Наристе Алиева: Адам жан дүйнөсү тынч болуш үчүн өзү аракет кылыш керек

nariste

“Булуттар” тасмасында образ жараткан Наристе Алиева Кыргызстанга биринчи жолу видео-поэзия деген түшүнүктү киргизген.

Он беш жашынан баштап ыр жазган Наристе Алиева көп кырдуу таланттын ээси. Он жети жашында АКШдагы Бостон университетинде графика живописи боюнча окуудан өткөн. “Булуттар” тасмасында образ жараткан Наристе Алиева Кыргызстанга биринчи жолу виде-поэзия деген түшүнүктү киргизген.

– Наристе, чыгармачылык жолуңузду эмнеден баштадыңыз эле?

– Бала кезимен бери эле айтайын деген оюмду оозеки айтканга караганда кагазга түшүрүү алда канча жеңилдей сезилчү. Көп окучумун. Ошондон бери китеп менин эң жакын досум. Түнт, көп сүйлөбөн бала болчумун деп айтуудан алысмын. Бирок өз оюм менен алпурушуп жүрө бермей адатым бар эле. Эс тарткандан бери баскан-турганымды, сезгенимди кагазга түшүрүп күндөлүк жазып жүрчүмүн. Азыр ошол күндөлүгүм дале сакталуу. Кичинемде эле адабиятка болгон сүйүүм ойгонсо керек. Атамдын кесиби кинооператор болгондуктан, аны менен кошо актерлор, режиссерлор менен аралашып жүрдүм. Чыгармачылыкка тартылуума да бирден бир себеп ушул болду окшойт.

– Бала кездеги кыялыңызды ишке ашырыптырсыз да?

– Он алты жашка чыкканда же жазуучу, же сүрөтчү болом деп максат койгом. Мектепти бүткөндө ВГИКке тапшырам деп документтеримди чогултуп жаткам. Тилекке каршы, ош окуялары чыгып кетип бара албай калдым. Андан да алыс кыялым – Америкага барып билим алуу болгон. Менин кесибим адабиятка же журналистикага байланыштуу болоорун аныктап алгандай кийин чет жака кеттим. Музейлерге көп барып, живопистен сабак алып, графика линотип, линогравюра менен иштегенге жакшы шарт түзүлдү. Борборго келип Америка университетине пиар жана массалык коммуникация бөлүмүнө тапшырдым. Ал кезде бул бөлүм жаңыдан ачылып баштаган болчу.

– Видео-поэзиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтсаңыз?

– Видео-поэзиянын негизги өзөгү: ырды автор өзү окушу зарыл. Жан-дүйнөсүнөн чыккан чыгарманы ар кандай анимациялык жасалгоо, үндү кооздоо менен коштолуп. Бул көрүнүш чыгармага көрк берет. Акын үчүн кагаз менен калем тардык кылат. Поэзиянын үнү бар, мисалы, чыгарма окуп жатканда ар бир окурман аны сезе билиши керек.

– Чыгармачыл адамдар тынчтыкты сүйүшөт эмеспи? Сиз да алардын катарындасызбы?

– Элден четтеп калгандан алысмын. Буга чейин эл менен сүйлөшүп, коомчулук менен тыгыз байланышта болуп ага деле көнгөм. Азыр чынын айтсам, ызы-чуу, көпчүлүккө караганда тынч жерде жалгыз отуруп ойлор менен алпурушканды жакшы көрөм. Көбүнчө илхом түн ортосунда келет. Адамдарга караганда китептер менен сырдашып, сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Китептерге болгон сүйүүм чексиз. Кайсы таанышымдын үйүнө барбайын дароо китеп текчесине көз жүгүртөм. Бул адатымды баары билип калды окшойт. Иштегенге мага түнкү убакыт ылайыктуу. Эгер эртең менен саат сегизде туруп иштеш керек болсо эмне болсо да турам. Он беш жашыман бери өзүмдү эмгекчилдикке үйрөтүп, жанымдын тынчтыгы үчүн бир да жолу жумушту жылдырган эмесмин.

– Сиздин чыгармачылыгыңызды жакшы билгендер ырларыңызда кубанычка караганда кайгы-муң басымдуу кылат дешет. Эмнеге?

– Жаңылыш ой го дейм. Менин чыгармаларымда кубанычтуу нерселер арбын эле. Албетте, кайгылуу ырлар деле бар, жашоо болгондон кийин андан качып кутула албайт экенсиң. Бирок мен баардык нерсенин жакшы жагын көргөнгө аракет кылам. Албетте, өлкөдөгү акыркы болуп өткөн окуялар мени кайдыгер калтырган жок. Чыгармачыл адамдарды мындай көрүнүштөр айланып өтпөйт, ошол окуялар менин чыгармаларыма да так калтырды десем болчудай. Мени мекенибиздин, жаштардын келечеги ойлондурбай койбойт. Жаштар үчүн жан дүйнөм кадимкидей ооруйт.

– Сизге эргүү кандай учурда келет?

– Эргүүнү мен жашоодон, адамдардан алам. Ван Гогдун же Фрида Кало, Сальвадор Далинин эмгектерин барактап отуруп деле идея келет. Чыныгы сулуулукту көрө билген адамга эргүү дайыма келип турат го дейм.

– Стрессти кантип жеңесиз?

– Баардыгынан четтеп калам. Өзгөчө кысынуу, ыңгайсыздыкты жараткан адамдардан качам. Көп уктай албайм. Адамдын жан дүйнөсү тынч болуш үчүн биринчи кезекте өзү аракет кылыш керек.

– Ырчы Салкынай Алиеванын эжеси экениңизди көбү билсе керек. Сиңдиңизге ыр жазып бересизби?

– Чынын айтсам, обондуу ыр жаратан эмесмин. Салкынайга ыр жазып берүүгө аракет кылгам, бирок анча деле окшошпогондой сезилгенинен токтотуп койгом. Башка ырчылар ыр жазып бериңиз деп көп эле кайрылып жатышат, бирок ошолорго кезигип ыр жаратууга эмнегедир батынган жокмун.

Анара Дүйшөналиева, «Кабар ордо», 25.12.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.