Айдарбек Сарманбетов. “Көл периси”

(аңгеме)

Бакубат түндөрдө энеси жамактап айткандан, Субан муюп уккандан жадабас уламыш бар. Ал, бала кезинен эле Субандын жан дүйнөсүнүн тереңине мухитке чөккөн акак сымал төнүп калган. Күнүбү, түнүбү, үйүндө же иштеби… дайыма эсинде, караңгыдагы чырак сыңары дилинде жанып турат, энесинин аруу элеси менен ажырагыс. Ошол, миң бир ирет суранып айттырган, алгач башын ийинине, анан жагымдуу коңур үндөн, ырдай куюлушкан уламыштан көшүлүп, балтырына башын коюп уктап жатып да жадына сиңип бүткөн уламыш ушул. Энеси болсо баласынын башын какса, бырыштуу колдору менен жумшак сылай уламалай берчү:

– Ат териси кургабай, кынына кылыч салынбай. Үрөй учуп элеңдеп, жоону күтүп кезеңдеп.

Замана тарып туз болгон, чанактарга жаш тоңгон. Тээ, байыркы заманда – Амир Темир Кан болгон.

Жанга соогат бербеген, накыл кепке келбеген. Ат туягы жеткенди, жолун кыя кескенди – толук чаап, талкалап; элин кырып, зоолулап; зулумдугу ченде жок – Аксак Темир Кан болгон.

Жеңилүүнү билбеген, беттегенин бербеген; жай албагыр ал кески (Жебирейил бир теңби?!):

– Жер бейиши!- деп айтып, Ысыккөлгө көз артып.- Кызы сулуу, эли жоош. Кышы жылуу, жээги бош. Каймактаган журт экен! Кандыгыма чаап, кош!

Амир Темир алкынды, баштап салды баскынды. Жасагы карап турмакпы, жарагын алып чубады, Че гирткедей аскери, шалпаң кулак пилдери, тебелей келип чааптыр – кара кыргыз жер-элди. Асбара, Нузкат, Жуланы; Сарига, Навакет, Кубалды – калаа деп, каапыр, санабай; ташын талкан чыгарып, Боомдон Көлгө чурады.

Яр шаарынан башталган. Багкатка барып такалган – Ыйык-Көлдү этектеп, канатташ, удаа курулган – Сикүл, Талхиз, Тоң шаары, Барсхан, Дархан, Хол шаары, алардан атак талашкан, Карой менен Койсары, Темирдин жолун тосом деп, набыт тапты бүт баары. Ар кошкондон чогулган, алтымыш түмөн кошулган, жер майышкан жасакка, жаангер, аксак, Темирге – кыргыз эли багынбай, Санташтын нары жагында, кырылыптыр чымындай.

Айласы куруп жамы журт. Шаабайы сууп, качып кут, Беделге келип тыгылып. Жыйын куруп, жыйылып. Турганында мүңкүрөп, жоосу сүрдүү дүңгүрөп. Топ жарып, басып, эринип: чүрөктөй мүчө келишип, кайдан-жайдан белгисиз, үр кызы чыкты керилип. Көйнөгү көлдүн көгүрүм, саамайы бешке өрүлүм, Айпери жүзү нурданып, көргөндүн арбайт көңүлүн. Сынында көлдүн моокуму, үнүндө толкун шоокуму. Көл бетиндей кубулат – үлбүрчөк, колдо жоолугу. Шыпаа таппай болоор бел, тукулжурап тунган эл, дүргүй түшүп дал болду – үмүт күтүп, «берсең бер…».

Табылгы бели бүгүлүп, таазим кылып жүгүнүп. Жаркылдатып таажысын, арууга кетти үн бүтүп:

– Мен болом Көлдүн периси, толкутту жоонун келиши. Жалгандан небак кетсем да, жан-отум жайсыз, кемиди. Тукумкурут болбойлу, Атажуртту коргойлу. Кур намыстан кырылбай, мекенди жоого алдырбай. Калканыч болуп элиме, беттеп Аксак Темирге, өзүм жалгыз барамын, көнгүлө элим кебиме. Же башымды жутармын, не Темирди утармын. Алып ага баргыла, барымта мени кылгыла (!). «Жеңип алгын кызды!» деп, козгогула намыс кеп. Камтама болбой кан элим, калганын мага койгула.

Үр кебине таң калып. Тунжурашып баш салып. Бөлөк арга табылбай, перисин эли кыялбай. «Каржалып турган калың эл, кансыраган мекен – жер, тагдыры кандай болот?» деп, дүйнөсү тарып акыры… эл-жери үчүн, көрдү эп. Пери айткандай кылышты, алпарып аны тынышты…

Кылчактай карап кыйылып, ичинен күйүп, сызылып, көлүнө карап камыгып, көөдөндө үнү карыгып, кетээринде перинин, айтканы элге кайрылып:

– Эми, журт аман болгула. Кызыңды эстеп койгула… Керээзим(!) айта кетейин, мурастап аны созгула…  Алкымдап ажал келсе да, же жыргалын дүйнө берсе да, мекениң сатпа эч качан, өрт алып аны кетсе да! Аруу тут ата-тегиңди, кандашың, коңшу элиңди. Ошондо шатман эгерсиң, өзүң бир эккен эгинди. Дилиңди таза кармагын, намысты бийик сактагын. Урпагың үчүн кам көрүп, элиңди эзел сатпагын!..

