө ичи бош челекке айланып кетип, өзү, жалгыз гана өзү каңгып калгандай сезилди, заманасы куурулуп кетти. Негедир жуан-жуандар адамдардын башына тарткан төөнүн жаңы союлган териси көз алдына тартыла калды, ошол теринин алдында башы гана эмес бүтүн денеси калгандай, күн көтөрүлүп ысыган сайын кургап, кысып бараткандай тумчукту. Бир аздан кийин бардыгы бүтөт деген көңүл чөгөргөн ой көөдөнүнө тепчилди. Көрүнбөгөн зылдай оор муштум дал ортосуна күп эткендей ык деп алды. Столунда оо канчага мелтейип олтурду эзелки бир балбал ташты көз алдыга келтирип. А ширинин иши эмне – өз милдетин так аткарып куушурулуп баратты. Азыр күчүн көрсөтөт, эчен кылымдардын аралыгында менменсинген далай берендердин белин сындырып, акыл-эсин алып тынган. Жер бетиндеги кыбыраган жандыктардын ичинен адамга гана акыл-эс деген ыйык дөөлөт берилген, анын шарапаты менен пенде баласы көп нерсеге жетти, көп нерсеге ээ болду. Эмне деген кереметтерди ойлоп таап, эмне деген тири укмуштарды жасаган жок, жакшысы да болду, тилекке каршы, жаманы да болду. Ошо ойлоп тапкандарынын бири ушул шири болду, тилеги каткан неменин ойлоп чыгарганы эчендеген жигиттердин тилегин катырып, тагдырын талкалап акыл-эсин ойрон кылды, маңкүрт кылды. Оо Алла, адамдын бутун керте чапсын, мултуйтуп колдорун кесип таштасын, бирок, сезимин, жалгыз ыйык дөөлөтү болгон акыл-эсинен ажыратып, тирүү өлүк кылып таштоо үчүн эмне деген мерездик, эмне деген ташбоордук талап кылынат болду экен? Адам пендеси ушундай жолго кантип барды экен, андан көрө баш чапкан баталга жакшы эмес беле? Эх, адам баласы, сен күчтүүсүң, акылың чексиз деп койгон сайын эдиреңдеп, Теңириңди эстен чыгарып, аның аз келгенсип акыл-эске суук колуңду салдың. Башкасын мындай эле коелу, эми ошонуң минтип Барат Базаровичти да койнуна алды, демек, бир аздан кийин бүтөт, бары бүтөт. Жанагы сөлөкөт да, өзү да… эмне үчүн өзү? Жок, андай болбойт, ал далай туңгуюк жерден жол таап, суудан кургак, оттон күйбөй чыккан. Анан ушул алакандай шири кеп бекен, ушу ой денесине болуп көрбөгөндөй күч берген сымал ордунан шарт турду. Эми эле кол койгон кагазды кош колдоп ушалап туруп, тигинде турган желим челекке ыргытты. Ушундан соң жеңилдей түштү, чачылган кагаздарын ошо бойдон калтырып, кымбат калемин төш чөнтөгүнө этияттай салды да, санаасы бир ыңгай болгондой эшикти көздөй бет алды. Кабылдамада олтурган келин ордунан тура калып, кандай көрсөтмө болор экен деген кыязда карап калды. Анын ашкере боелгон көздөрүн, төшүнүн жарымы көрүнгөн көйнөгүн да байкамаксан болуп өтө берди да, эшикти ачты. Сыртка чыгып баратып жарым-жартылай бурулду, келинди карабай туруп:

– Келгендер болсо күтпөсүн, мен губернатордо болом, – деди, келин жооп бере электе эшикти шарт жапты. Анын карс эткен үнүнөн тигинин селт эте түшкөнүн көрбөгөн бойдон кетти. Көргөндө эмне, кайрылып келип кечирим сурап, же чекесинен сылайт беле. Ушу кезге чейин жан аттуунун биринен кечирим сурап, улук башын кичик кылып ийилип көргөн эмес. Бирөөнүн алдында сабылып көргөн эмес, сабылбайт дагы, кудай пендем десе ушундай нерсеге кирептер кыла көрбөсүн. Анткени бул башкаларга окшобогон киши, бөтөнчө киши, башкалар өзү жөнүндө кандай пикирде экенин билбейт, чындап келгенде билгиси да келбейт. А өзү болсо ушундай ойлойт, ушундай пикирди пир тутат, мүмкүн, бир жагынан аныкы да туурадыр. Бир илинчеги, жөнү бардыр, анткени башка балдарга окшоп ата мээримин көрбөдү, алдына олтуруп эркелебеди, тер жыттанган кемселин жамынбады. Кечинде алдынан тосуп чуркап чыкпады, ал тургай аты ким, кандай адам экенин да билбейт. Кээде бала кезинде атасынын бар экенинен да күмөн санап кете турган, ата деген ал үчүн эч качан болбогондой, апасы өзү эле төрөп алгандай сезе турган. Эс тартканда гана андай болбостугун чала-чарпыт аңдаган. Анда бала экен турмуш менен жашоо деген нерсенин түгөнбөгөн даргөйүнө анча түшүнө бербеген. Кийин гана, жашы жетиге толуп, биринчи класска барганда татынакай кийинишкен балдар менен кыздарды ата-энелери жаркыган жүздөрү менен колунан жетелеп… ал болсо жакшы болбосо да таза кийинип, атасы жок – сокур апасын темселетип, ар нерсеге чалынтып жетелеп барган. Ошондо балдардын бардыгы сокур аялга таң калып, кызыгып карашкан. Айрымдары коркконунан атасынын, апасынын артына жашына калышкан, булардын бардыгын көрүп турган, сезип турган. Жүздөрүнөн күлкү төгүлгөн бардык балдардын аталары бар, апалары да сокур эмес. Бир гана Бараттын атасы да жок, апасы да сокур. Эмне үчүн ушундай? Эмне үчүн башка балдардай эмес? Эмне үчүн алардан кем, алардан бөксө? Жок дегенде апасынын көзү соо болсо жакшы болбойт беле? Эмне үчүн майып, бечера кылып жаратып койду? Эми аны менен кантип жашайт? Балдар кезиккен жерде «мобул баланын апасы сокур экен» дей беришпейби?..

Бул жүрөк эзген суроолордун бирине да ал кезде жооп бере алган эмес. Бирок, али калыптана элек сезиминде бир өксүп алган. Ошол өксүктүн жарасы толук айыкпаса да карттанып, ушул күнгө чейин тээ тереңден сыздап, ичтен сызылтып келет. Мына ошол сыздаган нерсе бир четинен чыйралтып, кайрат берип келди окшойт, ал тургай өзүн-өзү коргой билүүгө, акыры жүрүп отуруп мерездикке чейин жеткирди. Муну ал кезинде башкача түшүнүп, башкача кабыл алып жүргөн. Аны келекелеп, кордогондорго чыдай алчу эмес, алынын жетер-жетпеси менен иши жок эле мушташып кетчү. Мунун азабын далай тартпадыбы, азыр ошол күндөрдү эстегиси келбей кетти. Эмне үчүн дал азыр балалыгы эсине түшүп кеткенин түшүнө албады, балким, жанагы балакеттүү неменин таасири тийдиби, ким билсин. Эмнеси болсо да маанай пастаткан элестерден качкысы келип, тепкичтерден шыпылдай түштү да, мекеменин маңдайында турган машинасына олтуруп, кайда барсам экен деген кыязда саамга тунжурады. Бара турган жерлери, бүткөрө турган иштери деле арбын болучу. Бирок, ушул саамда алардын бирине да баргысы, күтүп жаткан ишти бүтүргүсү келбеди. Өзүнчө эле кыжаалат болуп, куюн учурган кумдай чачыраган ойлордун улам бирине чарпыла берди. Жанагы куурагыр көз алдына тартыла калып жатты, ошондон качып кутулайын деген ниетте машинасын зуулдатып жөнөдү. Бири-бирине жанаша калган машиналарга урунуп ала жаздап баратты, ага да караган жок. Эптеп өзүн такымдап келаткан ойлор менен желмогуз сөлөкөттөн алыстап кетсе болду, дилинде ушу ниет гана турду, алдыга жетелеп, умтултуп баратты. Шаардан чыга берген кезде туурадан чыга калган чоң машинаны аз-аз жерден капталга сүзүп ала жаздады, оң тарапка бурулуп күбөттөн секиртип өтүп кетти. Салмактуу машина жантайып барып, капталы менен бакка сүйөнө берди да, андан нары өтө чаап түздөнүп кетти. Кудай жалгап жыгылбай калды, ушуга шүгүр кылган Барат Базарович жерге түшүп, машинасынын капталын көргүсү да келбеди. Мыйрыйган жерлерин эртең түздөтүп алармын, темир деген сынат, ал эмес адам деле өлүп калып атпайбы, ай, өлүп кетсинчи, деди ниетинде.

Машинасын токтотпой, бакты аралап барып, чоң жолго чыкты, көкүрөгүн кере шуу үшкүрүп алды. Ушундан кийин көл тарапка кетчү кан жол менен ызгытып жөнөдү, эмнегедир машинасын мынчалык катуу айдачу эмес. Эми газдын педалын болушунча басты, кубаттуу машина алдыдагы машиналарды бирден терип кубалап өтүп жатты. Ушу боюнча токтобой кете бергиси келди, кете бергиси келди. Ылдамдык прибору жүз сексенди көрсөтүп баратты. Оо бир оокум өтүп, кайсы бир айылга кире берерде алдыда келаткан машина жарыгын күйгүзүп-өчүрүп өттү, анын артындагысы да ошентти. Демек, тигил жакта жол күзөтчүлөрү тосуп турат деген белги. Турса эмне экен, көп болсо катуу айдадың деп айып салышар, ошондон коркуп калар ким бар дейсиң. Ким экенимди бир көрсөтөйүн, иттин балдарына. Ушул ой жаалдантып жиберди, прибор жүз сексен бешти көрсөттү. Алдыдан дагы бир ак машина фарасын жаркылдатып өттү, эсине эми келгендей бутун педалдан тартып алды. Күүлөнүп алган машина көптө барып акырындай баштады, күткөндөр көрүнбөдү. Бейтааныш айылдын ортосун жара тилип жогору кеткен кенен жолго салды. Ал тоого алып барат окшойт. Айылдан кыйла алыс чыгып, жол боюндагы калың бактын арасына келип токтоду, бак аралай жогору басты, айлана мемиреп тыптынч. Көңүл сергиткен салкын жел өмүр, жашоо деген кереметтин бар экенин эске салып, беттен сылап өтөт. Бу адам аттуу куурагыр турмуштун чимирилген дөңгөлөгүндө айлан-көчөк болуп жүрүп ошол экөөнү тең унутуп калат турбайбы. Бүгүн тигини жасашым керек, эртең аны бүткөрүшүм керек, тигини сатып алууга мынча акча табышым керек, аны алууга момунча сом, же түкүнчө доллар чогултушум керек деген ойдун шапалагына камчыланып, жыгылып-туруп итеңдеп кете берет экен да. А ошо өмүр деген нерсе ошонусун таап алсын, анысын сатып алсын, деп күтүп турбайт экен. Безилдеп баратып бир күнү артыңа кылчайсаң – дүйнө капар балалыгың жок, дагы бир жолу токтоп кылчайсаң – жалындуу жаштыгың жок. Алар эчак тээтиги саргайган кырдын наркы жагында калышкан, аларга кайрылып баруучу жол жок. Буга ичиң бир ачышып, кабыргаң кайышып алат да, анан кайрадан даң салып бересиң. Минтпеске эч чараң жок, неге дегенде жашоонун жолу бир гана тараптуу, аны менен алдыга гана кетүүгө болот. Ошентип, дегдеңдеп кетип баратып артыңа дагы бир сапар кылчаясың. Мына эмесе – эми өмүрүңдүн өзү жок, сапарың бүтүп калган. Бет алдыңда сырын ичине катып мостойгон бейит турат. Табияттын мыйзамы ушундай. Эр болсо мындан аттап, болбосо төтө жол таап көр.

*     *     *

Төтө жол демекчи, андайды чиеленишкен турмуш тутумунан табууга болбойт деп, так кесе айта албайсың. Бул эми ар кимдин аракетине, жөндөмүнө, болбосо бешенесиндеги жазууга байланыштуу болчу нерсе окшобойбу. Анткени Барат Базарович өз пикиринде башка көп адамдар таба албаган төтө жолдорду таап, алар баса албаган бычак мизиндей кырлардан басып өттүм деп эсептейт. Мунусунун да бир жөндүү жагдайлары бардыр. Болбосо ата деген эмне экенин билбей, бул аздык кылгансып жети жашынан энесиз, жакын туугандарынын жылуу көз карашын, колдоосун сезбей чоңойгон бала турмуштан өз ордун таап, бутунан туруп кетиши өтө кыйын го. Бирок, бул жөнүндө ал кезде ойлоого чамасы жок болучу, бала эле. Бардыгы ошо мектепке биринчи жолу баргандагы ызадан, наристе жүрөгүнө бычактай тийген өксүктөн улам башталды. Буга чейин апасынын майып экенин, ушунчалык алсыз, мажүрөө, кем экенин ачык түшүнө элек экен. Мектептин алдындагы кенен аянтчага көп отургучтарды коюп коюшкан экен. Аларга улгайган адамдарды олтургузуп жатышты. Барат апасын колунан кармап жетелеп барганда жарданып турган өзү теңдүү, чоң балдар, кыздар, ошол отургучтагы адамдар бурула берип, карап калышты кудум буга чейин эч бир сокур кишини көрүшпөгөнсүп. Алдыга чыгып алып сүйлөп адам даөчөшкөндөй сөзүн токтотуп, карап калса болобу. Бул Баратка абдан оор тийип, өзүнчө кичирип, ыза болуп кетти. Көз жашын араң токтотуп турду. Тигиндейрек турган шыпылдаган бир жигит жетип келип, апасынын колунан кармап отургучтар жакка жетеледи. Четте отурган бирөө тура калды. Курган апасы колу менен кайсалап атып отургучтун кырына олтуруп алганын сезбей калды окшойт, жанагы жигит кармай калганча кыйгачтап барып жыгылып кетти. Барат да кармап калууга үлгүрбөй калды. Майда балдар дуу түшүп күлүп жиберишти. Чаң жерде жаткан апасынын колунан тартып тургузууга аракет кылып, тырмалаңдап аткан Бараттын ансыз деле араңдан-зорго кармап турган көз жашы куюлуп кетти. Кимдир бирөө балдарды тыйып, кыйкырып жатты. Жанагы жигит, дагы бирөөлөр апасын жөлөп-таяп отургучка олтургузушту. Ошол замат Барат терс бурулду да безеленип чуркап жөнөдү. Өпкө-өпкөсүнө батпай букулдап, ыйлап баратты…

Кечинде апасы экөө чай ичип олтурганда өмүрүндө биринчи жолу: «Апа, сенин көзүң эмне болду эле?», – деп сурады. Зуура көпкө дейре мелтиреп, унчуга албай олтурду. Баласынын бүгүнкү абалын түшүндү, жүрөгү сыздап чыкты. Бирок, чындыкты айтуудан тартынды, ага эрки жетпеди. Ким билет, балким ошондо болгон чындыкты айтып, баласына түшүндүрүүгө аракет кылганында такыр башкача болот беле? Анда экөөнө тең жеңил болот беле? Эмнеси болсо да айта албады, жөн гана кайдыгер сүйлөгөн болуп: «Жараткандын кылганы да, балам», – деп койду. Бала буга канагаттанбады. Бир аздан кийин кайра: «Айыктырса болбойт бекен?», – деп сурады. «Айыкса ушинтип темселеп жүрмөк белем, балам. Барбаган жерим, көрүнбөгөн доктур, табып, көз ачыктар калбады. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген тура илгеркилер. Маңдайга жазып койсо чыдабаска арга жок, балам». Зуура оор үшкүрүп алды. Баласынын бир күндүн ичинде өзгөрө түшкөнүн сезди. «Апа, мен окууга барбайм», – деди кыйладан кийин Барат. Минтип айтарын күткөн эмес. «Ок, ал эмнеси экен, окубайм деген да болобу? Балдардын бардыгы окушу керек, билим албаса болбойт, балам. Айрыкча сен жакшы окуп, жакшы билим алышың керек. Менин таянар жөлөгүм, ишенген адамым жалгыз сенсиң, сенден башка менин бул дүйнөдө жакын адамым жок. Көзүмө көз боло турган, караңгы дүйнөмдү жарык кыла турган каралдым жалгыз сенсиң, кулунум». Зуура ыйлап жиберди. «Жок, окубайм. Балдар мени сокурдун баласы, кашактын баласы деп шылдыңдап жатышат. Көчөдөгү балдар да ушинтишет. Ошондуктан үйдөн чыккым келбейт», – апасына кошулуп Барат солуктап ыйлады. Экөөнүн муңун угуп, маңдайынан сылап, көңүл жубата соорото турган жан болбоду. Ой-боорунча ыйлашты. «Андайларга көңүл бурба, берекем. Жаман балдардын кылары ошо. Жакшы балдар эч качан антишпейт. Сенин окушуң керек. Мен жалгыз гана сен бар үчүн жашап жүрөм, балам. Болбосо эчак өлүп калмакмын», – деди солуктап жаткан Зуура өзүн-өзү кармап.

