Жашап Жазган Жазуучу

Мелис Макенбаев

“Кантип эле?” дедим башымдан ылдый муздак сууну жаба куйгандай гезиттеги суук кабарды окуп алып денем ичиркене. Анан бир орунга казык болуп кадалып көпкө турган соң өзүмдү өзүм жектей баштадым. Ошол күнү анын мага дагы айтайын деген эмне кеп-сөзү калды эле? Оо, курган баш! Эмнеге биз анча-мынчаны этибар албайбыз? Эмнеге жаныңда турган адам эле бир күнү жылдыз болуп көккө учаарын ойлоно бербейбиз? А балким мага дагы айтчу арманы, калтырчу кеби бар болгон чыгаар? Жолдо аркы-терки өткөн адамдардын айрым бирлери мени акырая карашып, айланып өтүп атышты. Ээнирээк жерге барып отура кеттим. Отурдум да кайрадан ойду чубадым. Дагеле ошол күн эске түшүп…

Мындан үч эле күн илгери дагы отура турчу деген кебине баш ийбей “Мелис байке, шашылып аттым эле, алыс жолго чыгам” деп эки сааттан ашык жанында турган соң кечирим сурап, анан сапар улаганымды эстейм. Ошондо жазуучу менен акыркы ирет көрүшүп атканымды, эми мындан ары мага омоктуу ойлорун ортого сала албай каларын капарга да албапмын. Дал ошол мен барган күн анын ушул ажайып кооз аалам менен кош айтышып аткандагы акыркы сааттарынан экенин анда кайдан билдим дейсиң!?

* * *
Студенттик куракта Эркиндик сейилбагындагы “Нуска” китеп дүкөнүнө көп каттачубуз. Барган сайын кучак толо жүк көтөрүнүп жатаканага шаңдуу кайтаар элек. Мына дал ошондой жаштыктын жалындуу күндөрүндө дүкөндөн “Бөрүлөрдүн чыйыры” аттуу китеп колума тийип калды. Ал кезде шаардын бир учунда, таежемдикинде жашап калгам. Үйгө келип таң агаргыча кирпик какпай романды окуп чыктым да, кайрадан сабакка жөнөп баратып автобус ичинде ойго баттым. Анан көз алдымдан дале китепте баяндалган көрүнүштөр кетпей, Карыпбектин карааны көз алдыма тартылды. Болор-болбос нерсеге кейип-кепчий бермей адатымды эстеп алып, өзүмөн өзүм ардандым. Карыпбек эркиндикти эңсеп адам чыдагыс азаптарга батканын, анан да темир тордогу адамдардын биз сыяктуу эле адамдар экени, аларды коом өзүнөн биртоп оолактатып салганы тууралуу ойлондум.

Он беш мамлекет чилдей тарап, өз оюн ачык айткан заманга жеткен кезде кыргыз адабиятына Мелис Макенбаев деген жазуучунун кирип келиши зор жаңылык болду. Ал абактагы адамдардын арманы менен ызасын, ыйы менен муңун коомчулукка ачык айтып жар салган жазуучулардын алгачкысы катарында адабиятыбызда калды. Мелис Макенбаев коомдо ар убак өгөйлөнгөн кылмышкерлердин жандүйнөсүн аңдаганга, жаза тайып жаңылыштык кетирип алган темир тордогу жүздөгөн адамдардын эркиндикти эңсеп эзилгенин, ошол эле учурда жүрүш-турушу одоно кай бир тартип сакчыларынын карасанатайлык менен жасаган бет пардасын сыйрып туруп чыныгы жүзүн ачам деп түн уйкусунан кечип “Караколдун түрмөсү”, “Зона”, “Зек”, “Пресс-хата” сыяктуу чыгармаларды жазып калтырды.

* * *
Жазуучу менен 2002-жылдын 17-марты күнү кездештим. Чыгармачылыкка умтулган жаштар Чыгыш-5 кичирайонунда чогулуп отурганда арабызга Мелис Макенбаев келип кошулду. Ошол алгачкы ирет таанышканыбызда ал мени элден бөлүп алып сыртка чыкты да:

– Сен менин үйүмө келип тур, макулбу? Сүйлөшчү сөздөр бар, – деди. Кийин дагы бир сапар ошол Чыгыш-5те жайгашкан “Нурборбордун” ичинен учураттым. Экинчи сапар баштан өткөн окуяларын ортого салып, чечилип көпкө сүйлөдү. Жазуучунун баштан кечирген окуяларын угуп алып үйгө келсем Калмурат Рыскулов мени күтүп олтуруптур.