Перини көрүп Темир Кан, Жаратканга берди таң! Дүйнөнүн жармын чапса да, аялдан небак танса да, Амир-Темир мындайды, күткөн эмес түштө да!..

Пери кыз ага кеп айтат, тирмийе тиктеп бек айтат:

– Сенин берээр шертиңе, калың эл күбө, – деп айтат. Дүйнөгө салып алаамат, тилегиң болду дамамат. Жайлуу жер издеп таппадың, кылсаң да кыйла далалат. Канчалык өссө казынаң, ошончо дүйнөң тарылат. Сен деп каккан жүрөк жок, сүйүүдөн курук, жакыр жан. Мен болсом – Келдүн пиримин, кыргызымдын дили мин. Дартын тапчы көрөйүн, жүрөктөгү тилимдин. Анда, Темир «баатырым», аңдайын сенин батылың. Муштумдай аял жүрөгүн, жеңе алсаң мына, мен дайын! Тапмайынча дартымды, кыйнабагын калкымды. Эгерде мага арзысаң, тартуу кылам башымды!

Айтылган айбат сөздөрдөн, кумарлуу курч көздөрдөн, тайсалдап Темир калыптыр, эркектаана ал көөдөн! Батылы пери таңдантып, ажары Канды арбалтып, өзүнө өзү ээ болбой, калыптыр Амир апкаарып.              Сапары карып сабылган, сабыры сууп баскындан, амалсыз айнып калыптыр, кыргызга кыргын салыштан.

– Чеги жок тура дүйнөңдүн, четин да чаап бүтпөдүм. Моминтип жеңип аламын, периште кыздын жүрөгүн! – деп каткырып Темирлан (алакөөдөн эркеклан), бөктөрүп кетти перини, ат чуратып, салып даң!..

Олжого тунуп көөдөк Кан, маашырланган Темирлан, кайткан экен жерине, түпкүсү түркү элине. Баш калаасы Самаркан, бубасы Чыңгыз тегине.

Чамгарагы калдайган, мечиттери заңкайган – ордосунун чок орто, алтындан чатыр салдырган, перисин келип кийирди, сылантып куштай кийинтти. Чачты дейт жыйган дүйнөсүн (кудай бир аны көрбөсүн!),

– Оңой эле ээлейм! – деп, – Көл периси жүрөгүн.

… Агылган суудай шырылдап, мезгилдер акты жыбыттап. А бирок Көлдүн периси, чын дилин Канга бербеди. Жүзүнөн санаа кетпеди, «Жеңилдим Каным» дебеди. Көксөгөн көөнү жай албай, самаган сөзүн угалбай. Күтүүдөн тажап акыры, периге Темир сөз катты:

– Жаңылдым, жаздым эмнеңден? Не жансың таштай мелтейген? Жайыңа койдум калкыңды. Же сенден байлык каттымбы? Атактан кур кол эмесмин, бийлик тен жарды дебессиң. Ааламды тартуу кылсам да, «арзыттым, Каным» дебедиң…

Чачмончогу шылдырттап, үнүндө толкун шыбырттап, көзүндө Көлдүн көгүрүм, тике айтты пери сездөрүн:

– Болуптур, Каным айтайын, жыйылган сырды ача­йын. Айткын деп шартты бек койсоң, келди деп кезек ойлосоң, дартымдын таап дабасын, арзыдым мен деп ойлосоң. Күч менен жеңип алам деп, дартымды сыйрып салам деп, ат үстүнө бөктөрдүң, аруу башым кор кылып, өзүңдү менден көп көрдүң. Түйүп кой Темир көөдөнгө – сени, ийимек түгүл жек көрдүм! Дүнүйөң чачып мактандың, унутуп канга батканын. Бак-дилин саткан алтынга, мени, теңедиң көөдөк катынга! Өзүңдү өзүң тебелеп, периге болдуң маскара! Муштумдай аял жүрөгү – табышмак, сырдын түнөгү. Жанотун жага албасаң, ага арзып, сүйүп, жанбасаң, ача алгыс сандык ал өзү, ачкычын анын таппасаң, Кеч болду эми «баатырым», дилимди козгой албадың. Жүрөгүм тоңуп таш болду, атыңдан көөнүм дак болду! Карааның төкөр мен үчүн, көкөйдү тилген шап болду. Мойнуңа алгын жеңилдиң, калгандыр чети эркиңдин. Байлаган менен сен мени, чыкпасын майнап бил эми. Азаттык бергин сен мага, татышкан шерлер дешели.

Кан толуп кески көзүнө, теригип пери сөзүнө. Темирлан көөнү бузулду, туттугуп үнү буулду:

– Азезил, кески, азыткы! Аттагың барбы, сен Канды?! Жүрөгүң менен ишим жок. Катыным көп, көөнүм ток. Баш ийбесең көрөйүн, ал, желдет, жонго камчы сок!