Бала деген бала да. Көңүл асманында эми эле кара булут удургуп, көнөктөгөн жамгырын төгө албай буулугуп турса, бир аздан соң анын бири жок, чайыттай ачык асман. Эртең менен үйдөн чыгып кеткен Барат балдар менен ойноп жүрүп, кеч кирип калганын байкабай калды. Оюндун кызуусун кара. Бир маалда ойноп аткандардын бири көчөнүн тигил тарабын карап: «Сокур келин келатат», – деп калды. Айылдагылар аны ич арадан ушинтип аташчу. «Келесоо, ал Бараттын апасы да», – деди бирөө Баратты аягандай карап. Ойноп аткандардын бардыгы жардана карап, токтоп калышты. Чын эле, тигил жакта таягын бирде оңго, бирде солго жер сыйпалатып, ар бир кадамын өтө этияттык менен таштап, таш жолдун ортосу менен Зуура келе жатыптыр. Тээ алыстан эле: «Барат! Ба-ра-ат!», – деп кыйкырып коет. Кимдир бирөө: «Ыя деп койбойсуңбу», – деди. Дагы бири мурдун шуу тарта: «Жүргүлө, качып кетели, бары бир көрбөйт», – деп зыр койгонго даяр турду. Бул Бараттын кыжырын келтирип жиберди, унчукпай барып төштөн ары бир муштады. «Амей, эмне согосуң, эй?! Көрбөсө көрбөйт дейм да. Энеңдурайын кашактын баласы!» Тирешип калган экөөнү башка балдар бөлүп кетишти. Ызага муунган бала апасын көздөй чуркады. Жакын барып буулуга кыйкырды: «Ой, эмне келдиң? Мени эмне издейсиң, мени издебе, келбе деп айтпадым беле». Селейип туруп калган Зуура баласын тынчтандырууга аракеттенди: «Алдыңа кетейин берекем, эртеден бери ойноп жүрүп кардың ачып куурабадыңбы. Жүрү үйгө, тамак бышырып алып, келбегениңден издеп чыкпадымбы, балам». Өжөрлөнүп алган бала көнчүдөй эмес: «Кет ары, ичпейм тамагыңды. Мени издеп көчөгө чыкпа. Кет дейм!» Шыргалаң сууну бетине чачып жибергенден бешбетер мостое түшкөн аял ыйлап жиберди: «Кой балам, антпе. Апасына минтип кыйкырчу эмес бала деген. Сени издебегенде кимди издеп темселейм, ошо сен деп жүрбөймбү, кулунум». Бала ансайын жаалданды: «Кет деп жатам! Кетип кал ары!» Үнүн бардыгынча кыйкырды. Балдар былк этпей карап турушту. Аргасы түгөнө шалдая түшкөн Зуура ый аралаш: «Анда мен өлүп калайын, сага керегим жок болсо», – деди. Барат: «Эк, өлсөң өлө берчи, өлөм деп эле коркута берет», – деп тескери бурулуп, басып кетти. Колундагы кесек ташты күч менен тигиндей ыргытты.

*     *     *

Кышка жуук мектептен бир мугалим келип, Баратты эмне үчүн окууга киргизбегендигин сурады. Зуура кантсин, көз жашын төгүп отуруп бардыгын айтып берди. Апасынын майыптыгына арданарын, намыс кыларын жашырбады. Бирок, эмне болсо да баласынын окуп, билимдүү адам болуп чыгышын тилеп жүргөнүн, бул үчүн колунан келген нерсенин бардыгын жасоого даяр экенин билдирди. Аттиң, чеке жылытпаган жөлөкпулу менен күн кечирип келаткан жалгыз бой, өзү бирөөнүн жардамына муктаж болгон майып келиндин колунан эмне келмек? Муну түшүнгөн Ишен көпкө ойлуу олтурду. Анан Зуурага карап, эгерде макул болсо баланы Бишкектеги жетим балдар интернатына жиберип окутса болорун, ал жактан жакшы билим беришерин, орто мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларынын бирине оңой өтүп кетишерин айтты. Колунан чыгаргысы келбесе да, ал жакка жибербөөгө эч аргасы жок болучу. Аны окутуш үчүн бул бирден-бир жол ушул эле. Болбосо баласы сабатсыз, билимсиз болуп калмак. Анда көргөн күнү эмне болот? Же өзү тырмактын агындай жардам бере албаса. Жок дегенде каралашар жакын туугандары болсочу? Акыры ушул соболго көнүп, моюн сунуп берүүгө аргасыз болду. Бул жөнүндө Баратка айтканда дароо, ал тургай кубануу менен макул болду. Бала эмеспи, мен кетип калсам апам эмне болот, ал кантип жашайт, ага ким каралашат деп ойлоп да койгон жок. Ошентип, мугалим Ишендин көмөгү менен бир жуманын ичинде керектүү кагаздары даяр болду да, Бишкектеги жетим балдардын жатак мектебине кирди. Жердигинен тетикпи, же жан-дүйнөсүндөгү өксүк, терең чөккөн ыза көмөк болдубу, айтор орто мектепти жакшы бүттү. Жогорку окуу жайына деле шыр өтүп кетти. Анын үстүнө жетим балдарга жеңилдетилген шарттар каралат экен. Экономисттик кесипке ээ болуп чыкты. Төтө жол таап дегендей, университетти бүткөндөн кийин борбордогу мекемелердин бирине жакшы таанышынын көмөгү менен кызматка орношту. Мезгил өтүп, будуң-чаң түшкөн заман келбедиби. Ошондо колунан келген эпчилдерге, шылуундарге түшкө кирбес той түшүп, алардын күнү бир тууду, чиркин. Ал учурда Барат Базарович башка, кичирээк бир мекеменин жетекчиси болуп калган. Ал эпчилдер менен шылуундарга кошулбаса да, четте карап туруп алган жок. Эби келген жерден колун чөнтөгүнө салып, басып кетпеди. Оңтойлуусун кантип эле имербей койсун. Ошонун аркасы менен бат эле турмушун оңоп алууга жетишти. Көп кабат үйдөгү эки бөлмө үйүн али балагатка толо элек улуу баласына каттатып коюп, эки кабат заңгыраган там сатып алды. Темир дарбазалуу короодо кымбат машина пайда болду. Ошо эки кабат тамдын тогуз бөлмөсү тең кирсе чыккыс болду да, калды. Бир гана жери – ошол кеткен бойдон айылына, үйүнө бир кайрылып келип, апасынан кабар албады. Ал кишинин өлүү-тирүүсү менен иши болгон жок. Көңүл түпкүрүндөгү баягы, бала кездеги өксүк, ыза дале ошол киши менен бирге жүргөндөй, анын келишин күтүп жаткан сымал, барары менен кайра чап жармашчудай сезилчү. Ошого апасынын да кандайдыр бир күнөөсү бар сыяктанчу. Сокур болгон соң, мени төрөбөй эле койбойбу, деп да ойлоп кетчү. Чынында, ал кишинин бул дүйнөдө бар экенин унутуп да койгон.

Мына, бүгүн гана ойго келбеген, түшкө кирбеген, тирүү адамдын акылы, аң-сезими жете бербеген сырдуу, коркунучтуу шартта апасын кайра көрдү. Кырк жылдан кийин гана. Кызык, апасы: «Зарлаган үнүм Алланын кулагына жеткенине кубанам», – дебедиби. Демек, бул чын эле Жараткандын амири менен болгон нерсеби? Андай болсо башкача, жөнөкөй эле бир шартта кезиктирсе болбойт беле? Сөзсүз ушундай акылга сыйбаган феерия аркылуу жасаш керек беле? Баса, ал киши азыр бар болду бекен? Же анын арбагына кезиктиби? Кап, өзү барбаса да, кимдир бирөөлөрдөн кабар алып койсо болмок. Балким, эми деле кеч эместир?  Жана: «Сен кеткенде эле өлгөм», дегени эмнеси? Мунусуна караганда өлүп калган болуу керек? Анда эмне үчүн кабар беришкен жок, анын жалгыз уулу эмес беле? Ал кишинин күйүмдүү, жакын туугандары деле жок болсо керек эле. Андыктан Бараттын кайда жүргөнүн ким билип коюптур. Өзү төрөлүп, анан чыгып кеткен Көлдүн чыгыш тарабындагы четки айылдын аты гана эсинде калыптыр.

Барат Базарович жообу табылбаган кыжаалат суроолордун тизмегин чубалтып, аргамжыдай сүйрөп алып, ээн бакта көпкө чейин басып жүрдү. Акыркы жолу ушинтип, шашпай, жайма-жай качан басып жүргөнүн эстей албады. Балким, бул биринчи жолкусудур? Тириликтин көз ирмем тыным албаган, диңкилдеген арабасында аңгидик атып жүрүп, шаардын күрү-гүү түшкөн күлүк турмушунан аз да болсо алыстап, ушундай ээн бакты жалгыз аралап басуу деген жөнөкөй жыргалдан, эң жөнөкөй ырахаттан куржалак калып келатканына өкүнүп алды. Көрсө, бул турмушта колдон чыгаргысы келбеген жогорку кызматтан, көптөрдүн колу жете бербеген бийликтен, адам төбөсүн булуттан жогору сездирген байлыктан өткөн да нерселер бар экен. Буга азыр чындап таң калып, өзүнчө жылмайып алды. Тээ ат чабым жерге басып отуруп, кайра тартты. Бак арасында кесилген бактардын дүмүрлөрү арбын эле. Мындайларды көп жерлерден көрүп жүргөнү менен, негедир буга чейин көңүл бурбаптыр. Кайсы бир жерден: «Дүйнөнүн кечинде апаат болорун билсең, түшкө чейин бак тик» деген сөздү окуганын эстеди. Анда маанисин деле түшүнбөптүр. Сезимине эми жеткендей болду. Чынында бүгүнкү күн Барат Базарович үчүн бөтөнчө күн болду. Ушундан тартып анын жан-дүйнөсүндө кандайдыр бир өзгөчө нерсе, бурулуш боло баштаганын сезди. Бирок, эмне экенин өзү ачык түшүнө албады. Жүргөн-турганы ойлуу тартты, кызматына олуттуу мамиле кылат. Баягы додолонгон кагаздар менен үйүлгөн папкалар азайган. Эми колуна тийген ишти эртеңкиге калтырбай, болушунча тез бүткөрүүгө тырышат.

*     *     *

Өткөндөгү акылга сыйбаган окуя жөнүндө жан кишиге ооз ачкан жок. Ал тургай аялы Бурул да мындан кабарсыз бойдон калды. Ким билет, ал укканда кандай кабыл алат эле. Балким, акылынан айныганы калган экен го, деген ойдо калат беле? Болбосо, көрүнгөндөргө айтып, дуу чыгарып жиберет беле? Эмнеси болсо да эсин эки кылган нерсе көңүл түпкүрүндө катылган боюнча кала берди. Аны менен кошо белгисиз бир түпөйүлдүк, бир нерсени тымызын күтүү да пайда болду. Бирок, бул коркуу эмес эле. Антсе да, алдыртадан туш-тарапты карап, баягы караан көрүнбөйт болду бекен, деген ой бучкактайт. Айрыкча кабинетинде иштеп олтурган кезинде алда неден шексингендей, бет маңдайындагы олтургучту улам карай берчү адат тапты. Аны тигиндей алып, көздөн далдоо жылдырып койгонго да ниети чаппады. Пол жууган аял кээде дубалга такай коюп кетет. Барат Базарович болсо кабинетке кирери менен алып келип, кайра баягы ордуна коет. Эмнеге минтип атканына өзү деле түшүнбөйт. Ошол караанды кайра бир көрөйүн деген ниети деле жок. Кээде ошондой окуянын болгонуна, анан кызыл жалынга капталган бир керемет имаратты, анын ичинен отуздарга чыгып-чыкпаган өз апасын көргөнүнө ишене албай кетет. Антпейин десе, ошондогу апасынын сөздөрү дале кулагында жаңырып, сезим кылдарын дирилдетет. Көзүнө жаш кылгыртат. Анткени менен, негедир анын алдында өзүн айыптуумун деген сезим жок. Анын алдында балалык парз, балалык милдет деген ыйык, жылуу сезим да жок. Көчөдөн капысынан гана кезиге калган бир бейтааныш аялдай. Балким, бул бала кезинен андан алыс, энелик мээримин көрбөй чоңойгондугунандыр? Же өзүнүн мерез, ташбоор болуп калгандыгынан бекен?  Болбосо, кантип эле энеге карата бир сезим көкүрөгүнөн орун албасын?

Өткөндө ал кишиден бир кабар алдыруу ниетинде болгон. Бирок, анысын эмдигиче чыгынып, жүзөгө ашыра элек. Бир чечимге келе албай, күндө эртеңкиге калтырып келет. Ал кишинин көзү бар болгон күндө деле ушунча жыл дайынын чыгарбай кеткенин кантип түшүндүрүп, эмне менен актанат? Же баягы өксүгүн, ызасын бетине кармайбы? Жок, ага азыр дити барбайт, анткенде улгайып калган кишини көмө чапканга барабар эмеспи. Анын үстүнө ал уулунун чыккынчылыгын, эссиздигин кечире алабы? Жалгыз бой, карайлаган сокур апасынын жанында болсо болбойт беле, анын колуна кол, бутуна бут, өзү айткандай көзүнө көз болуп берсе болбойт беле? Жок, антүүнүн ордуна «балдар күлүп атышат» деп, бечера Зууранын жүрөк дартын ырбатып баса берди. А кийинки иттигичи? Эс тартканда, кызматта иштеп, колунан келип турганда деле, чай-чамалегин көтөрүп алып кирип барса шордуу жандын карайлаган көздөрү жарк эте ачыла түшкөндөй болбойт беле. Жалгыз жашаган сокур аялдын жашоосун кантип элестетүүгө болот? Барат Базарович даана элестете албаганы менен, өтө оор экенин сезет. Андай кишинин жанында дайыма каралашкан бирөө болушу керек. А анын андай кишиси жок. Болгону минтип, кырк жылдан бери дайынын чыгарбай жүрөт. Балким, ал жалгыз медеринен эчак эле үмүт үзүп, биротоло түңүлүп койгондур. Антпегенде кошуна-колоңдорунун жардамы менен издеттирип, эч болбоду дегенде «Кайдасың?» телепрограммасына жаздырат эле го.

Ушундай эки анжы ойлордун кыйноосунан чыга албай, чайналып жүрдү. Өзү менен өзү кеңешип, өзү менен өзү сырдашат. Оюңду, жан сырыңды бөлүшө турган жакын адамың болсо жакшы турбайбы. А Барат Базаровичте андай сырдана кишилери жок, аялы Бурулга да ачыла албайт. Себеби ага Бараттын жан-дүйнөсүндөгү ой-тилеги, көйгөй-максаттары эмес, канча таап келгени, дагы канча таба ала турганы кызыктырат. Ушуга басым жасап, ушуга көңүл бурат. Аялынын кулк-мүнөзүн жакшы түшүнгөндүктөн, өзүнө жараша мамиле кылат. Ашыкча кеп-сөздөрдү айта бербейт. Анын үстүнө ал Барат Базаровичтин энеси жөнүндө эч нерсе билбейт. Жаңы баш кошкон мезгилде сураганында: «мен балдар үйүндө чоңойгом», – деп гана койгон.

*     *     *

Иштеп олтурган Барат Базарович бир маалда кагазынан баш көтөрүп, маңдай жагында турган саатты карады. Кечки бештен өтүп калыптыр. Талыган көздөрүн колу менен укалап алды. Бул күнү көп жумушту бүтүргөнгө үлгүрдү. Мекеменин кварталдык отчету, буйруса, толук даяр болду. Аны эртең тапшырат. Санаасы тына, колундагы калемин столго койду. Негедир ошол замат тигил отургучка жалт карады. Ал бош эле турган, бирок, бары бир кандайдыр бир күңүрт сезим көз карашын ошол жакка тарта берди. Баягыдан бери ал караан, баса, ага «Кызылкөз» деп ат коюп алган, көрүнө элек. Балким, ал эми такыр көрүнбөйт чыгар? Арадан төрт айча убакыт өтүп кетпедиби. Демейде адамдар көрүнчүнү, же арбакты өмүрүндө бир гана жолу көрүшкөнүн айтышат го. А ал эмне үчүн эки жолу бир гана караанды, тактап айтканда, Кызылкөздү эки сапар көрдү? Буга түшүнүү кыйын. Эми кара булуттай уюлгуп, чогулуп келаткан салмактуу, тажатма ойлордон эшиктин ачылышы ажыратып кетти. Буга ичинен ыраазы болуп алды. Болбосо дагы качанка чейин аяк-башы жок ойлордун тепкисинде жанчылып, олтура берет эле.

Кабылдамада иштеген келин акырын кирип, артынан эшикти акырын жапты. Столго жакындап келип, ийменген түрдө сурады:

– Мага тапшыра турган жумушуңуз жокпу, Барат Базарович?

Ал бул келиндин атын да эсинен чыгарып коюптур. Аны биринчи көрүп жаткандай карады. Тизесин жаба бербеген көйнөгү, төшүнүн жарымын көрсөтүп турган жакасы, ашкере көгөртүп боеп алган көздөрү, жасалма турушу негедир ага өөн көрүндү. Чоң мекемеде ушундай тыртайып кийинип жүргөнүнө бир чети кыжыры келе түштү. Бирок, өзүн-өзү кармады. А келин өзүнө эми гана көз токтотуп карап жатканына ичинен кудуңдай түштү. Канчадан берки аракети эми гана колго тийчүдөй болуп кетти.

– Жок, иш күнү бүтпөдүбү, – деди жөн салды гана.

– Анда, кете берсем болобу?

– Албетте, жакшы эс ал.

– Жакшы калыңыз.

– Өзүң да жакшы бар.

Келин бурула берип, кайра токтоду. Бир нерсе айта албай, бушайман болуп атканы көрүнүпү турду. Ордунан туруп бараткан Барат Базарович аны көрүп, кайра олтурду:

– Мага айта турган жумушуң барбы?

– Сиз бүгүн бошой албайсызбы?

– Эмне болду, зарыл жумушуң барбы?

– Ошон үчүн сурап жатам да. – Келин бери келип, эки колу менен столго таяна эңкейип, жарымы көрүнүп турган эки эмчегин көрсөттү. Мындайга көңүлү анча түшө бербеген Барат Базарович ыңгайсыздана түштү.

– Кызык экен, ал эмне болгон жумуш, айт?

– Тоого чыгып, сейилдеп келбейлиби, Барат агай?

– Сейилдете турган башка киши таппадыңбы?

– Сиз эмне, мени көрүнгөн менен кете берүүчү… – Сөзүнүн аягын таппай буулугуп, токтоп калды.

– Кудай сактасын, антип ойлогонум жок. Айтсаң… баса, атың ким эле?

– Айганыш.

– Эсимен чыгып кетиптир. Айганыш, айтчы, кел, мындай сүйлөшөлү. Менин үй-бүлөм, балдарым, эки неберем бар. Анан мен сени менен тоодо сейилдеп жүрсөм кандай болот? Адатта «көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа» дешет эмеспи. Ачык айтсаң, оюңда эмне бар, түпкү максатың эмне? Жашырбай айта бер, же мени адамдын жан-дүйнөсүн түшүнбөгөн дүмүр деп ойлойсуңбу? Мен деле адаммын, түшүнөм.

– Кечирип коюңуз, Барат Базарович! Мени жеңил ойлуу келин деп ойлой көрбөңүз. Аргам кеткенден улам… – Отургучка отура калып, буркурап ыйлап жиберди. Көзүндөгү боектор бет ылдый из калтырып агып жатты. Бетарчысын таппай, колдору менен сүртүп, бети-башын ого бетер чамбыл-ала кылды. Барат Базарович ордунан туруп келип, ага өзүнүн бетарчысын берди да, наркы шкафтан таттуу суусундук куюп, ага сунду.

– Ыйлаба, турмушта ар кандай учурлар болот. Чыдамкай болуш керек. Болгонун болгондой айта бер, балким, колумдан келип калар. Анан да маселени мындай жол менен чечем деп ойлоо жаңылыштык. Башка да жолдору бар. Кана, эмне болду?

