Таттыбүбү Турсунбаева

tattybubu_tursunbaeva

Актриса менен алгачкы таанышуум

1967-1975-жылдар аралыгында Таттыбүбү Турсунбаева өзү тартылган көркөм тасмалары аркылуу Кыргызстанга, СССР аймагына кеңири тааныла баштаган. Айрыкча актриса түшкөн “Ак Мөөр” тасмасындагы Ак Мөөрдүн, “Отко таазим” тасмасындагы Уркуянын образдарын керемет боектор менен экранга алып чыккандыктан, жалпы эл, кино сынчылар, коомчулук кызуу талкууга алып, актрисага болуп көрбөгөндөй аброй жана атак-даңк тартуулай баштаган. Актрисанын суйкайган сулуу келбети, жан дүйнөсүнүн ажарын ачып турган ай жаркын күлкүсү кимди болбосун кары-жашына карабай өзүнө оп тартып, ал тартылган тасмалардын ажарын ачып, көрүмдүүлүгүн арттырып турчу. Эгерде жогорудагы тасмалардын баш каармандарын Таттыбүбү эже аткарбаганда, алар калк сүйгөн тасмаларга айланбай калышы толук мүмкүн эле. Мен ал жылдары мектептин окуучусу элем. Таттыбүбү Турсунбаева катышкан ар бир тасманы ынтаа коюу менен көрүп, эжени жакын адамымдай сезип, аманчылык болсо таанышсам деген баео сезим менен жашап жүрчүмүн…

***

Орто мектепти аяктап, борбор калаабыз Бишкекке (андагы Фрунзеге) келдим. Жогорку окуу жайлардын бирине документтеримди тапшырып коюп, көкүрөгүмдө жашаган тилегимди орундатууга – Таттыбүбү эже менен таанышууга кыргыз драма театрын издеп таптым. Театрдын кызмат эшигиндеги кароолчуга Таттыбүбү эжеге келгенимди айтсам, “Кирип-чыккан артисттерден чакыртып ал” деди. Кудай жалгап көз ирмемден соң  Ашыр Чокубаев чыгып калды.

– Мен Таттыбүбү эжеге келдим эле, чакырып коесузбу? – деп, балалык баеолук, айылдык тартынчаактык мүнөз менен кайрылдым. Чакырып жатканымды айткан окшойт, кийген кийими өзүнө куп жарашкан, ай чырайлуу Таттыбүбү эже жылмая, кашка тиштерин жаркыратып күлүп чыгып келди. Ошондогу менин кубанычыма чек жок эле. Кечээ эле телевизордон көрүп, таанышсам дегенде ак эткенден, так эткен Таттыбүбү Турсунбаеванын өзү мени көздөй келатканда, эже эмей эле, көлдө аккуу кериле сүзүп келаткандай туюлду мага. “Жаштын тилегин берет” деген ушул белем, эжени көргөндө бир аз апкаарый түшүп, көпкө унчукпай туруп калдым.

– Мени издеп келген сенсиңби? – деди эже.

– Ооба, эже, мен Сиз менен таанышканы келдим, – деп, мен ага атымды айтып, кол сунуп учураштым.

– Абдан жакшы болот, Ракыя, бул дүйнөдө тааныш-билиш болуп бири-бирин сыйлап өткөндөн башка бакыт барбы, – деди.

Таттыбүбү эже ушунчалык жароокер, ачык, аруу жан экен, дароо тил табышып, мурдагы тааныштардай божурашып сүйлөшө кеттик. Ошондогу менин толкундоо менен чыккан үнүмдүн дирилдеги, каргылданганы, апкаарыганым  Таттыбүбү эженин мага кол суна таанышып жаткандагы элесим күнү бүгүнкүдөй көз алдыма кино тасмасындай тартылып турат. Ошондо  Таттыбүбү Турсунбаеванын жөнөкөй,  улуу-кичүүгө бирдей жасаган сылык, жупуну мамилесин көрүп, абдан таң калып, адамгерчилигине таазим эткенмин. Эгерде эже бой көтөргөн, атагына чиренген, текебер адам болгондо, таанышканды кой, “кайдагы бирөө үчүн сыртка чыгамбы” дегенчелик кылып, маани бербей коймок.

Балалык таза кыял менен сүйлөп, эжеге “Ак Мөөрдөгү”, “Отко таазим” тасмаларындагы жараткан образдарын элге жакын ойногондугун айттым. Өзүбүз туурасында, кино тасмалар, спектаклдер, дүйнөгө таанымал актер, актрисалар жөнүндө маектешип атып, бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткенин сезбептирбиз. Коштошуп жатып “Каалаган учуруңда келе бер” деп, эже театрга кирип кетти. Мен Таттыбүбү Турсунбаева менен таанышкандыгыма чексиз кубанып, кудуңдап  сүйүнгөн бойдон үйүмө жөнөдүм.