Пери турду солк этпей, кабылан жүрөк жигиттей. Желдетке колун сунганы, шаңкылдай сөздү салганы: – И, мына төкөр “баатырым”, жүзүңдү анык ачканың. Арзымак түгүл сүйүүмө, татыбай калдың түгүмө! Мен сенден сүйүү күткөмүн, билип кой Темир макирөө. Сүйүү бул – оттун куюну, жүрөктүн куту, туюму. Бийлик, байлык кеп эмес, бүт дүйнөң ага теңелбес! Сүйүүнү сүйүү тутантат. Ал – кудурет, тез келбес! Сен Каным аны туйбадың, дүлөй бир жүрөк тутканың. Жанатан айткан мүдөө-сөз: кыйытып айткан көзмө-көз, соңку сыноом болучу. Туйбастан айттың тайыз сөз. Жарааты бүткөн калкымдын, эр болсоң эми кол көтөр! – деп перизат шаңкылдап, денеси ак-боз тумандап. Таң калтырып көргөндү (билектеп, туткан нөкөрдү), «ха-халап!» күлүп, жаңыртып, сарайда чуу­ну көтөрдү!

Периште барат бозоруп, обого сиңип жоголуп. Башында таажы жарк этти, көзүнөн көгүш нур кетти! Эки жеңин каккылап, кайып болуп ал кетти!

… Мына ошондон башталды, Көлгө пери байралды. Каройго тушташ аралда, Чоң-Кой-Суу куйган тарамда, Амир Темир салдырган, чептен пери жай алды.               Күн батканда кызарып. Толкундар ак жал таралып. Күүгүм кеч кирген маалында, эл куса, күткөн чагында – суйсалып пери каалгыйт, Көл үстүндө жай гана. Башында таажы жаркылдап, этек-жең желге калкылдап. Кусалуу тиктейт ал пери, кубарып турса жер-эли. Кубанып турат кулпуруп, кубанса калкы бир туруп. Аралжы болгон ажалга, баягы, тааныш ал – пери! Сы­йынса пери элине, эл кылат таазим периге, кубанса бирге кубанган, киндиктештей тимеле. Өзөгү бирби экөөнүн – бу дүйнө менен о дүйнө!..

Бул аңыз тарап тез эле, жетиптир «жетчү жерине». Албууттанган Темир Кан, эшитип аны болду таң. Сестенип кыйды жүрөгү, бергени буйрук, катуу заң:

– Ысык-Көлдө, кыргызда, Каройго тушташ аралда, чеп курдургам бир кезде, тутулган туткун кирээрге. Түмөн кол менен жигиттер, түрүлүп ага жетиңер. Тыптыйпыл аны талкалап, тезинен кайтып келиңер!-«Атаандашкан бейбакты, – деп ойлоп Кандан сүр качты, – эл-жеринен бөлөйүн, жай бербей жашын төгө­йүн. Өзүм барсам ал жезги, дубалап  – бөөдө өлбөйүн…» – Ал, жигиттер аттангын! Аралдын чаңын чыгаргын!..».

Нөкөрлөр чурап жеткени, талкалап чепти кеткени. Ал гана эмес аралды, чөгөрүп Көлгө теңеди. Аткарып Амир жардыгын, ат башын тарта бергени… Ал аңгыча шуулдап, Көл толкуп, чапкын куюндап, Ак көбүк чачып толкундар, кагышып көктө булуттар, Суурулуп пери чыкканы, жарылып тоодой толкундар!

– Желип-жорткон жигиттер, кебиме чулдук бериңер. Каныңар Темир-аксакка, аманат ала баргыла. Кек кубалап артымдан, ал арам, анык калды каарыма! Жалган дүйнө, чын дүйнө – жаткырбаймын төрүндө. Көлөкөмдөй ээрчитип, какшатып жанын кейитип, кечирим бербей өтөмүн, көрлүгүн анын сездирип!..- деп пери кайра жок болду, толкундар тоодой, токтоду.

Эшитип аны Темириң, тер тепти муздак денесин. Тырык жаагы диртилдеп, көңүлү кетти ириңдеп. Эрдин кырча тиштенди: «Аттиң ай, тайган экем! – деп.– Өзүмдү Теңир тутупмун. Өз башым өзүм жутупмун! Кыргызды түгөл кырсам да, журтун чачып тынсам да, перисин неге кордодум?! Кудай мени урган да!»

… Жылдар жылга огошуп. Жылдыздар көктө тогошуп. Жер үстүндө тирүүлүк, үрөнүн чачат күбүлүп. Дүйнөгө түркүк ким болмок? Өмүрлөр барат үзүлүп. Чамынып Айды чапчыган, уккандар атын талыган, жасагы жалпы дүрбөшсө, дүбүртү Жерди чарчаткан – Темир да өттү дүйнөдөн. Ажалдан качып ким калган?!

Каргышка калган оңорбу? Кутулуп андан озорбу? Айтканы келип перинин, каргышы тийип кебинин, Көлгө келип байланды, арбагы аксак Темирдин. Күн батканда кыңайып, дүнүйө түгөл кызарып. Үлбүрчөк, этек делбиреп, пери кыз чыгат сейилдеп. Артында көк соот кийинген, ээрчиген Темир бар дешет. Батылбай жандап басууга, периден артта, ал дешет…

Жол карап, күтүп перисин; сагынып, самап келишин, жамы журт жалпы тилесе, кир албай дээр-дилине, көрүнөт экен азыр да, Көл үстүндө ээрчише…

– Эне, – дечү Субан ошондо ойгоо болсо башын көтөрүп, – Көл периси чын эле барбы? Болсо мен эмнеге аны эч көрө албай койдум?