– Кечириңиз, мага ушундай кеңеш беришкен. Буга барыш мен үчүн абдан оор болду, бирок, мындан башка аргам калбаганынан… Эне болгондон кийин бала үчүн, баланын ден соолугу үчүн бардык нерсеге кайыл болот тура.

– Болуптур, иштин ток этеринен айтчы.

– Мага көп акча керек, жок, башынан айтайын. Менин алты жашка келип калган балам бар. Эки көзү көрбөйт. Жапандык дарыгерлер бу жерге келгенинен көрсөтсөм, алар айыгып кетет дешти. Ал үчүн операция жасатыш керек экен. Ага жыйырма миң доллар төлөш керектигин айтышты. Мен аны өмүр бою иштесем да таба албайм. Өткөн жылдан бери барбаган жерим, кирбеген эшигим калбай жүрүп, араң үч жарым миң чогулттум. Өзүмдүн үйүм жок, болсо сатып, баламды айыктырып алат элем. Айылдан келип, эки балам менен батирде турам. – Келин кайрадан ыйлап кирди.

– Мурдатан эмне үчүн мага айтпадың? Бир ылаажысын кылат элек го? Баланын атасы барбы?

– Жок, баланы биздин дарыгерлер көрбөйт, айыктырууга болбойт дешкенин уккандан кийин кетип калган.

– Андай акмактар аз эмес, эч нерсе эмес. Бир айласын табарбыз. Капалана бербе. Айганыш, сен азыр үйүңө бара бер, эс алгын. Анан да, мүмкүн болсо, жөнөкөйүрөк кийинсең. Макулбу?

– Макул, ырахмат агай! Сизден дагы бир жолу кечирим сурайм.

– Эч нерсе эмес. Адамдардын барын эле бир рамкага салып карай бербеш керек. Ниети ак, Кудайдан үмүт кылган адамдар аз эмес.

Айганыш чыгып кеткенден кийин, кыйлага ойлонуп олтурду. Кандай окшош тагдырлар, деди ниетинде. Анан бул келинге кандай жардам берип, операцияга керектелүүчү акчаны кайдан табуу керектиги жөнүндө ойлонду. Чынында бул чоң суммадагы акча эле. Мындай акча оңой менен табыла койбойт. Албетте, айрымдар үчүн бул акча кол жеткис нерсе. Бирок, мындайынан алып караганда бийликте олчое тартып отургандарга, бизнесмендерге, ишкерлерге, депутаттарга майда-барат эле акча. Анткени алар миллион, он миллион, ал тургай жүз миллиондор менен «ойношот» эмеспи. Мына ушундан улам аларын кайда жумшарын билишпей, айлалары кеткенде элүү жыл мурда өлгөн атасына, же жүз жыл мурда өлгөн чоң атасына дүңгүрөтө аш берип, миң киши чакырып, чардаңбай тээп жатышпайбы. Мунун эл үчүн, коом үчүн кандай пайдасы, кандай мааниси бар? Эч кандай. Болгону өздөрүнүн атын чыгарып, эл көзүнө бир көрүнүп калуу. Мындай нерседен, чынында, Барат Базарович деле анча алыс эмес эле. Алар сыяктанып, дүңгүрөтө аш, же той бербесе да далай жолу өзүнүн, аялынын, же балдарынын туулган күндөрүн белгилеп, шаардагы сыйлуу, кымбат деген кафелерде жүздөгөн адамдар катышкан кечелерди өткөрүп, жыйырма гана эмес, элүү-алтымыш миң долларын сарп кылган. Ырас, ал мурда кимдир бирөөлөрдүн ажатын ачып, кыжаалат маселесин чечип берген учурлары болгон. Бирок, ага кайрылып, жардам сурагандардын барына эле чабылып-чачыла берчү эмес. Эми эмнегедир тигил келинге жардам берип, кыйын абалдан чыгарып койгусу келди. Абалына чын дили менен түшүндү. Тээ баягыда, балдар менен ойноп жүргөнүндө таягын таянып алып, темселеп, кичинекей таштарга деле чалынып, мүдүрүлүп, өзүн издеп келаткан апасы көз алдына тартылды. Жанагы келиндин да абалы дал ошондой элестелди. Жүрөгү сайгылаша түштү. Буга чейин, ушунча жылдан бери эмне үчүн эсине түшпөгөнүнө таң калды. Же ал кишиге карата болгон сезими биротоло өлүп, боору таш болуп катып калганбы? Эмне үчүн ушундай болуп калган? Өзүнүн деле балдар-кыздары, неберелери бар го. Алар да өзүндөй болуп кайрымсыз, ташбоор болуп калышса эмне болот? Апасынын күнү өз башына түшүп, алдан-күчтөн тайыган кезинде жападан-жалгыз калсачы? Даңазалуу аскер башчысынын: «Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат» деген сөзү бар эмеспи. Капысынан кайып келген ушул ойдон улам селт этип, денеси чымырап кетти.

Ордунан шарт туруп, столундагы кагаздарды шашыла жыйнады да, шыпылдай басып эшикке жөнөдү. Түрдүү машиналар суудай агылган шаардын чоң көчөлөрүнүн биринде баратты. Күн өткөн сайын машиналар көбөйүп, жолдо жүрүү кыйындоодо. Күнү куру эмес жол кырсыгы болуп, бөөдө өлүмгө учураган адамдар, майып болгондор да арбып барат. Жүрөгүндө жалын чачырап турган жаш адамдар муну элес ала бербейт тура. Ар ким өзүн мындай кырсыкка сөзсүз кабылбачудай, ал башкалардын гана башына түшө турган нерседей сезишет. Машина айдоочулардын бирден-бир шору мына ушунда. Болбогондо жүздөгөн адамдар бөөдө жеринен ажалга учурашпайт эле. Мына, жандай салып, бирде бул жагыңан, бирде тигил жагыңан зуу койгон машиналарды карасаң, рулда олтурган адамдардын бардыгы жаштар. Алар мынчалык кымбат машиналарга кантип жеткендерине акылың айран болот. Ушундай шаңыраңдагандарга урунуп албоо үчүн, Барат Базарович машинасын этияттык менен айдап баратты. Анын үстүнө мурунку машинасын орто мектепти бүткөн экинчи баласына берип, муну жакында эле кырк миң долларга сатып алган. Сырын билип, көнө элек эле. Үйү эмес, башка тарапка кетип баратканын өзү деле аңдабаган сыңары бара жатты. Азыр эч нерсе жөнүндө ойлонгусу келбеди. Жөн гана кете бергиси келди. Эзели түгөнбөөчүдөй көрүнгөн светофорлордун дагы биринин алдына келип токтоду. Ошол замат жанында олтурган ак кийимчен адамды көрө койду. Бүткүл денеси дүркүрөп кетти. Бул баягы Кызылкөз болучу. Эчактан бери чогуу келаткандай, жайма-жай олтурган экен. Ал акырын бери бурулуп, Баратка карады. Анан сол колун көтөрүп, анын ийнине койду. Анысы баланын колундай жепжеңил экен. Баягыдай эле көзүнөн кызыл жалын төгүлүп, ошого оп тартылып баратканын сезип калууга үлгүрдү…

*     *     *

…Аял аны кучагынан чыгарбай, бети-башынан өпкүлөп жатты. «Каралдым, сени кайрадан бир көргөзгөн Теңириме ыраазымын. Эми эки дүйнөдө арманым жок. Сагындым сени, кулунум», – деп жалынып жатты. Буркурап ыйлап да жатты. Анын кандайдыр бир нур төгүлүп турган жылуу, мамыктай жумшак кучагына башын ката магдыраган Бараттын уйкусу келип, көшүлүп баратканын сезди. Дагы бир көз ирмемде уктап кетет беле. Негедир ушул учурда анын көкүрөгүнө: «Бул киши өлүп калса керек эле» деген ой сайыла түштү. Селт этип чочуп, анын бекем кучагынан шарт коюп чыгып кетейин деди. Болбоду, эми эле ушунчалык жумшак, үлбүрөгөн назик колдору былк этпей, ийнинен артылта кучактап, кысып турду. Күчүнүн бардыгынча булкунуп алды. Анткен сайын кычкачтай кысып, өпкө-боорун куушурат. Аял ордунан козголбой, түбү бекем терек сымал мелтейип, үн катпай калды. Айлана кулак-мурун кескендей тунжурады. Бараттын деми кысылып, көзү тунарып баратты. Үнүнүн бардыгынча кыйкырып жибергиси келди, бирок, үнү чыкпады. Бөлмөдөгү жарык ого бетер жаркырап, көздөрүн карыктырды. Аял да бир кучак жарыкка айланып баратканын көрдү. Тырыштыра кармаган кучагы бошой түштү. Ушундан пайдаланып, качып кетүүгө баш урду. Жок, болбоду, эми аны кармап турган эч нерсе жок болсо да, ордунан козголо албады. Аялдын бүтүндөй тулкусу көз карыктырган апакай жарыкка айланды.  Бир маалда ошол жарыктын тулкусунан жашыл, сары, кызыл, көк, кара, кочкул кара түстөгү нурлар чыгып, алардын бардыгы аралашып отуруп, кандайдыр бир жагымсыз, каралжын түскө айланды. Коюу, илээшкек зат болуп калгансыды. Анан ошол киши бою менен тең турган, ар түркүн түстөрдөн пайда болгон белгисиз затка өзүнөн өзү тартылып, сиңип баратканын сезди. Бир нерселерди кармап калууга, андан алыстап кетүүгө жан талашып, тыбырап жатты. Мунусунан эч майнап чыкпады, колуна эч нерсе урунбай, барган сайын жутулуп, өзү да бир түшүнүксүз түскө айланып, ага карабастан болуп көрбөгөндөй бир жагымдуу магдыроого кулап бараткансыды. Өз салмагын сезбей калды. Кайдадыр учуп жөнөгөнсүдү. Бир оокумда: «Балким, мен өлдүм окшойт», – деген ойго уруна түштү. Буга кубанарын, же кайгырарын да билбеди. Калкылдап баратканын гана сезип атты. Анан кайдандыр бир алыс жактан дүңгүрөгөн үн кулагына эмес, дал жан-дүйнөсүнө жай, өтө жай, даана жаңырды: «Жок, бул өлүм эмес. Өлүм деген оңой нерсе. Андан да оор, андан да кыйын нерселер бар. Ал – Аялдын, Эненин, болгондо да өз энең Зууранын сезими, анын сага болгон мээрими, сүйүүсү, күндөй жаркыган кубанычы, көкүрөгүн зилге бастырган сагынычы, самандай саргарткан кусасы, түндөй түнөргөн кайгысы, өксүгү, түңүлбөгөн күтүүсү, эч качан үзүлбөгөн, бирок, акталбаган курган үмүтү, жоготуусу. Алдагы түстөртүн гаммасы – эненин ошол сезимдери. Анын салмагын сырттан билүүгө болбойт. Сен азыр ошол сезимге сиңип кеттиң. Эми сен анын ичинде жашайсың. Демек, азыр сен бала эмес – энесиң. Зуурасың. Эне менен баланын сезиминде – бир учурда эки сезимде бирдей жашоо абдан оор. Бирок, сен жашашың керек. Болбосо эне кадырын, өмүр кадырын түшүнбөйсүң». Жаңырык угулбай, дүлөй тынчтык өкүм сүрдү. Мындан аркысы эсинде жок.

…Орто мектепти жакшы бүтүргөн Зуура башка курбуларына окшоп, жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, көптөн бери тымызын кыялданып жүргөн дарыгерлик кесипке ээ болсом деген тилегин жүзөгө ашыра албады. Жалгыз бой, оорулуу апасын алтынчы класста окуган сиңдиси менен таштап коюп, алыска кете албады. Атасынын кайтыш болуп кеткенине көп жыл болгон. Ал болгондо жакшы болбойт беле. Эми өкүн, өкүнбө эмне өзгөрмөк эле. Капасын сыртка чыгарбай, оорулуу апасына каралап, жалгыз сиңдисин эш тутуп, айылда калууга мажбур болду. Апасынын жарытпаган пенсиясын карап олтурмак беле. Айылдагы менчик дүкөндөрдүн бирине сатуучу болуп орношту. Алган айлыгы жарытып жибербесе да, үйгө береке кирип, тамак-аштан кенелип калышты. Жүдөө тарткан сиңдисин татынакай кийинтип, апасына да көйнөк-көнчөк алып бере баштады. Тирүү жандын күнү өтө берет эмеспи. Иштегенине жыл айланып калган маалда бир жигит менен таанышып, экөөнүн жылдызы келишип калды. Төрт айга чукул сүйлөшүп жүрүп, баш кошушту. Коломто отун өчүрбөй, үйдүн кутун кетирбей, жаңы куралган кичинекей мамлекеттин түптүү болушуна бүткүл дилин төшөдү. Кайын ата менен кайын энеге жаккан келин болду. Жыл айланып, балканактай уул төрөдү. Эне болду. Аял үчүн мындан өткөн бакыт болобу. Балага өмүр берип, эрдин эзелтеден бери узарып келаткан учугун андан нары улоо – аялдын негизги, ыйык вазийпасы эмеспи. Мына ошо вазийпаны Зуура да аткарды. Буга күйөөсү Мурат да кубанычтуу эле, уулубуз ден соолугу чың, өмүрлүү, турмуштагы баса турган жолу байсалдуу, узун болсун, көптөгөн бийиктиктерге жетип барсын деген жакшынакай тилектер менен атын Барат деп коюшту.

Баланын чың ден соолугу – ата менен эненин чыныгы бактысы эмеспи. А бала бактылуу болсо – ата-энелер ого бетер бактылуу. Бирок, турмушта дайыма эле алар ойлогондой, алар күткөндөй боло бербейт турбай, балакеттики. Бирде маңдай жаркытып кубандырса, бирде жан сыздатып кайгыртат экен, өкүндүрүп, өксүтөт экен. Тилекке каршы, бул жолу Мурат менен Зуура экөөнүн жанын кейитип, сыздатты. Төрт-беш ай болуп калган баланын азиз экенин билишти. Мына ушу күндөп тартып Зууранын жан тынчы бузулду. Баратын көтөрүп алып, күндө ооруканага жөнөйт. Айылдык дарыгерлер райондук дарыгерлерге, алар областтык дарыгерлерге жиберишет, а алар болсо борбордогу чоң доктурларга жиберишет. Ал жерден деле жакшы натыйжа болбоду. Эки жылга жакын созулган дарылоодон майнап чыкпады. Баланын дарты эмнеден экенин так аныктай албай коюшту. Изилдөө көрсөткөндөй, бардыгы жайында болгону менен – көрбөдү. Белгилүү дарыгерлер бул оору тубаса экенин, муну дарылап, же оперция жолу менен айыктырууга азыркы медицинанын күчү жетпестигин жашырышкан жок. Бул билдирүү Зууранын кабыргасын бирден сөккөндөй эле болду. Башы айланып, ошол жерде жыгылып калса болобу.

Адам пендесинин башка жандыктардан болгон бир айырмасы – кандай шарт болсо да үмүт менен жашайт. Акыркы деми чыкмайынча ошонусунан ажырабайт, тырышкан колун чыгарбайт. Зуура да ошентип жашады. Дарыгерлерден айла болбогон соң, көзү ачык, табып, молдо-кожо дегендердин эшигин жыртты. Ал кезде башка заман, башка доор болучу. Көзү ачык деген өтө сейрек, болсо да жашыруун көрүшчү. Акыры алардан деле майнап болбосун түшүндү. Антсе деле «баланча жерден түкүнчө деген көзү ачык, же кыйын молдо чыгыптыр» деген сөздү кулагы чалса, баласын көтөрүп алып, ошол жакка жөнөйт. Кичинекей болсо да жылыш болуп, балам жарык дүйнөнү анча-мынча болсо деле көрүп калса дейт. Үч-төрткө келип калган Барат бала да, ойнойм деп барып эле, бир нерсени сүзөт, же бирдекеге чалынып жыгылып, ыйлап калат. Ошондо Зууранын заманасы куурулуп, баласын бооруна кысып алып, аны менен кошо ыйлайт, аны менен кошо боздойт. Ый менен сары санаа деген жаман тура, жыйырма төрттөгү татынакай келиндин өңүн мостойтуп, кундуздай кара чачына бирин-серин ак түшө баштады. А эркек башкача жаралган жан тура. Ага баланын шору, кайгысы анча сезилбейт окшобойбу, же көтөрүмдүүлүк кылабы. Мурат жумушуна эртең менен кетип, кеч келет. Кээде келбей да калат. Ошентип жүрүп, бир күнү башка бир келиндин үстүнө кирип алганын билди Зуура. Эмне кылсын? Колунан эмне келмек эле? Сокур баланы жонуна жүк кылгысы келбеген атаны эмне кылса болот? Кандай айтса жарашат? Муну Зуура билген жок. Мураттын минтип кетерин түк ойлогон эмес. Кудайдын башка салганын экөөлөп көтөрөбүз го, ошондо жеңил болот го деп ойлогон, ушуга үмүт кылган. Бирок, андай болбоду. Ансыз да айыккыс жаралуу жүрөгүн сыздатып, баласы экөөнү таштап кетти. Калп айткан менен болобу, Зуура бир топ чөгүп кетти. Баласынын майып болуп төрөлүшү тагдыр тарабынан урулган биринчи сокку болсо, мунусу экинчи жолку катуу сокку болду. Бүк түшүп жатып калды. Бирок, айла барбы, Бараты үчүн, анын келечеги үчүн кайра баш көтөрдү. Көтөрүп алып, энесиникине кетти.

Эми анын бир гана ишенгени, тобо кылганы – Алла болуп калды. Күндүр-түндүр ичинен ага сыйынып, ага жалынат: «О Алла, бул дүйнөдө сенден башка ишенерим, сенден башка карманарым калбады. Ырайым этип, бечера бир пеңдеңе назарыңды салып кой. Жалгыз баламдын шам чырактай карегин соолтуп, багына балта чаппа, Теңир. Мендей байкуш пендеңди, карайлаган бечера баламды аяп кой, О Жараткан!», – деп боздойт. Түнүчүндө шам жагып алып, тилек тилеп түндү узатат, ыйлап-боздоп таң атырат. Адатта кыргыз баласы: «Ый – ыйды чакырат» деп коет эмеспи. Ким билет, мунун деле бир жөнү бардыр. Эмнеси болсо да Зуура өз үйүнө келгенден кийин кыйла жылдар бою сыркоолоп жүргөн апасы жөнүгө албай, келбес сапарга жөнөй берди. Эмне кылсын, өлгөн менен кошо өлмөй жок экен. Тирүү күнү эптеп өтө берет экен. Бир үйдө сиңдиси Айдай, баласы үчөө калды. Аны Айдайга каратып коюп, кээде кошуна-колоңдордун кир-когун жууп, же үйүн актап берип, анча-мынча акча табат, ошого тамак-аш алып, оокат кылышат.