– Кимге жолуктуң? – деди.

– Мелис Макенбаевге, – десем, мени бир жалт карап алып, анан кайра “ээ, билем аны, кызык неме” деди да жазуучу менен болгон эки-үч жолку жолугушуусун баяндап кирди…

* * *
– Кудайга тобо! – деди алдында турган чайдан ичип отурган Калмурат – Ушул Мелис Макенбаевди айтам, бир чыгарма жазам деп да ошончо азап-тозокторго батабы? Анын кылык-жоруктарын угуп отурсаң, жандан түңүлөсүң! – деди мени тиктеп. Мен күлүп жиберсем, ишенбей жатабы дегенсип, – чын, – деди кайрадан кебин улаган Калмурат. – Мен аны менен тээ илгери эле таанышкам. Биринчи көргөнүмдө укмуштай кычырап кийинген адам болчу. Кайсы бир чыгармачыл кечеден учуратып калгам. Анан экинчи жолу көрүп алып, оозумдун ачылганын айтпа! Ош базарын аралап жүрсөм алдымдан бир кебетеси келишкен кадимки тентиген селсаяк чыга калып колумду кармайт. Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Жакшылап карасам, баягы биринчи көргөндөгү костюм-шым кийген Мелис Макенбаев… “Ии-й, атаңгөрү! Ушундай бомж болуп калдыбы?” деп үрөйүм учту. Түрүн көрсөң төбө чачың тик турат! Анан менин колумду көпкө кармап туруп “Эй, Калмурат, акча барбы?” деди. Мен “жок” десем, “ээ-й, мейли, жакшы кал!” деп колун силкип туруп ары басып кетти. Буту жылаңайлак. Кийимдери тытылган. Колдору отко күйгөнбү айтор, ылжырайт. Жашылча-жемиш саткандардын жанына келип жайнаган жемиштен суроо-сопкуту жок эле бирди жулуп алып басып кетти эле сатуучунун “ээ, өлүкканаңды көрөйүн, тентиген ит!” дегенин эшитип калдым. Ушуларды көрүп туруп бир орунда көпкө каткан бойдон тура берипмин, – деди Калмурат.

– Демек, жашап туруп анан жазат тура, – дедим анын айтканына бир чети ишенсем, бир чети анчалык ишене бербей.

– Көрсө, бул муну атайы жасайт тура. Чыгарма жаратыш үчүн атайы бомж болуп эки айлап алар менен люкта жашап, алардын тагдырын угуп, алар эмне жесе ошону жеп, анан кайра тез эле оңдонуп-түздөнүп алып алардын тагдырынан турган бир китеп жазып салат экен!

– Шумдугуң кур! – дедим Мелис байкени көз алдыма Калмураттын айтуусундагыдай элестетип көрүп, бирок ага дале ишенип-ишене албай.

– Анан ошол Ош базарынан көргөндөн көп өтпөй кайра Ак үйдүн алдынан өтүп баратсам “Ээ-й, Калмурат, кандайсың?” деген үндү арт жактан угуп калдым. Карасам, Мелис Макенбаев. Колунда дипломат. Бутунда лакталган туфли. Үстүндө кадимки мафиоздор кийчү кара плащ. Башында кара шляпа. Капкара костюм-шым. Оозума сөз келбей дабдырап эле туруп калдым. Анан эсимди жыйып туруп өткөндө бир аз ичкилик ичкенге тыйын барбы деп сураганында жанымда жок эле, азыр сыйлап коеюнчу деп “жүрүңүз, Мелис байке, менде бир аз акча бар” десем, “аа, рахмат иним! Азыр иштеш керек, жазыш керек. Мен Ак үйгө кирип бараттым эле” деп басып кетти. Муну уккандан кийин дагы мени чокуга бирөө чапкансып эсим эңгиреп бу кандай неме, ыя деп көчөдө көпкө турдум. Кийин бир жылдан өтүп Ош базарынан кайрадан кебетеси кеткен селсаяк абалында көрдүм. Бир сааттай бир жерге кирип чай ичкенбиз… Анан мынакей, өткөндө “Нурборборго” барганда көрдүң го, жапжакшынакай болуп отурат! – деди чыныны жерге коюп…

* * *
2002-жыл… 21-апрель… саат 10:30…

Үйгө келип кетчи деп өтүнгөнүнөн Мелис байкенин үйүнө бет алып бараттым. Асман түнөрөт. Жамгыр майда себелеп, чаң баскан калааны тазалап атты. Качан үйүнө жете бергенде каалга астында бир аз буйдалып көпкө туруп калдым.

