А.Сарманбетов. “Кара шаршемби”

(аңгеме)

Бул жолу да мурдагыларынан эч айырмасыз, кадимки жазгы таңдардын бири ак мөңгүлүү, алп тоолордун артынан шашылбай агарып, атып келатты. Анын бүгүнкүсү өзгөчө, тарыхий болорун ким билиптир?! Эч ким  күтүп, боолгогон эмес.

Күнчыгыш, дегеле төбөдөгү асман чылк бозоруп, чаңдуу. Ак жаан жүрчүдөй аба ным тартып суз, ичиркенткен муздак. Күн көрүнбөй, боз туман артынан күңүрт жылтырайт, табы жок. Улуу табият алда нени сезип жаткандай коогалуу баштанды… беш жыл мурдагы март айындагы ак үйдөн Акаев качкан күндөй…

Бүгүн, кылымдарды карыткан кыргыз калкынын кезектеги шаршемби күнү. Баш калаа талыкшый, уйкусунан чукуранып ойгонуп келатты… Алда кандай болор экен?..

Президент аталган Закиржон уйкусунан катуу чочуп ойгонду. Жүрөгү опколжуйт. Капырай, түшкө не гана кирбейт! Дырдай жылаңач бала кези экен. Үстүндө үйрүп салар кийими жок. Ээн талаада жалгыз жатат. Ата-энесинин, демейде топураган жакындарынын бири да жок, кайда жоголуп кетишкени белгисиз. Балким о дүйнө салышкандыр, же түгөл качып кетишкендир, баласынын жалгыздыгын, мусапырлыгы менен кордугун көрбөйлү дешип. Суук, Асманда күн да жок, чаңгылт. Анан эле кайдан-жайдандыр калдайган алпкаракуш башына конду. Тумшугу албарс кылычтай, көздөрүнөн от жанат. Чындык сымал качырбас, алгыр. Андан катуу коркконунан баа деп бакыра да албайт, ага да алы келбейт. Капыстан алпкаракуш как төшүнөн жүрөгүн суура чокумак болгондо Закиржондун жаны оозуна тыгыла түшүп көзүн чылк жуумп жиберди. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Кыйлага коркуп, жанынан түңүлө күтсө дагы кылыч тумшук көкүрөгүнө сайылбады. Бир кезде көзүн акырын ачса алпкаракуш маңдайында заарлуу көздөрүн кадай тиктеп туруптур! Закиржондун үрөйү учуп, ыргып тура калып бет келди качып жөнөдү. Эсине келсе азыркы, алтымыштан ашып калган курагы экен. Тобо! Бирок дырдай жылаңач. Үстүндө үйрүп салар чүпүрөк жок, колу да куру. Алпкаракуштан жанталаша артын карабай качып баратып ойгонуп кетти. Бу неси? Түш – алдын ала айтылган аян болот дешчү эле…

Уйкусу суу бүрккөндөй качып, коогалуу ойлордон арылмакка төшөгүнөн тура жөнөдү.  Кечээ кечки узак үлпөттөнбү, башы зыңгырап, көзү караңгылап кетти. Жаш аялы анын ашаткы жытынан качса керек, нары карап тумчуланып жатыптыр. Кечиндеги үлпөттө бир түнгө жалдап алган чүрөктөй кыздарың да, мунусу да ал үчүн баары бир. Эч айырмасы жок.

Кеңгиресе да башына ушундай балакеттүү селсаяк ойлор келе берди. Минтип, түтүндөй түгөнгүс сарысанаа тарткандан көрө эрте болсо да ишиме барганым жакшы эмеспи алаксып, деди ал. Башын да жазып алат. Анын ушутапта көзүнөн учуп, жалгыз гана самаганы ошол – мөлтүлдөгөн жүз грамм болчу.

Эсен адаттагысындай бүгүн да ишине эртелеп турду. Мындайда анын ыкшоолугу суу бүрккөндөй үркүп, көздөрү дароо умачтай ачылат. Анткени, үй-бүлөмдү бүгүн кантип багам, канткенде жашоосун жакшыртам деген санаасы күч. Анүстүнө беш-он мүнөт иштен кечикти дегиче бүттү, шефинин көзүнүн чаары чыгып, бирпаста эле бузулуп калат. Анан ал айыбы үчүн кийин, саресеп салып туруп айлыгынан сөзсүз кесип коет. Эгерим  унутпайт. Анысын алдын ала: чет өлкөлөрдө ушундай, кааласаң иште… деп коет. Каалабай кайдан иш издемек эле?! Табылбастыгын билгенден улам ушинтип кордукка баш ийип жүрбөйбү. Ал эми анын сагызгандай сактыгын айтпа! Фирмадагы элүүгө жакын кишилерди бири-бирине аңдытып койгон деген имиш да чын болсо керек, кылт эткендин баарын билип алат. Тим эле жаныңда көлөкөдөй ээрчип жүргөндөй. Дегиңкиси жетекчилердин көбү эле ошондой кыйды дечи, бирок бул алардын ичинен жеткен куусу, анан өзүмчүлү. Ар бир ыңгайы келген кыпындай кемтикти текке кетирбей эбин таап жазалап, акчасына аябай сараң. Эптеп эле эки сом болсо да өзүнө өөнөп  алууну ойлоп турат, эзели эч кимге бергиси жок. Ошону үчүн аны баары жактырбайт. Албетте, ичтеринен. Ачык айтып эле көрүшсүнчү, ошол замат иштен айдалат! Андайлар аз да болсо болгон. Андан көрө тилди тартып, кылыкты чатка ката жүргөн оң. Бу, менчик ишкана дегениң ошондой, кожоюндун көзү менен тең тегеретет тура. Кол алдындагы кызматкер – кулдан айырмасыз. Анан о, жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз, эгеменбиз, цивилизация укмуштуудай өсүп, демократия гүлдөп жатат деп опурулуп, төш какканыбызды кантесиң! Чокуң, сага! Кожоюн деген кудайдай эле, закон-пакондоруңду уруп ойнобойт. Албетте, ал закондор иштебесе, аткарууну бийлик катуу көзөмөлгө албаса.

Ушундай ууру ойлор сезимин бир чаңдатып өткөндөн улам “эк, кудай алсын ошону, мага иш берип, айлык төлөп турса болду” деп Эсен ичинен өзүн жубатып, куру чайын шашыла ичип сыртка чыкты. Таңкы асман буурулдана чаңдап, майда жамгыр муздак дыбырап турган экен. Дегиңкиси, быйыл жай кечикти, апрель айынын бир жумасы өткөнүнө карабай күн жарытып ачылбай койду. Күнүгө эле жаан.

Чөнтөк телефонун унутуп калган экен, эстей коюп дарбазадан кайра үйүнө кайрылды. Аялы, балдары жерге салынган “коммунизмдин төшөгүндө” кыдырата тизилип дымырап уктап жатышат. Бейгам. Улуу уулу он үчтө, барган сайын бою чыгып, баскан-турганына чейин өзүнө окшошуп барат. Анын мурдун борбойтуп бейкапар уктап жатканын көрүп ичи элжиреп, өзүнүн өспүрүм кезин эстеп кетти. Саамга токтоло калып көз толтура уулун карап алды. Аман болсун! Эки кызы али кичине, энесине мышыктай ыктап жатышат. Беш жандын бир бөлмөдө тыгылышып жатканына кейип алды. Ар бир баласына өз-өзүнчө бөлмөлүү үйү болсо кана? Ага качан жетери да белгисиз, жер жок, акча эзели артпайт. Бу, орус кемпирдин бир бөлмө жер кепесин узун-туурасы он метр жери менен эптеп, бир жылдай созуп, бөлүп-жарып төлөп жүрүп сатып алганына он жылдай болду. Көрүнгөнгө жалдырап, кайырчыдай карыздаганын айтпа! Дагы жакшы, анда аялы экөө иштечү эле, тун уулун айылдагы энеси багып. Антпесе ушул кезге чейин батирлеп көчүп-конуп жүрүшмөк экен. О, ал азапты айта көрбө! Көрүнгөндүн көзүн карап, сөзү мокоп, күнү-түнү кысынып, балдары эркин басып, ойной албай… Ошондон ушу кезге чейин же жерге жетпей, же акчага жарыбай келет.

