Саламат Садыкова: Учурунда кимдер гана сүйүүсүн арнабады…

s_sadykova

Кыргыз маданиятын өнүктүрүүдө опол тоодой эмгек кылган Кыргыз эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дүйнөлүк музыка чебери ырчы Саламат Садыкова жан дүйнөсү, чыгарамачылыгы, кызыктуу жаӊылыктары менен “Кабар ордого” пикир бөлүштү.

Саламат эже, өтүп кеткен жылды кандай узаттыңыз?

-Өтүп кеткен 2014-жыл мен үчүн абдан жемиштүү, жалпы кыргыз журтчулугу үчүн болсо тынччылыктын жылы болду. ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2014-жыл “Түрк дүйнөсү Токтогул Сатылганов” жылы деп кабыл алынып, кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Түркияда өткөн маданий иш-чарага “Камбаркан” тобу менен бирге катышып кайттым. Ошондой эле Эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгын алдым. 8-апрелде АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Америка жана түрк тилдүү элдердин жаш ишкерлеринин форумуна катышып келдим. Муну менен катар Америка, Кытай, Алжир, Корея, Түркия жана башка өлкөлөргө гастролдоп барып концерт тартууладым.

-Кыргыз шоу-бизнеси учурда кандай багытта өнүгүүдө?

-Кыргыз шоу-бизнеси учурда абдан күркүштөп катуу өсүп жатат, жаштардын арасында мыкты ырдагандары да бар, бирок кемчиликтер жок эмес. Айталы биздин айрым телеканалдарыбызды карасаӊ, нарк-насили жок, маданиятка тиешеси жок программалар, арыдан-бери чогултулган эле шадыраӊдаган концерттер коюлуп жатат. Бул – маданиятты сыйлабагандыкка жатат. Ар бир нерсенин табити сыяктуу эле, концерттик программалардын дагы өзүнүн табити болот. Мындай программаларга барып калган учурда кээде боюн көтөргөн, өзүн ашкере текеберлетип алгандарды көрөсүӊ. Менин чыгармачылыктагы доор бир башкача эле, бул жолго табигый жол менен келген өнөр адамын. Чынын айтыш керек, ал кезде азыркыдай продюсер, менеджер менен иштешүү жок эле. Бирок мыкты, көрөгөч маданият айдыӊындагы жетекчилердин колдоосу менен бүгүнкү даражага жеттим, аларга ыраазымын. Искусство аркылуу өлкөмдү дүйнөгө таанытуу милдетин, миңдин бирине берилген бийик талантты улуу инсандардан кийинки муундардан Аллахым менин энчиме берген экен. Жашоомдо ар дайым кыргыздан күүлөрүн угуп, ошолор менен оорудум. Башка бирөөлөрдү туураган жокмун, жасалмалуулуктан алыс болдум.

-Аз убакыт мурда үйүӊүздөн көп суммадагы акча уурдалгандыгын билебиз. Учурда бул окуя боюнча жыйынтык барбы?

-Мындай нерсе башымдан биринчи жолу өтүп жатат, ал күнү үйдө эч ким жок эле, мен жумуштан келип эшикти ачайын деп жатсам эшикти эбак эле ууруулар талкалап кетиптир, каалга ачык бойдон калган. Үйгө кирсем бардык буюмдар ордунда, бир гана акча уурдалганын байкадым. Уурулук болгондун экинчи күнү мен шок абалында жатканда “ырчы өзүн пиар кылуу максатында чыгарды” деген туура эмес маалыматтар дагы интернетке жайылып кетиптир. Мен өзүн пиар кылып, ашкере баа коюну жактырбайм. Жашоонун өзү кандай карапайым болсо, ошол чектен ашып кетпешибиз керек. Учурда өзүӊ көргөндөй бул маселе боюнча чуркап жүрөм, бирок азырынча акчаны ким уурдагандыгы туурасында бир жыйынтык чыга элек, иликтөө уланууда.

Чеховдун “Адамда бардык нерсе: жүзү дагы, кийими дагы, жан дүйнөсү, ойлору дагы эң мыкты болушу керек” дегендей, жан дүйнө гармониясын калыбына келтирүүгө сизге эмне жардам берет?

-Чыгармачыл чөйрөдө айрым учурларда ашыкча кооздонуп алып, өздөрүнүн жүздөрү көрүнбөй калгандар дагы бар. Эгерде ички дүйнөӊ кир болсо, канчалык шөкөттөнүп, кычырап кийинип турсаң дагы, ал кооз кийим адамды көрктөндүрүп, өстүрө албайт. Ошондуктан, эч убакта мен жүрөгүмө кек сактабайм, жан дүйнөмдү кирдетпегенге аракет кылам. Ал эми жан дүйнөсү таза адам карыбайт. Жан дүйнөнүн тазалыгы өзүнчө бир дүйнө. Негизи чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү кирдеген кезде көтөрө албай тез тазаланып туруусу керек. Адам күн сайын руханий жактан өнүгүп-өсүп турушу керек. Кызыктуу, адамды өстүрө турган классикага айланган китептерди, кинолорду көрсөӊ өзүнчө бир кубаныч тартуулайт. Эл адамы болгон соӊ албетте мен дагы келбетиме көӊүл бурам. Негизи мен өзүм жан дүйнөнүн адамымын. Энергия элге чыкканда сарпталып калат да, анткени элге болгон күч-энергияӊды топтоп, мээримиӊди төгүп иштейсиӊ. Бош убакыт боло калганда элден оолак, өзүнчө эс алганда кадимкидей жашоомо энергия, күч топтоп алам. Жасалмалуулук, ызы-чуудан алысмын. Жакында эле Түркиянын Стамбул шаарына барып 5-6 күн эс алып кайттым.