Ансыз да санаачыл, калбаат энеси огобетер ойго туна түшүп:

– Ээ, уулум, баласың да. Ал деген каалап эле жете коюучу оңой-олтоң иш эмес. Ага акыл токтотуп, эр жетип, анан ак дилден чындап ниет буруп, эл-журт деген кеңири, терең ой менен чындап каалаганда гана ал сыр ачылат, көрүнөт. Ал үчүн Манастай айкөл болуш керек…– деп калчу табышмактантып.

Ал кептин түп-төркүнүн бала Субан кайдан түшүнмөк, «ээ, карыган энемдин бир жел сөзү да» деп күмөнсүчү. Көрсө… эми, эр ортону элүүгө келип калганда сөз түпкүрүн түшүнүп олтурбайбы.

– Ар бир көлдүк кишинин, анан жалпы кыргыз калайык-калкынын башына каран түн-мүшкүл түшкөн Үркүн, чоң Согушта ал, көлүбүздүн периси кара жамынып, көл үстүнөн кетпей калган. Биз андан алгы үмүт, каниет алчубуз. Анын жаны да, дили да биз-эли менен эзели ажырагыс, бирге. Ал биздин жүрөгүбүздө болсо, биз да анын дилиндебиз. Ал – элинин кубат, тилегинен жаралган сыйкыр, күч. Кыргыз калкынын пири. Көлүбүздүн куту ар бир кыргыздын канында, дилинде. Экөө айрылгыс. Ошону үчүн кут делет. Бөлөк элде мындай ыйык түшүнүк да, сөз да жок, балам. Ушуну эсиңде дайыма терең тута жүргүн.- деген энесинин сөздөрү акыл-дилиннде өчпөс болуп, дайыма жаңырыктап турчу.

Андан бери нечен жыл, мезгил закымдап өтүп кетти. Жээктери чегинип, өңү өчүңкү тартып бараткан менен Көл сынынан жанбай дайыма көрктүү, толкуусун токтоткон жок…

 

* * *

Жээктери додолонгон кемпирташтын үстүндө, бир караан бул дүйнөдө өзү карандай жалгыз калгансып ойго тунуп, үңкүйүп олтурат. Ал – Субан. Кадыр тутуп, эс тартканы ишенип келген ой-үмүтү бу жолу да орундалбай калганына жаны ачына кейип, же баарына кол шилтеп басып кете албай кыжалатка батат. Перисин таба албады. Үмүт чиркин эгерим үзүлбөйт тура. Аны баарыбир алгы үмүт азгырып, кармап турду. Анан да бу жашоодон сырткаркы, көзгө көрүнбөс, эч ким анык айта алгыс сырдуу, чоочун күч Субандын буттарын, жүрөгүн бекем тушап, матап алгансыйт… Ал да тегин жерден эмес, сыры бар…

Субан ошол, Токмоктогу учкучтар окуу жайын аяктап, вертолет айдап жүргөнүнө эки жыл таяп калган кези эле. Самаган кесибине жетип, учууга тойбой, асмандан жерге түшкүсү келбей жүргөн чагы. Ошондой күндөрдүн биринде ага геологиялык чалгындоо тобун Кемин жергесине жеткирүү тапшырылып калган. Кадимки иш күнү болчу.

Вертолет титиреп, кай бир жүргүнчүлөрүн коогага салган менен Субандын тилин жакшы эле алып барат. Капталындагы эзели унубас түгөйү – радист Капар   вертолеттун гүүлдөгү менен атаандашып кыйкыра ырдап келатты. Аны  жакшы билген арттагы геологдор да анын бул шайыр, унубас мүнөзүн ичтеринен жактырып, мыйыктарынан жылмая улам бири-бирине сырлуу жылмайып коюшат. Дилгир Капар аны далысы менен сезип келет. Ошону үчүн ыры токтобойт:

–  … Сенин сүйкүм элесиң бажырайып, бажырайып,

Ашыгамын теминип, теминип чабдар атты.

Долоо-о-он… До-о-о…

Ага орус, кыргыз – баардыгы кошула үн созот. Сөзүн билген-билбегени баарыбир, обону окшосо болду. Учкуч ырдап жатат, демек учуу ийгиликтүү, санаа тынч.

Ошентип беймарал бараткан Субан бир саамда   капталындагы эшиктин айнегине жүзүн такай көл бетин үңүлө тиктеп калды.

–  Эмнени көрө койдуң, командир? – Баамчыл Капар кулакчынын кыңайта түрүп сурап калды. – Же, периңдин таажысын көрө койдуңбу? Хи, хи…

Түгөйүнүн билишкер жылмаңдаган жүзүн Субан көрбөсө да, мыскылдай сүйлөгөнүнө тырчыган менен сыр берген жок. Үндөбөстөн ылдыйга үңүлө берди. Алдында чалкыган көк көл, ага чөккөн агыш аралча, андагы адам колу салган курулуштар, чубала кеткен көчөлөрдүн, там-короолордун урандылары… Карасаң, кандай дапдаана! Жада калса көл тарапка чуба ла кеткен тепкичтери да ачык көрүнүп турат. Тобо!.. Аралчанын как ортосундагы тегерек мунаранын урандылары да додолонуп… аңгыча, суу жайпаган кырлуу таштардын, чокмороктошкон урандылардын арасынан бир нерсе Субандын көзүн сая жарк эте түштү! Ал, чочугандан башын артка катуу силке тартып алган менен  сырдуу жалтырактан көз айырган жок. Ал эмне?! Же Субанга көрүнчү көрүндүбү? Жок,жок. Жаркырактын болгону чындык. Таманы алдындагы тоолорду, айыл, көлдү кандай көрүп турса ал жаркыракты да дал ошондой даана, чын көрдү. Анда ал эмне? Же баягы айтылуу…

Табышмактуу жаркырак бир жолу жалт этти да, көлдүн көгүрүмү оп тарта соруп алгансып канчалык Субан көз карыта узата караган менен кайрылып көрүнгөн жок.