Эсен өйдөкү Төкөлдөштөгү үйүнөн демейдеги төтө жолу менен Алматы көчөсүнө чыкканда эле  топураган кишилерди алыстан көрдү. Ошондо гана анын эсине кечээки ар кимден уккан “оппозиция таң эрте Атамбаевдин “Форумуна” чогулат экен” деген кеп түштү. Бийлик борбордук аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Бирок мынчалык көп эл чогулат деп ишенген эмес. Кийинки эки-үч жылдан бери көпчүлүк адамдар митинг, пикеттерден жадагансып, же тыңыраак, дили, “колу” таза лидер чыкпай, үмүттөрүн актабагандан улам оппозицияны ээрчибей, тажап калгансыган. Бийлик да алардын ашмалтайын чыгара жамандап… Эки жарым жыл мурдагы ноябрь митингинде көпчүлүк катуу чыгып, Текебаев, Атамбаев, Бабанов, Сариевди катуу колдошкон. Бийлик аларды түтүн менен атып, “Бакиев – политический труп!” деп айкырган Атамбаевге премьер-министрликти, митингдин тамадасы аталган Эшимкановго КТРди, штаб башчы Каттани-Суванбековго Нарын губернаторлугун, кыркка чыга электигине карабай Бабановго вице премьерликти, дагы-дагыларына өкмөттөн үлкөн кызмат берип, калгандарын кысып койду эле бүттү, Байсалов батышка, Байболов Казакстанга, Жээнбекову Германияга… качып, Жекшенкулов менен Исаковду балдары киши атты, жеп-ичти деген айып менен абакка камап салган соң  оппозиция дым-дым болуп калышкан. Эми мына, Бакиев бир да убадасын аткарбай, тескерисинче мурдагы президенттин он беш жылда жасаган жамандыктарын беш жылга жеткирбей жети эсе ашыра жасап, эл кысталып, азыркы да, келечек да турмушунан өксүтүп, баарынан жаманы – алгы үмүт-тилектеринен ажыратып салды. Аны Эсен өз турмушунан билет. Алган алты миң сом айлыгынын миңден ашыгын ай сайын светке төлөйт, антпесе дароо кесип кетишет. Аны кайра жасатуу да акча. Быйыл январь айынан тартып анын эки эсеге кымбаттаганы катуу кыйноого салып койду. Дагы миңи баласынын мектебине, улуу кызынын бала бакчасына, майда кийим-кечелерине, таштанды акысына кеткенде эле калганы тамак-ашка өп-чап калат. Алары да кымбаттап кетти. Тууган-урук, жолдош-жоролордун жакшылык-жамандыктарына катыша албай элден четтеп калганы да ошол, акчанын айынан. Үй-жайды оңдогонго эмес, тыңдап кийимге жетпей калышты. Баарынан да кышкыга отун, көмүр алууну эстегенде Эсендин деми өлө түшөт. Накта азап ошол. Бери дегенде он миң сом – очойгон акча! Жаз-күз бою дилин курттай жеген санаа ошол. Эптеп ай сайын балдарынын оозунан, кийим-кечесинен миң сомдон өөнөп, чогултуп, өп-чап отун алышат. Аялы болсо үйдө, бирге, бешке чыга элек кыздары менен. Эптеп, эшиги алдына камок ачышты эле ага лицензия ал, салык төлө, ай сайын отчет бер, “шаар иштерине кошумча кош” деп жатышып иштетпей коюшту. Нечен убара менен тапкан азыноолак акчасын тоноп алган кудум эле каракчылардай. Айрыкча “шаар иштерине” деп эки айдын биринде чогултканыны түшүнүксүз. Ал акчаларды райондун акиминин, мэрдин туулган күндөрүнө, кыз-балдарынын тойлоруна, дагы ушул сыяктуу “жакшылыктарга” берет дешет. Алар болсо чогултуп алып чоң үлүшүн “өйдө жакка” беришет дейт. Мына, коррупция, паракорлук деген ушул эмей эмне? Анан дагы коррупция деген ажыдаар менен жан аябастан кармашып жатабыз, аны курутуп, соолтобуз дешет. Өзүлөрү нака коррупционерлер! Өкмөт камокко бир тыйындык товар, же акча берип койбосо эмнеге салык алышат? Жок дегенде азыраак алышса боло. Эсен ушуну түк түшүнө албайт. Эгер камокту салганга колдоо көрсөтүп, акча же жер бөлүп берип, товарын ташышып койсо бир жөн. Чырпык башын сындырбай туруп чыңырта акча жулуп алышат. Бу кайсыл кудайга жатат? Ишинен бир күнү айдалса бүттү, ачкадан өлүп, үй-бүлөсү менен тилемчиге айланышат. Өкмөт карап да койбойт ошондо. Бийликтегилер болсо эл байлыгын талап тоноо, өз кишилерин тегерегине чогултуу, папкесин сактап калуу менен алек, элди ойлогону жок. Куру убада, баш айлантмай кептери эле. Эртеңки турмуш кандай болот, белгисиз. Алгы үмүт да жок.

Жумушсуздар, алда кандай болуп кетер экен деп кызыгып келген бекерпоздор, атайылап  көмүскө убадалашкан СДПчылар, “Ата-мекенчилер”, кай бир ак шумкарчылар, бирин-экиндеген тыңчы чекисттер менен “гражданча” кийинип, кой терисин жамынган милийсалар, тегерек-четтен келишкен ишенчээк, бейпай айылдыктар үч-төрттөн, он-жыйырмадан болуп  ар тараптан агылып “Форум” алдына чогулуп жатышты. Дээрлик көбү жаштар. Баары чоочун, арасынан бир да Эсендин таанышы көрүнгөн жок. 7-апрелде оппозиция элдик курултай өткөрөт экен, президент Бакиевдин баласы Максимдин каны бөлөктүгүнөн кыргыз элине душман жасабас караниеттиктерди жасаганы, “башбакандын” инилери андан кем калышпай үкаларына эрегишип, эр өлтүрүүгө чейин барып жаткандары, дагы көп-көп ашынып кетүүлөрү үчүн атасы ачып берген экономиканы өнүктүрүү департаментинин директорлугунан Максимди, бири айыл өкмөт башчысы болуп туруп иш жүзүндө эки облустун “авторитети”, экинчиси акасынын жансакчыларынын башчылыгынан сырткары бүтүндөй өлкөнүн жанчактысына айланып түмөндөгөн кыңыр иштердин түйүнүн кармаган “кара кагандыктан”    кетирүүнү талап кылып, эгер аны орундабаса Бакиевдин өзүнүн отставкага кетүүсүнө катуу мажбурлайт экен деген күдүк сөздөр соңку кездери күчөп кеткен болчу. Бир жылдан бери эле оппозиция ана чыгат, мына көтөрүлөт деп келип мына, жаз да келди. “Эми башталган окшойт… ай, ким билет…” деген Эсен элди аралап баратып:

– Кечинде Атамбаев менен Текебаевди СНБнын СИЗОсуна камап салышыптыр… – – Атамбаевдин үйүн жүздөй спецназчылар штурмовайт кылышыптыр…

– Өмүркуловду да камаптыр…

– Эртең менен эле Москвадан келип түшкөн Сариевди “Манас” аэропортунан СыНБычылар кармап кетишиптир…

– Бийликтин бул эмнеси, тыңдардын баарын эле ушинтип жок кыла беришеби?

– Ал, лидерлерди камабаш керек эле. Катуу жаңылышыптыр. Жыландын куйругун басып алышкан турбайбы…

– Эми эл анык көтөрүлөт…- деген күдүң-күдүк сөздөрдү угуп жатты.

Ал, күнүгө ушул, Алматы көчөсү менен төмөн, жөө эле ишине түшүп барат. Акчага да үнөм, ден соолугуна да пайда.