Бул күнү да айылдын тигил башындагы Төрөбайдын бышкан кыштан салынган заңгыраган тамын Айдай экөө актап жатышты. Баратты берки бөлмөгө олтургузуп коюшкан. Ага Төрөбайдын тестиер кызы көз салып турду. Кечке чейин бүткөрүп жиберели деп жаналакетке түшүшөт. Анткени эртеси дагы бирөөнүн үйүнө барышмак. Мындай жумуш айыл ичинде дайыма эле табыла бербейт. Андыктан чыккан жумушту колдон чыгарып жибербөөгө тырышат. Түштө Төрөбайдын аялы короодогу аш үйүнө чайга чакырып калды. Бир тоогун союп, картөшкө кууруп коюптур. Адеп баласын тойгузмайынча кекиртегинен тамак өтпөгөн Зуура кыйпычыктап, акыры чыдабады окшойт, тиги аялга кайрылды:

– Калича эже, Баратка да тамак ичирип коеюнбу?

– Э ботом, анын эмнесин сурайсың, наркы бөлмөдө ойнотуп атат, алып келип тамак бер. Кыздар да айран берип, нан жедирип атышкан.

– Ырахмат, эже. – Ал туруп барып, баланы көтөрүп келди. Ал өз алдынча тамак алып иче албайт эле. Калича аны көрүп, терең улутунуп алды:

– Балаң менен куруп кеткир, өзү жебей атып баласын ойлойт.

– Анан эмне кылайын, эже. Же өзү алдындагыны алып жей албаса.

– Түшүнөм, Зуураш. Азиз баланы багып, чоңойтуш жалгыз бой аялга кыйын эле иш. Аңга түшкөн атасы болсо да жеңил болбойт беле.

– Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы эже. Андай күн болгондо… – Келин сөз аягын бүткөрө албай, жашып кетти.

– Кой, Зукеш, жашык болбо, балам. Адамдан үмүт этпесең да, асты Кудайдан үмүтүңдү үзбө. Пендем десе бир шыпаа кылаар.

– Оозуңузга май, эжеке. Сиз айткандай жалгыз ишенгеним Алла Таала болуп калды.

– Ошент, айланайын, бала кичинекей эмеспи. Наристелердин өз периштелери болот. Алар кантип Баратты унутуп коюшсун?

– Ырахмат, эже. Адамдардан ушундай жылуу сөз угуп койгон да жакшы экен. Адамга дем-күч берип, ток пейил тартып калат экен.

– Ооба, кызым, жакшы сөз жан эритет эмеспи. Башка жардам бере албасак да, жакшы сөзүбүз менен адам көңүлүн көтөрүп койгонго не жетсин. Чайдан ичкиле, тамактан алгыла, айланайындар.

– Алып атабыз, эже. – Зуура балага тамак жедирип атып сүйлөдү. Аны карап олтурган Калича бир нерсени эстей калган сымал шашып калды:

– Баса, Зукеш, баланы алпарбаган жериң калбады окшойт. «Азирет Ата» мазарына бардың беле?

– Жок, эже. Көпчүлүгү көзү ачык, табыптарга алып баргам. Мен барбаган андай кишилер калбады окшойт. Ошко чейин баргам. Эмне болду?

– Ал жерге көп кишилер барып атышат деп угам. Бирок, өзүм бара элекмин. Өткөндө үстүңкү көчөдөгү Акбай абышканын кемпири барып келиптир. Төрт-беш жылдан бери көзү көрбөй калган. Дарыгерлер айыкпаган дарт дешкен экен. Анан ошол кемпир ал жерден бир жума жатып, мазарга сыйынып, кан чыгарып келиптир. Мурдагүнү дүкөндөн жолуктум, кадимкидей көрүп, басып жүрөт ботом.

– Ай-ий, жакшы болгон турбайбы. Кереметтүү жер го ал бир. – Зууранын   жүрөгү өрөпкүп кетти. Бир кезде колунан учуп кеткен кушу кайра келип конгон сымал, ичинен кубанып кетти.

– Ошондуктан көп эл барып атпайбы. Тигил кемпирдин көрүп калганын эле айтпайсыңбы?

– Эжеке, ал кай жерде экен, кандай барса болот экен?

– Тоң районунда дейт. Тоңго барсаң, билгендер айтып беришет. Барсаң бар, балам. Эбепке себеп дегендей, бир шыпаа болуп калгысы бардыр.

– Ой, эже, ырас айтып бербедиңизби. Ыраазымын сизге. Эмне дээримди да билбей калдым.

Зуура Калича берген акчаны чөнтөккө салып, эртеси эле баласын көтөрүп, Тоң тарапка жөнөп кетти. Жолду ката ниет кылып, Теңирге жалынып жүрүп олтурду. Калича айткандай «Азирет Атаны» билбеген адам жок окшойт. Ал жерге атайын автобус каттайт экен, мобул автобус менен барасың, деп көрсөтүп беришти. Эл абдан көп экен. Ал жердин молдосуна Куран окуттуруп алды. Анан ыйык мазарга жакындап, эки колун бооруна ала, башындагы жоолугун ылдыйлата тартып, бүткүл дити менен жүгүндү. Ушундан кийин ала барган таза, апакай чүпүрөктү мазардын бир бутагына дирилдеген колу менен этияттап байлады. Артка бир-эки кадам жылды да, чөк түшүп олтуруп, баласын бооруна бекем кысты. Мазарга карап: «Оо, Азирети Ата, кагылайын ыйык Ата! Мендей бейбак пендеңдин зарын, жүрөк жаралаган муңун угуп кой, айланайын ыйык Ата! Теңирим сага жиберди. Акыркы үмүтүм Теңир менен сенде калды, Атакебай! Баламдын чолпондой көзүн ачып бер, Ата. Өмүр бою карайлап, темселеп шору курубасын. Бир шыпаа кыл, айланайын, Атакебай! Балам үчүн жаным курман. Эмне десең ошону кылайын, Атаке. Эгерде кааласаң менин көзүмдү алып, балама бер, Атаке! Ылайым балам темселебесин, мен темселейин, Ата. Ылайым балам карайлап, там сүзүп калбасын, мен карайлап, мен там сүзүп калууга кайылмын, Атаке! Ооба, ыйык Ата, баламды айыктырууга мүмкүн болбосо менин көзүмдү ал, балам көрсүн. Балам жашасын. Менин Теңир менен сенден башка тилерим, өтүнөрүм, зарланып суранарым жок. Оо, кагылайын Азирети Ата! Менин зарымды, көкүрөк дартымты угуп кой. Көзүнөн жашы арылбаган, көкүрөгүнөн дарты айыкпаган  пеңдеңе назар салып, маңдайынан сылап кой, айланайын, Атаке!», – деп зарлап, буркурап ыйлап жатты. Бул көрүнүш туура бир жума кайталанды. Бир жума бою баласын бооруна бекем кыскан Зуура, мазар алдында көз жашын буурчактай төгүп, боздоп олтурду.

Бул акыркы күн болучу. Эртең менен эрте үйүнө кетмек. Молдого Куран окутуп, бешим ченде дагы мазарга барды. Мурдагыдай эле чөк түшүп олтуруп алып, болгон-бүткөн тилегин айтып, ыйлап жатты. Катарындагы адамдар бирине бири көңүл бурбай, ар кими өз ою, өз тилеги менен алек. Зуура чын ниетинен: «Айланайын ыйык Ата, мен жалгыз балам үчүн гана жашап жүрөм. Мунсуз мага жашоонун кереги жок. Чырактай көзүн соолутпа, Атаке! Менин көзүмдү балама алып бер. Мен ушуга ыраазымын. Теңирден, сенден башка сурарым жок!», – деп күүгүм киргенче букулдап ыйлап олтурду. Кучагындагы Барат мемиреп уктап жатты. Абай салса жанындагы элдер кетип, үч-төртөө эле калган экен. Кетейин деген ниетте ордунан козголо берди. Ушул учурда мазар жылт эте түштү. Мазардын кулач жетпеген жоон тулкусунан бир жарык нерсе бөлүнүп, аба менен калкылдап, бери жылып келатты. Зуурага бет маңдай келип туруп калды. Апакай кийимчен адам экен. Келиндин бүткөн бою зылдай катып, кыймылдабай калды. Кыйкырганга үнү чыкпай, муунуп атты. Чанагынан чыгып кетчүдөй чакчайган көздөрү менен нес болуп, аны карап олтура берди. Тиги да купкуу жүзүн мостойтуп, карап турду. Бир маалда алайган чоң көздөрүнөн кызыл жалын чыгып, ал жалындын шооласы Бараттын бешенесин акырын сылап өттү. Купкуу жүзүнө кызыл жүгүрүп, негедир жылмайып алгандай болду. Ооба, жылмайганын даана көрдү Зуура. Ушундай кийин апакай караан көз ачып жумганча жок болду. Зыңкыйып катып турган Зууранын денеси заматта бошой түштү. Шалак эте чалкасынан кетти. Боорундагы баласын кое бербеди. Жанында калган эки-үч киши колтугунан сүйөп тургуза коюшту. Аларга жөн гана башынын айланып кеткенин айтты. Жанагы ак сөлөкөт өзүнө гана көрүнгөнүн сезди. Анткени беркилердин бири да бир нерсе көрдүк деп айтпады. Лакылдаган жүрөгүн басып, кыйлага олтурду. Мунун жакшылыкка, же жамандыкка көрүнгөнү белгисиз эле.

*     *     *

Акырындык менен күндөр өтүп жатты. Көпкө чейин мазардагы сырдуу көрүнүш көз алдынан кетпей, кандайдыр бир түпөйүл ойдо жүрдү. Мунун эмне, кандай ой экенин өзү түшүнө алган жок. Эмнеси болсо да көкүрөгүнөн кокусунан бир чийки май жеп алгандай сезим кетпей койду. Өзүнчө кыжаалат кыла берди. А баланын көзүнөн эч жылыш байкалбады. Жан-дүйнөсүндөгү чымчым үмүттүн эң акыркы тамчылардын улам бири тып этип, жерге түшүп, чаңга сиңип кетип жаткансыды. Анткен сайын Зууранын заманасы куурулуп, көзүнөн чаар чымындар учат. Жүрөгү сыздап, болгон-бүткөн күчүн көз жашынан чыгарып, букулдап ыйлап алат. Мындан башка эмне кылсын? Колунан келери не? Ыйлап олтуруп, терең үшкүрүп алган Зуура эми ойгонгон Баратты колуна көтөрүп, ашканага кирди. Темир мештеги чай муздай элек экен. Куюп ичирди. Анан жетелеп тышка чыкты. Эшик алдындагы тепкичке көчүк басты. Көзү бүлтүйүп, шишип калганы сезилди. Айдай келери менен дагы ыйлаганын сезет. Ага да кыйын. Эжесинин зарлап эле ыйлап олтурганын көрүп, кантип көңүлү ачылат? Ал барда көңүлү ачык көрүнүүгө тырышат. Бечера кыз, апасынын күйүтүн тартып жүрүп, абдан жүдөп, киртийип кетти эле. Эми гана кайра тартты. Багы ачылса экен, байкуш кыздын. Ар кайсы ойдун башына бир урунуп атып, жанындагы баланын алыстап кеткенин байкабай калыптыр. Башын шарт көтөрүп, короону карады. Барат тигиндей барып, эки колу менен көзүн басып олтуруптур. Мыйтыйган колун акырын бошото коет да, кайра баса калат. Анын эмне кылып атканына түшүнө албай, Зуура ордунан туруп жанына барды. Далысынан сылап:

– Барат, эмне кылып атасың, – деп сурады.

– Апа, көзүм… – Бала андан аркысын айта албай мукактанды. Зуура жүйүртө басып, олтура калды.

– Эмне болду, балам, көзүңө бир нерсе кирип кеттиби? Эмне кылдың эле? Колдоруңду тартчы, карап көрөйүн. – Жүрөгү сайгылашып кетти. Бир нерсе түшүп кетсе керек деген ой менен көзүн карады. Жок, эч нерсе деле билинбеди. Колу менен көздөрүн кайра жапты. Анан мыйтыйган салааларынын арасынан акырын сыртты карады. Коронун сыртындагы дүпүйгөн бак жакты карап алып, ыйлап жиберди:

– Апа-а, койкуп атам!

Зууранын жүрөгү оозуна кептеле түштү.

– Эмнеден, берекем? Жаныңда мен турбаймбы?

– Тетиги… – Бала бир колу менен бакты көрсөтүп, бир колунун салааларынан шыкаалай карады.

– Кайсы?!

– Мобу… – Дагы бакты көрсөттү.

– Барат! – деп Зуура кыйкырып жиберди. Жанында турган бала чочуп кетти да, Зуураны кучактай калды, анан анын жүзүнө үңүлө карап алып, ыйлап жиберди:

– Апа, ап-па-аа… – Ал туш-тарапты карап, апасын издеп жатты. Зуура чөк түшө калып, аны кучактады:

– Оо, Кудай! Чын эле… мен мындамын, берекем. Мына мен, мен апаңмын!

Аны үнүнөн жакшы тааныган бала Зуураны дагы карап турду да, анан кучактап калды. Эми бала көзүн жапкан колдорун алып, туш-тарапты карап, элеңдеп жатты. Улам бак тарапты карайт. Жүрөгү алып-учкан келин көргөн көзүнө ишене албай жатты.

– Кулунум! Сен көрүп жатасыңбы, мени көрүп турасыңбы?

– Ооба!

Эмне болуп кеткенин баланын өзү да түшүнө албай, бир бул жакты, бир тигил жакты карайт. Күндүзгү жарыктан көздөрү карыгып, жакшы ачылбай жатты. Төрт жашка чыкканча жарык дүйнөнү көрбөгөн бала, эми кокусунан көзүнүн ачылып кетишине акылы айран болуп, бейтааныш дүйнөдөн чоочуркап, коркуп турду. Зууранын көзүнөн мончоктогон жаш кети. Ал буркурап ыйлап жатты. Бирок, бул жолкусу кубанычтын, жүрөк толкуткан бакыттын жашы болучу. Аялдын, Эненин жападан жалгыз тилегинин аткарылышы, качантан бери жүрөгүнө карт болуп катып калган жаранын айыгышы эле. Өзүнүн зарына, көкүрөк дартына Теңирдин назарын буруп, керемет амири менен баласынын көзүн ачып бергенине ыраазылыгын кантип билдирерин билбей, эси эки болуп олтурду. Тубаса сокур болуп төрөлгөн баланын көзү көрдү! Караңгылыктын түнт дүйнөсүнүн койнунан суурулуп чыгып, жарык дүйнөнү көрдү. Эми ал майып эмес! Өмүр бою мүңкүрөп, башкалардын көмөгүнө күнү түшүп, жалдырабайт. Өз курбуларынан кем болуп, көзүнүн көр экенине өксүбөйт. Эми анын келечеги кенен. Балдарга кошулуп, тойпоңдоп мектепке барат. Жакшынакай билим алат. Анан жогорку окуу жайын бүтүрүп, апасынын, көп адамдардын, ал тургай бүтүндөй өлкөнүн керегине жараган азамат уулдардан болот. Эне үчүн мындан өткөн кубаныч, мындан өткөн бакыт болобу? Албетте, жок. О Алла, амириңе тобо! Кереметиңе чек жок экен го. Бакыт кутун шордуу эненин башына куюлтканыңа миң-миң ыраазычылык! Канаты жок учуп калган Зуура эмне кыларын билбей, делбектеп жүрдү. Сиңдиси экөө көрүнгөндүн үйлөрүн актап, кир-когун жууп, башка жумуштарын жасап, делпилдеп жүрүп чогулткан акчасына бир эчки сатып алды да, кошуна-колоңдорун чакырып, чакан түлөө өткөрдү. Элдин ак батасын алып, жалгыз баласына жакшылык ыроолоду.

Бала! Адам үчүн, бөтөнчө Эне үчүн кандай кымбат. Ал үчүн керек болсо өз өмүрүн садага чабууга да даяр. Баратын айыктырып алуу үчүн байкуш Зуура эмне деген аракеттерди кылбады. Кулагы уккандардын бардыгын аянбай, колунан келген нерсенин бардыгын жасады го, бечера. Ал тургай өткөндө ыйык мазарга барганында: «Керек болсо менин көзүмдү ал, о Теңир», – деп зарлабадыбы. Чын эле ошол учурда «келе» десе көз ирмебей туруп, сууруп бермек. Ооба, мүңкүрөгөн баласы үчүн, анын жаркын келечеги үчүн ошентмек. Ага өкүнмөк эмес. Анын ак дилин, энелик мээримин, энелик сүйүүсүн көрүп турган Алла Таала Зууранын тилегин кабыл кылды окшойт. Минтип баласы көрүп, балдар менен топоңдоп, короо чаңдатып ойноп жүрөт. Аны көргөн сайын Зууранын эт-жүрөгү болкулдап, кубанычтан өзүн коерго жер таппай кетет. Мындан аркы анын бактысын, кенен келечегин тилейт. Эми ушул баламды жакшынакай кийинтип, эл катары ичинтип, эч нерседен кем кылбай чоңойтуп алсам, илим-билимдүү адам кылып, эл катарына кошуп алсам деп тилейт. Ошол тилек менен жашайт. Мындан башка анда тилек, үмүт, ой жок. Өзүнүн эртеңи, өзүнүн келечеги, өзүнүн турмушу жөнүндөгү кээ бир учурда кылт эте калган ойду ошол тилеги тебелеп, алыс жакка сүрүп жиберет. Буга деле өкүнбөйт. Себеби баланын бакыты – эненин бакыты. Энеге мындан башка эмне керек? Албетте, эч нерсе. Үйдүн ичин үч көтөрүп ойноп жаткан баласына мээрин төгүп, Зуура өзүнчө жыргап, карап олтурду. Анан качандыр бир кезде уккан болумуш икая негедир эсине түштү. Качандыр бир заманда жалгыз балалуу эне болгон экен. Ал баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, ысып кетсе көлөкөгө, үшүп кетсе күн нуруна алып чыгып, бөпөлөп чоңойтот. Өзү ичип-жебеген тамагын баласынын оозуна кармайт. Башкалар кийбеген кийимдерди кийгизип, башкалардын колу жетпеген нерселерди алып берип жүрөт. Шыңга бойлуу, келишимдүү, адам суктанарлык жигит болуп, эне үмүтүн актай турган куракка жетет. Эл көзүнө урунат. Ошентип, өзүнө жаккан суйкайган, Аккуудай сулуу кызга үйлөнтөт. Баласынын бактысына балкып, кубанычы койнуна батпай жүрөт. Анан бир күнү баласынын кабагы салыңкы келгенин көрүп, коркуп кеткен эне эмне болгонун сурайт. Ал келинчегинин: «Мен ээн-эркин басып-тура албайт экем. Энем өзүнчө, башка үйдө жашасын», – деген талабын айтат. Эне кургур кантсин, келинчегинин шагын сындыра албаган мажүрөө баласынын сөзүнө жок демек беле. Шаардын тигил четиндеги ээн калган үйгө көчүп кетип, жалгыз туруп калат. Дагы бир жолу баласынын кабагына кар жаап, көздөрүнө тике карай албай, жалтактап келет. Эненин жүрөгү бир жамандыкты айттырбай сезет. Антсе да эч нерседен шек алдырбай, эмне болгонун сурайт. Баласы башын көтөрө албай кыйылып туруп, анан аялынын: «Менин боюмда бар, талгак болуп атам, аны кандырыш үчүн сенин энеңдин жүрөгүн жешим керек», – деген сөзүн айтат. Ачык турган күндө дал башына чагылган түшкөндөй эсеңгирей түшкөн эне кантсин, ичинен ыйлап, сыртынан күлүп туруп, буга да макул болот. Баласынын өз колу менен өлтүрө албасын сезген эне курч бычакты ала коюп, өз кекиртегин өзү шылып алат. Өлгөн энесинин жүрөгүн кесип алып, күмүш табакка салып, аялын көздөй шашып жөнөйт. Жолдо баратып ташка чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылып түшөт. Колундагы али муздай элек жүрөк тигиндей ыргып кетет. Чаңда жаткан жүрөккө капысынан тил кирип: «Алда балам, айе! Шашпай, абайлап басууң го, айланайын. Кап, тизең айрылып кетти окшойт. Алдыңа кетейин, жоо кууп бараткансыбай, көзүңө карап, абайлап басчы. Бир жериңди кокустатып алба!», – дейт. Ошондо эненин мээрими деген эмне экенин түшүнүп, акылсыз жигитке эс кирет. Акылы кемдигинен улам энесин өлтүрүп алганына өкүнүп, өз башын өзү койгулайт. Бирок, мындан эмне өзгөрмөк эле, энеси тирилмек беле?

