«ПОЭЗИЯ – МУУНДАРДЫ БИРИКТИРЕТ»

jolon_mamytov1

Акын жана коомдук ишмер Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу жана Жолон Мамытоватындагы «Жаштарды колдоо» фонду биргеликте «Поэзия муундарды бириктирет» конкурсун өткөрөт.

Конкурстун шарты: 28-декабрга чейин китептерди сынакка тапшыруу.

Сынакка кенже жана орто муундагы акындар катыша алышат.

Улуу муундар сынакка түшкөн чыгармаларга баа берип, жеңгендерге байгелерин тапшырат.

Номинациялар:

  1. Жолон калеминин мураскери – бир орун
  2. Эң мыкты поэтикалык китеп – эки орун
  3. Поэтикалык жаңычыл үн – эки орун
  4. Канаттуу саптар — үч орун
  5. Бир жолку стипендия – беш орун.

Конкурстун жыйынтыгы 2015-жылдын 6-январында чыгарылып, ошол күнү саат 14.00дө Коомдук Биринчи каналда тартылат.

Байланыш телефондору: 0312 623 924; 0772 208 228; 0555 001 941.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.