Тил менен ойнобойлу

kitep_til

Тил деген да эл сыяктуу эле бирде кемип, бирде толуп турат. Сууга суу, дайрага дайра кошулгандай эле сөзгө сөз кошулуп байыйт. Ансыз тил өнүгүп-өспөйт.

Бөлөк-бөтөн тилден кирген сөздөр так ошол калыбында кабыл алынбайт. Бөлөк тилден кирген сөздөр ошол тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп, өз элине таандык мүнөз, сапатын жоготуп олтуруп, тигил же бул элдин тилине сиңип кеткенден кийин ошол элдин төл сөзүнө айланып калат.

Мисалы, “чер токой” деген маанини билдирген монгол элинин “шэбер” деген сөзү биздин тилге киргенден кийин “шибер” деп айтылып, “калың чөп” дегенди туюнтуп калган. Ошол сыяктуу эле арабдар азыр кыргыздын “эсил” деген сөзүн түшүнбөйт. Кыргыз адам өлгөндө “эсил кайран киши” деп коет. Мына ушул “эсил” деген сөз арабдын “хасил” деген сөзүнүн өз тилибиздин мыйзамына ылайык “өздөштүрүлгөндөн” кийинки бизге сиңип кеткендеги түрү.

Мындай сөздөр толтура. Арабдын “шак” деген сөзү “шек” болуп, “сабап” дегени “себеп” болуп, “хермиз” дегени “кырмызы” болуп, “худрат” дегени “кудурет”, “нукат” дегени “нокот”, “кибула” дегени “кыбыла”, “масала” дегени “маселе”, “бекиш” дегени “бейиш”, “хаптиак” дегени “аптээк”, “дузак” дегени “тозок”, “кылта” дегени “келте”, “мэх” деген “мээр” болуп таанылгыс өзгөрүп кабыл алынганы биздин атактуу окумуштуубуз Карбоз Дыйкановдун эмгегинен белгилүү.

Мындай дагы бир кызыктуу көрүнүштөр бар. Тээ бир кездерде “кароол” деген өзүбүздүн төл сөзүбүз орус тилине кирип “караул” болуп, “чулгоо” деген сөзүбүз “чулки”, “түрмө” деген сөзүбүз “тюрьма”, “теңге” дегенибиз “деньги”, “казына” дегенибиз “казна”, “казыначы” дегенибиз “казначей”, “ордо” дегенибиз “орда”, “коргон” дегенибиз “курган”, “бүркүт” дегенибиз “беркут”, “кымыз” дегенибиз “кумыс” болуп орусташып кеткен. Бул деген тилдердин аргындашуусундагы мыйзам ченемдүү эле көрүнүштөрдүн бири.

Мисалы, бүгүн кыргыз тилине эл аралык “меценат”, “менеджер”, “менеджмент”, “фирма”, “магистр”, “магистратура”, “ломбард”, “лицензия”, “листинг”, “маркетинг”, “легитим”, “кредит”, “коммерция”, “глобализация” өңдүү экономикалык жана юридикалык жаңы терминдер келип кирди. Тилибиз ушул жаңы сөздөр менен байыды. Буларды биз кандай болсо так ошондой кабыл алдык. Эл аралык мындай терминдерди кыргыз тилине которуунун зарылдыгы жок деп ойлойбуз.

Тилекке каршы биздеги руханий жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн аракет кылып жаткандардын айрым бирөөлөрү араб тилиндеги терминдерди, айрым бир тил сына турган аталыштарды, сөздөрдү эне тилибиздин байыртан келаткан ички мыйзамына баш ийдиртпестен арабча кандай айтылса так ошондой айтылышы керек деп таңуулап, арабдар каалагандай сүйлөтүүнү, арабдар каалагандай айттырууну көздөп жатат.

Далилдерге таяналы, биз айтып же жазып жүргөн “аалым” же “окумуштуу” дегенди араб тилинде “халим”, “илим” дегенди “хилм”, “садаганы” “садака”, “адал” дегенди “халал” деп айтып, жазышыбыз керек экен. Минтип таңуулоонун артында эмнелер жатат? Атам замандан бери эле “адал-арам” деген эмне экенин эң сонун билген кыргыз урпактары өз элинин тилин сатып жүргөн үгүтчүлөрдүн айткан-дегенинен чыкпай, оңой оомалыгын карматып, соода дүкөндөрүн “халал” деп атай башташты. Алтургай эл сүйгөн төкмө акындарыбыздын динге фанат болуп бараткан айрымдары эл алдында “адал” деп ырдоонун ордуна “халал” деп ырдаганга өттү. Өз мезгилинде ислам динин ыйык туткан жез таңдай Жеңижок да азыркыларчылап “халал” деп ырдаган эмес.

От менен ойносо болот. Бирок минтип, кара башыл калктын ар-намысы болгон, эң эле аялуу, эң эле кымбат нерсеси болгон Эне тили менен ойногон жакшылыккка алып барбайт. Кудай деген бирөө. Ал Күн сыяктуу Жер үстүндөгү бардык элдерге тилине, динине, дилине карабастан бирдей тийип турат.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 18.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.