Бул жүрөк титиреткен накыл икая эмнеликтен дал азыр эсине түшүп кеткенин түшүнө албады. Аны адеп укканда мынчалык маани берген эмес экен. Эми такыр башкача кабыл алды. Негедир жүрөгү титиреп, денеси муздай түштү. Турмушта, болгондо да жакында эле болуп өткөндөй сезилип кетти. Бечера эненин өзүн-өзү шылып алганы, кекиртегинен кочкул кызыл кандын диркиреп, туш-тушка чачырап жатканы көз алдына тартылып, бут алдындагы жер көчүп кетти. Дүйнө өзү жантайып бараткандай, бир жагына ооп барып, жыгылып кетти. Акыркы сезгени Бараттын: «Апа, ап-па-аа!», – деп чыңырганы болду. Андан наркысы эсинде жок. Канча жатканын ким билсин, бир маалда эсине келип, көзүн ачты. Түн кирген экен. Адеп эле эмне мынча караңгы, деген ой көкүрөгүнө тепчилди. Анын көз ачканын көрүп, жанында олтурган Айдай кыйкырып жиберди:

– Эжекебай, сага эмне болуп кетти, башыңды көтөрчү?

– Билбейм, өзүнчө эле жер көчүп, башым айланып, жыгылып калдым. Түнгө чейин жаткан экем, ээ. Күн жаап жатабы, эмне үчүн түн мынча караңгы? Баса, эмне үчүн светти күйгүзбөйсүң?

– Ой, эжеке! Эмне деп жатасың, жүрөктү түшүрбөчү! Азыр күндүз, сенин жыгылганыңа он мүнөт боло элек. Эми эле кошуналар менен үйгө көтөрүп кирип,  жаткырдык.

– А, ошондойбу, анда эмне үчүн мынчалык караңгы?

– Эжекебай, эсиңе келчи! Үйдүн ичи жапжарык, терезеден күн тийип турат.

Айдай чебеленип, эмне кыларын билбей атты. Ниетинде эжеси жөөлүп жатат болуш керек, деп ойлоп кетти. Эпкиндеп жыгылыптыр, анан бир жак ныптасы шал болуп калыптыр, деген сөздөрдү кулагы чалып жүргөн. Эми эжеси да ошентип, жатып калабы деген ойдон үрөйү учуп, коркуп кетти. Баласы эми айыгып, көңүлү бир ыңгай болгондо…

– Күндүз дечи, а мага караңгы болуп жатат. Бул эмнеси… токточу… мен эч нерсе көрбөй атам. Айдай, мен көрбөй атам! Менин көзүм… Кудай ай!..

Зуура бир бакырып алып, анан тунжурап унчукпай, эки колу менен бетин басып, шалдырап жатып калды. Жүрөгү лакылдап, муун-жүүнү титиреп жатты. Эми караңгылыктын кайгылуу, миң түркүн кыйынчылыктарга жык толгон дүйнөсүнө баш бакканын, анан мындан кайра чыга албасын тымызын түшүндү. Баягы мазардагы ак кийимчен сөлөкөт көз алдына тартылды. Демек… анын көксөгөн тилеги, зарлап айтканы келиптир да! Ошондогу өзүнүн сөзү кайрадан кулагына жаңырды: «Айланайын ыйык Ата, мен жалгыз балам үчүн гана жашап жүрөм. Мунсуз мага жашоонун кереги жок. Чырактай көзүн соолутпа, Атаке! Башка кылар ылажы жок болсо – менин көзүмдү балама алып бер. Мен ушуга ыраазымын. Теңирден, сенден башка сурарым жок!» Ооба, анда муну ал ак дили менен айткан. Адатта «пенденин оозундагы сөз Периштенин кулагында» дешет эмеспи. Адеп эмне кыларын билбей, өзүнчө алдастай түшкөн Зуура өзүн-өзү токтотуп, сабыр тутту. Ичинен тобо келтирип алды. Ниетинде ошондогу тилегин дагы бир сапар кайталады. Өзүнүн көзү көрүп кетсе, Бараты кайра көрбөй калчудай сезилип кетти. Ичинен күбүрөдү: «Оо, Жараткан! Сага нааразы болор жайым жок. Анткени баламдын көзүн ачып бердиң. Менин көзүмдү ага бердиң. Мен ушуну тилеп, ушуну самагам. Тилегимди кабыл кылдың. Балам эми сокур эмес, майып эмес. Мен ушуга ыраазымын. Сага таарынычым жок; Теңир!». Зуура муну бир да жанга айткан жок. Айткан күндө деле, эч ким ишенмек эместир. Кантип эле чолпондой жанып турган көзүн баласына ыраа көрүп, берип койсун. Анын үстүнө көзүмдү балама алып бер десе эле боло калчу беле, ботом. Байкуш келин, кайгысына чыдабай, акылынан айный баштаган го. Анан оңойбу, күтпөгөн жерден чолпондой жайнап турган эки көзүнөн заматта ажырап, карайлап там сүзүп, мүңкүрөп олтуруп калган. Пенде баласына мындайды бербесин, Теңир, дешмек. Эмнеси болсо да көргөн, буга күбө болгон адамдар үчүн өзүнчө бир табышмактуу, сырдуу окуя болуп калды. Баласынын көрүп, эми өзүнүн сокур болуп, кашайып калышынын себебин бир гана өзү билип, өзү терең сыр кылып сактап калды. Муну тиги дүйнөгө ала кетүүгө бекиди…

*     *     *

…Кимдир бирөө эшикти катуу койгулап жиберди. Экөө тең селт этип, чочуп кетишти. Ар түркүн түстөр көз ачып-жумганча жок болуп, аял кучагындагы Баратты кое берди. Ал машинасында олтурган экен. Маңдайындагы светофордун жашылы күйүп туруптур. Арттагы машиналар ызы-чуу түшүп, пипилдеп жатышкан экен. Эңгезер сыяктанган дардайган кара жигит түшүп келип, эшикти койгулап жатыптыр. Жалт караган Баратка жеп жиберчүдөй ызырынды:

– Эй, кейбир, дениң соо немесиңби, же уктап калдыңбы? Жол бересиңби, же машинаң менен кошо күбөткө тоголотуп жиберейинби?

– Ойлонуп кетипмин, жигит. Тоголотуп жиберчү сен эмессиң, анан тоголонуп кете турган мен эмесмин.

– Ойлончу жерди тапкан экенсиң, каңгы баш, айда, жолду бошот.

– Эй, дардаңке, оозуңа карап сүйлө, былжырай бербей, айбан.

– Эмне?! Энеңди…

Тигил неме терезени иттин башындай болгон муштуму менен муштап жиберчүдөй болуп барып, кайра айныды окшойт, эшиктин туткасына жармашты. Барат ага көңүл буруп койбой, машинасын айдап жөнөдү. Кымгуут түшкөн машиналардын арасында агылып баратып, өзүнө келе албай атты. Эмелеки көргөн нерсеге акылы жете бербей, дале уйкусунан ойгоно албай, жанагы түшү азыр да  уланып бараткандай сезе берди. Шаардын четине келип, калың бактын арасына токтоду. Бул жер ээн эле. Күрү-күү түшкөн, бирин-бири жөөлөгөн турмуш жок. Канаттуулардын анда-мында угула калган чырылдактарын эске албаганда, туш-тарапта мемиреген тынчтык. Ал машинанын ичинде тунжурап олтурду. Кулагы тунуп, машинасы, аны менен кошо бүтүндөй жер бети кыймылдап, термелип жаткан сыяктанды. Ойго келбеген абалга туш болгонун, болгондо да өзүн төрөгөн аялдын, апасынын ордунда, мындайча айтканда, Зууранын өзү болуп, ал тарткан азапты, кайгыны, жоготууну, ой-тилектерди, акыры маңдай жарган кубанычын дал өзүндөй сезип, өз жонтериси менен жашап өткөнүнө ишене албай олтурду. Аялдын, сокур балалуу эненин буркан-шаркан түшкөн сезимдери азыр көз алдына Айвазовскийдин «Тогузунчу бал» деген сүрөтүндөй көрүндү. Жок, андагы толкун өзүн сиңирип алган толкундун жарымындай гана, ал эмес анын жарымындай болучу. Анын күчүнө кантип туруштук берип, кантип кумга окшоп быркырап кетпегенине таң калып кетти. Кызык, тигил жакта, Зуура болуп, жок, анын сезим дүйнөсүндө алты жылдай мезгил бою «жашаган». А бул жакта бир-эки мүнөт гана өтүптүр. Светофордун кызылы, анан жашылы күйгөнчө. Оо, аял болуп жашоо өтө оор нерсе экен да. Айрыкча Зуураныкындай кыйчалыш, татаал тагдыр менен жашоо он эсе, жүз эсе оор. Башкасын айтпаганда да, мазарда олтуруп буркурап, боздогону, өзүнүн көзүн берүүгө чындап дилин бергени эмне деген… Ал буга салыштырууга эч нерсе таппай, кайсалап калды. Ооба, дүйнөдө андай нерсеге салыштыра турган бир илинчек жок болучу. Жан-дүйнөсүнүн түпкүрүнөн бир нерсенин тырс эте сынып түшкөнүн сезди. Бүткөн боюнан бардык күч-кубаты аптапта калган томук муздай мөлт эрип кетип, денеси бош калгандай шалдырады. «Эх, апа, кагылайын апа! Көрсө сен ушундай… ушундай… адамдан  артыкча жаралган, бөтөнчө жан турбайсыңбы. Бир гана бала үчүн жаралыпсың. Ал үчүн барынан аша кечип, кош карегиңди соолтуп, балаңа берип коюп, а өзүң өмүр бою таягың менен жер сыйпалап, карайлап калдың. Эмне үчүн ушунчалыкка бардың, апа? Бул эмне деген каармандык, эмне деген айкөлдүк? Балага болгон эмне деген сүйүү? Дүйнөдө буга чейин бир жан ушундай тобокелдикке барды бекен? Кай-да-ан, кокуй. Ким эле өз эрки менен кара башына түн түшүрүп, темселеп калгысы келсин. А сен бардың, тиленип, зарлап жүрүп сокур болдуң. Чөпкө да чалынып жыгылып, тизеңди айрыттың, чекеңди томуйттуң. Бул эчтеке эмес. Дененин жарасы айыгат, а көңүлдүн, жүрөктүн жарасычы? Ал эч качан айыкпайт. Эх, апа! Берекем апам ай! Эмне үчүн муну мага мурда айтпадың экен? Мейли, башкаларга айтпай эле кой, аныңдын себебин мен эң сонун түшүнөм. Бирок, мага айтышың керек эле да. Али кичинекей, эч нерсе түшүнбөйт деп ойлодуңбу? Же бул жөнүндө эч нерсе билбей эле койсун, жүрөгүн оорутпасын  деп ойлодуңбу? Түшүнмөкмүн, апа. Жок дегенде кийин, эс тартканда түшүнмөкмүн да. Бир ооз айтып койгонуңда бардыгы башкача болмок. А мен акмак… сени жек көрүп… эх, апа, апа!..»

Барат Базарович машинасында ыйлап олтурду. Балким, эс тарткандан берки эң алгачкы ыйлашыдыр. Тээ алда качан таш болуп катып калган боору жумшарып, эзилип кеткенче букулдап ыйлады окшойт. Көкүрөгү аңгырап бош калганын сезди. Айланасы ушунчалык ээн, суз көрүндү. Дүйнөдө жалгыз калгансыды. Көз мелжиген жардын кырында калып, аргасы түгөнгөн адамдай шалдырады. Эгерде чын эле ошол жарда турганында эч нерсеге карабай, туңгуюкка бой таштамак. Анан ал капысынан эки алаканы менен машинанын рулун күч менен чаап алды. Чөнтөгүндөгү телефонду алып, андагы жайнаган аттардын бирин таап, шаша басты. Тигил тараптан аялдын үнү угулду:

– Угуп жатам.

– Бурул, мен көлгө шашылыш түрдө кетип атам, эки-үч күндө келем.

– Э ботом, эртең менен Дубайга учабыз да, сен эмне, тамаша кылып жатасыңбы?

– Экөөбүздүн тамашалашпай калганыбыз качан.

– Ой, кергиштебей сүйлөчү, бай болгур. Күйүп аткан ал эмне деген иш экен, же көлүң соолуп баратыптырбы?

– Ошондо эле сенин Күнүң тууйбу? Көлдөн эмне зыян тарттың?

– Ой, болуптур, кучунашыңды карматпай түшүндүрчү. Дубайдан аша кече турган эмне деген зарыл ишиң чыкты, ботом?

– Энеме барышым керек.

– Эмне, сенин энең бар беле?

– Соосуңбу деги, мени эне төрөбөгөндө балбал таш төрөптүрбү?

– Ай, укчу мени, мейли, энең бар экен. Ушунча жыл күткөн энең, эми бир ай күтө албайт бекен? Же бейиштин төрүнө дал бүгүн кетип атыптырбы? Дубайдан келгенден кийин деле бар да. Дубай…

– Урдум ошо Дубайга кошуп туруп. Уктуңбу?..

Барат телефонду тигиндей ыргытып жиберди. Аны менен кошо жонунан басып, салмактанткан кандайдыр бир жүктү да алып ыргыткансыды. Сыртка чыгып, жогору басты. Ободон торгойдун сайраганы угулду. Бирок, канча караганы менен өзү көзгө чалдыкпады. Бак арасынан кулач жеткис карт теректин дүмүрүнө келип көчүк басты. Аны жакында эле кесип кетишкен окшойт. Ушул дүмүрдүн карттанган түп жагындагы боорунан жаңы бүчүр жарып, чыпалак боюндай өсүп калыптыр. Негедир «өмүр улана берет» деген ой көңүлүнө тык этти. Ордунан шарт турду да, машинасын зуулдата айдап, көл тарапты беттеп жөнөдү. Мына, кырк жыл мурда чыгып кеткен айыл. Мында таенеси жашачу. Апасы экөө аныкында эки жыл жашаган. Ал киши дале ушул айылда болсо керек. Эсинде, таенесинин үйү чет жаккы көчөсүнүн ортороок жеринде боло турган. Чакан айыл эле. Бирок, айылга кире бергенде эле такыр башка көрүнүштү көрдү. Баягы үйлөрү чачкын салынган айыл жок. Көчөлөрү түз, этек-башы жайылган кенен айыл болуптур. Өзү билген көчө кай тарабында калганы белгисиз. Жол боюнда турган эки жигиттин жанына келип токтоду.

– Жигиттер, кандайсыңар?

– Салом алекум. – Экөө бери басып, колун сунушту.

– Алеки салам. Силер ушул айылдансыңарбы?

– Ооба, байке.

– Жакшы экен. Зуура деген кемпирдин үйүн билесиңерби?

– Зуура дейсизби? – Тигилер бүшүркөй, алда эмнени эстей албай туруп калышты.

– Билбейт экенбиз, байке, – дешти анан.

Андан нары жөнөдү. Болжолдоп барып, жогору кеткен таш көчөгө бурулду. Жаңы үйлөр көп курулган экен. Эки кабат, заңгыраган үйлөр да турат. Бир үйдүн алдындагы сырдалган жыгач отургучта олтурган карыянын тушуна токтоп, жанына барды:

– Салом алейкум, аксакал?

– Алейкума салам, иним, кел.

– Мен бир кишини издеп жүрдүм эле.

– Ким деген кишини?

– Зуура деген кемпирди.

– Зуура аттуулар айылда арбын. Кайсы Зуура, ал кимдин байбичеси?

– Ал кишинин көзү азил эле.

– Аа, сокур Зуурабы?

– Ошол.

– А сен анын эмнеси болосуң, иним?

– Баласы.

– Анын баласы жок боло турган эле, сен жаңылып аткан жоксуңбу?

Эрмек таппай, зеригип олтурган чалга кезиккенине кыжаалат боло түшкөн Барат бурулуп, басып кеткиси келди да, дагы бир суроону берип калды:

– Ал кишинин үйүн кайдап тапсам болот?

– Ушундан жогору төрт көчө барып, солго бурул. Алты-жети үйдөн кийин короо-жайы жайдак эски там турат, ошо. Ал кургурдун баласы жок болучу.

– Ырахмат, карыя.