– Сизге ким керек? – деп бир аял чыга келди.

– Мага Мелис байке керек эле, – дедим. Кайрадан кирип кетти да, каалга ачылып, “кириңиз” деди. Үйгө кирип барсам Мелис байке сыркоолоп керебетте жатыптыр. Мени көрө сала:

– Аа, Данияр, келдиңби! Кел, отур! – деди. Жаны кыйналып атса менин көпкө отурганым болбойт дедим да:

– Байке, сиз ооруп атсаңыз мен кетейин. Башка күнү келээрмин, – десем,

– Жок, отур! – деди сөзүмдү шарт кесе. Анан аздан кийин: – Махабат, таанышып ал. Бул баягы күнү мен сага айткан Данияр деген жигит, – деди. Жеңе менен тааныштым. Качан жеңебиз ары ашкана тарапка кеткен кезде: – Данияр, сыртка чыгалычы. Мен кийинип алайын, – деди. Сыртка чыктым. Асман огобетер түнөрөт. Жамгыр катуу жаайт го дедим ичимден. Жаныма жете келген Мелис байке:

– Жүр, тээтиги калың бактын түбүндө отуралы. Бир апта мурун алматылык “общяктар” келишип мени алып кетти. Алматыга алпарып “сен биздин арманыбызды жаздың, ыраазыбыз сага!” дешип жандары калбай аябай сыйлап коюшту көрүнөт, байкуштар! Азыр абдан кыйналып турам, ден соолугум табында эмес, – деди башын мыкчый. Ичимден аны аяп кеттим. Анан кайрадан мен кете берейин деп сурана баштаганда, бир аз мени менен сүйлөшө турчу деди сөзүмдү шарт бөлүп. Унчукпадым. Аба муздак тартып, денем чыйрыга баштады. Калың бак түбүндө отурабыз. Мен үн катпай жазуучунун ички муңун угуп отурам.

– Жазуучу болом десең, бардык азапты көтөрүүгө тийишсиң! Бу баштан эмнелер гана өткөн жок. Бир сапар абакта отуруп адам канына забын боло жаздадым. Ар дайым бир мент мага душняк кыла берчү. Бир ирет штырь кармап алып эмне болсо ошол болсун, дегеле тойдум дедим да кол салууну ойлондум. Бирок кудай бар экен, ички абийирим ага жол берген жок. Кийин воляга чыкканда көчөдөн ошол ментти көрүп калып аябай сыйладым. Мурда сага кол салайын деген оюм үчүн кечирим сурайм дедим. Көрдүңбү иним, адамдын ичинде ак жана кара күчтөр болот. Ошол кара күчтү ак нерсе менен жеңе билиш керек! – деди. Мен дале үн катпадым. Мелис байке да көпкө унчукпай жерди тиктеп отурду. Анан оор улутунду да: – Маселен, мен бир чыгарма жазам деп бомждор менен кошо аралашып жашаган күндөр болду. Атургай бир ирет денесин саткан сойкулардын бирин сатып алып мейманканада таң аткыча анын арманын диктофонго жаздырып, анан эртеси роман жазгам. Жазуучу чыгарма жаратыш үчүн ошол окуя менен кошо жашай билүүгө тийиш! – деди.

Ортодо көп эле кеп-сөздөр сүйлөндү. Эки сааттан ашык отурган соң жамгыр көнөктөп төгүп кирди. Аргасыз ордубуздан козголдук…

Ошондо бак түбүндө отуруп тизесин бекем кучактаган жазуучу жашыл шиберди тиктей “аттиң, бардыгын кайрадан башкача баштаганга мүмкүнчүлүк түзүлсө не” деп өзөгү өрттөнө айткан сөзү кулакка жаңырат…

Суук сөздү гезит бетинен окуп алып ишенип-ишене албай көпкө отурдум. Ордумдан козголуп атып мындан үч эле күн мурда анын “дагы убактың барбы, отура турбайсыңбы” дегенин эстеп өзүмдү жектейм. Шашылыш иштер менен алыс жолго чыгам деп жазуучу менен кош айтышып кеткен соң үч саат өтпөй аркы дүйнөгө аттанып кетиптир аттиң, арман!

Данияр ИСАНОВ, «Жаңы агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.01.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.