“Курманжан датканы” уурдагандар изделүүдө

kurmanjan

Бүгүн кино жаатындагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулуктан тасманы жайылтпай турууну суранышты. Бул окуя кыргыз коомчулугунда автордук укук боюнча талкууларга жем таштады. Учурда чыгармачыл чөйрөдө аудио жана видео материалдар авторлордун уруксаты жок эле сатылып жатканы башкы көйгөй болуп келет.

Эл аралык абройлуу сынактарга катышып, жакшы бааланып жаткан “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасын 21-январь күнү белгисиз адамдар интернетке жарыялап жибергени маалым болгон.

Аталган тасманын продюсерлеринин бири Фархат Бекмамбетовдун айтканына караганда, фильм буга чейин эле уурдалган экен.

– Биринчи жолу биз ноябрь айында тасма Нарында бирөөлөрдүн колунда экенин угуп, түнү менен барып кармап келгенбиз. Фильм жашы жете элек баланын колунда экен. Андан сексен диск алынган. Бул окуядан көп өтпөй эле Жалал-Абадда пираттык дисктер сатыла баштаганын уктук. Ал жакта да бул ишке тыюу салганбыз. Эми минтип тасманы интернетке жүктөп ийишиптир. Бул атайын эле карасанатайлык менен жасалган иш. Интернетке жүктөгөндөн эч кандай пайда таппайт. Жөн гана “сага да жок, мага да жок” деген душмандык болду. Биз фильмди чет өлкөлөргө сатуу боюнча жарнамага 150 миң доллар каражат сарптаганбыз. Режиссер Садык Шер үч айдан бери Америкада жүрүп, бир нече келишимдерди түзгөн эле. Тасманын интернет сайттарга жайылып кетиши ошол иштерди жокко чыгарды.

Фархат Бекмамбетовдун айтымында, бул иш боюнча Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда, кийинчерек Жалал-Абад облусунда күнөөлүүлөр кармалып, бардык материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бирок ошондон үч күн өтпөй тасманын каракчылык көчүрмөсү интернетке жайылып кеткен.

Продюсер бул региондордо кармалган табактагы жана интернет желелериндеги файл бир булактан тараганын, бул иш боюнча шектүүлөр бар экенин, учурда иш укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын айтты.

Кылмыш бар, кылмышкер жок

Толук метраждуу “Курманжан датка” тарыхый көркөм фильми үч жыл тартылып, өткөн жылдын 31-августунда бет ачар аземи болгон. Андан бери кинопрокатта турган.

“Кыргызфильм” фондунун директору, кинопрокатты тейлеген Урмат Айталиевдин айтымында, прокатка чыккан тасма бардык региондордо 20-декабрга чейин төрт миңдей жолу көрсөтүлгөн. Бул убакта жалпы жонунан отуз миллион, салык, кинотеатр ижарасын чыгарып салганда мамлекетке 10 милион сом киреше алып келген:

– Мен так билем. Бул фильм региондорго берилген тасмалардан чыккан эмес. Себеби ал көчүргөнгө болбой турган система менен жаздырылып берилген. Аны бизге фильмди берип жаткан тарап өзүнүн сыр сөзүн коюп берет. Интернеттен анын канча жолу, кайсы убакытта коюлганы оңой эле аныкталып калат. Маданият министрлиги тарабынан график түзүлүп, 38 кинотеатрга таратып, кайра жыйнап алганбыз. Интернет сайттарга тарап жаткан фильм региондорго тараган фильмдердин белгиси эмес экени анык.

Фильмдин продюсери Фархат Бекмамбетов болсо учурда элге жайылып жаткан тасма кинотеатрлардын бирине берилген көчүрмөлөрдөн тарап кетиши мүмкүндүгүн айтат:

– “Курманжан датка” тарыхый көркөм фильминин уурулардын колуна түшкөн варианты түп-нускадан айырмасы жок. Ал экрандан камерага тартылып алынган эмес. Сапаты жакшы. Түп-нускадан көчүрүлгөн.

Продюсердин айтканына караганда, тарыхый тасманын каракчылардын колуна түшүшү фильмдин тагдырына балта чапты. Эми тасманын эл аралык абройлуу кинофестивалдарга катышуусу да кыйын. Келишимдерге ылайык, чет өлкөгө сатыла турган тасма каракчылар аркылуу таратылбаш керек.

Аңга түшкөн автордук укук

“Курманжан датка” тасмасынын уурдалышы биринчи окуя эмес. Учурда республикада аудио, видео материалдардын көбү пираттык жол менен тарап жатканы айтылып келет.

“Кыргызпатенттин” автордук укук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ырыс Турсуналиеванын айтымында, “Курманжан датка” тасмасы аталган мекемеде интеллектуалдык менчик катары катталган эмес. Бирок мыйзам боюнча аны автордун укугусуз пайдаланууга болбойт.

– Катталабы же катталбайбы ал автордун өз укугу. Эгер кайсы бир чыгарма пираттар тарабынан уурдалса, автор Финансы полициясына арызданышы керек. Алар материалды карап, анын авторун аныктоо үчүн ишти бизге жөнөтөт. Азырынча Финполициядан бизге «Курманжан датка» боюнча материал түшө элек. Биз автордук укук бузулганын аныктасак ал иш сотко өтөт.

Мыйзамдын негизинде автордун укугун бузган тарапка административдик жаза колдонулат же кылмыш иши ачылат. Бирок “Кыргызпатенттин” инспектору Аскар Нажимүдиновдун айтымында, республикада автордук укук жаатында буга чейин кылмыш иши козголгон учур болгон эмес.

– Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик боюнча кодексинин 340-беренеси боюнча аудио жана видео материалдарды уруксатсыз колдонулган учурда андагы алынган товардын суммасына карата айып пул салынат. Эгер кайсы бир кинонун диски кармалып, анын наркы элүү миң сомдан ашса гана кылмыш иши козголот. Эгер ага жетпесе, беш миңден он миң сомго чейин айып пул салынышы ыктымал. Сатуучулар эч качан пираттык дисктердин суммасын элүү миң сомдон ашырбайт. Ал эми кампаларын табуу кыйын. Ошондуктан бул иш боюнча эч качан кылмыш иши козголбойт.

Буга чейин «Салам, Нью-Йорк» тасмасынын режиссеру Руслан Акун да өзүнүн фильми “пираттар” тарабынан уурдалып, бирок автордук укукту коргоо боюнча жазылган мыйзамдын чийкилигинен күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарта албай жүргөнүн айтып чыккан.

АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн башкармалыгы акыркы жылдарда жарыялаган баяндамасында Орусия, Кытай, Украина, Пакистан интеллектуалдык менчиктин укугун коргоого өтө эле салкын мамиле жасаган мамлекеттердин катарына кирери айтылган.

Ал эми автордук укук сакталган, жагдай кыйла жакшы делген өлкөлөрдүн тизмесинде Беларус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бар экен. Аталган мекеме дүйнө коомчулугун автордук укукту сактоого чакырып келет.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 23.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.