Жашоо сабактары

js1301

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Акыл дүйнөнүн тереңдиги

Адамдын акылы эбегейсиз зор дүйнө. Бул дүйнө адамдын жашоосунун туткасы, бели, өркөчү. Жашоо адамдын акылы менен таанылат, бийиктейт, тутанат. Адамдын акылынын тереңдиги менен мезгил таанылат, кубат топтолот, чечимге жараша иш козголот, аныктамага жараша үзүрү болот.

Жашоонун мукабасы адамдын акылы менен тааныла баштайт.

Ичиндеги саптар адамдын тагдырына жараша, таанымына жараша, иш кызматына жараша топтолуп, ирээтке келип, жашоо изи кала баштайт.

Соңу – адамдын өмүрүнүн жыйынтыгы, жетишкендиги, баасы, баркы.

Адеп шартына жараша тууралыгы – мукабанын аягы болот.

Билим, илим, дүйнө тааным, андан чыккан жыйынтык – адамдын өсүшүнө, тереңдөөсүнө, таанымына өбөлгө болот.

Адамдын жетишкендиги – акыл дүйнөнүн тереңдигине байланыштуу. Жашоонун ыргагы мезгилге байланыштуу.

Улантып өсүү – адамдын деңгээлине байланыштуу.

Баалуулукка жараша өсүү, тереңдөө болот.

Жашоонун ыргагын, шартын, кыймылын, бүтүндүгүн ирээтке келтирүүчү – бул, Кудайдын мээрими, сүйүүсү, каалоосу.

Адамга келген акыл – терең акыл.
Адам жеткен акыл – майда акыл.
Кудай берген акыл – кенен акыл.
Адам кармаган акыл – тайыз акыл.

 

Акылдын эки түр тереңдиги болот:

  1. Адамдын акылынын тереңдиги.
  2. Кудай берген акыл тереңи.

 

Адамга көп ирээт Кудайдан акыл келген:

  1. Адам адашкан учурда.
    2. Бузулган учурда.
    3. Кыйналган учурда.
    4. Теңсалмактуулук жоголгон учурда.

Кудайдан келген терең акыл адамдык сапатты, кыялды, максатты, баалуулукту, мүнөздү өзгөртүүнү талап кылат.

Кудайдын акыл тереңдиги адамдын жашоо шартын, тууралыгын, муктаждыгын, тереңдигин, кадыр-баркын, көз карашын өзгөртөт, бийиктетет, жашоо кырдаалын бекемдетет, туруктуулукту көздөйт, үйрөтөт, жеткизет.

Талапка жооп бербесе тандалган адамдар таарылат, ийленет, кагылат, анан бышат, күчтүү болот, ийге жетет. Ийге жетпегендери мерт болот.

Акылдуу адам ийге, шартка, талапка бат көнөт, тез токтолот, толот, ташыйт.

 

Көңүл көтөрүлбөй жатса – терең акылга сал

 Жашоонун азабы көңүлдө. Көңүлдү көтөрүү керек. Көңүл көтөрүлбөй жатса, биринчи акылга салыш керек.

Баарыбызга тийиштүү нерсе материалдык байлык жетиштүү болсо да, көңүл көтөрүлбөшү мүмкүн. Ошондуктан, көңүлдү баардык убакта көтөргөнгө аракет кылыш керек.

Кубанычта болуш үчүн терең акылды терең кабыл ал. Терең акылды иш жүзүнө аткаргандан кийин адам терең кубанат.

Адам өзүнүн жакшы сапаттарын эстеп, ийгиликтерин эстеп, элестетип кубанса болот.

Көңүлдү көтөрүү, кубанууда туруу үчүн ырга көбүрөөк көңүл бурулсун. Ырдагыла.

Табияттагы сулуулукка, кооздукка кубангыла. Сулуулукту, тереңдикти көрө билгиле. Акыл менен сезимди тең алып жүргүлө. Жакшы сөздү байкай билгиле, маани бергиле.

 

Кубанычтуу нерсени байкаганды билгиле, үйрөнгүлө

Жакшы, кубанычтуу учурду эстегиле, көңүлүңөрдү көтөргүлө, кубангыла, жакшыны дайыма оюңарда баккыла.