Негедир бул жерден тез алыстап кеткиси келип, шашып барып машинасына олтурду. Тигил киши айтканындай, эски, жепирейген тамдын жанына токтоду. Аркы, «аш үй» деп коюшчу кичинекей там кулап калган экен. Ошол боюнча чөп, куурай басып турат. Чатырланбаган берки тамдын да кебетеси кетип, жаан жеп, көп жеринин кара шыбагы урап калган. Көзгө абдан суук көрүндү. Курчалбаган, жайдак короону да киши боюндай чөп, шыралжын куурай баскан экен. Анча-мынча гана издин нугу жатат. Үстүнкү топсосу жулунуп калган эшик бир жагына кыйшайып, ачык турат. Короодо кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Барат эшикти акырын бери жылдырып, ичкери кирди. Айнектери күбүлүп түшкөн терезеге целлофан кленка каланыптыр, анын да айрым жерлери айрылып, желге делбиреп турат. Үй ичи аңгырап бош, ар кай жерде бош бөтөлкөлөр, тамекинин бош кутулары, калдыктары, айрылган кагаздар жайнайт. Тигил бурчта жерге салынган жаман таар үстүндө томурайып бир киши, жанында чачы саксайган, көйнөгү түрүлгөн аял жатат. Сасык жыт мурунду өрдөп, көңүлдү айнытат. Барат жеңи менен мурдун басып, жаткан кишини бутка акырын тепкиледи. Коркурап уктап жаткан неме далайда барып, кыймылдады. Эмне болуп жатканын түшүнө албай, делдейди. Алачакмактаган көздөрү менен байтааныш кишини көпкө карады. Анан чыканагы менен аялды укуду. Анын да ойгонмогу азап болду. Жагжайган төшүн кымтылабастан, саксайган башын көтөрдү. Жүлжүйгөн көздөрүн ачып-жумуп:

– Сен кимсиң, – деди булдуруктай берип.

– Мени тааныбайсың. Айтчы, бул үйдө Зуура деген кемпир жашачу. Анын кайда экенин билесиңби, – деп сурады Барат.

– Ай, башым ай, сынып кетеби, балакеттики. Зуура дейсиңби? – Кир төшүн булайткан аял кайра сурады.

– Ооба, Зуура.

– Андай кишини билбейт экем, уккан эмесмин.

– Зуура дейби? – Эркеги да башын көтөрүп, тигиге карап калды.

– Зуура дейт. – Аял ордунан темтеңдеп атып араң турду. Анан наркы бурчка барып, көйнөгүнүн самсаалаган этегин жогору көтөрүп баратып, үйдө чоочун кишинин барын эстей коюп, токтоп калды, эшикти көздөй жөнөдү. Бараттын күйбөгөн-жери күл болуп кетти. Бирок, өзүн-өзү зордоп кармады. Эки колу менен башын мыкчып олтурган немеге кайрылды:

– Сен билесиңби, аты Зуура, көрбөгөн кемпир.

– Жок, билбейм.

Мас неме артынан сендиректей басып, кошо чыкты. Кулап калган даараткананын жанында, ачык эле жерде этек-жеңин жыйбай талтая отуруп, заара кылып катын Баратттын кетип баратканын көрүп, ордунан тура калды. Этегине чалынып, оңкосунан кете жаздады. Анан булдуруктай:

– Ай байке, кетип баратасызбы, бир аз акча таштай кетсеңиз. Башым сынып, өлүп баратам, – деди. Барат ага кылчайбай туруп:

– Сенин өлгөнүң качан, – деди да, машинасы жакка басты. Артынан чыккан мас, машинаны көрө коюп:

– Омий, ата-а! Мобу машина меники болсо, сатып ийип, он беш жыл кенен арак ичет элем, – деди. Темтеңдеп барып, жол четиндеги арыктан жаза аттап, агып жаткан кир сууга кулап түштү. Барат аны бир кылчайып карап алып, машинасына олтурду. Саамга ойлонуп, анан кайра жерге түштү. Басып барып, бет маңдайдагы үйдүн темир дарбазасын какты. Андан өзү курактуу, токтоо адам чыкты.

– Саломалейкум.

– Алеким салам. Келиңиз. – Дарбазанын эшигин ача берип мындай боло берди.

– Ырахмат, мен шашылыш элем. Тигил үйдө Зуура аттуу байбиче жашачу эле. Ал кишинин азыр каякта экенин билбейсизби?

– Зуура апабы? Ал киши… кечириңиз, сиз анын кимиси болосуз?

– Баласы.

– Баласы? Аа, ооба, ал киши «балам бар, ал келет» деп күтүп жүргөнү эсимде.

– Ошол күтүп жүргөн баласы менмин.

– Кечигип калдыңыз. Ал кишинин көзү өтүп кеткенине беш жылдай болду. Бечеранын үйүн тигинтип, бомждар менен аракечтер ээлеп, кор кылышыты.  Уккан жок белеңиз?

– Жок, мен алыс жакта жүрдүм. – Барат көкүрөгүнө жыйыла калган букту күч менен басууга тырышты. Бары бир көздөрү жашылдана түштү.

– Кайрат кылыңыз, курдаш. Куу турмуштун айынан бир ууч кыргыз дүйнөгө чачып жиберген таруудай чачырадык го. Америкада жашагансыз го?

– Андан да алыс. Ырахмат, жакшы калыңыз.

Машинага олтуруп баратып, кайра түштү. Аркасынан дале мелтиреп карап турган кишиге үн салды:

– Кечириңиз, ал кишинин жаткан жайын көрсөтүп бере аласызбы?

– Жок, ал киши каза болгондо мен соода-сатык иштери менен Алматыда жүргөм. Келип уктум. Айылдын молдосу билет болсо керек. Туура кыласыз, топурак сала албай калган соң, жок дегенде жаткан жерине барып, Куран окуп койгон жакшы болот. Эртеби-кечпи, бары бир барар жерибиз ошол да.

Барат туура айтасың дегендей башын ийкеп койду да, жөнөп кетти. Келген жолуна салды. Жанагы карыя дале олтурган экен. Жанына басып барды.

– Таптыңбы?

– Таптым.

– Өз көзү менен көрүп, көңүлү суусун дедим, уулум. Ал кургурдун өлгөнүн уккандырсың. Өлөр-өлгөнчө «балам бар, ал окуусун бүткөндө келет», деп жүрдү. Анын баласы бар экенин деле билбептирбиз. Тээ көп жылдар мурда бир кичинекей баласын окутабыз деп, борборго алып кетишкенин, анан ошол жактан анысы өлүп калганын кулагым чала-чарпыт чалган. Билгендер аны кайгыдан айнып калган кемпир катары көрүшчү, баласынын бар экенине ишенишчү эмес. Балам келип калат деп, күндүр-түндүр эшигин жапчу эмес, курган киши. Көрсө, чын эле баласы бар турбай. Ошол сен экенсиң да.

– Ооба, карыя, менмин.

– Анан ошончо жылдан бери бир каттабай кайда жүрдүң?

– Сизге чын эле айтышкан экен, кырк жыл мурда өлүп, жакында эле тирилдим.

– Ок, эмне дейт, атаң көнөчайындын баласы. Ушунтип да тамашалайт бекен?

– Тамаша эмес, аксакал. Сизден сурайын дегеним – ал кишинин жаткан жайын көрсөтүп бере аласызбы?

Карыя негедир тигини оңурая карап калды. Бул эмненин башын чаргытып жатат, өлүп калып, жакында эле тирилгени эмнеси. Жөн-жай киши эмес го деген түкшүмөл ойго жетеленип, тунжурай түштү. Барат Базарович жылмая карады:

– Чочубаңыз, аксакал. Мен арбак эмесмин, же сиз машина айдаган арбакты көрдүңүз беле?

– Ким билет, түгөттүкү. Антпейин десем сөзүң башкача чыгып жатпайбы. Азыр бирөөнө ишениш кыйын болуп калбадыбы.

Барат Базарович аны акырын кучактай берип, далысынан таптады.

– Кабатыр болбоңуз, аба. Менин залалым жок. А жанагы сөздүн өз чындыгы бар, аксакал. Он ай көтөрүп, омурткасын сыздатып, жанын оозуна тиштеп төрөп, жарык дүйнөгө алып келген баласы кырк жылы дайынсыз кетип, анан ошол баласынын айынан эки көзү соолуп, мусапыр болуп калган энесинен бир кабар албаган баланын өлбөгөндө эмнеси калды дейсиз.

– Аа, кеп оролун эми түшүнбөдүмбү, балам. Аның ырас. Көрсөтүп бербегенде анан. Ал кургур өлөрүндө да айылдагы карыяларга: «Мен өлгөндө мүрзөмө белги коюп, атымды жазып коер жакын туугандарым жок. Кокустан балам мен өлгөндөн кийин келип калса, жаткан жайымды таппай калбасын. Жок дегенде бир жыгач сайып, белгилеп койгула. Балам ошондон таап алып, Куран окусун», – деп кан какшап айткан. Мынчалык баласын күткөн, күдөрүн үзбөгөн жан болбос асты пендеде. Жүрү.

Айылдан чыгып, жайдак адырдын этегинен орун алган бейитке келишти. Машинадан түшкөн карыя, эки колун аркасына ала алдыга түштү. Бир кыйла чоң, кенен экен. Иретсиз тургузулган ар кандай эстеликтерди аралап, ичке жол менен жүрүп отуруп, бейиттин жарымынан өтө бергенде солго бурулушту. Эки чоң эстеликтин ортосуна куушурулуп, басырылып калган молонун жанына келишти. Анын үстүнө айры саптай болгон жыгач сайылуу турган экен. Бир жагына ооп, жыгылайын деп калыптыр. Карыя жука чепкенинин эки өңүрүн тизесине бүктөй берип, чөк түшө олтурду. Барат анын катарына көчүк басты. Ал Куран билбейт эле. Карыя кырааты менен созолонтуп, коңур үнүн жай, салмактуу чыгара окуп кирди. Негедир узакка окуду, мурда угуп жүргөнүнө окшободу. Адатта дуңгандар менен арабдар ушундай окушчу эле. Куран аяктап калганда карыя:

– Зууранын атасы ким, кимдин кызы эле, – деп сурады.

– Апам… – Барат андан нары уланта албай муунуп калды. Чынында таятасынын атын эсинен чыгарып жибериптир. Кайсалай түшкөн Бараттын көзүнө соройгон жыгач урунду. Анын боорунда өчөйүн деп калган жазуу бар эле. Кимдир бирөө жыгачтын боорун жалпайта түздөп, ага: «Зуура Ысак кызы, 1940-2007-жж.» деп жазып коюптур. Шашып, аптыккан Барат, күтүп калган карыяга басыңкы үнү менен:

– Ысак кызы, Зуура Ысак кызы, – деди. Куран окулуп бүткөндөн кийин карыя ордунан туруп, этегин кагына, тигини далысынан таптады:

– Кайрат кыл, баатыр. Байбиченин жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун, ыйманы саламат болсун. Кайрат кыл.

Ал тигиндей басып кетти. Шыбактын кермек жыты мурунду өрдөгөн, сырын ичине ката мостойгон бейитте Барат Базарович жалгыз калды. Ордунан эңкейип, молонун боорундагы тизеден өтө чыккан куурайларды тутамдап жулуп, тигиндей таштады. Катып калган топурагын уучтап, аласалдырып койду. Жантайып калган жыгачты түздөп, түбүн таш менен ургулап бекитти. Анан чөк түшө олтура калып, букулдап ыйлап жиберди. Баятан берки көкүрөгүн кысып турган бук сыртка жанар тоодой атылып чыкты. Көз жашы бети ылдый куюлуп жатты. Эки колу менен молону таянып, анан аны кучактай жыгылды. Ый аралаш буулугуп: «Апа, апаке, кечир мени, мендей эссиз, ташбоор балаңды кечир. Сенден безип, безери болуп кеткенимди кечир, апаке. Сени адам чыдагыс азапка салып коюп, карегиңди соолутуп коюп, бир кайрылбай кеткен иттигимди кечир, апакебай. Сенин жаныңдан чыкпай, колуна кол, бутуңа бут, көзүңө көз болуп жүрүшүм керек эмес беле. Сени алаканыма салып бапестеп алышым керек эмес беле. Көңүлүмдүн кубаты, төрүмдүн көркү кылып, өмүрүң өткүчө мойнума көтөрүп жүрүшүм керек эмес беле. А мен айбан, антпедим. Ал тургай сенин бар экениңди да унутуп койдум. Бул сенин алдыңдагы, Кудай алдындагы жууса кеткис зор күнөөм. Адамкерчилик менен абийирдин алдындагы зор күнөөм. Билем, эгерде көзүң тирүү болгондо кечирмексиң, кайра кубанганыңдан баса жыгылмаксың. Анткени сенин жүрөгүң ошондой жумшак, боорукер болчусуң. Ошондуктан эки көзүңдү мага берип коюп, олтуруп калбадыңбы, апакебай. А мен өзүмдү кечире албайм, эч качан кечире албайм. Мындайды кечирүүгө болбойт. Эми мен ошол сенин, Алланын, адамдыктын, ыймандын, абийирдин алдында кетирген күнөө менен жашап, ошол нар көтөргүс жүктү жонума салып, көтөрүп жүрүшүм керек. Бирок, кантип? Ушул жүк менен кантип жашоого болот, апа? Ушул жүк менен дегеле жашоого укугум барбы, жашоого болобу?» Жообу жок суроолорго тытмаланып, апасы көмүлгөн дөбөчөнү кучактап, көз жашы менен жууп, боздоп жатты. Күн батууга чукулдап калган маалда, асманда кара булуттар уюлгуп, чогула баштады. Алар кандайдыр бир жаман нерсенин караанын алып келе жаткандай…

*     *     *

Адатта ийри өскөн дарактын түздөлбөсү айгине. Адамдын калыптанып калган мүнөзү деле ошого окшош. Мына ушундан улам «ар адамда ар кыял, аны оңдоп ким тыяр» деген сөз төгүн жеринен айтылып калбаса керек. Бирок, Барат Базаровичтин кулк-мүнөзү айылга барып келгенден кийин кескин өзгөрүп кетти. Адамдар менен көп сүйлөшкүсү келбей, өзүнчө оолактайт. Берген суроолоруна кыска жооп кайтарып, алыстап кетүүгө аракеттенет. Басса-турса ой басып, өзү-менен өзү алек. Тамак ичип атса да жанындагылардын кобур-собуруна көңүл бурбай, кайдадыр бир ээн талаада жалгыз олтургандай тунжурайт. Мунун себебин биле албаган Бурулуш өзүнчө бушайман. Дубайга бир айлык эс алуу путевкасын оңбогондой акчага сатып алып, анан дал учуп кетеринде эч нерсе айтпай-этпей, көл башындагы кайдагы бир айылга жөнөп кетиши акылга сыярлык жорук эмес эле. Мунусуна бир таң калса, бир кыжыры келип, өзүнчө албууттанды. Ошол учурда колуна тийгенде, тытмалап жиберет беле, ким билет. Оңойбу анан, ошончо чыгым болуп, анан жолуккан тааныш-туунуштарга ооз толтура айтып коюшса. Айылга барып-келген жагдайын деле жөндөп, ынанарлык түшүндүрүп бере албады. Энеси кайтыш болгон имиш, кечигип калып, топурак сала албай калыптыр. Бейитине барып, Куран окутуп келиптир. Болгону ушул. Ботом, өлгөн киши көрүнөн тура качат беле, кийин деле, эс алып келген соң деле барып, куран-суранын окутса өлүп кетпейт эле го. Баса, экөөнүн үйлөнгөнүнө жыйырма жыл болду, бир жолу да апам бар деп айткан эмес. Үйлөнөр алдында бекен, же үйлөнгөндөн кийинби, айтор, бир сапар жетим балдар үйүндө чоңойгонун айткан. Анан кайдагы энесин айтып жатканы белгисиз. Ай, ким билет, мунусу бир курулай шылтоо болсо керек. Балким, ниети бузулуп, солкулдаган бирөөнө көзү түшүп калгандыр? Бул азыркы байлардын, чоңдордун, анан депутаттардын өзүнчө бир адатына айланып калбадыбы. Бурулуштун ниетине мындан башка түзүгүрөөк нерсе жакындабай койду.

Барат Базарович бүгүн да кызматына эрте келген. Кыйратып жумуш бүтүрүп, чечилбей жаткан маселелерди чечейин деген ою жок, жөн гана көнгөн кабинетине келип, жалгыз олтургусу келет. Анын үстүнө күйүп бараткан деле иштер жок болучу. Күнүнкү жасай турган жумуштар, быжыраган цифраларды тактап, жарайт дегендерине кол кое коюп, утверждениеге жибере турган кагаздар. Буларга да көңүлү чаппайт. Ал дагы бир кагазды карап чыгып, колун койду. Анан актай барак алып, мекеменин мүдүрүнүн атына ээлеп турган кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуп коюусун өтүнгөн арыз жазды. Кайрадан бир сыйра көз жүгүртүп чыкты, көңүлүнө жакты окшойт, колун койду. Телефон түтүгүн алып, мүдүрдүн кабылдамасына чалды. Катчы келин келе элек окшойт. Ордунан туруп, терезеге келди. Күн али чыга элек болсо да, көчөдө кыжылдаган машиналар, өйдө-төмөн дикилдешкен адамдар. Турмуш агымы токтобойт. Ал адамдарды кай жакка алып барат? Анын шарынан чыга албай, аласалган адамдардын мүдөөлөрү, жарыкчылыкка келгендеги максаттары эмне? Деги, адамдар бул дүйнөгө эмне үчүн келишет? Эзелтеден келаткан тукум чынжырын үзбөш үчүн элеби? Бирок, ошол чынжырды улаган түйүндө эмне бар, аны кандай маңыз, кандай данек менен улайт? Таттуу данектен данеги таттуу, ачуу данектен данеги ачуу өрүк өсүп чыгат. А Барат Базарович кандай данек септи, андан кандай мөмө берген дарак өсүп чыгат? Буга энеси жөнүндө эч нерсе биле электе жакшы жооп бермек. Азыр бере албайт – өзүнө-өзү жооп бере албайт. Башканын тагдыры, башканын бактысы менен жашап, ошол адамды өмүр бою шорлотуп, арманга белчесинен батырган неменин сепкен данеги кандай болушу мүмкүн? Ошол данектерден өзү эмнени күтөт? Уулантып салбайт деп толук ишене алабы?..

Эшиктин ачылышы селт эттирип, терең ойдун кучагынан сууруп алды. Караса Айганыш экен. Аны биринчи көрүп жаткандай, назарын салып карады. Табигый сулуулугу, ажарланган жүзү, эскирээк болсо да татынакай, өзүнө жарашыктуу кийинип алган келин көзүнө бир башкача көрүнүп кетти. Мурда эмнеге көңүл бурбаганына таң калды. Анын мынчалык тигиле караганына келин өзүнчө тартынып,  ыңгайсыздана түштү. Жүзү албырып кетти. «Боенбосо, тыртайып кийинбесе татынакай эле келин турбайбы» деген ой көңүлүнө тык этти. Терезеден алыстай берип, ордуна олтурду.