***

Ошол күндөн тарта, бош боло калганда  Таттыбүбү эжени көздөй жөнөчү болдум. Анын спектаклдерге даярданган учурларына  көп катыштым. Мени залга киргизип, режиссерлордун жанына отургузуп койчу. Таттыбүбү эже репетиция учурунда ролго абдан берилип кирип кетчү. Өз ишине өтө жоопкерчиликтүү болчу. Бара-бара эже-сиңдидей жакындашып кеттик. Кээде үйүнө алып барчу. Экөөбүз түндүн бир оокумуна чейин ар кандай темада сүйлөшүп олтурчубуз. Бирге кино көрчүбүз. Ал грузиянын атактуу актрисасы Софика Чиаурелини идеал тутчу. Ошол жөнүндө көп айтып, тартылган фильмдерин үзбөй көрчү. Эженин үйүндө калган учурларда эрте туруп, ал театрга, мен университетке (азыркы Ж.Баласагын атындагы улуттук университет) жөнөчүмүн. Анда мен бул окуу жайдын журналистика бөлүмүнүн студенти элем. Эже менен театрга чейин бирге келип, андан ары Фрунзе көчөсү менен университетке барчумун.

Экөөбүз ээрчишип бара жатканда Таттыбүбү эжени карабаган жан жок эле. Анын ак маралдай маңкайган чырайы, келбетине келишкен басыгы көргөн адамды суктандырып, жалт каратчу. Таттыбүбү эженин көз тайгылткан сырткы сулуулугуна, баарлашкан адамды тамшандырган жан дүйнө сулуулугу жуурулушуп, ого бетер ажарын ачып салчу го, чиркин дүйнө! Ушунчалык ажайып сулуулукту, ат көтөргүс атак-даңкты артынып жүрүп дагы, эже өтө жупуну жана жөнөкөйлүктү туу тутуп жашап өткөн керемет инсан болгондугун арадан бир канча жылдар өткөн соң терең түшүнүп олтурамын. Кичүүлөргө да, улууларга да бирдей мамиле жасачу. Бирөөгө катуу айтканын, ушак сүйлөгөнүн такыр уккан эмесмин. Кээде капа болуп калганын байкачумун. Андайда: “Эже, Сизге эмне болду? Бирөө катуу сөз айтып таарынттыбы?” десем жарк эте күлүп, “Эч нерсе болгон жок. Сага ошондой көрүнүп жатат го, Рая” деп койчу. Өзүн капа кылгандарды да, ал жөнүндө жаман сөз тараткандарды да эч убакта ушактачу эмес. Жан дүйнөсү баланыкындай таза, жүзүнөн нуру төгүлгөн, өңүнөн ички дүйнөсүнүн тазалыгы чачырап жанып турган ажайып инсан болгондугун мына эми көзү өткөн соң кан какшап айта башташты. Көрсө, бул түбүң түшкүр дүйнөнүн түркүктөрү – бала кыял, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн, адамдарга жакшылыгын аябаган, баарына тегиз мамиле жасай билген Таттыбүбү Турсунбаевадай асыл-жаркын адамдар болот тура. Алар тирүү кезинде оттон алып чокко салып, тебелеп-тепселеп ушактаган адамдардын азыр аты да, заты да жок. Ал эми асыл адамдар, кезегинде коомчулуктун жемине айланган Алыкул Осмонов, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу инсандар азыр улут күзгүсү, руханий жан азыгы болуп олтурат. Көрсө, улут үчүн, адам баласынын жакшы жашоосу үчүн Таттыбүбү эжедей асылдар из калтырып, пайдубалын түптөп, кышын көтөрүп жүрүп олтурат экен. Аттигиниң ай, азыр элдин сүймөнчүк актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева арабызда болгондо 70 жашка чыгып, балпайган байбиче болуп, бул кезге чейин кыргыз кино өнөрүн аалам алкагына сүйрөй чапкан керемет адамдардан болмок экен. Аттигиниң, бири кем дүйнө дегениң ушул белем!

***

Ошентип, жаш кезимдеги тилегим ишке ашып, Таттыбүбү эже менен эже-сиңдидей катышып, эже менен болгон кызыктуу маектеримди, бирге жүргөн кездеримди досторума, тааныштарыма айтып бергенден тажачу эмесмин. Анткени Таттыбүбү эженин чыгармачылыгына кызыккандар абдан көп эле.