Көпчүлүктүн арасынан көзгө уруна бербеген орто бойлуу, сары жүздүү Эсен темир жолдун көпүрөсүнүн алдынан өтүп баратып артына кызыгып кылчайганда эл миңге чукулдап калгандай көп көрүндү. Дагы бараткандардын аягы жок.  “Эмне болушар экен? Бакиев, анын ини-балдары бийликти оңой менен бере коюшпайт. Элге курал колдонгондон кайра тартышпайт. Кан чыгып кетпегей эле…” деген кооптуу кептердин айтылып келатканына көп болду. Күч кызматтарын да парламенттеги акжолчу-аткошчу депутаттарынын колдоосу менен колуна алып алган. Солдаттарды өз элинин толкундоолоруна каршы пайдаланууга бир короо койдой өзү топтоп алган Жогорку Кеңештин уруксатын алып, Бай мыйзамга да жаздырган. Ошол кантип кудайга жаксын?! Демократиясы ашынып кеткен эч бир өлкөдө да куралчан аскерлер менен элин тыйып, басуу деген жок. Аскерлер да элден чыккан, элдин эсебинен-казынасынан багылат. Анан элине бактырып алып кайра анын төбөсүн каңдатуу кандай мораль, не деген жосун?!

“Мен ок атканды билемин, бийликти коргой аламын, кай бирлерчилеп өз элимен качып кетпеймин” деп ачык эле мактанбады беле, Бакиев, эл көзүнчө, теледен. Ай, ушу, эл – тегин айтчу эмес эле… не болуп кетээр экен?” Баарынан да арай көз – чарай эле менин балдарым, жакын-туугандарым бийликке аралашпайт дебеди беле?!. Теңирден тескер чыкты го!

Дегиңкиси Эсен бу, нааразы тарапты колдой турган. Өзү деле алардын бири эмеспи. Баш оорусу эле: канткенде адам сыңары кеңири үй-жайга жетип, баласы чоңойсо кантип жогорку билим берери, аны кайсыл акчага окутары, кыздарына кандай кесип берип, кантип эл катары турмушка узатары… Аларды ойлогондо амалы куруп, зааркана түшөт. Өзү, аялы деле ошол, каражаттын жоктугунан жогорку билим ала албай калышты. Атасын билбейт, Эсен үч жашында эле үйдөн кетип калыптыр, ошол бойдон дайыны жок. Энеси эптеп иниси экөөнү чоңойткону менен тыңдап тирек боло албады. Тээ, отуз жылдай илгери эптеп чүргөп алган эки көмүт үйдө азыргачейин кичүү баласы менен айылда өлбөстүн күнүн кечирип келишет. Эсенден болсо аларга эч жардам жок. Өзүнө жетпей жатса балээнин жардамыбы?! Берейин эле дейт…

Эсен аскерден келгенден кийин жарым жылдай айылда каңгып бош жүрдү да иш табылбагандан кийин Бишкекке баса берген. Айдоо жерлерди менчиктештирүүдө үлүшкө деп тийген жерин энеси токсон эки, токсон үчүнчү жылдардагы тополоң – экономикалык-саясый катуу кризис кезиндеги жутчулукта жарыбаган акчага эле сатып жиберген. Шаардан эптеп жолумду таап, турмушумду оңдоп кетермин деген үмүт баккан эле Эсен. Андай болбоду. Дагы жакшы, майда-чүйдө курулуштарда, базарларда жүк ташып жүрүп компьютерлик курстан эптеп окуй коюп менчик гезитке дизайнер болуп орношуп, өзү кызыгып жүрүп жакшы билип алды. Ошонусу менен эптеп иш таап, жан багып келет. Болбосо ким билет, үй-бүлөсүн кантип бакмак. Көрүнгөнгө малай катары жалданып, же базарларда тачке түртүп жүрмөк беле. Эми минтип, үй-жай саткан фирмага орношуп алды. Аз акча болсо да таза, жеңил, эл катарында… Мамлекети жарды, башчылары башкарууга татыксыз болсо элинин шору турбайбы! Эл-журтту башкарыш үчүн журтбашылардын каны, дили таза, улуу адамдардын урпагы болуш керек тура. Эсен бул кепти элден көп угуп жүрөт. Демек, чын. Эл – эч качан жаңылбайт.

– Өх-х!- деп ырахаттана жыргап алды Закиржон, хрусталь ыстакандагы аракты кулкунуна куюп жиберип.

Жолдуката, колоннанын баш-аягында улуп-уңшуп, кызыл-көк жарыгын жаркылдатып жол бошоттурган МАИчилер канчалык ашыкса да оозу кургап, башы сынып кете жаздаган. Үйүндө деле башын жазып алса болмок дечи, али жаш кызы менен уулунан уялбадыбы. Балдардын бакырайган таза көздөрү жамандыкка жол бербейт. Аларды алдоо кыйын, кылмыш.

Терезеден көчөдөгү бирин-серин элге сереп салып келди. Ал, азыноолак акча менен майда-барат көр тирликке жанталашкан байкуштар ким да, Закиржон ким. Букара менен Хан. Алардын ар биринин, керек болсо баарынын өмүрү менен тагдырын каалагандай калчап коё алат. Алар кумурска, Закиржон алардын кудайы. Ушундай өз ойлоруна корстон болуп койду.

Аңгыча катчы кызы эшик черте башбакты.

– Закиржон Салиич, Данияр Токолович менен Мурат Сүталиевич сизге шашылыш кирсек дейт.

– Анчалык өрттөнүп бараткан эмнелери бар экен?

– Биле албадым…

– Киргизе бер…- деп, атыр жыты буркурап, тал чыбыктай буралган кызга артынан сугун арта карады.

“Көрүнүшүн кара, тим эле куурчактай суйкайымыш этип, көргөмүн сени…”

Мурунтугу жок өгүздөй адыраңдаган өкмөт башчы менен чала сомдолгон сокбилектей солдойгон коопсуздук катчысы кирип келишти. Ичкери чакыруусун күтүштүбү же тартиптүү көрүнөлү дештиби экөө тең жалтаң учурашып, босогодо бой тиреше катып калышты. “И, ошентип өз ордуңарды билип жүргүлө. Үлпөттөшкөн менен силер ким да, мен киммин. Чымын чапкандай жалпайта чаап коёрумду дайыма унутпагыла” деп, Салижон ичинен маашырланды. Ошондон улам тигилерди жанына чакырган жок.

– И, эмне болуп кетти?

Көзкарама, айдакчы иттей элпек Данияр Токолович тамагын каракүчкө кырынымыш этип:

– Закиржон Сали-ич, кечээки сөз болгон “толпалар” “Форумга” чогулуп жатышыптыр…- деп жүүнү бош үн салып, сөзүнүн аягын жута жүлжүк көздөрүн коркокбилиш кыбыңдатып калды.

Жанындагысы казык жутуп алгансып какайып үн каткан жок.

– И, анан, кечээ эле баарын жайлайбыз, талкалайбыз деп опурулуп жатпадыңар беле?

– Түнү менен иштедик, Закиржон Сали-ич. Ажыдаардын жети башын тең кесип, лидерлерин түгөл камап салдык. Эми толпаны спецназ менен кубалатып, алгач түтүн менен, ага болбосо … атып тымтыракайын чыгара таркатып салалы дейбиз.

– Андай болсо мага эмнеге келдиңер? Же көрүндүгүңөрдү берейинби?..

– Жо-о, макулдугуңузду алалы деп эле…

Закиржон тигилерди ата-бабаларынан мурастаган шишик көздөрү менен олурая карап адатынча мытайымданды:

– Талпаны таркатуунун айла-амалын силер сунуш кылгансыңар, мен эмес. Калган тыңдарын снайперлер менен бирден терип коёбуз, ошону менен иштери бүтөт дебедиңер беле? Демек, акыр-аягына дейре силер жооп бересиңер.- деп тигилердин өз сөзүн эскертип, эмне кылышарын да кыйытып койду.

Тигил экөө өздөрүнө бардык опурталдуу да, оор да жүк оодарылганын сезе коюп аргасыз жасакерлене какая түшүштү.

– Анда аткаралык!

– Ыракым этсеңиз…

– Жөнөгүлө!

Эсен ишине келип компьютерин иштетип, жаңы жарнамалардын тизмесин алып жасалгалай баштаганда эле бөлүм башчы келин шашыла кирип келди. Өңү кубарып, эмнедендир катуу кооптонуп турганы даана байкалып турду.

