Өзү унчукпай, чыгармалары чыңырган жазуучу

danikeev

– Өскөн ага, 80 жашка келгенде балалык кез кандай эскерилет?

– “Жетим” деген сөздүн аталышы эле кандай жаман. Атам мал багып, жылкычы, чабан болгон. 1944-1945-жылдары Кыргызстандагы колхозчулардын биринчи курултайынын делегаты болгон (Өскөн ага үйдүн дубалында илинип турган атасынын Ардак грамотасын көрсөттү). 1946-жылы депутаттыкка көрсөтүлүп, бирок, ага жетпей каза тапты. Андан үч ай өтпөй апабыздан айрылдык.

– Ошондо канча жашта элеңиз?

– 11де. Үчөөбүз калдык. Эжем ошондо 17де, карындашым төрт жарым жашта экен. Биз жашаган Чоң-Жар айылында 4 жылдык мектеп бар эле, ошондо окучумун. Белгилүү куудул Шаршен Термечиков жана М.Абдраев деген композитор дал ушул айылдан. Аны бүтүп, Молотов атындагы кошуна колхоздо (азыркы Шалта) бир жылча, андан соң Калинин колхозунда, азыркы Белекте (Зууракан Кайназарованын айылында) окуп калдым. Түзүгүрөөк окусам керек, шаарда окуп, турмуштун өйдө-ылдыйын түшүнгөн Зарылкан деген эжейимдин аракети менен Бишкек шаарындагы №5 мектепке которуп коюшту. Алтын медаль менен аяктадым. Өзүм кичинекей кезимде жомок, илгерки легендаларды жакшы көрчүмүн. Комузда да ойночумун кээде.

Бала кезиңизде ким болгуңуз келген эле?

– Архитектор, бир жагынан кино боюнча адистик алсамбы деп да ойлочумун. Бирок, анда Рудаков деген завучубуз бар эле. Агездеги жетекчибиз Раззаковдун демилгеси менен жылына 300 бала Москва, Ленинградга окууга жөнөтүлчү. “Жылсайын үч жүздүн ичинен 30 бала окууну бүтүп келсе да, биз үчүн чоң өбөлгө” дечү экен ал киши. Рудаков агайым Москвадагы Тоо-кен институтуна окууга барарымды айтып калды. Ал кишинин айтканы мыйзам болчу. Коркуп, эч ким каршы сөз сүйлөй алчу эмес. Абыкенов деген кино тармагында иштеген бир киши ага каршы чыгып: “Жок, Өскөн искусствого жакын, демек, ушул багыттагы окууга жиберишибиз керек” – деди. Ошондо Рудаков: “Бул тоголок жетим, башка институттарда стипендия 250 сом, ал эми Тоо-кен институтунда стипендия 450 сом” – деди. Көрсө, агайым ал тарабын да эске алган экен. Ошентип, “горняк” болуп калгам.

Чыгармачылык жолуңуз шыдыр болду. “Кыздын сыры” повести менен кыргыздын асманынан көрүндүңүз, сыйлыктардын баарын алдыңыз. Бут тосуулар сизди токтото алат беле?

– Ар кимдин аңгемеси өзүнчө деп коелу. Бирок, мага эч ким бут тоскон жок. Чыгармачылыкта өйдө-ылдый болот. Адабиятка кадам таштагандан тартып, кыргыз адабиятын түптөгөн инсандар менен бирге болдум. Аларга ыракматымды гана айтам.

– Кесибиңиз чыгармачылыгыңызга кандай таасир этти?

– Абдан жакшы, анткени, «горняктар» жөнүндө жаза баштадым, жер кыдырып, турмушка сүңгүп кирдим. Кенчилер жөнүндө «Бакир» аттуу повестим – алгачкы чыгармам. Өз турмушумда кезиккен окуяларды колумдан келишинче адабиятташтырганга аракет жасадым.

– Студент кезде жалаң стипендия менен жашадыңызбы же бул жактан акча салып турган туугандар болдубу?