– Командир, эмне эле туйлап атасың? Чындап эле көл периңдин таажысын көрө коюп жүрбө? Ха-ха… – Капар дагы бакылдай капталдан каткырып калды.

Анын келекесинен Субандын кучунашы кармай түштү. Бирок адатынча шек берген жок. Токтоо эмеспи. Кулагын жапыра кайрадан айнекке үңүлө карап:

– Чын эле… – деп өзүнчө күбүрөндү.

– Ха-ха… достум ай. Күлдүрөсүң да! Тим эле…таа­жы деп жүрүп акылыңдан айнып калбасаңчы. Кыз-зыгың түшкүр…

Капар дагы шылдыңдай каткырган менен вертолеттун дүрүлдөгү анын үнүн жаап, арттагылар ырын уланта беришти.

– До-о-оло-о-он….

Субан байкоостон шеригине сыр алдырып койгонуна ыңгайсызданып, улам артта калып бараткан арал сырдуу жаркырак түгүл көл алдындагы аралча да арт­та кала берди. Чын эле ал эмнени көрдү? Жаркырак эмне болчу? Балким, чын эле… Жүрөгүнүн опколжуганы басылган жок…

–  Ооба, Субан, ал менин таажым, – Субан үн чыккан сырт тарапты жалт карай берип, капталындагы терезенин нары жагынан эч кыймылсыз, бирок вертолет менен тең жарыша учуп келе жаткан ажайып аялзатын көрө койду! Ал, шыңга мүчөсүнө кынала жабышкан желбөөр көйнөгүнүн этек-жеңи не бир желп этип койбогон аялзат андан көз айырбай карап туруптур! Перилер гана ушундай сулуу, закымдап уча алышат!

Пери Субанды көлдүн көгүрүмүндөй терең, бакырайган көздөрү менен үлбүрөй карап жылмайды:

– Сен жаңылган жоксуң. – Ал сүйлөп жаткан менен көрүмчү сулуунун адамдарчылап ооз, бети кыймылдаган жок. Ошогезде:

–  Эй Субан, эсиңди жый. Багыттан четтеп баратабыз. Эмне болуп турасың деги? – деген Капар чукчуңдап, шеригинин чекесине алаканын басты. Субан аны жактырбай үнсүз карап, башын алакачты. Дагы да ылдый – көлдү үңүлө карай берди. – Этиң ысып калганбы. Чекең да нымшып калыптыр. Бейтаптап калгансыңбы… жана, жерден эле айтпайсың да…

Үнсүз тунжураган Субан тик учактын багытын түздөп, кайрадан сыртка үңүлгөндө сырдуу жалтырак чыккан аралча небак көрүнбөй калган болучу. Этек-жеңи желп этпей учкан сулуу да жок. Ал ичинен катуу өкүнүп алды. Атаңгөрү, бараткан иши болбогондо… «Деги эмне болуп жатам? Же чындап эле мага көрүнчү көрүндүбү? Жок, жок. Анын пери экенинде шек жок! Бирок ал кай дан, кантип, вертолеттун дүрүлдөгүн баса мага сүйлөдү? Тобо!.. Ушундай да болобу? Эмнеге буга че­йин, мурда, нечен жолу көл үстүнөн айланып учканым менен көрүнбөй, эми гана көрүндү? Бир сыры бар го?..» Субан ичинен кыжалаттанды. Дилинде энесинен, элден уккан уламыштын, көл перисинин нукура чындык экенине анык ынанып жатты. Өз көзү менен көрүп жатса кантип ишенбей коймок?! Акылында канчалык күмөн санаган менен көзү көргөнүн тана алмак эмес. Кантип танат?! «Сен жаңылган жоксуң, Субан. Мен бармын.» деп, аң-сезимине аялзаты аралашканда Субан жинди болуп кете жаздады! Сыртты, эки-жагын канчалык каранган менен үнү тааныш пери эч көрүнгөн эмес…

Ушутапта кийин да күнбү-түнбү нечен жолу «Мен бармын…» деп кайталай берүүчү пери, анын тааныш үнү эсине кылт этти! Мына, азыр да көл жээгинде өткөн закымдарды эстеп, анын чын чыкпаганына көңүлү чөккөнү менен үмүтү үзүлбөй алда нени күтө жаздап олтурду. Эмнени экенин өзү да билбейт. Аңгычакты эле үнү чыкпаган менен баягы, тааныш перинин «Үмүтүңдү эч качан үзбөгүн. Мен бармын» деген сөздөрү жан дүйнөсүнө аралашып, жаңырыктап кетти! Тобо, ал кайдан?!.

