Мактанчаак коён

(жомок)

Илгерки заманда коён узун кооз куйруктуу, күлүк, мурутчан, өзүжеткен мактанчаак жаныбар болот экен. Жаш, жаңы чоңоюп келе жаткан коёндорго тынчтык бербей:

– Токойдо кожоюн жалгыз гана менмин! – деп, көзүнө эчтеке көрүнбөй, көөп турган маалы. Эрдин бүлкүлдөтүп чөптүн жакшысын искеп жеп, бир жерге токтоно албай, – эрдим төөнүкүндөй, кулагым эшектикиндей, күлүктүгүмө эч ким жетпейт, жүнүм, куйругум кандай укмуш, чиркин! – деп мактанып жүрүп, ал коён бир кирпиге жолугат.

– Сен кимсиң? – деп, бүрүшөт кирпи.

– Мен коёнмун – дейт үнүн катуу чыгарып.

– Эмнеден коркосуң?

– Мен эчтемеден коркпоймун, а сен кимсиң? Сен эмнеден коркосуң? – дейт коён.

– Мен кирпимин. Мен кокустуктан корком.

– Кокустук дегениң эмне? – деп, дагы сурайт коён.

– Туяктуу жаныбарлар атайлап баспайт, бирок шашып, качып же үркүп келе жатып басып кетсе, өлөм.

– Иттенчи?

– Иттен үстүмдөгүтонум сактайт. Киши мени бир тоголок тикен деп ыргытып жиберет, эчтеме мага тие албайт. Сен коён мактанчааксың, ошондуктан калп эле коркпойм деп жатасың. Карышкыр жана башка айбандар мамыктай жумшак денеңе азуу тишин матырса, өлөсүң.

– Ооба, аны сен кайдан билесиң?

– Мен сени көргөндө эле билдим, эгер мыкты болсоң, эмне эрди-башың былкылдап турат?

– Эрдим төөнүкүн тарткан, ошондуктан жырык, кулагым чоң, шырт дедирбей угам, күлүкмүн, качып кутулам.

– Мен бир иш айтайын макулсуңбу? – дейт кирпи. Коён макул болот. – Жүр, дос, тээтиги көлгө баралык, суу ичелик, бир аз эс алалы, – дейт.

Алар көлгө келишет да, суу ичип, бир аз эс алышат.

– Эми көлгө куйругуңду салып, жээкке бир аз олтурчу, – дейт кирпи.

– Эмнеси бар! – деп мактанчаак коён куйругун сууга салып отурат.

Ошол маалда өрдөк баш балык келип, коёндун куйругун көрүп, жемек болуп, араадай тиши менен тиштеп тартат. Балык сууга, коён чыңырып арткы буту менен жерге таянып сыртка тартат. Ары-бери тартышып, коёндун куйругу үзүлүп кетет. Айласы кеткен коён андан-мындан бир тийип, куйруктан ажырап, кыска куйругу менен качып жоголот.

– Мактанчаактан кутулдум! – деп кирпи кала берет.

Коён ошо күндөн, ушу күн куйругу жоктугунан уялып, отура калып жүрөт экен.

Сагын Ашырбай уулу,
Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомоктор жана жомокчулар” китебинен алынды
,
“Мурас”

Соц тармактар:

One thought on “Мактанчаак коён

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.