– Саламатсызбы, Барат Базарович, – деди келин тике карай албай.

– Саламатчылык, Айганыш. Кандай эс алдың?

– Ырахмат, Барат Базарович, жакшы. – Ал колундагы кагазды коомайлана ага сунду. Анан кете берсемби, күтө турсамбы деген кыязда буйдалды, акырын артка имерилди.

– Айганыш!

– Ии. – Чыккан үнгө жалт карады.

– Сен Базаровичсиз кайрыла албайсыңбы? Ансыз деле менин бүтүндөй өмүрүм «базар» болуп келатат.

– Кечириңиз Барат Базар… ой, агай, көнүп калыптырмын. Анын үстүнө бары ушундай кайрылышат эмеспи, алардан айрымаланып…

– Биздин шорубуз ошондо болуп жатпайбы, Айганыш. Жалпы агымдан чыга албаганыбыз, өз пикирибиздин жоктугу, өзүбүздөн жогоркулардын көзүн карап жалтактоо, башкаларды мага демектен сел алып кетсин, өзүм аман болсом болду деген принципти туу тутуу, башкалардын шоруна уруп ойнобой, алардын ырыскысын жула качуу, башка бирөөнүн тагдыры менен жашоо, колунда бар адамдардын алдында бүжүрөө, керек болсо алардын оюнчугуна айлануу. Жок, мен муну сага карата айтып жатканым жок. Булар мага, көптөргө тиешелүү. Алдыга жыла албай жаткан себебибиз да ушундан. Булар кайдан келген, каныбызга качан, кандайча бүткөн? Бузук кан менен жашоого деги болобу? Эми аны канткенде, кандай дары, кандай жол менен тазалоого болот? Же түп тамырыбыз менен тукум курут болуп туруп, анан кайра наристедей таза болуп жаралышыбыз керекпи? Ошентүүгө мүмкүнбү? Кудай бизге ушундай жолго барууга макул болот болду бекен? Болбосо наадандыгыбыздан, алдым-жуттумдугубуздан, канкордугубуздан, ачкөздүгүбүздөн, өзүмчүлдүгүбүздөн, ыйман менен  абийирибиздин кирдигинен, дегеле жан-дүйнөбүздүн Сахара чөлүндөй аңгырап турганынан улам ал да бизден биротоло түңүлүп, мага демектен бириң өлүп, бириң кал деп тескери карап кетти бекен? Айтчы Айганыш!

Мында келип, иштегенден берки эки жылдын аралыгында «алып кел, алып барып кой, мени күтпөсүн» деген көнүмүш сөздөрдөн башка ашыкча бир сөз айтпаган кишинин жок жерден көбүрүп-жабырып кетишине Айганыш таң калып да, алайып коркуп да карап турду. Айткандарынын көбүнө түшүнө алган да жок. Эмне деп жооп бере алмак эле? Көпкө унчукпай, эмне кыларын билбей, өз колун өзү кармалап тура берди. Барат ордунан туруп, салмактуу басып терезеге келди. Сырт жакшы ойлуу карап турду да, ордуна келип, креслосунун жөлөнгүчүнө эки колун жөлөп, туруп калды. Анан келинге карады:

– Мына, көрдүңбү Айганыш, ушундай. Сен жооп бере албайсың, мен да жооп бере албайм. Анан ким жооп берет? Балким, өзүнүн карачечекей көзүн жалгыз баласына берип, өзү өмүр бою темселеп, там сүзүп калган ыйык энеби? Болбосо ошо көзгө ээ болуп, анан шордуу энесин сокурсуң деп жерип, таштап кеткен, бир чымчым, болгону бир чымчым топурак салууга жарабаган, ыйман, кайрымдуулук деген жаркын сезимдерден куржалак калган маңкүртпү?

– Билбейм, Барат Баз… Барат агай.

– Болуптур, бара бер. Мен өзүмчө бир жөөлүп алдым окшойт. Көптөн бери эч ким менен сүйлөшпөй, бугум ичимди тээп кеткендей болду. Кийинки кездери эмне болуп жүргөнүмдү өзүм да билбей калдым.

Айганыш кылчак карап, кыйылуу менен эшикти көздөй бет алды. Ача берерде токтотту:

– Айганыш, токтой турчу. Балаң кандай?

– Жакшы, Барат агай, ырахмат.

– Операция кылабыз деп жатышабы?

– Ооба, акчанын жогу гана кармап турат. – Келин башын төмөн салды.

– Айтсаң, Айганыш, сен балаңдын айыгып кетиши үчүн бардыгын жасоого макул болот белең?

– Ошон үчүн сизге кыйшаңдап…

– Жок, мен аны айткан жокмун. Мисалы, сенин эки көзүңдү алып, балаңа салалы десечи?

– Билбейм, Барат агай, буга дароо жооп бериш кыйын.

– Туура, абдан кыйын. Бирок, ал киши буга жооп бербей эле, «эки көзүмдү балама алып бер» деп зарлап ыйлап, миң мертебе тиленип атып берип койгон.

– Ким?

– Бир ыйык эне.

– Кызык экен, ошентсе болот бекен?

– Болгонун айтып атам.

– Керемет эне экен. Билбейм, Барат агай, андайга менин эрким жетпейт болуш керек.

– Болуптур, мен жөн эле сурап койдум. Операцияга даярдана беришсин. Акчаны мен берем.

– Ой, Барат агай! Сизге миң мертебе ыраазымын. – Келин турган жеринде чөгөлөй калды.

– Тур, Айганыш, антпе. Бекем бол.

Барат ордунан туруп, арка жагына коюлган киши боюндай сейфти ачты да, калың конвертти алып чыкты. Мурда даярдап койгон. Басып барып, келинге сунду:

– Мына, балаңдын операциясына, жыйырма миң доллар. Менин ошол наристеге берген жардамым болсун.

– Ырахмат, Барат ага! Сизге кандай…

– Эч нерсе эмес. Бир гана нерсе, жанагы айткан ыйык эненин баласындай болуп калбаса экен. Ылайым андай болбосун…

*     *     *

Күн кыйла көтөрүлүп, Бурул ойгонгондо Барат Базарович короодогу беседканын көлөкөсүндө башын төмөн салып, терең ойдун кучагында олтурган эле. Демейде кызматына таң атпай кетчү неменин камаарабай, тигин олтурганына таң калды. Баягы айылга барып-келгенден бери аябай өзгөрүлүп кетти. Ал эмне деген каргашалуу айыл экенин, анда эмне, кандай окуяга туш болгон себебин канчалык сурамжылаганы менен түшүндүрүп бербеди. Энесинин кайтыш болгонун, кечигип, топурак сала албай калганын гана айтып, басып кетти. Мейли, ошондой болсун, бирок, качантан бери бир кезикпегени кандай? Энем бар эле деп айтпаганы кандай? Анан ошо кезикпеген, байланышпаган энесине ушунчалык кейип, ушунчалык азап чегеби? Энесин, атасын жоготкон жалгыз ошолбу? Андай кишилердин канчасы кайгырбай-этпей эле даң салып жүрүшпөйбү? Ушул эле өксүп, бүк түшүп калганы түшүнүксүз эле. Адеп ал көпчүлүк эркектер сыяктуу жаш, сулуу келинге көзү түшүп, аны жактырып калган болсо керек деп ичинен сызып жүрдү. Андай болгондо үйгө турбай, делбектеп кетмек. А бул антмек турсун, кайра үйдөн чыкпай, киши көзүнө көрүнүүдөн качат. Өзүнчө оолактап, жалгыз тунжурап, дүйнөнүн бар-жогун да унутуп калат. Бул эмне деген балакети экенин ким билсин. Өткөндө эле жаңы алган машинасын үйдөгүлөргө бир ооз айтпай туруп, сатып жибергени да кызык болду. Балким, жаман дарт менен ооруп калгандыр? Капысынан пайда боло калган ойдон аял чочуп алды. Мурда бул жөнүндө ойлонгон эмес экен.

Оюн бузуп албоого аракеттенип, беседкадагы кенен столго чай даярдай баштады. Беседка калың бактардын арасына курулган эле. Жайкысын абдан салкын. Кичинеке жел жүрсө жалбырактар шуулдап, өзүнчө бир көңүлдү куштар кылган шоокум чыгарат. Барат ушул добушту тыңшап, алда-неге берилип, магдырап олтургандай. Көзүн чала жуумп, бет маңдайында олтурган аялын да байкабагандай. Сунулган чайды алайын деген ниети жок.

– Барат! – Аялдын үнүн укканда гана селт эте берип, баш көтөрдү да, колун сунду. Бирок, чыныны алууга үлгүрбөдү. Ошол чынын ордунда Кызылкөз заматта пайда болду. Колун тартып алганча кызыл жалын чыккан көзүнө оп тартылды…

…Күндөрдүн ушунчалык узак, тажатма экенин Зуура баласын алып кеткенден кийин билди. Анын өзүн жектеп, издеп барган жерлерде «келбе!», деп кыйкырып, кыжырына тийип, көңүлүн оорутканына карабастан, балалык кылып жатпайбы, эс тартса түшүнөт деген ой менен өзүн-өзү алаксытчу. Баласы үчүн, анын бактысы үчүн ушиннтип калганын ал кайдан билсин. Билбей эле койсун. Ошенткени жакшы. Себеби кийин мен үчүн көзүнөн ажыраган экен да деп кыжаалат болбосун. Ага айтпайт, эч кимге айтпайт. Зуура ушуга бекиген. Жүрөгүндөгү ага болгон ызасы күн өткөн сайын тарап, көңүл жарасы айыгып, карттанып түшөт. Анын ордун сагыныч, куса ээлейт. Жүрөгү эми ушул экөөнөн зыркырап, жанына жай бербейт. Айдай жокто кыжырланып, кежирленсе да чайын кайнатып берчү, кемегеге от жагып берчү. Эми Айдай да жок. Көл боорундагы айылдардын биринде жашаган жигитке турмушка чыгып кеткен. Антпегенде кантмек эле. Ага карап эле жүрө бермек беле. Турмушка чыгып, үй-жайлуу, бала-чакалуу болушу керек да. Ошентип, үйдө жалгыз. «Башка түшсө байтал жорго болот» деген сөз төгүн жеринен айтылып калбаптыр да. Адеп көзү көрбөй, башына караңгы түн түшкөндө, мүңкүрөп олтуруп калган. Андан бери үч жылдан ашыгыраак мезгил өттү. Эми таягы менен жол тандап басканды, чырпык кертип, кемегеге от жакканды, чай кайнатканды билет. Кээде тамак жасап ичет. Идиш-аягын өзү жууйт.

Өлбөгөн жандын оокаты өтө берет турбайбы. Бараттын кеткенине бир жыл болду. Бул мезгил ага он жылдай сезилди окшоду. Үнүн угуп, бетинен бир жыттоого зар болду. Ишенгени, караан тутканы Ишен мугалим. Ага барып «балам качан келет», – деп сурай берет. Ал болсо: «Бир аз чыдап тур, Зуура, жайкы каникулга чыкканда келет», – деп жооткотот. Өткөндө өз жумушу менен борбордо болгонунда Барат окуган балдар үйүнө барып, ага жолуккан. Энесинин сагынып атканын, каникулда барышы керектигин айтканда: «Барбайм!», – деп басып кеткенин айта албады. Бечера келиндин жүрөгүн оорутуп алуудан коркту.

Зуура август айы ортолоп калганда чындап келбесин түшүндү. Жакында жаңы окуу жылы башталат. Анда кантип келсин? Курган бала, өзү жалгыз келе албай калды го, Ишен бирөө узатып келет дебеди беле, ошонусу болбой калды бекен? Эми эмне кылсам, кандай айла тапсам, деп кыжаалат болот. Ошентип олтуруп кайнатып алган чайы да жүрөгүнө баспай койду. Кичинекей, жапыз столдун үстүн майлык менен жапты да, тышка чыкты. Баягы көнгөн жолу менен Ишендикине жөнөдү. Терезесинен көргөн Ишен сыртка чыга калды:

– Кел, Зуура, мындай олтур.

– Келдим, Ишен аба. Келип атып, сизди да кыжаалат кылып бүттүм окшойт. Антпейин десем бала кургурга түтпөй атпаймбы.

– Түшүнөм, Зукен, эч нерсе эмес. Келип калыпсың?

– Окуусуна да аз калды, эми келбесине көзүм жетти. Ал кеткенден бери пенсиямдан чогулткан акчам бар. Барып келейин деп атам. Дарек дайынын тактап жазып берсеңиз, сураштырып табаармын, – деди ал бир чечкиндүүлүк менен. Ишен аны ойлуу карап олтурду. Кымгуут түшкөн шаарда бул бечера баласын кантип табарын көз алдына келтире албай жатты. Бирин-бири кубалашкан машиналардын алдында калса эмне болот? Бирок, бул келинди өз оюнан айнытууга болбостугун түшүнүп турду.

– Макул, Зуура. Бишкекте менин улуу балам окуйт, бүгүн ага телефон чалайын. Эртең кечинде сени вокзалдан тосуп алып, балаң менен жолуктуруп койсун, – деди. Зуура кубанганынан ыйлап жиберди:

– Ой, Ишен аба, Кудай сиздин тилегиңизди берсин. Чоң ырахмат.

Бул түнү ал кирпик көзүн-какпай, таңды аппак атырды. Ошентип, эртең менен Караколго келип, анан Бишкекке кетүүчү автобуска олтурду. Кийинки үч жылдан бери машинага түшүп, айылдан чыкканы ушул. Зуулдаган «Икарус» автобусу жай, өтө жай бараткансып, кыйпычыктап олтурду. Кеч бешимде Ишендин баласы Айтбек вокзалдан тосуп алды. Зуура шыдыр эле баласына барабыз го деп ойлогон. Бирок, Айтбек азыр кеч болуп калганын, ал жакка барганы менен киргизбей коерун, эртең барып, кенен-кесири сүйлөшкөнү жакшы экенин айтты. Кыйылып туруп, макул болду. Мына, бир жыл бою зарылткан баласы окуган жер. Аны көз менен көрө албаса да, баласынын жыты келгендей, өзүнө жакын сезилип кетти. Кан тамырлары балкылдап, жүрөгү туйлап кетти. Азыр баласы аны көрө коюп, бардык чыргоосун эсинен чыгарып, кучагын жая чуркап келип, кучактап калчудай сезилип кетти. Балдардын үнү чыккан жакка кулагын төшөп, таягын тыкылдата ошол жакка умтулду. Колтуктап бараткан Айтбектин колунан да чыгып кетти. Энтеңдеп баратып, жыгач отургучка тизесин катуу уруп алды. Көмкөрөсүнөн түшөрүндө Айтбек жетип, кармап калууга үлгүрдү. Көзүнөн от чагылып, бутун сүйрөп ошого көчүк басты. Тизесин кош колдоп басып, онтоп жиберди. Муну тигил балдардын арасында турган Барат көрдү. Баягы, бир жыл мурдагы кыялы кармап, кыжынып кирди. Бул жакка келет деп ойлобогон бала, темселеп жетип келген апасына кыжыры келди. Топтон бөлүнүп, жанына басып барды да, болгон үнү менен кыйкырды:

– Ой, мен сени издебе, издеп келбе дебедим беле. Эмне келдиң бул жерге. Кет! Экинчи келбе, уктуңбу?

Баласынын үнүн, кыйкырган сөздөрүн капысынан уккан эне, бетине шыргалаң суу чачылгандай, селейип олтуруп калды. Эмелеки жакшынакай тилеги ташка тийип, быркыраган чыныдай мостойду. Көздөрүнөн ысык жаш куюлуп кетти. Анан жаш аралаш, муңканган үнү менен унчукту:

– Балам, антпе балам, сени издебегенде кимди издейм, берекем. Сагынып, куса болуп келдим. Жакын келчи, айланайын.

– Барбайм. Кетип кал бул жерден. Такыр келбе.

– Айтчы балам, сага мен эмне кылдым эле, көңүлүңдү калтырып, шагыңды сындырдым беле? Мени эмне үчүн мынча жектейсиң, каралдым? Менин жашоодо болгон үмүтүм, карманган тилегим сенсиң, балам. – Зуура буркурап боздоп ыйлап жатты. Анын үнүн уккан балдар, мугалимдер жыйнала башташты. Буга баланын ого бетер жини кайнап, титиреп кыйкырды:

– Жок, менин сендей апам жок. Мен сокур аялдын баласы болгум келбейт. Сен сокурсуң, менин сокур апам жок. Уктуңбу, экинчи издеп келчү болбо.

– Барат, токтот сөзүңдү! Бул эмне деген жорук? Өз апасына ушинткен болмок беле, – деди мугалимдердин бири ага жакындап. Бала тайманбады:

– Анан эмне издеп келе берет? Мени издебесин, мен мунун баласы эмесмин. Мен сокурдун баласы болгум келбейт.

– Токтот деп жатам! – Мугалим аны жакка чаап жиберди. Бала колун күч менен тартып чыгарып алды да, бак тарапка чуркап кетти. «Чак» деген үндү уккан келин селт дей түштү. Үн чыккан жакка башын буруп, буулуга сүйлөдү:

– Урбагыла! Тийбегиле балага! Жөн койгула, мен ага таарынбайм. Азыр бала эмеспи, акыл-эс кире элек. Эс киргенде түшүнөт. Айтбек, айланайын, алдагы алып келгендерди Баратка бер. Азыр сөзгө келчү түрү жок. Өлбөсөм кийин келермин. Кайталы.

Келин ооруган тизесин колу менен басып, ордунан араң турду. Бардык жакшы нерсесин ушул жерден талкалап, бүлүндүрүп алган немедей аргасы түгөнүп, башы айланып, бут алдындагы жер көчкөндөй сезди. Колтугунан сүйөгөн Айтбектин артынан сүйрөлө кадам таштап, боздогон бойдон дарбазадан чыгып баратты. Ушул учурда топтошуп, узата келаткан балдардын арасынан бирөө ыйламсыраган үнү менен:

– Атаңгөрү, ушул эже менин апам болуп калса, такыр жанынан чыкпайт элем. Барат болсо качып атпайбы, жинди десе, – дегенин кулагы чалды Зууранын. Түз жерден мүргүп алып, дарбазадан чыгып кетти.