Бир күнү  мен сабактан чыгып, Таттыбүбү эже чакыртканынан ага театрга бардым. Эже  репетициясын бүткөрүп мени күтүп жаткан экен. Ал бир аз сейилдеп басып, анан үйгө баралы деген сунушун айтты. Мен макул болуп, паркты аралап  сүйлөшүп көпкө басып жүрдүк. Бир оокумда, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына чейин келип калганыбызды байкаганда, эже эстеликти карап туруп:

– Бул мага коюлган эстелик! – деп күлүп калды.

– Кандайча, эже? Бул Уркуя Салиеванын эстелиги го?! – деп таң кала сурадым.

– Мен Уркуя Салиева болуп ойнободум беле. Ошондон улам ушул эстеликтин жанынан өтүп калганымда тааныштарыма, кесиптештериме, туугандарыма “бул менин эстелигим” деп тамашалап айтып калам, – деди эже.

Биз ал жерде эстеликти карап бир топко чейин туруп, анан эженин үйүнө кеткен элек. Азыр Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан өткөн сайын эженин мага бул эстелик жөнүндө айтканы күнү бүгүнкүдөй кулагыма жаңыра берет. Жакын адамдарым  менен бул эстеликтин жанынан өтүп калган учурларда Таттыбүбү эже менен болгон ошол окуяны айтып берип, “бул Таттыбүбү эженин эстелиги” деп мен да айтып  калам да, аларга эстелик жөнүндө өз ой-пикиримди билдирем. Ал ой-пикиримди көбү “туура эле” деп айтып калышат.  Тамаша чындыкка жанаша болуп, чындап эле Уркуя Салиеванын эстелигинен эки адамды көрсө болот. Бири – колхоздун председатели Уркуя Салиеваны, экинчиси – ошол ролду ойногон Таттыбүбү Турсунбаеваны. Себеби, Уркуя Салиеваны көпчүлүк көрүүчүлөр Таттыбүбү эженин образындай элестетишет. Эстеликке көңүл коюп жакшылап караганда, Таттыбүбү эженин өң-келбети чынында эле чагылып турат. Эстеликтин жанына ким келип карабасын, сөзсүз түрдө Таттыбүбү эжени эстебей койбойт. Себеби актрисанын Уркуя Салиеванын ролун аткаргандыгы бүт кыргыз көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап калган. Бири – Уркуя Салиева Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө өзүнүн зор эмгегин кошсо, экинчиси – Таттыбүбү Турсунбаева кыргыз театр жана киноискусствосунун өнүгүшүнө чоң салым кылган. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп белгилүү жазуучу Аалы Токомбаев айткандай, эки эжебиз тең өздөрүнүн кыска өмүрүндө эсткен кеткис сыймыктуу эмгектерди эл үчүн жаратышкан.

Таттыбүбү эжеге ошол кездерде жогорку окуу жайлардын, айрыкча КМУнун кыргыз филология факультетинин, анын ичинде журналистика бөлүмүндө окуган студенттердин кызыгуусу артып, анын театр жана кинодогу чыгармачылыгына суктанышып, эже менен таанышууга ашыгышчу, баарлашууну абдан каалашчу. Курсташтарымдын, төмөнкү курстардын студенттеринин шагын сындырбай, аларды үйүнө алып барып тааныштырчумун. Алар эженин чыгармачылыгы жөнүндө көпкө чейин маектешишчү. Ал эми алар Таттыбүбү эже ойногон спектаклдерге барып, оюн соңунда аны куттуктап гүл дестелерин тартуулашканда, абдан кубанчу. Кээ учурда студенттер үйүнө чейин узатып барып, бир топко чейин сүйлөшүп олтуруп кайтчубуз.  Ошол студенттердин бири – азыркы учурда элге белгилүү коомдук ишмер – Султан Раев эле. Султан экөөбүздүн  Таттыбүбү эже жөнүндөгү “Союзга таанымал” деген макалабыз “Ленинчил Жаш”  газетасынын 1981-жылдын, 28-апрелиндеги санына жарык көргөн. Ошол жылдары мен эженин үйүнө Султан экөөбүздүн жазган макалабызды алып барып бергенимде абдан кубанып, ыраазычылыгын билдирген эле.

(Уландысын гезиттин жаңы жылдагы сандарынан күтүңүздөр)

Ракыя ЖУСУПОВА, “Көк асаба”, 29.12.2014-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.