– Бүгүн иш болбойт, компьютериңерди өчүргүлө да, үйүңөргө бара бергиле.- деди ал супсак, баарыга угуза,- Кожоюн айтты…

– Эмнеге, Айнагүл Калиевна?- Чепилдеген арык, сары Зинагүл адатынча озуна сурап жиберди.

– Митинг катуу күчөп, ак үйдү алганы баратышыптыр. Болгула, бачым.- Бөлүм башчы карбаластап жакынкы үстөлдүн үстүндөгү кагаздарды шилей чогултуп кирди. Анын кербездене суйкайган, демейки чоюлган мүнөзүнөн дайын жок. Кожоюн экөө соо эмес дешет.

– А, мейли да, ак үй кайда, биз кайда…

– Сайрабай бол, Зина. Аларды таратканы барган спецназдын куралдарын митингичилер тартып алып, өздөрүн кубалап, машинесин өрттөп жиберишиптир дейт. Эки миң бешинчи жылдагыдай дүкөн-пүкөндөрдү талкалап, өрттөп жиберишсе эмне болот?..

Ошондо гана баарына түшүнүктүү болду, алардын фирмасы “Народный” дүкөнү менен канатташ эмеспи. Беш жыл мурдагы төңкөрүштө шаардагы кытайлыктардын “Мадина” базары, “Бета сторес”, “Гоин” супермаркеттери, ага кошулуп “Народный” дүкөндөрүнүн бири да соо калбай талкаланып, тонолбоду беле. Ошол тополоңдуу күн баарынын эсине түшүп, кооптоно дүрбөп, сыртка шашыла жөнөштү.

Чын эле эл Алматы көчөсү менен эл ылдый агылып, Чүй проспектисинен батышка бурулуп, ак үй тарапка каптай жөнөп баратышкан экен. Терезелери талкаланган спецназдын күрөң, темир чүмкөмө машинесине жармашып, төбөсүнө чыгып алышкан жаштар Кыргызстандын кызыл желегин желге желбиретип көтөрүп алышыптыр. Аарынын уюгундай уу-дуу.

– Жүргүлө!..

– Ак үйгө!..

– Бакиев кетсин!

– “Үй-бүлө” жоголсун!

– Максим долой!

– Аянтка!

– Ким элим десе… биз менен жүргүлө!

– Кошулгула!

Үзүл-кесил кыйкырык, чакырыктар угулат. Кай бир жаш жигиттердин колунда милийсалардын калдайган темир калкандары, таяктары, алтургай автоматтар булактайт. Аны көрүп Эсендин жүрөгү болк этти. Элдин, өзгөчө, акыл-эси өрттөй күйүп, али токтоло элек жаштардын колуна курал тийгени – өтө кооптуу. “Эми бийликтегилерге кыйын болуп калган экен. Алар атса булар да атышат…- деген Эсен өз ойлорунан ичиркенип кетти.- Аман болушкай эле”.

Жанагы “Форум” жактан коюу, кара түтүн уюлгуп, акбоз асманга буралып  жатыптыр. Үйүн, балдарын ойлой коюп жүрөгү опколжуй түштү. Кантишти экен? Үйү “Форумга” жакын эмеспи. Тынч болгой эле.

Эсен агылган элди утурлап, аларды аралай үйү тарапка ашыкты. Митингичилерге кошулуп ак үй тарапка да баргысы келди. Көпчүлүктүн деми күчтүү эле. Эмне болуп кетээр экен деген кызыгуусу азгырып турган менен буттары өзүнөн өзү үйүн көздөй алып жөнөдү. Балдарынан санаасы тынчыбай, бир көрүп алып анан келмек болду. Тынч, бейгам  турмуш ушинтип бир заматта эле тополоң болуп калат турбайбы.

“Мадинага” тушташ келип калганда аны бирөө колдон тартып токтотту. Караса, кошуна теңтушу Жигер.

– Эй, сен кайда, жинигип? Элдин баары Бакиевди кулатканы баратса тетири кетип баратканың кандай? Жүрү, биз менен. Же коркуп атасыңбы?- деди ал шайдоот.

– Үйдү карап коёюн дедим эле…- Эсен көпчүлүктөн бөлүнүп калганына өзүн күнөөлүү сезип, айыптуу унчукту.- Жаңы эле иштен чыктым…

– Үйүң нормальный эле, ал жакка эч ким жологон жок. Мен келатпаймынбы. Жүргүн андан көрөк, Ала-Тоо аянтына барабыз.- деген Жигер жооп күтпөстөн эле аны чыканактан тарта ээрчитип жөнөдү.- Азыр барып бакиевдердин акесин таанытабыз!

Элдин агымына, алардын кызып алган демине аралашкандан улам Эсендин да бара-бара деми кызый баштады. “Алда кандай болуп кетер экен?..” деген узун санаа анын көңүлүн тынчытпады. “Бара көрөрмүн…”

– Элди эзген Бакиев кетсин!

– Ур-ра-а!..

– Чыккынчы!..

– … а-аа!..

– … кетсин!

Көпчүлүктүн ичинен улам бирөө кыйкырып коёт. Баягы көзгө тааныш лидерлер эмес, катардагы эле жаштар. Көпчүлүк дуу эте аларды колдоп кетет.

– Ырас кезикпедиңби, жалгыздап жаттым эле.- Жигер өзүнчө кубанып алды. Шайдоот. Мунун бир билгени бар. Кайдан-жайдандыр жаңылыктарды биринчи билип алат, шүмшүк.

Эки жагына элеңдей карап, алды-артына улам мойнун созуп жаткан Эсенге:

– Ой, бу элдин азы эле. Тиги, Горький-Советский көчөлөрү менен көбү ылдый, аянтка кетишти. Азыр кезигишебиз алар менен. Бол, тез бас.- деп демитти. Бу жолу да баарын билип алган тура!

Чын эле ак үйдүн алдындагы Ала-Тоо аянтында эл көп экен. Тарых музейи, фонтандар жак да толуп кетиптир. Ак мармарга капталып, демейде заңкайган  өкмөт үйү бул ирет  карайгансып суз, жер тарткансып пас көрүндү. Чарасына жашынып, башын катып алган ташбака сымал  жалпайып, кыбыр эткен кыймылы көрүнбөйт.

– Жана Турсунбек Акун келип кетиптир. Көкжелкесине эки коюп, сазайын окутуп коё беришиптир аны,- деди Жигер, ырсалаңдап.- Көктөн тилеген омбудсмендигине жетип, андан алынып калбайын деп, Салиич сонун эле иштеп атат, ага мүмкүнчүлүк берели деп кылтыңдап жүрүп, колтугуна кирип алып… эми анысынын азабын тартат да…

Экөө кыйлага эл аралай, тааныш-билиштери көрүнө калабы деп наркы-терки басып жүрүштү. Жигер чөнтөк телефону менен улам бирөөлөргө чалып, чакырып жатты. Топ арасында анын теңтуштары да бар экен. Жайдаңдай учураша кетип жатты. Эсендин өң тааныштары да жүрүшөт. Шүдүңдөгөн дагы бир көчөлөш таанышы Кубатты да үч-төрт шериги менен жолуктурду. Шектүү жылмайып коёт,  оңбогур. Ал, 2005-жылы марттагы төңкөрүштө кытайлардын Гоин супердүкөнүн тоноого катышып, бир топ марып алган. Кечкисин таксичилик кылчу. Ошол түнү чаң соргуч, идиш-аяк, саат, кийим-кече, момпосуйларга чейин ташып келип, сатып, оңолду. Бу жолу да колума бир нерсе урунуп калабы деп жүрсө керек. Ошондо аялы Эсенди кыйлага чейин жемелеген: эл алгандан эмнеге сен куру калдың, оозуңду ачып эле жүрөсүң, карачы, тиги Кубатты деп. Бирөөнүн убалына калып, уурдап, тоноп да жан бакчу беле. Андайга Эсен жок, жолобойт. Абийири жол бербейт.