Субан эр жетмек түгүл, эр ортонун таяп калган кезинде да көл пе олтурат. Бир жыл мурда вертолеттогу «кездешүүсүнөн» кийин ал перисинин чын экенине бекем ишенип алган. Бирок ал жок, ошондон бери көрүнүп койбоду… Неге? Субандын ошондон кийинки жандалбас аракеттеринен эч майнап чыкпады. Пери жок. Көл түбүнө түшүп кеткендей. Эми, эртең Субан ишине кетиши керек. Отпускасы бүттү. Үмүтү дагы да акталбады. Бардык аракеттери текке кетти. Эртең эле Капар аны дагы сөзгө жыгат: «И-и, периңди таппай келдиңби?..» деп мыскылдай жымыйып. Субандын шылдыңга чыдабаска аргасы канча. Эмне кылмак? Мына… деп көрсөтө коюучу буюм болбосо, пери, кант­мек? Аэропорттогу башкалардын келекесин, түпөйүл, сырлуу көз караштарын айтпай эле кой!.. Өзүчүлөп периге эч кимиси ишенбеди…Субан эми бул жээкке дагы кайрылып келээр бекен? Достору, замандаштары улам суюлуп барат… Элүүгө эмки жылы чыгат. Өмүр өтүп калды, эртеңи аз, күмөн, туман… Ошенткен менен азыр да анын акыл түпкүрүндө көл периси кыттай уюп турду. Аны жок дегенге мойну жар бербейт. Кантип жок десин, көзү көрүп, үнүн даана угуп жатса…

Бу жолу да үч жумадан бери суу алдында кийүүчү кийимдерин кийип алып эртеден кечке суу алдына түштү. Перисин, жок дегенде анын айтылуу таажысын издеди. Жок. Табылбады. Тапкан жок. Чын эле жоктой. Же ал чын эле жаңылдыбы? Балким ал бала кезинен эле энесинин жомогуна ишенип, акылынан айнып алганбы?.. Ырас, балырлуу, күмүш каптал чабактар жалтылдап өрдөгөн эски урандыларды аңтара издеп бараткан кечээ күнү алыстан, оң тарабынан бир нерсе жылт эткен. Жылт эткенде да батып бараткан күндөн иңирттенген көл ичинде темирди ширетип жаткандагыдай жарык анын көзүн өйүтө жарк эткен болучу. Ал, баягы – көл үстүнөн вертолет менен учуп бараткандагыдай күмүш нурлуу жаркырактын дал өзү болучу! Чагылгандай… күчтүү… сыйкырлуу… азгырмалуу… Бирок ал жаркырактан көзү канчалык карыга түшкөн менен эки колун алдыга суна издеп, ээсиз, мезгилге алдыра туш келди чачылган урандыларды түрө тинткен менен эч майнап чыккан эмес. Дегеле эч нерсе болбогондой. Же ошондо пери акыркы аянын берди бекен?.. Анда эле… Жок… жок! Субан оюн чорт кести. Коогалуу ойлордон кутула жаздап, башын катуу чулгуп жиберди.

Бара-бара асман карайып, жер үстү, өзгөчө мелтиреген көл ага кошулуп, жылдыздар жылтылдай көз ачып, тирүүлүк уйкуга ык коё баштады. Көл менен асмандын жиги билинбей жалгашып, дүйнө туюктанып, сүрдүү бүтүмдөлүп барат. Мемиреген бейкапар жымжырттыкты жалгыз гана толкундардын жумшак шыбырты бузат.

Субан көлгө имерчиктеп, аны эзелтен байырлаган перини жан дүйнөсү менен даана туюп, кайрымсыз кыйып кете албай кыйылып турду. Өзү да көл болуп калган сымал… Көл периси ой чордонунда…

Ошол саамда түпсүз ойго бата үңкүйүп олтурган анын ийнине бирөө капыстан алаканын жумшак койду. Субан мындай күтүлбөстүктөн селт эте артына жалт карады. Карады да таң калгандан кыйкырып жибере жаздап, бирок үнү буулуп, аз жерден акылынан айнып кала жаздады. Анткени, анын маңдайында көгүш-сары сырдуу нурга чулганып, башындагы таажысы айланасын гана эмес, бүтүндөй айлананы жаба жаркыраган көл периси суйсала тиктеп турду! Перинин бакырайган көздөрүндө мелт-калт толо жалтыраган мээрим-жашоо, назиктик менен… аялзатынын канбай калган армандуу кумар, кусалыгы да ысык илеп бүркүп турду! Ошол эле кезде байкаганга анын көздөрүнөн жан дилди аңтара сыноо, ишенбестик, зарыккан күтүү да сызыла жанып жатты.

– С-с-сенсиңби?.. – деп тили араң күрмөлдү Субандын.

–  Ооба, менмин. Көргөн көзүңө ишене бергин. – деди пери оң ууртунда ажарлуу да, сыйкырлуу да чуңкурчаны жарата күлүмсүрөп. – Мен да сендей чындап ишенгендерге гана келемин.

Перинин солкулдаган сулуу мүчөсүнө кыналган көйнөгүнүн желбиреген этеги көл бетине тиер-тиймексен боло абада жеңил калкып турду. Андан жанган көгүш-сары нур көлдүн бетин гана эмес, тээ, тереңге чейин көлдүн ичин да жарык кылып жатты.

«Кайдан?! Кантип?! – Субандын жан дүйнөсү чакчелекей түшүп дилинде, – Мен сенин бар экениңе ишенгенмин! Сенин жок болууң мага, элге трагедия! Бар бол!» деп, чечекейи чеч боло да, кубангандан эчкире ыйлап да жибере жаздап ордунан атып турду.