Үйүнө салбырап келген Зуура бүк түшүп жатып калды. Бардыгы бүттү, деген ой көңүлүнөн кетпей, сары зил болуп көлкүлдөп жатты. Мурда баласынын эмне үчүн минтип жүргөнүн ачык түшүнгөн эмес. Жөн гана балдардан тартынып, апасынын сокурдугунан уялып атса керек, убакыт өтсө көнүп, унутуп калат деген ойдо жүргөн. Көрсө, жаңылыптыр, буга көнбөйт экен, унутпайт экен. Анын дарты тереңде экен – сокур энелүү болгусу келбейт экен. Сокур аялдын баласы болгусу келбейт экен. Анын эси жок атасы Мурат да сокур баланын атасы болгусу келбей, кетип калбады беле. А эмне үчүн анда Зуура деле сокур баланын апасы болгум келбейт деген жок? Антмек турсун, бул ой анын дилине эмес, түшүнө да кирбеди. Кайра минтип көзүп берип… «Мен сокурдун баласы болгум келбейт» деген өз жатынын жарып чыккан баласынын кыйкырыгы көпкө чейин кулагында жаңырып жүрдү, ансыз деле караңгылык каптаган дүйнөсүн ого бетер түнөртүп жүрдү. Анткен сайын жүрөгү сыздап, асманы аңтарыла боздойт. Эки-үч күнгө чейин бүк түшүп, жатып калат. Бирок, тирилик биротоло токтоп калбаган соң, кайра туруп, өлбөстүн күнүн кечирүү камында кыбырайт. Бары бир баласын кыйып кете албай, боор толгойт. Сагынып, куса болот. Бир аз чоңоюп, акыл-эс кирсе түшүнөт, ошондо өзүнүн жоругуна өзү уялып, өзүнө-өзүнүн кыжыры келет. Мага келип, кечирим сурайт. Кечирбегенде кайда бармак эле, эне да, кечирет. Ошентип, кайрадан экөө бирге болот. Ага чейин окуп, билим ала берсин. Жакшы билим алса, жакшы адам болуп чыгат. Андай адамдар боорукер, кайрымдуу, түшүнүктүү болушат эмеспи. «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» деп коюшат эмеспи. Бир азга чыдаса, бардыгы жакшы болот. Пенделик жашоосуна жалгыз тирек болуп, аны биротоло чөктүрүп жибербей, кармап келаткан тилегине жетет. Бараты келип, дайыма жанында болот. Жакшынакай келинчек алып, анан неберелүү кылат. Оо, небересин алдынан чыгарбай, өзү эле багып алат. Анан басып калганда аны жетелеп алып, көчөгө чыгат. Куураган таяктын ордуна ошол жөлөк, соолуган көздүн ордуна ошол көз болуп берет. Уул-келиндин жумшак мамилесинен, жылуу чайынан, неберелердин күлкүлөрүнөн башка бул жашоодо дагы эмне керек?

Зууранын тузу кем турмушундагы бирден-бир көңүл жубатары, эртең менен колунан тартып тургузуп коеру ушул. Күн сайын ушундан канагат алып, ушундан кубаттанып турат. Көрсө, байыртадан бери ата-бабалар: «Жакшы тилек – жарым ырыс», деп бекер жеринен айтышпаптыр. Мына ошол ырыс менен жашап, ошол ырыс менен күндөрдү күргүштөтүп, айларды агылтып, жылдарды жылдырып жатты. Бараттын кеткенине беш, анан он жыл болду. Анан анын артынан дагы бири, экиси, үчү өттү. Келбеди. Баягы «издеп келбе» деген сөзү дале жүрөгүнөн кетпей, ага баруучу жолду тосуп, өткөрбөй жүрдү. Бир сапар кошунасынын баласы ага кезигип келгенин айтты. Жогорку окуу жайында окуп жаткан экен. Буга абдан кубанып калды. Келер-келбесин сураганда тиги бала мукактанып, ачык жооп бере албады. Зуурага ушул эле жетиштүү эле. Баласына эс кирбептир. Энесинин ал-ахыбалын түшүнбөптүр. Мейли, иши кылып аман жүрсө болду, деди ниетинде. Жан-дүйнөсүнөн бир нерсенин тырс этип, сынып кеткенин сезип, шалдырай түштү. Ушундан кийин дагы жети-сегиз жыл өтүп кетти. Дагы бирөөдөн Бараттын чоң кызматта иштеп атканын укту. Ошо жолуккан киши анын үйлөнүп, эки-үч балалуу болгонун айтып келди. Анын турмушунун жакшы баратканынан көңүлү тына түшкөнү менен, ичи эңшерилип, баягы жакшы тилектеринин улам бири эски тамдай кулап түшүп, алдан-күчтөн тайытат. Келеринен акыры үмүтү үзүлүп, көкүрөгүндөгү бир ууч ишеними салаалардан чууруган кумдай азайып баратты.

Негедир ушул кыш Зууранын чыдамын кетирип, өтө узакка созулду. Акыры өлбөгөн жанга жаз келип, күн жылыды. Ушуну зарыга күттү эле. Эрмек кылып, саап ичкен жалгыз эчкисин саттырып, кошунасынын тестиер кызын ээрчитип, бир күнү дагы Бишкекти көздөй жөнөдү. Дарегин өткөндө жолугуп келген жигиттин жанын койбой атып, жаздырып алган эле. Анысын тез эле таап алышты. Эки кабат заңгыраган чоң там экен. Кулачтаган бийик, темир дарбаза. Муну жанындагы кыз айтып атты. Калтыраган колу менен дарбазаны акырын какты. Ич жактан арсылдаган ажаан иттин үргөнү угулду. Бир аздан кийин ичинен бекиткен темирдин шарак этип, анан дарбазанын ачылганы угулду. Ошол замат Зуура дирилдеген үнү менен:

– Айланайын, ушул үйдө Барат жашайбы, – деп сурады негедир артка кетенчиктей берип.

– Силерге эмне керек? – Жоон үндүү жигит корс этти. Мындай бейтааныш, орой, кайдыгер үндү Зуура көп жылдан бери укпаган. Бирок, бары бир тааныды. Корс эте, чекеге чапкандай, көңүлдү кайтара чыкканы менен жүрөгүнө жакын үн эле.

– Барат, каралдым, бул менмин, Зуурамын! – Кардыккан үнү дирилдеп, ыйлап жиберчүдөй чыкты. Муун-жүүнү бошоп, бакырып ийбей араң турду. Ушунча жылдар бою көкүрөгүн тиреп, көлкүлдөп жыйылган сагынычы, кусасы азыр ашып-ташып, жанар тоо болуп атылып кетчүдөй, анан анын ысык жалыны бүтүндөй дүйнөнү каптап кетчүдөй сезилип кетти. Тигил жигит кучактай калса эле жарылып, жер таяна жыгылууга даяр турду. Бирок, андай болбоду. Барат жан-дүйнөсүндөгү ачыла калган бажырайган гүлдү баткак таманы менен былчыйта басып өткөнсүдү.

– Ай, дагы баягы… – Ал уят-сыйытсыз сөгүнүп алды. Анан ызырына, бир-эки кадам басып, Зууранын жакасынан алды:

– Угуп тур, кемпир, андай киши бул үйдө жашабайт. Барат деген киши мында жок. Азыр жогол, болбосо итке талатып өлтүрөм. Уктуңбу, бол, тез жоголгула.

Ал дарбазасын шарак эттире жапты да, ичинен илип алды. Нары жактан аялдын: «алар кимдер экен», – дегени, анан жанагы жигиттин: «каңгыган бомжылар, адамдын жанын коюшпайт го булар», – деген үнү кулагына жаңырып, тээ асман тараптан дүңгүрөп угулду. Анан ошол үнгө аралаша кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн союл жогортодон келип, Зууранын дал төбөсүнө тийгенсиди. Көңүлү айнып, бут алдындагы жер көчүп бараткан сымал, бир нерсени кармай калууга аракеттенгендей, эки колун туш-тарапка сермеледи. Бирок, колуна эч нерсе урунбады, жер таяна жыгылды. Өзү менен кошо жер оодарылып, жыгылып бараткандай болду. Көз ирмем аралыгында: «Бүттү, эми бардыгы бүттү!» деген ачуу ой көөдөнүнө тепчилип өттү. Жанындагы кыз коркуп кеткенинен кыйкырып жиберди. Ошол кыйкырыктын арасынан кимдир бирөөнүн: «Барат!», – дегенин укту. Андан наркысы эсинде жок…

– Барат! – Катуу чыккан үндөн селт эткен Барат маңдайындагы аялын көрдү. Ал чай сунуп олтуруптур. Өзү да колун сунган боюнча, былк этпей олтурган экен. Эсине келе, сунулган чайды алып, алдына койду.

– Ботом, эмне болуп атасың? Кайда жүрөсүң деги?

– Эч нерсе, мындамын.

Ал кайрадан унчукпай калды. Ушул чай сунум аралыгында Зууранын – апасынын өмүрү менен жыйырма жылга чукул мезгил жашап өттү. Бул экинчи жолу ушундай таң калыштуу абалга кабылышы эле. Буга чейин муну кайсы күч, кандай максат менен жасап атканын билбейт болучу. Бирок, ал азыр негедир бир ойго кетти: балким, аны эненин баласы үчүн эмне деген азаптарга барганын ошол эненин өзүнө кирип, эненин өзү болуп сезсин деп аткандыр? Болбосо сөз менен айтып түшүндүрүш, жеткириш кыйын эмеспи. Туура жол, деди ал өз ниетинде. Ооба, ага жетти, түшүндү. Жанагы дарбазанын сыртына жыгылып калган өзүнүн, жок, апасынын элеси көз алдына кайра тартылды. Албетте, дарбазаны ачканда бет алдында турган таякчан, бели бүкүрөйүңкү, чачы куудай болгон арык кемпир турган. Аны көрбөгөнүнө көп жыл болуп калса да, бары бир тааныды. Апасы экенин билди. Чынында ал кишини унутуп бараткан. Анын ушунчалык өжөрдүгүнө, издеп келбе дегенине болбой эле, дагы келип, өзүн эстеткение абдан кыжырланып кетти. Өзүн кармана албай сөгүнүп алганын да байкабай калды. Мындан кантип биротоло кутулса болот деп да ойлоп кетти. Дарбазасын бекитип, экинчи кабаттын терезесинен караса кемпир жерде жыгылып жатыптыр. Жанындагы кыз колунан тарткылап, чырылдап ыйлап жатты. Аны бирөө мында кел дедиби, деген ой аны былк эттирбеди. Карап тура берди. Андан-мындан болуп, кишилер чогула баштады. Анан кимдир бирөө машинасына салып кеткенин көрдү. Ооруканага алып кетти окшойт.

Алдындагы чайды алып, бир-эки ууртап, кайра койду. Муштумдары өзүнөн-өзү түйүлүп, башына кан тээп баратканын сезди. Өзүнө өзүнүн кыжыры келип, эмне кыларын билбей кетти. Эмне үчүн?.. Чүкөдөй, бечара бир кемпирге эмне үчүн ушунча карарды? Мынчалык айбандык кылгандай ал ага эмне кылды? Өз бактысынан аша кечип, анын, Бараттын бактылуу болушун тилеп, ошон үчүн кылган ченде жок жакшылыгы үчүнбү? Бул суроого жооп бере албай турду. Адамдан да ушунчалык ташбоор, кайрымсыз жан чыгарына ишене албай, өзүнчө туталанды. Ал кишиге эмне үчүн мынчалык карарганын, аны жек көргөнүн азыр түшүнө албай атты. Эгерде апасы болбогондо бул кезде кандай абалда болот эле? Мүмкүн базарларда кайыр сурап, шүмүрөйүп жүрмөк. Андайларды көрүп жүрбөйбү, көп эле. Базардын кире беришиндеги цементте жайдыр-кыштыр олтуруп алып, комуз менен жалаң муңдуу ырларды ырдаган жигит көз алдына тартыла түштү. Ошонун катарында өзүнүн ырдап отурганын… ал башын силкип алды. Эх, наадан! Ошондой тагдырдан карачечекей эки көзүн берип, куткарып алган апасын өмүрү өткөнчө бөпөлөп, куш жаздыкка жаткырып багуунун ордуна төшкө түртүп, үйүнө киргизбей, кубалап жибергени кандай иттик, кандай наадандык! Адам пендесинен да ушундай айбандар чыгат экен, ээ? Эх, Теңир, ушуга сен кантип жол берип койдуң экен? Мендей кесеп жанды адамзат коомунан тазалап, кескилеп өлтүрсө да аздык кылат, деди өз оюнда. Ушул ой жан-дүйнөсүндөгү өсүп турган байтүп даракты түбү менен омкоруп кеткенсиди. Өзүнөн-өзү шалдырай түштү. Стол үстүндөгү бычакка көзү урунду. Аны ала коюп, өзүн-өзү бишкектеп салгысы келип кетти. Бирок, буга эрки жетпесин билип турду, жанагы элестен ажырай албай, тунжурап олтура берди. Ушул учурда аялы:

– Айтчы Барат, сага эмне болду? Кийинки кездери абдан өзгөрүп кеттиң, бир жериң ооруп жүрөбү? – деп сурады.

– Туура таптың. Меникиндей оору бул дүйнөдө жок.

– Ал эмне болгон дарт экен?

– Нааданчылык деген.

– Эмне?

– Сен түшүнбөйсүң. – Барат чайын ичпей ордунан турду.

– Жайынча түшүндүрүп бербейсиңби анан.

– Андан майнап чыкпайт.

– Эмнеге?

– Анткени сенин дүйнөң такыр башка.

– Муну сен кайсы мааниде айтып жатасың?

– Түптүз мааниде.

– Түшүнбөйм, – деди аял ийнин куушура берип.

– Мына көрдүңбү, өзүң айтып атасың.

– Болуптур, байболгур, айтпасаң айтпай эле гой. Бүгүн ишке барбайсыңбы?

– Барбайм.

– Эмнеге?

– Мен жасар ишимди жасап бүттүм. Эми бошмун. Таптакыр бошмун…

Ал эки колун эки жакка жая көрсөттү. Мунусу мына көрдүңбү, кызмат да жок, бара турган жер да жок, шаша турган да эч нерсе жок деген ишаараты эле. Ал Бурулду кыйлага чейин тунжурап, үн-сөзсүз карап турду. Бир нерсе айтайын деп барып, кайра айныды окшойт. Көзү адаттагыдан тыш бакырайып, жалжылдап кетти. Кандайдыр бир нурдун учкундары чачырай түшкөнсүдү. Ушунча тикчийип, ирмелбеген көзүнө көз карашы урунду. Мурда мындай абалын көрбөгөн аялы негедир сестенип, дирт этип алды. Анан ушул көздөрдүн түпкүрүнөн сызылган кызыл нурдун өңү кубарып бараткан сыяктанды. Көк асмандай тунарган көздөрдүн тээ тереңиндеги от күйүп бүткөн шамдай болуп, акырындык менен өчүп баратканын сезди. Анын ордунда чексиз боштук пайда болгонун көрдү. Аял бир нече  көз ирмем аралыгында жылт эткен бул өзгөрүштү былк этпей, дени үшүп карап турду. Барат муну сездиби жокпу, ким билсин. Оор улутунуп алды да, нары бурулуп, бактын түпкүрү жакка басты. Эки колун аркасына алып, бүкүрөйүңкү тартып баратты. Чарчаңкы абалда, башы төмөн салынган. Кадамдарын жай, бүт аргасы түгөнгөн адамдай иретсиз таштайт. Артынан карап турган Бурул негедир аны аяп кетти. Балким, өмүрүндө биринчи сапар ушундай сезимге кабылгандыр? Муну менен иши жок Барат бир аз узай түшүп, токтой калды. Анан боюн түзөп, көкүрөгүн керип алды. Негедир бою алда канча узарып, бараандуу көрүндү. Кандайдыр бир чечкиндүү, түйүндүү маселени чечүүгө бел байлагандай ишенимдүү, салабаттуу боло түштү. Эми ал бир нерседен кечигип калчудай, кадамдарын арыштай таштап, ашыккан түрдө басып кетти.

«Ботом, ушундай да киши болобу, деги түшүнүп болбойт. Абдан өзгөрүлүп кетти. Балким, жанагы оорусу да чындыр? Бирок, анысын ачык айтпай атпайбы. Ишинен да бошонуп алганбы, түгөттүкү», деген ойго кеткен Бурул, чайын ичип олтурду. Жанагы оту өчүп, жансыз, чексиз боштук ээлеген көз карашы кайрадан көз алдына тартылды. Мунун эмне экенин түшүнө албады. Негедир жүрөгү опкоолжуп, белгисиз бир нерсеге  кыжаалат болуп атканын сезди. Бирок, мунун жөн-жайы ага белгисиз эле. Бир маалда денеси дирт этип, өзүнөн-өзү чочуп кетти. Колундагы гүлдүү, кооз чынысы жерге түшүп, сынып калды. Буга кошул-ташыл болуп, көптөн бери сол көзүнүн тартып келатканы эсине түштү. Мына, азыр да балкылдатып тартып кирди. Көңүлү чөгүп, маанайы пастап кетти. Жаман ойдон алаксыйынчы, деген ниетте ордунан туруп, чынынын сыныктарын чогултуп, өзүнүн башынан тегеретип алып, жаман чакага салды. Барат кеткен тарапты караса, дале көрүнбөдү. Бактын бир жерине барып жатып алса керек. Колундагы шыпыргы менен калакты тигиндей коюп, бактын ичин аралай басты. Бак калың эле. Муштумдай болгон кызыл алмалар бышып, шактары ийилип турат. Жакында терип алуу керек. Өткөн жылы ушул алмадан эле жүз элүү миң сом киреше алышкан. Быйыл деле андан кем болбойт. Кыялында ушинтип ойлоп бараткан Бурул, бет алдынан, жаңгактын чоң бутагына асылып турган Баратты көрө койду. Бир бакырып алды. Чуркап барып, бутунан жогору көтөрүмүш болду. Алы жетпеди. Денеси катый түшүптүр. Эмне кыларын билбей, бир быякка, бир тыякка чуркап, алдастады. Үйдө экөөнөн башка эч ким жок эле. Кимдир бирөөлөрдү жардамга чакырып, кыйкырып жатты. Уккан жан болгон жок. Көчөгө чуркап чыгып, кайра тартты. Келе жатып, анча бийик эмес бутакта салаңдап асылып турган Бараттын жүзүнө көз чаптырды. Башы бир башкача артка чалкалап, чакчайган көздөрү асман тарапка тигилип калыптыр. Адатта муунган адамдардын башы төмөн салаңдап, көздөрү жумулуп калат го. А мунуку тескерисинче, асмандан бир нерсени карап тургансыйт. Бирок, көздөрү жансыз, оту өчкөн, нурсуз, кандайдыр бир түнөргөн боштук толгон көздөр эле…

21.06.13.-30.07.13.

М.Сатыбалдиевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Мусакун Сатыбалдиев. «Жанотсуз көздөр»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.