Улам дыбыраган жамгыр басылып, тез эле күн асман ортолоп калды. Көпчүлүк кимдир бирөөнү, же буйрукту күтүп калгандай. Андай жол башчы көрүнгөн жок. Сыягы камактан чыгарышкан эмес көрүнөт. Көпчүлүктүн бир тобу аларды чыгармакка СНБга кетишти деген. Ал тараптан да кээде ызгыган ышкырык, дуулаган чуу чыга калып жатты. Эмне болуп жатты экен? Эсен ал жакка баргысы келгени менен бул жакты кыйып кете албады. Жигер да бирде көрүнө калып, кайра жоголуп кетет. Аны менен адашып калбоо керек, мындай опур-топурда ишенимдүү караан болбосо жаман…

Убакыт токтоп калгандай. Алда нени күтүү… Жүрөк опколжуйт. Көпчүлүктүн да чыдамы кетип, гүрү-гүүсү күчөй баштады. Кайдандыр улам кыйкырык чыга калып жатты. Ал тарапка баары элтейе карап калышат. Бирок, көзгө толумдуу бирөө жок. Канткен менен бир маалда Эсендин санаасы тынбай үйүнө барып келсемби деп олку-солку боло баштады. Бирок, чечкиндүүлүк кылып кыя басып кете алган жок. Аянттагы алгачкы Ноорузда парад кабыл алган чоңдор турчу борбордук трибунанын маңдайында “Асыл ой, ак сөз, адал иш” деп алтын жалатылып  жазылган секиченин жанынан жылбай тура берди. Жигер аны ушул жерге издеп келип жаткан болучу. Алда не жамандык болуп кетчүдөй, көңүлү уйгу-туйгу. Эл дагы эле туш тараптан агылып келип жатты. Аянт мелт-калт толуп калды. Аарынын уюгундай дуу-дуу… Бери жагы он миңдей го деп боолгоду. Көп болсо көп, бирок аз эмес эле. Топтошуп алгандардын сөзү улам кызуу.

– Максими Азияуниверсалбанкта айланткан арам акчаларын небак чыгарып кетиптир дейт…

– Россиянын Камбар–Ата эки ГЭСине берген кредитти да жеп алган турбайбы…

– “Кумтөр” баштаган алтын кендеринин баарын жүүт, чет элдик досторуна бийлетип салбадыбы!

– “Түндүкэлектрону”, “Кыргызтелекомду” он эсе арзан саттырып…

– Өз кишилерине да…

– Анан эмне, экөөбүзгө бермек беле…

– Эми элге абаны сата баштабадыбы! Сотка менен сүйлөшкөнүбүз үчүн акча алганы ошо да!..

– Ой, тобо, десең! Мындайды ким көргөн?!.

– Аны айтасың, кыргыздын байыркы байлыгы болгон Каркыра өрөөнүн, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды да берип салбадыбы, Бакиев…

– Үзөңгү-Куушту Акаев Кытайга бергенде кандай чуу чыкты эле, Каркыраны казактарга кармата бергенде талкан сугунуп алгансып олтуруп бербедикпи…

– Элди көтөрөлү деп баргандарды түптүктөр жумуртка менен согуп… уят эле болушту…

– Алар баягы эле Садырбаев айткан ОБОНдор да… түптүктөр, көлдүктөр антмек эмес, аларды алыскы көчөлөрдөн милийсалар тосуп өткөрбөй коюшпадыбы…

– Ошондой болгон…

– Ошол обончу катындар дагы да жүрүшөт…

– Мындай, Кокон хандыгынын “экинчи сериясын” токтотуш керек!

– Аксыдагы атууга, ал боюнча “Тайфун” операциясына да Бакиев кол коюп берген. Премьер-министр болчу ошондо, Акаев командировкада жүргөн. Ошону үчүн ал сот да аягына чыкпай жатпайбы…

– Авиабазага деп америкалыктардан акча алып, аны кетирем деп кайра орустардан жеңил кредит, грант алдап алып… мындай эки жүздүү саясат жасабаш керек да…

– Кыргызстанды чет элге шерменде кылып бүттү!

– Айдаш керек аны!

– Балдары, инилери туйтунуп жатышат! Эл болсо итке минип калдык…

– Акжолчуларын кошо айдаш керек!

– Эй, эртең балдарыбызга эмнени калтырып, эмине дейбиз?!.

Нарында обладминистрация менен ички иштер башкармалыгын элдин басып алганы, Ысык-Көлдө, Токмокто губернатор, акимдер иштерин өткөзүп берип, каршы болгондорун элдин айдап чыгып жатышкандары кызуу кеп болуп жатты. Чөнтөк телефондору бар эмеспи. Ар ким өз жеринен кабар алып жатышат да.

– Ошондойбу, о-оо!..

– Бүттү!

– Ой, алар антип жатышса, биз тура беребизби, ай караган текедей болуп?..

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында кишилер эшекти Бакиевдин сүрөтү түшүрүлгөн килемге жаткырып, баладай кылып ороп, мазактаганы айтылып, ыкшый күлүп  жатышты.

– Элдин таппаганы жок!

Аңгыча аянттын нары, батыш тарабы капыстан катуу дүрбөп калды. Көпчүлүк ызы-чуу түшүп таан тийген жөжөлөрдөй бери карай дүргүп кача беришти. Алардын сүрүнөн чочуган Эсен Тарых музейи тарапка жанындагылар менен өтө качты. Тапыраган көпчүлүк Ала-Тоо кинотеатры тарапка сүрүлө качып өтө берди эле, алардын артынан калкандарын калдыратып, башына жумуру шлем, ок өткүс калың кийимчен аскериби, милийсасыбы чылгый кара кийимчен немелер топурай кууп келишти. Анан эле алар туш тараптан таш бараңга кабылды. Качкан тараптан да, капталдарында жарданып турушкан  элдер да аларды таш менен жабырата уруп, кайра артына кубалап жөнөштү. Мөндүрдөй жааган таштар талуу жерине тийип, же карбаластай качкандан чалынып жыгылган формачандарды жаш балдар жабалактай тепкилеп, колундагы калкан, таяктарын тартып алып жатышты. Көпчүлүгү өкмөт үйүнүн короосуна кире качты. Алардын артынан, имараттын алдында тизилип турган аскер, милийсаларга таштар ызгып, мөндүрдөй жаай баштады. Аңгычакты:

– Тах!

– Тах!..- эткен кургак тарсылдактар чыгып, аянтты көк түтүн чулгай баштады. Өкмөт үйүнүн алдында каз-катар тизилип тургандардын куралдарынан улам көк түтүн бурк этип, элди аткылап киришти. Ал, жаш чыгаруучу уу гранаталар болчу. Улам бири буралган түтүндүү куйругун чубалтып келип эл аралай түшүп кирди. Алардан буркурап чыккан ачуу түтүн тез эле аянтка жайылып, тамакты  кычыштырып, көздөн жаш куюлта ачыштыра баштады. Тарсылдаган мылтык үнүнөн эл сестене түштү. Алда кандай болуп кетет деген коога баарынын санаасын баскандай. Канткен менен пендечилик, адам жаны кыйын да. Ак үй жактан улам “тах!” эткен үнгө удаа көк түтүнүн чубалта келип түшкөн граната элди аралай чимирик атат.

– Ой, бу келесоолор го, көзгө, бетке тийсе эмне болот?!- ким бирөөнүн жаны  кашайып кетти.

– Жүргүлө! Айдап чыгабаз!..

– Кетпегиле…

– Таркабагыла!

– Ой, бу Бакиев ак үйдү коргогонду билемин, катылгандарды атамын деди эле, чындап эле ата баштадыбы?

– Жок, бу түтүн эле…

– Качпагыла!..

Түтүндүү гранат түшкөн жерден көпчүлүк окчундай берип, түтүн таркаган соң кайра эле унуткарып, чогулуп жатышты. Бетин, көзүн бетаарчы менен жаап алышкандар да, ачуу түтүндү тоготпой жүргөндөр да бар. Таш чогултуу күчөдү. Кайдан-жайдан жолго төшөлчү оймо цементтерди чыгарып келишкен боз балдар жерге чаап, сындырып алып жатышты. Алтымыштан ашып калган кара плащчан, ошондой эле кийиз шляпа кийген аял жерде чачылып жаткан таштарды терип, жол четине чокчойто жыйып жүрдү. Аялдар да бар экен! Жанараакта эки-үч кыз да жүргөн.