– Сеникиндей ишеним, таза дилге ким, кандай тоскоол чыдап тура алат? Эч ким, эч нерсе. Чыныгы, ак сезимдер – жада калса эч жалгашкыс эки дүйнөнү да курч жебедей жиреп өтөт, – деди пери. Субандын сөз айтмакчы болуп оозун камдап келатканын байкай коюп кол жаңсай токтотту да, – Айтпай эле кой, мен аны туюп турамын. Пери экенимди унутпагын, – деп жылмайды. – Эгерде сени арзытпаган болсом көлдөн чыгып, сага көрүнүп не кылам? Денесине сыйбаган сыймыктан Субан не дээрин билбей оозуна келе калган сөздү айтып жиберди.

–  С-сени Аксак-Темир?..

–  Ай, аттиң ай, эми болбостур. Ушундан гана чочудум эле. Айтпай турган сөздү айтып жибербедиңби! – Пери ачуу кейип алды.

Аңгыча мемиреп турган теребелди жаңырта:

– Ха- ха-ха!.. – деген өкүм каткырык капыстан чыкты. – Менден кутула албасыңды биле элексиңби, перизат? Мага кечирим бербейинче сен эки дүйнөдө бирдей армандап, жаның жай албасын, мен ортодо дайыма бөгөт болуп турарымды билбейсиңби? Алиге туя элек окшобойсуңбу…

Капыс үн чыккан жакка Субан жалт бурула карап олбурлуу, пас денесине чылк жабышкан жалтырак көк соот кийген, быжыгыр сакал адамдын көл үстүнө тиер-тийбес сылтый басып келе жатканын көрө койду! Ал, жагымсыз караанды кандын каңырсык жыты, өлүмдүн кара көлөкөсү коштоп келе жаткандай. Анын айтылуу Аксак-Темир экенин Субан жазбай тааныды. Бүткүл денеси дирт эте жыйрылып алды. Пери ага дит буруп карап да койбостон:

– Аттиң, атын атап бул кескини бекер чакырып албадыңбы. Атын атасаң эле болду, дайыма жетип келет. Жакшы эле жазгырып кеттим эле. Эми болору болду, кабатыр тартпа. Биз ишенимдүү болсок ал даабайт – деди да артына кылчайып, – Артымдан дагы ээрчип келдиңби, арам төкөр? Кайсыл арыңа маашырланасың? Канча миңдеген адамдын өмүрү мойнуңда экенин унутпагын! Тозогуңду татыктуу тарткын. Жок дегенде чын жашоодо күнөөңдү жууп, актай билгин. Жалган жашоодо ааламды титиреткен жаангер болсоң да эми, чын дүйнөдө аял алдындагы күнөөңдү тар тып, тазалангын. Же дагы менден кечирим сурагың келип турабы?

Перинин үнү өктөм тартты. Анын заарынан алтургай Субандын денесин ичиркентип жиберди.

Перинин жанына сылтый баса келген Темирдин каны ичине тарта кумсарып, жаагындагы кыйгач тырыгы диртилдей түшүп перини жеп жиберчүдөй тигиле карап токтоду.

– Ха-ха-ха!.. ошентсе да сенин деле жыргап кеткен жериң жок, пери! Жарык жашооңдогу көксөөңдү толтура албай арзытканыңды армандап, жетпей, издеп, менден күчүңдү чыгарып жатасыңбы? Тапсаң дагы аны менен эзели жалгаша албайсың! – деп, маашырлана Субанга жүз бура сүйлөдү, – Сенин сүйүү деген шөлтү­рүк сезимдин азабын тартканыңа күбө болуп, арзыткан периңден калбай экөөңдү шакаба чегүүдөн артык мен үчүн ыракат жок. Ха-ха-ха…

Экөөнүн кекээрдүү алым-сабагынын түпкү маңызын түшүнө бербеген Субан:

– Пери, бул самтырак эмне деп жатат? – деп кепке аралашты.

Пери сумсайып, Субандан көзүн алакачып:

–  Жай гана… Көңүл бөлбө, бул биздин эзелки кегибиз… – деп койду санаалуу.

– Ха-ха-ха!.. – Темир эми чындап каткырды. – Жай ганабы? Ыя?! Билгиң келсе бозой жан, бул периңдин ачуу арманы…

– Токтот, Темир! Ыракым эткин, жок дегенде бул жашооңдо… Мени аябасаң да бейкүнөө адам баласын аягын…

Темир мисирейе түштү. Анын каны ичине тартып, кексе, курч көздөрү периден өтүп баратты. – Андай болсо, пери, мага кечирим бергин? Жаным жай алсын, кечишелик…

– Жок, – деди пери чечкиндүү, – Ыйык ата-журтун коргогон жихадда төгүлгөн бейкүнөө элимдин канын, азып-тозгонун, көз жара албай сенин кылычыңдан шейит кеткен урпактарымды, эли-журтумдун эсин тепсеп, кутун тебелегениңди унуткун дейсиңби?! Эч качан! Сага кечирим да, убал-сооп да болбойт! Күнөөң көп! Адам балдарына салган азабыңды эми өзүң жалгыз тарткын! Менин кара башымдын жыргалынан элимдин мүдөөсү артык. Ал үчүн жаным курман! Жалгыз мен азапка батсам мейли…

– Жок! – Субан перинин сөзүн өктөм бузуп жиберди, – Мындай ыйык курмандыктын акыбети эртеби-кечпи сөзсүз кайтуусу тийиш. Айткын, пери, мүдөөңдү! Мен баарына даярмын! Жалгыздык менен күтүүдөн ашкан арман жок. Анан сүйүүгө… Мен сага чын ашыкмын!

