Балдар үчүн эки китеп

Балдар адабияты боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын ээси, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун эки китеби жарык көргөнүн ал китептерди басып чыгарган «Айат» басмасы кабарлады.

300

Биринчи китеп «Үч жүз жаңылмач» деп аталат. Бул жыйнакка кирген жаңылмачтар тил жатыктыруу, кыргыз тилин тереңирээк өздөштүрүү үчүн балдарга жардам берет. Китеп ошондой эле балдар менен иштеген мугалимдерге, тарбиячыларга, алардын ата-энелерине, жалпы эле адабиятка кызыгуучуларга арналат. «Биздин бул жыйнактагы жаңылмачтар практикалык иш аракеттерден улам жазылган. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз адабиятынан окуу китептерин жазууда балдар айтуудан кыйналган «ө», «ү», «ң» тыбыштарын туура үйрөтүү үчүн жаңылмачтар аябай керек болуп, биз ушул жаңылмачтарды жазып чыгып, аларды окуу китептерине киргизгенбиз. Бул ыкма өз майнабын бир кыйла бергендигин көрүп жүрөбүз. Андыктан ошол окуу китептери үчүн жазылган жаңылмачтарды жыйнап, колуңардагы китепке киргизүүнү ылайык таптык» – деп жазат автор баш сөзүндө.

toos

Ал эми «Тоос неге куйругун түрлөнтүп ачып, жаба берет?» деген китеп жомоктордон жана аңгемелерден турат. Ал чыгармалар балдардын ар тараптуу дүйнөсүн ачып берип, аларды адептүү болууга, кыргыз тилинин байлыктарын үйрөнүүгө тарбиялайт.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.