Бир маалда капыстан эле беш-алты кадам жерден “а-а!” деген кыска ачуу кыйкырык чыгып, түтөп, будуң-чаң эле түшүп калышты. Түтүн гранат түштү көрүнөт. Аны бирөө ызырына сөгүнүп алып ыргытып жиберди. Эсен аларга жетип барса жыйырмалардан өтүп калган жигит жерде жатыптыр, жансыз. Оң жак чыкыйы көк томук болуп шишип, барсая түшүптүр.

– Так чекесине тийди…

– Ой, тезирээк догдурга алып баргыла!

– Бу, ыразиңкең деле киши өлтүрөт турбайбы…

Окчундан бирөө кыйкырды:

– Эй, солдаттар, өз элиңерди атпагыла!..

– Эл тарапка өткүлө…

– Силер да кыргыздын балдарысыңар!

Күрөң-жашыл темгил, кара кийимчен өкмөт үйүн коргоочулардан жооп жок. Буйрукту бузуудан коркушат да… Казкатар тизилип алышып үнсүз аткылай беришти. Аларга топурап жаңы топтору келип жаткандай. Катарлары улам калыңдап барат. Ошо тапта эл аянтка батпай калкылдай толуп калган. Гүрү-гүү… уу-дуу… Кыйкырык-сүрөөн. Ышкырыктар… Кимди ким көрдү! Башталды!

Ак үйдүн батыш тарабында турган милийсанын машинесин урунуп-беринген жаш балдар оодара тартып өрттөп жиберишти. Андан кызыл жалын соймоңдой жалбырттап, кара түтүн асманга буралды. Ал, азыноолак жеңишине шердене түштүбү, элдин айбаты күчөп, үнү катуу чыга баштады. Гүлзарлуу кенен аянттын минтип топурап, от-түтүнгө толуп турушу акылга сыйгыс өөн, жүрөк үшүткөн коогалуу көрүнүш эле.

Эсендин башы айланып калды. Ой токтотуп, жагдайын калчап, жай олтуруп ойлонууга шааниси жетпеди. Көпчүлүктүн агымы кайда айдап, кай тарапка чуркаса алар менен кошо урунуп-беринип жүрдү. Эмне кылып жатканын, кандай кылуу керектигин билбей калды. Элдин шарданы күчтүү тура. Жантурпатыңды толук бийлеп алып, баш ийдирген.

Бир кезде аянтка топурап дагы жоон топ милийсалар чыкты. Калкандары калдырап, колдорунда айбаттуу автомат. Кез-кез түтүндүү гранаталар менен элди аткылап жатышты. Көпчүлүк алардын сүрүнөн кача берип, тигилер куугунун токтоткондо аларды жабалактай таш бараңга алып, мөндүрдөй жааган таштарга туруштук бере албай чегине берген тигилерди тапырата кайра артка кууп жөнөштү. Милийсалардын жарымы өкмөт үйүнүн кашаасынан нары койдой топурап кире качса, бир тобу төмөн, Ички иштер министрлиги тарапка жанталаша качышты.

Кандай болуп кеткенин Эсен өзү да билбей калды. Эсине келсе эле артынан кубалаган кара кийимчен бир милийсадан качып келатыптыр. Жана, көпчүлүктүн шарданы менен аны бет талаштыра м уштап жиберген эле. Кандайча, эмнеге  анткенин билбейт. Милийса Эсенди  кууп жете берип ыразыңке таягы менен жон талаштыра катуу чаап калды эле, Эсен башын катып эңкейе бергенде жаза тайып калган тиги күүсү менен жерге кырдана барып тоголонуп кетти. Кудай бетин көрсөтпөсүн! Жалгыздап калган немени көпчүлүк куртка асылган кумурскадай үймөлөктөшүп ур-бараңга алып, тепкилеп эле жатып калышты.

– Э-энеңди…

– Элди сабагың бар ээ?..

– Ме, сага…

– Ме!

Эгерде ак чач, жашы улуурак киши:

– Ой, койгула, болду! Бул деле кыргыздын баласы! Буйрук берсе аткарат да…- деп,  өз учурунда ортого түшүп, арачалабаганда тиги ансыз да арык, эптеп күн санай милдетин өтөп жүргөн шордуунун күнү бүтмөк. Эсен да ызадан аны кандай тепкилеп калганын байкабай калды. Кан кайнаса ушу турбайбы! Бети-башы жарылып, канжалап, сол бутунан аксаган жаш милийса эптеп туруп, сылтый басып өз кишилери тарапка илкий жөнөдү. Баарына кайдыгер, жадагалса жашоого да тоюп бүткөндөй. Ага Эсендин боору ооруп кетти. Өзүндөй эле бирөөнүн баласы да, байкуш. Күтүп жаткан ата-энеси, аял-балдары, же арзыткан кызы бардыр. Ага жете барып, колтуктан алып аянттан чыгарып койду.

Ага удаа эле ылдыйкы, эски аянт тараптан кыйкырык сүрөөн чыгып, кызыл, көк  желектерди булгалай дүрбөп келаткан калың эл көрүндү.

– Ура-а!

– Жеңиш!

Аңгыча кайдан-жайдан сорок этип Жигер Эсендин жанында пайда боло калды. Милийсанын ыразыңке таягын көтөрүп алыптыр.

– СНБга баргандар Атамбаев, Текебаевдерди бошотуп чыгышыптыр! Тигине, келатышат. СНБчылар коркуп кетишкен окшойт. Баарын бошотушуптур.- деди ал, аптыгып, – Эми акелерин таанытабыз!- Өпкөсү көөп, элирип алыптыр. Эрдик жасагандай шаңдуу. – Кечээ кечинде Таласка барган вице Акылбек Жапаров менен милийсалардын министри Конгантиев туткунга алынып, өлө сабалыптыр. Вертолет менен барып таластыктарды тынчытабыз дешкен экен. Эл көтөрүлүп, администрацияны басып алыптыр.

Тиги, жаңы келгендер менен кошулуп эл аянтка батпай кетти. Кумурсканын уюгундай кыжылдайт. Кыйкырык-сүрөөн күчөдү. Ак үй тарапка таштар ыргый баштады.

– Бакиев чыксын!

– Келсин бизге!..

– Максим кетсин!

– Данчик жоголсун!

– Бошоткула!..

Өкмөт үйүнүн алдында кыркаар тизилип, куралдарын өздөрүнө сунуп тургандардан жаалы кайнап, көпчүлүк катуу кыжырданып жатты. Бир маалда темир дарбазаны жулуп алчудай калдыратып киришти.

– И? Кана, атып салгыла!..

– Бети жок, Бакиевиңердин!

– Эй, милийса балдар, эл тарапка өткүлө!..

– Элди атпагыла!..

– Тах-тах-тах!..

– А-аа!

– Ата башташты!!!

– Кокуй!

Ак үйдү жарданып тургандар артка жапырыла качып берди. Эки-үч киши темир кашаанын жанында жыгылып жатты. Ок тийген! Бирөө кыбырап, төрт буттай элди ээрчип эмгектеди. Турууга дармансыз. Он чакты жалаңдаган жаш жигиттер атып жатканга карабастан ал, ок тийгендерге жете чуркап барып колдон-буттан ала көтөрүп кетишти.

– Ой, бу акмактар чыныгы ок менен ата баштады!

– Өз элин да атабы?!

– Өлүп калыптыр…

– Түү!..

– Ким болду экен?..

– “Тез жардам” чакыргыла!

– Ой, тигинде снайперлер атып атат!

Кырктардагы киши көрсөткөн ак үйдүн батыш тарабындагы чатырынан улам бир мылтыкчан караан сорок этип чыга калып, атып жиберип кайрадан жашына калып  жатыптыр! “Снайпер!” Эсендин денеси жыйрыла түштү. Кинолордо көргөн мыкаачы көзгө атарларды ал өтө жек көрө турган. “Көрөсүң, Бакиев элди снайпер менен аттырат” деген Жигердин сөзү чын чыкты. Тобо! Жомок айтпагын деп аны кагып койчу эмес беле.