Айымдардын дээрлик бардыгы сөйкө-шакектерге маани беребиз. Дегеним, сиз кандай зер буюмдарын сүйүп тагынасыз?

-Зер буюмдарынын ичинен бир гана күмүштү тагынганды жактырам, бир кездерде досторум алтын белекке беришкен, бирок өзүнөн-өзү эле жоголуп кетти. Өзүм болсо алтын сөйкө же шакек болобу сатып албайм, мүмкүн болушунча күмүшкө басым жасайм.

Сүйүктүү тарыхый персонаждарыңыз ким?

-Мен “Голливуддун ханышасы”, үч жолу Оскар сыйлыгына татыган америкалык актриса Элизабет Тейлорду жактырам. Анын өзгөчө “Клеопатра” тасмасындагы мыкты ойногон ролун баалайм. Ошондой эле Осмон империясынын доорундагы улуу падыша Султан Сулайман дагы сүйүктүү тарыхый персонажымдын катарына кирет.

-Кийим тандоодо айымдарга бөлүшө турган кеңешиңиз барбы?

-Кийим тандоодо эӊ биринчиден жарашыктуусуна, сапаттуусуна, жөнөкөйлүгүнө жана тыкандыгына көӊүл бурам. Эгер бир жакка бара турган болсоӊ, ал чөйрөнү сыйлап, ошого жараша кийинип баруу зарыл. Саркеч айым болуу – бул өтө материалдык каражатка көз каранды болуп, каражатты талап кылат эмеспи, мен өзүм анчалык катуу саркеч айымдарга кирбейм. Кыргыздын аялдарына тиешеси жок ыӊгайсыз кийимдерди жактырбайм.

-Өзүңүзгө кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

-Өзүмө мени билбегендерге катаал, тааныгандарга кадимки, жөнөкөй адаммын деп баа берем. Көӊүлүм сүйбөгөн жерге чачылып-ачыла бербейм. Өз ордумда, өз жолумда жүрөм. Жакындарымдын мага карата айтылган сын-пикирлери менен сөзсүз түрдө эсептешем. Адеп чыгармачылыкка аттанган кезде эле үйдө менин кыздарым сынчы эле. Алар жөн эле ырдап олтурганда баам салып коер эле. Өзгөчө улуу кызым журналист да, кээде сынды ашкере айтып коет, бирок жыйынтыгында сүйүнүп баа берип калам. Спорттун экстремалдуу түрлөрүнө көп кызыкпайм, анткени өзүм коркогураакмын. Кичинемде жайлоодо жүргөндө коен, жаӊы туулган козудан аябай коркчу элем.

-Шотландиядагы кызыңыз жана күйөө балаңыз кандай турушат?

-Шүгүр, күйөө балам менен кызым жакшы жатышат. Жашоодо ар бир кыз баланын бакыты жаныш керек, азыркы жашоосун бактылуу сүрүш керек. Кудайга миӊ мертебе ыраазымын, азыр кыздарым абдан бактылуу, турмуштан өз ордун табышты. Ар дайым “мен көрбөгөн бакытты кыздарым көрсө экен” деп тилечү элем, Кудайым тилегимди берди.

-“Сахнадан беш кадам аттаганда мени аңгыраган жалгыздык тосуп алат” деп билдирдиңиз эле, айтсаңыз бул жалгыздык сиз менен нечен жылдан бери бирге келатат?

-Жаштык кезде Кудай бардыгын бут алдында тебелеп жүрө тургандай кылып берет экен. Жаштык убагыӊда бакыт кушуӊду кармап кала албасаӊ, ал болду учуп кетет экен. Учурунда мага кимдер гана көз салбады, кимдер гана сүйүүсүн арнабады. Ошолордун ичинен мага чын ниети менен жөлөк боло турган адамды кармап кала алдымбы бул маселе мага байланыштуу, көз каранды болду, балким ушул жерден ката кетирип алдым. Чыгармачылыкты биринчи орунга койгондон дагы өзүмдү ашкере, карапайым адам тутканым үчүн балким жаӊылышкандырмын. Бирок мен эч убакта өкүнбөйм, өзүмдү ар дайым бактылуу сезем, турмуш куруп жашап жаткан аялдардан эч жерим кем эмес. Өз мээнетим менен өз оокатымды кылып келем. Көӊүлүӊ, жүрөгүӊ сүйгөн адам күндө эле жолуга бербейт экен. бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле алтынга оронуп же байдын төрүндө бриллиант тагынып алыш эмес да, эл-жериӊ тынч, жан дүйнөӊ бай, таза, Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, бала-чакаӊ бакубат турмушта жашаса – бакыт мына ушул.

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-Ушул жаңырган жылы май же сентябрь айларында буюрса жеке концертимди тартуулайын деген пландарым бар. Бул боюнча дирижерум менен дагы сүйлөштүм. Азыркы тапта концерттин программасын түзүү иштери боюнча даярдыктарды көрүп жатам.

-Маегиӊизге чоӊ рахмат, ишиӊизге ийгилик!

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 16.01.15-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Саламат Садыкова: Учурунда кимдер гана сүйүүсүн арнабады…

  • 20.01.2015 at 14:19
    Permalink

    Саламат эже, ырдабаган ырыңыз, көрбөгөн жериңиз калбады, ошого топук кылып, ушунун баары бакыт эмей эмине деп шүгүрчүлүк кылбаңыз.Кудай баарын жуп кылып жараткан, сиз да бирөөнүн сүйгүнчүк байбичеси болуңуз.Улам улгайган сайын жаныңызда кобураган түгөй шерик болушун жылдыздар да каалайт.Же таап берелиби?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.