“Сармердендин” эрте кеткен “шайыр жеңеси”

g_batyrkanova

Ырчы, Коомдук телеканалдын “Сармерден” теледолбоорунун алып баруучусу Гүлзат Батырканованын сөөгү 4-январда Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилди. Маркум 41 жашта эле.

Ал өз үй-бүлөсү менен 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып, жол кырсыгына кабылган.

Гүлзат Батырканова 1990-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга келип кирип, аны 1992-жылы жылы аяктаган. Кийин жогорку билимге ээ болуп, КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн.

Анткен менен Гүлзат апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын жолун жолдоп, ырчылык өнөрдү аркалап келди. 20 жылдан ашуун чыгармачылык жолунда улуу муундун да купулуна толгон экен. Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун айтымында, Гүлзат Батырканова учурда өз ордун таап калган мыкты талант, алпейим мүнөз жан эле:

– Жаркылдап сахнага чыкса, кыргыз кызынын жүзүн көрсөткөн мыкты кызыбыз эле. Бүгүн аны узатуу зыйнатына Кыргызстандын булуң-бурчундагы өнөр адамдары келишиптир. Гүлзат өзүнүн өнөрү менен эле эмес, бийик адамкерчилиги, илбериңки мүнөзү менен да элдин сый-урматына татыган.

Арзыбек Бедияров муну менен кошо Батырканованын «Карай берем», «Өмүр жазым»,«Жүрөлүчү эскерип», «Айта көрбө» деген жана башка бир нече ырлары угармандардын жүрөгүнөн орун тапканын, элге дагы далай чыгармаларын арнай турган куракта көзү өтүп кеткени өкүнүчтүү болгонуна кейиди.

"Сармерден" теледолбоору
“Сармерден” теледолбоору

“Балдарды жакшы кара…”

Обончу Майрамбек Осмоновдун айтымында, Гүлзат Батырканова кырсыкка учураган унаада ырчынын күйөөсү жана эки баласы болгон.

Алардын унаасы каршы тилкеде жогорку ылдамдык менен келаткан машинеден качып, жолдун четине чыга бергенде дөңгөлөк шагылга тартылып, аласалып кеткен. Кырсыктан Гүлзат Батырканова катуу жабыркап, күйөөсү, Коргоо министрлигинин эс алуудагы полковниги Мурат Бейшеновдун моюн омурткасы кокустап, балдары кудай сактап аман калган. Маркум ырчы Бөкөнбаев айылындагы ооруканага алып келгенден кийин үч сааттан соң үзүлгөн.Майрамбек Осмонов:

– Үзүлүп баратып жолдошуна “балдарды жакшы кара” деген сөздү айткан экен… Чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсом, өзгөчө акыркы эки жыл аралыгында “Сармерден” аркылуу Гүлзаттын он гүлүнүн бир гүлү ачыла баштаган. Анын мындан башка дагы бир топ таланты, ырлары, сырлары өзү менен кетти.

Майрамбек Осмонов күтүлбөгөн жерден каза болгон маркум ырчыга арнаган ырын да окуп берди.

Бүркөлсө жашын төккөн булуттайбыз,
Бүтүнү талкаланган сыныктайбыз.
Элинен эрте кеткен эрке кызды,
Эч убакта тирүүлүктө унутпайбыз…

Мындан сырткары Осмонов чоң жоготууга учураган үй-бүлөнүн каршысынан катуу ылдамдык менен чыгып, жөөлөп өткөн унаа азыр белгисиз экенин кошумчалады.

Элдик кыз менен коштошуу

Коомдук телеканалдын “Сармерден” шоу-программасынын автору жана режиссеру Сагын Ниязалиеванын айтымында, Гүлзат Батырканова чынында эле көрүүчүлөрдүн эсинен чыкпай турган өзгөчө жан эле.

“Сөөктү жашыруу зыйнатында Гүлзатты эл кандай жакшы көрөрү байкалды”, – дейт режиссер:

– Кызыл-Дыйкан айылына өнөр адамдарынын баары келишти. Филармониянын жамааты, КТРКнын жамааты, Коргоо министрлигинин жамааты, жер-жерлердеги маданият үйлөрүнүн кызматкерлери да келишкен экен. Коштошуу митингинде маданият ишмерлери Темирлан Сманбеков “өзүм көтөрүп чоңойткон кыз эле” деп сыздап турса, Замирбек Үсөнбаев “филармония жамаатында Гүлзат менин өз кызым болуп калган, аны мен жумушка алгам” – деп ыйлап, сүйлөй албай койду. Кошуналары, кайын-журту бир жактан чуулдайт. Муну менен эмне дегим келет, Гүлзат адам катары да элдин сүймөнчүлүгүнө айланган экен.

Сагын Ниязалиева өз сөзүндө Батырканованын эл билбеген дагы далай таланты ачылбай кеткенин, ал акыркы кезде поэзияга кызыгып, ыр да жазып жүргөнүн эскерди.

Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Ал өзүнүн чыгармачылыгында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине, президенттин Ардак грамотасына татыган.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 04.01.2015-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““Сармердендин” эрте кеткен “шайыр жеңеси”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.