Жарымы бошой түшкөн аянттын ээн четине отуз бештердеги алыбеттүү жигит чыга калып:

– Качпагыла, кыргыздар! Баарыбызды атып сала алышпайт! Алга! – деп, акүйдү беттеп чуркап жөнөдү эле көпчүлүк дүргүй аны ээрчий топурады.

Кайрадан тарсылдак, түтүн, кыйкырык-сүрөөн – баары аралашып калды. Эсендин мээси иштебей эл агымында улам бир тарапка энтеңдей чуркап жүрдү. “Эмне болот? Бу эмнеси?! Эми акыры кантет?” деген санаа эс-акылына мыктай кадалып алды.

Тапырай чуркаган көпчүлүк өкмөт үйүнүн темир тосмосуна жеткичекти болбой ичкериде тизилип турган милийса, аскерлер бетмаңдайдан аларды тарсылдата аткылап киришти.

– Коркпогула!

– Ыразиңке ок…

Кайрадан ачуу түтүн каптап, тумчуктуруп жиберди. Алдыда бараткандардын төрт-бешөө жыгылды эле көпчүлүк кайра артка кача берди.

– Ок! Чын ок менен атып жатышат!

– Акмак го, буларың!

– Ту-уу, ата-а…

– Баарыбызды кырып жиберишмек беле! Коркпогула!
– Тарабагыла!

– Намысыңарга келгиле!

– Манас!!!

Ок тийип жыгылгандарды бир топ жигиттер колу-буттан, чапан-чүпүрөккө салып көтөрүп алышкан экен. Элүүлөргө жетип калган ак калпакчан кишинин так чекесине ок тийип, канжалаган денесин жандай көтөрүп баратканын көрүп, Эсендин тулку бою титиреп кетти. Жүрөгү опколжуду. Жансыз адамды дит багып карай албай жүзүн үйүрдү. Өлүктү жакындан биринчи ирет көрүшү. “Тү-ү, ушундай да тирукмуш болбу?! Жүзүң курусун! Эми эмне болот?!”

Эл дуулдап, кайдан-жайдандыр “тез жардам” машинеси келип, догдурлар жарадарларды текшерип, таңып, өлгөн-тирүүлөрдү аралаштыра жүктөп кайра кетти. Эсен да онтологон жарадарларды көтөрүшүп, ок аткандарга каны кайнай баштады.

Эл дагы эле бир нерсени күтүп жаткандай. Баш-көз болор лидерлер жок. Ушундайда жол көрсөтүп турса кана. Эч кимиси көрүнбөйт. Алар кайда? Жана эле алардын баарын чыгарды деп жатышпады беле?

– Тах!

– Тах!

– Эй, тигине, карасаң… снайперлер жүрөт!

– “Илбирстин” үстүндө да бар экен, алар. Кармаганы кетишти…

Эсендин жанында топтошкон жүздөй кишинин баары жабыла аянттын түштүк-батыш тарабындагы “Илбирс” ишканасынын чатырын түксүйө тиктешти.

– Ой, эми эмне кылабыз?!

– Ушинтип эле кырыла беребизби?

Жооп берген эч ким болбоду.

– Эми кайтканда болбойт…

– Ооба, болору болду…

– Эй, тиги ким?- деген үндөн баары бурулуп, оң колуна “Ак шумкар” деген жазуусу, учуп бараткан куштун оймолонгон сүрөтү тартылган көк желекти оң колуна көтөрүп алган кырктардагы жигит:

– Кана!.. Атсаңар мени атып салгыла! Элди атпагыла! Акмактар!..- деп, ак үйдү беттеп, айбаттуу кыйкырып жалгыз баратыптыр.

– Эр экен! Атаңгөрү!

– Аз-замат!

– Баатыр тура!

– Бөөдө окко учпагай эле…

Аянт жымжырт боло түштү. Жигиттин эр жүрөктүгү баарын, ак үйдү коргоп жаткандарды да таң калтырып, дал кылып койду көрүнөт. Ок атуулар токтоду.

– Кайран гана кыргызымдын жигиттери!- деди ким бирөө шыпшынып.- Ой, баарыбыз ушул бир кишиче жокпузбу?! Өлүп эле калалы!..

Аңгыча нары, “Россия” кинотеатры тараптан келаткан БТР көрүндү. Үстүнө жаш балдар чокмороктошо олтуруп алышкан.

– Алга! Жүргүлө!- деп кыйкырышкан алар колдорун, желегин булгалап түз эле ак үйдү көздөй жөнөштү. Шердене түшкөн эл БТРдин артынан ээрчип, туш тарабынан утурлай чуркап кайрадан түрүлө ак үйгө умтулушту. Жабыла таш ыргытып киришти.

– Тах!

– Тах! Тах…

Чабуул койгондордун алдын торой түтүн октор күчөтө атылды. Ага удаа өкмөт үйү тараптан автоматтар жарыша татырады. Ак үйдүн үстүндөгү снайперлер да эми жашынбай ачык мээлеп, аткылап киришти. БТРди токтотолу дешти  көрүнөт. Ал токтобой, ага тийген октор кайып, жүгүрүп келаткан эл четинен боо түшө жыгылып кирди. Ага да болушпады. Октон коркуу жоголду. Элирип алган Эсен да чуркап келатып жыгылып кетти. Жерде жаткан бирөөгө чалынды көрүнөт. Тура калмакчы болду эле:

– Эй, Эсен, бери кел!- деген Жигер токтоп турган КАМАЗдын алдынан чыга калып  колдон тарта аны сүйрөп кетти.

Аз да болсо машина алды пашпаанек экен. Анын темир капталына, дөңгөлөктөрүнө октор чакылдай тийип, ызгый кайып кетип жатты. Ошондо гана Эсен ак үй тараптан октордун жамгырдай жаап, автоматтардын токтоосуз “сайрап” жатканын байкады. Эл тараптан сейрек болсо да “жооп” берилип жатты. Көп өтпөй ачуу кыйкырып, сөгүнүп, онтологон көпчүлүк кайра артка серпилди. Кыбыраган жарадарлар, ар кай жерде томпойгон жансыз денелер аянтка толуп кетиптир. Асфальт кызылжаян кан. Аңгычакты БТРдин пулемёту татырап, ак үйдү, снайперлер сороктоп жургөн чатырдын үстүн чаң ызгыта аткылап кирди. Тизилген милийсалар жан талаша жашынып, ак үйдүн артына айлана беришти.

– Ур-ра-аа!

– … аа-аа!

Аянт дуулдап кетти.

– Эк, энеңди…- Башынан каскасы ыргып кеткен Жигер капыстан ачуу сөгүнүп алды. КАМАЗдын астында жатса да ок каскасын тешип өткөн экен. Аны ала коюп кайрадан жиндене кийип жаткан Жигер:

– Ий!- деп аюдай чаңырып алып, чекесин басып, чүлүктөй ийиле жер сүзүп калды.

– Эй, сага эмне болду?- деп, коркуп кеткен Эсен курбусунун башын өөдө көтөргөндө чекесинен аккан кан Жигердин салааларынан кызылжошо болуп сыгылып, жерге тамчылап кетти. Ок как маңдайын  жанып өткөн экен.

