Сулайман Рысбаев. «Кызгалдактуу талаа»

ңгеме)

Күн сайын Асел атасы жумушка жөнөгөндө, аппак делбир этек көйнөгүн кийип, апапак барик бантигин төбөсүнө көпөлөктөй кондуруп бакчага бирге жөнөйт. Алар баратып жолката кенен талаа менен өтүшөт. Талаанын ортосун тең бөлгөн ичке жылан жол бар.

Мына жаз да келди. Күндөрдүн биринде келатышса бозоргон кең талаада бирин-серин кызыл гүлдөр ачылып калыптыр. Кудум асмандан бүгүн учуп түшүп, ар жерге бирден конуп алышкандай. Атасы Аселге ал гүлдөрдөн бир тутам үзүп берди. Аселдин кубанганын айтпа. Текилдеп басып, чечекейи чеч болуп, бакчага жеткиче ашыкты.

Бакчага барып эле Асел колундагы десте гүлүн тарбиячы Каным эжесине белекке берди.

— Биздин жолдо мындай гүлдөр көп, миллион… момунча-а көп, – деп кучагын кең жая көрсөтүп мактанды ал, – Эртең дагы алып келем… Күнүгө апкелем…

Ошентип ал, досторунун көзүнчө да мактанып алды. Чын эле, Асел атасы экөө эртеси да ошол талаадан кечээкиден да көп гүл үзүп, бакчага келишти.

Жаз күнү бат эле ысып, талаа толо торгой сайрап, кызгалдактар атайылап айдап койгонсуп, жайнап ачылды. Асел эмес, атасы Бектур дагы мынчалык жер жайнап ачылган кызгалдактуу талааны көрбөгөндөй таң калды. Көзү тойбой суктана карап келе жатты.

Кэчээ жакындагы эле бозоргон талаа эми кызгалдактуу талаага айланды да калды. Көз алдында жайнаган, өрттөй алоолонгон кызыл гүлдөрдөн көз албай карап эле тургуң келет. Анан да, бу талаанын жагымдуу бир өзгөчө жытын жыттап, отура бергиң келет.

Асел да үзүп алган гүлдөрүн сүйүп жыттап, анан кызыл көпөлөктөрдөй жайнаган, «миллион» кызгалдактарды карап отура берет. Атасы жумуштан кечигерин да ойлоп койбойт.

— М уну ким өстүргөн, ата – дейт Асел, атасын чарчата суроо бере берип, Бир жакшы киши өстүргөн го ээ, ата.

— Ооба, кызым, –дейт атасы анын толкунданган сезимин коштоп, – Сендей кичинекей кыздар жыттап, үзүп ойносун деп «Табият энебиз» өстүргөн да…

— «Табият энебиз»? Ал ким? – деп сурайт анда Асел, мен тааныбаган кайсыл энебиз дегенсип.

—  Баарыбыздын  энебиз:  тоолордун да, талаалардын да, гүлдөрдүн да, суулардын да, адамдардын да…

— Ошо баарын «Табият энебиз» төрөгөнбү?..

— Ананчы…

—  Ои-ий…

Эх, десен! Мынчалык кооз, мынчалык текши кылып, бирөөнү да соолтпой, адамдын да өзү өстүрө алмак эмес. Табигаттын өзү эле чебер, табияттын өзү эле улуу, табияттын өзү эле сулуу, табияттын өзү эле мээримдүү экенин ушундан улам билесиң да! «Табият энеге» табынасын, да…

Азыр ошол гүлдөрдөн жана апакай көйнөкчөн кичинекей Аселден сулуу дүйнөдө эч нерсе жоктой көрүндү Бектур.

Экөө бири-бирине жарашып, бири-бирине тартылып, гүл болсо кызы Аселге окшоп сүйкүмдүү көрүнүп, кызы Асел болсо гүлдөн да сулуу болуп туюлуп, табият менен адам бири-бирине куюлушуп, биригип тургансыды.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     Ошол түнү Ай текши толуп, кызгалдактуу талаага мээримдүү нурун төгө, өзгөчө жарыгын чачты. Ал эртең таң эрте бул кызгалдактуу талаага жарышып эки кош трактор чыгаарын билип-туюп, табияттын бу керемет перзенттери менен коштошуп жаткандай, көлкүлдөп эрип тургандай жаркырай тийди.

Асел болсо эртесинде боло турган, курдашы Жаркындын туулган күнүнө өзүнүн сүйүктүү кызгалдактуу талаасынан бир кучак десте үзүп барып белек кыларын ойлоп, көпкө уктабай жатты. Кыялында кызгалдактуу талаасында гүл жыттап оонап жатты.

 

* * *

… Күндөгүдөй эле атасы менен бакчага жөнөгөн Асел кызгалдактуу талаасына жакындаганда көргөн көзүнө ишенбей аң-таң болду да калды.

Кызгалдактары кайда? Кечээ эле жер жайнап, сансыз кызыл калдыркан көпөлөктөрдөй болуп жер бетин көрсөтпөй, бариктерин барпайтып турушпады беле… Кайда кетти?

Гүлдүү аңызды бат эле айдап бүтүп, артынан чаңын чубалтып, соколорун сыраңдата көтөрүп, жаңы эле жөнөп кетип бараткан экен эки трактор… Аларды көрүп, кичинекей Асел эмес, атасы Бектур да ичи тызылдап: «Ушул гүлдөрдү тепсегенге, жер менен жексен кылганга колдору кантип барды экен?!» деп, бармагын тиштеп алганын байкабай калды.

–Ата..!– деди Асел ыйлактап, – Менин гүлдөрүм канакей… Канекей гүлдөрүм?!  Каякка кетти…

Атасы кызынын суроосуна жооп таба албады. Асел жерге отура калып, эки тизесин кош колдой кучактап алып, солкулдап ыйлап отурду. Атасы аны эмне деп соороторду билбеди…

«Канекей гүлдөрүм… Гүлдөрүм канакей?.. «деп  ыйлап жаткан кызынын суроосуна жүз ирет жооп таап, бирок анысын жүз ирет кайра танып, кызына айтып түшүндүрө албады атасы. Аны түшүндүрө да албайт болчу ошол тапта, эч ким…

Эч ким…

Эч кандай сөз менен…

 

s_rysbaev111С.Рысбаевдин башка чыгармалары.

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Кызгалдактуу талаа»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.