– Ким акча салмак эле, албетте тартыштык болду. Бирок, Москвадагы институтту бүткөнүмө ата ордуна ата болгон, эне ордуна эне болгон Бүбүкалича эжем эле. Ал киши ата-энем каза болгондо 8-класста экен. Бирок мени, карындашымды окутту. Материалдык, моралдык жактан да ата-энебиздин милдетин аткарды. Москвага посылка салчу. Ал мезгилде бул жакта деле турмуш оңой эмес эле. Бирок, ошого карабай, колунан келген жардамын аябачу. Бар дараметин бизге жумшап, мени ушул даражага жеткирди. Өзү дагы адабиятка, искусствого жакын эле. Эки жыл мурун кайтыш болду. Менде эжемдин ошол жылдары жазган каттарынын баары сакталуу. Адабияттагы жетишкендиктерим, дегеле, бардыгы үчүн эжекеме карыздармын.

– 1970-жылы «Сызма геометрия» деген окуу китебиңиз жарык көрүп, бүгүнкү күнгө чейин 3 жолу басылыптыр. Аны жазууга эмне себеп болгон?

– Сызма геометрияны билбеген адам инженер эмес. Татаал сабак. Кыйынчылыгы – үч жактуулугу, бийиктиги, туурасы, тереңдигинде. Алгач француз окумуштуусу түзгөн. Жөнөкөйлөтүп айтканда, инженердик графикадагы жогорулатылган математика.

– Бүгүнкү күндө чыгарма жазып жатасызбы?

– Буга чейин көп нерсе жазылыптыр. Оң жагы да бар, кемчиликтери да жок эмес. Үч томдук тандалма чыгардым.

Өскөн Даникеевдин жубайы Зина эжеге да суроо салдык.

– Чыгармаларды жазып жатканда кандай шарт түзүп бересиз?

– Илгертен эле өзүнчө бөлмөсү бар. Ал иштеп жатканда балдарды киргизбейм. Тамагын даярдап турам. Түн ичинде да саатка карабай иштей берет. Чыгармаларды орус тилинде жаз деп айтып көрдүм. Институтта орус тилинен сабак берип жүрдү. Өзгөчө мээримдүү, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасайт. Баладай кичипейил.

– Үйлөнгөндөрүңүзгө канча жыл болду?

– 56 жыл болот.

– Алтын той белгилендиби же 60 жыл болгондо белгилейсиздерби?

– Биз үйлөнгөн 9-август күнү жылда уул-кыздарыбыз чогулуп келип, куттуктап кетишет.

Өскөн Даникеевдин чыгармалары жөнүндө залкар акын-жазуучулар убагында мындай пикирлерин билдирген:

Аалы Токомбаев:
“Кыздын сыры” повесть эмес, бул кара сөз менен жазылган поэма… Поэзия.

Түгөлбай Сыдыкбеков:
Чыңгыз Айтматов зоотехник болчу. “Кыздын сыры” аттуу татынакай повесттин автору Өскөн Даникеев инженер. Ал адабиятка шар кирди.

Токтоболот Абдумомунов:
Өскөн Даникеев башкалардай бирин-экин ыр, аңгеме эмес, түз эле повесттен баштабадыбы. Болгондо да кандай! “Бакир”, “Кыздын сыры”, “Кызыл аска”… Баары көркөм предметтүү. Ага шайкеш тили. Аша чапкандык эмес, Даникеев ар бир сөздүн табитин тарта билген чоң устат, чоң стилист.

Чыңгыз Айтматов:
Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” повести чакан болгондугуна карабастан, анда бир адамдын тарыхы берилген. Жетимсиреп, бирөөнүн үйүндө жүргөн кыздын басып өткөн жолу инженер-геолог болуп, институтту бүтүрүп чыкканга чейин кызыктуу, мазмундуу турмушка толгон. Кээ бир жолдоштор ушундай эле мезгилди берүү үчүн трилогиялар жазып, ошого да батыралбай эси ооп жүрүшөт. Демек, чеберчилик деген жеңил нерсе эмес экен го.

Жусуп Мамай:
Өскөн инимдин үйүндө болдук. Жубайы, бала-бакырасы ырыс-кешиктүү бүлө экен. Өзү да топук мүнөз, кең пейил жан турбайбы. Кай жерде, кандай маселе, калыс сүйлөйт экен. Элине таанымал чоң жазуучу, мындай карасаң жөнөкөй эле бирөө.

Анатай Өмүрканов:
Баарын айтпайм, «Кыздын сыры», «Кызыл аска»,
Капырай бирдей жакты кары-жашка
Багбанмын деп баскандар көп
А бирок, бирок,
Өсөкемдин алмасынын даамы башка.

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин тоо», 29.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.