Ой-толгооңор кеңейиш үчүн жашоодон сабак көп алгыла. Баардык нерсеге сереп салып көрүп, ошодон сабак алыш керек.

Улуулардын батасын алганды билип, ошого кубангыла.

Кубаныч болгондо “Кудай кут кылсын, кубанычтар көп болсун” деп тилек кылып тургула.

Көңүл – жан дүйнөнүн учурдагы акыбалы. Ишти аткаруу көңүлгө байланыштуу. Көңүлсүз жасалган иштин ажары ачылбайт.

Адамдын көңүлүн тапкан адам – олуя адам. Балдардын көңүлүн табууда алардын аракетин, кылган ишин баалап маани берсеңер – алар кубанып жасайт, жакшы көрөт.

Адам адамдын көңүлүн тапканды билсе – жашоонун негизин таба алат. Себеби, адамдын түйшүгү, жашоосу ар кандай. Ошону изилдеп тапса – негизи табылат.

Бирөөнүн көңүлүн тапкан адам – бирөөнүн да, өзүнүн да жашоосун жеңилдетет.

 

Адамдын көңүлүн кантип табыш керек:

  1. Сүйлөшүш керек.
  2. Тууралыгын табыш керек.
  3. Мүдөөсүн табыш керек.
  4. Чын дилден:
    1. Баалоо.
    2. Колдоо.
    3. Кеңеш берүү.
    4. Бүтүм чыгаруу.
    5. Жылуу мамиле.
    6. Кечиримдүү болуу.
    7. Убакыт бөлүү.
    8. Чыдамдуулук.
    9. Жыйынтык (көңүлүн таап жаткан адам үчүн керек).

Баалаганда жакшыны да, жаманды да чын дилден айтуу керек. Биринчи, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк менен жакшыны айтыш керек. Андан кийин жаманды да айтса, адамдын деңгээлин көтөргөнгө тете болот. Баалоодо, жагдайды серептеп туруп баалоо керек.

Акылды айткан адамдар болот
Акылды уккан адамдар болот
Акылды сунган адамдар болот
Бирок да акылды ар бир адам кабыл ала бербейт

 

***

Улуулуктун башаты – мезгилге таандык
Сулуулуктун башаты – акыл-эске таандык
Сапарды улаган адам – кыймылдуу адам
Сапарсыз адам – бул, шал адам
Күч-кубатка толуу – бул, жашоонун талабы
Күч – акылда, күч – бирдикте, күч – бүтүндүктө, күч – толуктукта
Кубат – шайкештикте, кубат – ийгиликте, кубат – сапарда.

Адамдын акылы толук эмес
Адамда мээрим, сезим, ишеним, күч жана акыл болгондо толуктук болот
Баары ирээттүү, ыргактуу болгондо адам кубаттуу болот.

Шайкештик жоголгондо кубат төмөндөйт.
Адамдын кубаты жакшыда да, жаманда да
Кубаттуу адам жакшыда болсо, Кудайдын мээримине толот
Кубаттуу адам жаманда болсо, Кудайдын мээриминен таят
Кубаты жакшыда да, жаманда да болсо, чалынуусу көп болот

Сапатка сапат улачу күч ар дайым адамда боло бербейт.

Сапатка сапат кайсы убакта уланат –
Кайгырганда, адашканда, кыйынчылык башына келгенде.

Адамдын санаасы болбосо, көңүлү жай болсо, көп мүмкүнчүлүктөрдү байкабайт, назар салбайт, изилдебейт, түшүнө билейин деген аракет аз болот. Баскан жолдун багытын тууралабайт. Эгер адам көп кыйналса, адашуулар көп болсо, ал баскан жолун, багытын улам иликтеп турат, мүмкүнчүлүктөрдү тез байкайт.

Акылды алган адамдарга
Каалоо арнайм таза бол деп
Тазалык болсун ой толгоодо
Тазалык болсун Дилде, Дитте
Тазалык болсун иш кызматта
Тазалык болсун денеде
Тазалык болсун демде.

 

Ырыстуу күндү кабылда
Ырысты адам бек карма
Куттуктоо болуп күнүгө
Кубануу болсун күнүгө
Улуулук болсун жолуңда
Сыймык болсун коомуңда
Капыстан келген ырысты
Качырбай адам бек карма.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144-820; 0552 853-555

«Көк асаба», 28.02.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.