Субандын каны кызып, көздөрү ойноктоп обдула түштү, ошондо да Аксак Темир аны байкамаксан боло:

– Оомал-төкмөл дүйнө деген ушул, перим. Эми менин келме кезегим келди. – Тиш арасынан кыжына сүйлөгөн Темир көкүрөгүн кере, экөөнө тең тийиштүү кыла айткан менен кол суна Субанга сөөмөйүн сая: – Мынабул көөдөк ашыгыңды карап ал. Тимеле асмандан сүйлөйт. Сенин буга дилиңди бергениңди мен алда качан эле билгемин. Бирок, экөөң бир жашоодо эч качан кошула албайсыңар! Анткени, бириң жалган, экинчиң чыныгы, эки башка дүйнөдөсүңөр. Экөөңдүн азырынча дүйнөңөр бөлөк. – деген Темир перини жеп жиберчүдөй акырая карап кекетип кирди. – Бул бозоюң биздин дүйнөгө келгенде гана сенин тилегиң орунда ат. Адам дегениң жалган дүйнөсүн эч качан өз эрки менен кыйып кете албайт. Өмүр дегениң жандан таттуу. Бул Мажнунуңдун өз дүйнөсү өзүнө кымбат! Ха-ха-ха…

– Жок! Жаңылышасың канкор! – Субан Темирдин сөзүн чорт кести. Ал, жанатан берки кайым айтышуунун төркүнүн эми гана түшүнгөн болчу. Пери Субанды чочулай карады. – Жаңылышасың, Темир, – деди кайталап Субан, – Ыйык сезим дайыма улук, бийик. Анын күчү бир эле пендеге эмес, элди тъп к=т=ръп, керек болсо бътънд=й дүйнөнү аласалдыра көңтөрүп жибергенге жетет. Дил – улук, ал, жашоону улап келген зор күч. Ал – Кудай! – деген Субан суу алдына дайыма ала жүрүүчү кере карыш канжарын таш үстүнөн ала коюп, учун көкүрөгүнө такады.

– Субан, арамза Темирге теңелбегин! – деп кыйкырып жиберди пери, – Сен жарык жашоонун, бир жолу буюрган өмүр-ырыскыңдын ыракатын түбүнө чейин татышың керек! Бу жашоо – адамдыкка сыноо. Андан татыктуу өтүүң керек. Чыдоо, кечирим менен жеңгин. Ал сени чын жолдон адаштырып жатат. Адашпагын! Бузукунун тилине кирбегин! Темир – арбак гана, сен тирүү жансың, аны жеңгин!

Субан периге өкүттүү жүз бакты. Анын айтканы кашкайган чындык эле. Кантип аны эки кыла алмак. Жалган жашоого адамдык касиетти сактап калуу, бийиктигин даңазалоо үчүн, ал оор сыноодон өтүү үчүн жаралган турбайбы.

– Ооба, Субан,- деди пери анын ойлорун окуп жаткансып, чынында эле ошондой эле,- бу жашоодо адам пендесинин ыйыктыгын, актыгын, бийиктигин далилдегин. Майдаланба. Элим деп жаша. Ага күй, тирек болгун. Ошондо мындай кара күчтөр алдан тайыйт, адамдарга кара таасири кемийт. Антпесе бул азыткылар күчтөнүп, жарык дүйнөгө калайман салып жиберет. Ага качаңкы кандуу согуштар, кагылыштар күбө. Азыр да…- пери капталдай окчундап турган Аксакка шектүү көз бура сөзүн соңуна чыкпай жута бүтүрдү.- Сен жашагын. Адамдык парызың ошол. Баарына чыда, баарын кечирим менен жеңгин. Чын жашоого таза, татыктуу келсең экөөбүз биригебиз. Кудайдын бир берилчү белеги болгон жанды өз колу менен кыйуу кечирилгис күнөө. Анда экөөбүз түбөлүк айрылыштык дей бер. Жашагын!

Пери артына муңайым бурула берди.

– Макул, перим, айтканың менен болоюн. Чын дүйнөдө жолугушканга чейин…- деген Субандын сөзүнүн аягына чыгартпай Пери ага кайрыла берип, сүйө карай колун сунду. Субан анын акбилегинен аяр кармап маңдайына тийгизе тооп кылды.

– Кээде көрүнүп турчу перим, оорчулукта?..– деди ал жалындуу.

– Макул. Ал сен болсо мени жакшылап издегин…- деди сырдуу жылмая пери,- ошондо дайыма табасың…

Ошентти да Пери күтүүсүз артына чечкиндүү бурулду. Коштошуу ага да оор болуп кетти кыязы. Жумшак шыбырттаган көпкөк көл үстүндө жай, үнсүз, желге желбирттеген көйнөгүнүн этеги ак канат толкундарга тиер-тиймексен калкып, пери алыстап баратты. Артында сылтый ээрчиген кара караан түбөлүк байланган ит сымал башын жерге сала үнсүз ээрчийт…

 

a_sarmanbetovА.Сарманбетовдун башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Айдарбек Сарманбетов. “Көл периси”: 1 комментарий

Добавить комментарий