– С-сволучтар!- деген Жигер Эсендин колун жаны ачына кагып жиберип атылып жаткан октордун тиерине карабай КАМАЗдын алдынан тура чуркап, “Илбирстин” имаратына карай бүкчүңдөй жүгүрүп жөнөдү. Аны ээрчиген Эсен да тура чуркады.  Бирок эки аттаганча болбой ким бирөө аны арттан ийин талаштыра чулу темир менен катуу чаап жибергендей болду. Ошол замат анын эс-акылы тумандап барып баары, өзү да каяккадыр үнсүз чөгүп кетти…

Сыртта түн карайып, бетмаңдайдагы аянтта уу-дуу, тарсылдактар күчөгөнү  Закиржондун ыраңы өчүп, амалы куруп турду. Жана, күндүзү “толпаны” ОМОН тобу короо койго карышкыр үйүрү тийгендей топурата “Ала-Тоо” кинотеатры тарапка чуру-чуу кылып кубалап жөнөгөнүн терезесинен көрүп мыйыгынан жылмайып “ушуну көрмөксүңөр, гөрпенделер, эми шоруңар кайнады, бүттү” деп жумшак креслосуна чалкалай олтура кеткен эле. Көп өтпөй тарсылдактар чыгып, түтүн октор атыла баштаганда анык табасы канып, санаасы тынган. Эми канчалык автомат, снайперлер менен аткыласа да болбой, өлгөн-тирилгенине карабай тияк-быягынан акүйгө жулунуп жатышкан адамдарды көргөндө үрөйү учту. Коркту. Эрегишкен элдин эми өзүн соо койбоосун анык туйду. Амалы куруду. Эл деген сел экенине көзү жетти. Канчалык кыйноого тилин тиштей чыдай берген кыргыз козголсо жаман турбайбы. Жанкечтиленип, түпкү, бөрү тукумуна айланып кетет тура.

Айрыкча иш бөлмөсүнүн терезелери шаңгырай күбүлүп, атылган октор дубалга, шыпка кадалып ойгулай баштаганда башын катып, жанынын таттуулугун сезди. Өзүнүн Марат, Максиминен алда канча жаш нечендеген кыргыз жаштары өзү аттырган октон акүй алдында ажалын таап, биринин артынан бири боо түшүп кансырап жатканын ойлоп да койгон жок. Өз жанындай эле алардын да жаны кымбат, таттуу экени менен иши да болбоду. Жалгыз кара башын гана, өз балдарынын амандыгын гана ойлоп жатты. Кыргыз элинин кылымдап каныккан кабылан канын ойготуп алганын сезди. Жаны ачынып, ачуу өкүндү.

– Болбой калды, пахан! Кеттик! – деп, уулу Мурат менен ишенген иниси Жапыш элеңдей топтошкон  аткаминерлеринин коштоосунда дүрбөп кирип келгенде СЗакиржон уят-сыйытты унута баладай сүйүнүп кетти. Эптеп айла-амал табылганына, өзүнүн аман каларына акыркы аралжы чыкканына кубанып, бир ууч жакындарына үнсүз бой урду. Ал, керек болсо Керенскийдей катынынын көйнөгүн кийип алып качып чыгууга чейинки ахыбалда эле.

Алдыдагы кара ЖИПтердин терезелеринен жансакчылары автоматтарынан ок жаадырып, дарбазаны курчап турган алдыдагы элди боо түшүрө кырып жол тазалаганда да канчалаган кырчындай жаш өмүрлөрдү кыйып жибергенин Закиржон таназар алып койгон жок. Ага өз жаны гана кымбат эле. Бөлөк адамдар иттей эле убалсыз сезилип калган. Туура беш жыл илгери эле өзүнө өзгөчө үмүт артып, пайгамбардай ишенип, ажо тактысына жапырт көтөрүп олтургузган эл эсине да келбеди. Ага өзүнүн кара башынын гана амандыгы керек болчу… Ким бирөө атып жиберип, мага ок жаңылбагай эле деген ой мээсине мыктай кадалып, башын ийнине катып баратты. Ажолугунун арты ушундай уяттуу, урпактарына чейин жууй алгыс булганып, маскаралык менен бүтөрүн билгенде мансап үчүн Кудай ыроологон атын да өзгөртпөй, өз аты менен эле жупуну өмүр өткөрбөйт беле.

Ким кандай жол менен келсе, ошондой жол менен артына кайтат деген чындык ушул белем!.. Баарынан да небере, чөбөрө тургай, али туула элек урпактарына чейин элдин каргышына, өз калкынын арасына батпай жек көрүндү болуп калуудан чоң адам пендесине жаза болбос! Тегин жеринен “Ак жолдун” алгачкы эмблемасы ак тегерек-дүйнөгө кызыл, кандуу жол болуп тартылып калбаса керек. Ошондо эле кан төгүлөрүнөн аян болгон белем…

– Урр-раа-а!..

– Жеңиш!..

Арттан, Ак үй тараптан элдин кубаттуу урааны түн жарып жатты…

Эсен оң акыреги кыймылдатпай катуу ооруп, денеси жанчылган абалда эсине келди. Кирпиги чапталышып калгансып бир топко ача албай жатты. Кимдир бирөөлөрдүн кобуру угулат. Акыркы күн, кеч, Жигер экөөнүн жарыша чуркаганы эсине түштү. “Эмне, ак үйдүн алдында жатамынбы? Анда эмнеге жымжырт? Уу-чуу, дүрбөгөн эл кайда кеткен?..”

Көзүн ачканда жарык экен. Түшкө маал го. Жанындагы олтургучта аялы башын чеңгелдеп, чыканактарын тизесине кое бүкчүйүп олтуруптур. Чоочун бөлмө, капталындагы башы-буту таңылган оорулууларды көрүп өзүнүн ооруканада жатканын билди. Ийни, көкүрөгү катуу таңылган экен.

– И, дос, эсиңе келдиңби? Аз-замат.- деди оң жактагы керебетте буту сундуюп жаткан кашка чокчо сакал киши.

– Э-эмне болду?..- алсыз үн катты Эсен.

Дагы эле эс-акылы толук ордуна келе элек болучу. Мээси бош чарадай дыңылдайт. Ал, аянттагы эл, каргашалуу күндүн жыйынтыгы кандай болду деп сурайын деген эле. Анын үнүнөн аялы селт этип башын көтөрдү. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Бети, көзү шишип, кыйнала түшкөн экен. Жигер ага айтып баргандан бери эки күндөн бери анын жанынан чыкпай карап жатканын Эсен кайдан билмек. Байкушу жанында тура. Эсен айыптуудай:

– Б-балдар кандай?- деди.

Аялы жооп бергендин ордуна буулуга ыйлап жиберди.

– Эмнеге… эмнеге ал жакка бардың? Өлүп калсаң биз эмне болмокпуз? Бизди ойлобойсуң… Барбай эле койбойт белең… Эмне таптың?..

Эсен эмне демек. Чынында эле чуулдаган октордун бири жаңылса чиедей  балдарынын тагдыры эмне болмок? Аларды ким багып, окутуп, чоңойтмок!

– Кой, келиним. Жолдошуңду жемелебе. Азамат экен!- жанагыл коңшу киши кепке аралашты,- Эмне, ок алдына жыргаганынан барды дейсиңби? Өксүк жашоодон арылсак деди да. Ит турмушка чыдай бермек белек?- Чокчо сакалдын көздөрү жана түшүп өктөм унчукту,- Кыргыздын жигиттери ушундай! Эл башына иш түшкөндө үй-жайын, атургай өзүн да унутуп, каны кайнап калат. Баатыр ата-бабаларынын каны козголуп кетти да… Ушундай эр-азаматтар болбогондо караниет Бакиев качпайт эле да… Аны ким кубаламак…

– Б-Бакиев к-качтыбы?..- Эсен алсыз суроо салды.

– Ооба, ал, кандуу шаршембиде элин аткан ал канкор ак үйдөн качып, эл бийликти колуна алды. Канкор Закиржон Жалал-Абадга барып жашыныптыр дейт. Атын да амалданып, небак эле алдынала өзгөртүп алган тура. Аны баарыбир эл батырбайт.- деди чокчо сакал коңшусу,- Отунбаева төрага, калган Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров анын орун басарлары болуп, Убактылуу өкмөт түзүлүп, иштеп жатат. Заман жакшылыкка ооду көрүнөт… ага сексенден ашык сендей жигиттердин өмүрү кыйылып, миңден ашууну жарадар болуп жеттик… ыракмат силерге… бар болгула, кыргызымдын жигиттери…

Турмушу жакшырып, балдары өз-өзүнчө бөлмөлүү кенен үйгө эртең эле жетчүдөй болуп Эсендин көңүлү көтөрүлө түштү. Алгы үмүттүн күчү укмуш экен го! Ал акталаар бекен?.. Эл баары бир өз чындыгын табат…

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

One thought on “А.Сарманбетов. “Кара шаршемби”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.