Раззаков тууралуу тасма мартта элге сунушталат

Ушул жылдын март айында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаков тууралуу көркөм тасма эл сынына коюлат. Бул тууралуу фильмдин режиссеру Алим Токторов “Марал” радиосуна билдирди.

Режиссердун айтымында, тасманы тартууга 3 жыл убакыт кеткен. Тасма Кыргызстандын ичинде тартылган. “Кинонун толук аталышы “Раззаков: Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот” – деп аталат. Учурда монтаж жана үн коштоо иштери жүрүп жатат. Тасманын бет ачаары 19-март – Раззаковдун каза болгон күнүнө карата пландалып жатат. Бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу жылып кетиши да мүмкүн”, – деп кошумчалады Алим Токторов.

Фильмде Раззаковдун балалык чагы, 1945-1961-жылдардагы жасаган эмгектери чагылдырылган. Ошондой эле башкы ролду режиссер өзү ойногон.

Раззаков мамлекеттин жетекчилик кызматтарында иштеген кеменгер эл башкаруучу болгон. Ал 1961-жылы “улутчул” деген күнөө менен кызматтан алынган. 1979-жылы 19-мартта Москва шаарында каза болгон.

Тасмадагы кадрлар:

razzakov1

razzakov2

razzakov3

razzakov4

razzakov5

Орозгүл Арстанова, “Марал” радиосу, 09.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.