Мусакун Сатыбалдиев. «Келки жолдогу өмүр»

(аңгеме)

…Бу ой деген азаптуу нерседен качып кутула ала турган күн жок окшобойбу. Күзгү муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан, эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу. Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шопоюп турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган чачындай чубалжыта сүйрөп, жолго төгүп-чачып, коротуп, жай басып келатты. Ал түгөнгүр, эзели бөксөрчүдөй эмес. Антмек тургай, кайра арбып, ашып-ташып келип, биротоло каптап кетчүдөй. Келатып, түшүнүксүз туюмдан улам кылчайып, арт жагына карады. Эми эле басып өткөн жол ортосунда алакан отундай бир нерсе жатыптыр. Байкабай өтүп кеттиби, же азыр эле пайда боло калдыбы – түшүнбөдү. Токтой калды, тигинде тыпылдап келаткан келин илип кетет го деген ниетте болду. Жок, ал байкабай өттү. Анын артындагы да өтүп кетти. Бурулуп барып, колун сунду. Бирок, ал кармалбады, бир кочуш айранга малып алгансыды, колго эч нерсе жупады. Кудум коюу түтүндү кармагандай. Мына кызык, эми эле муштумга жете бербеген нерсе бир паста дарбыз көлөмүндөй чоңое түштү. Зейне дирт эте чочуп, артка серпилип алды. Бир нече кадам барып токтоду да, кылчая карады. Киши боюндай болуп калыптыр. Туурасы да чоюлуп баратты. Көзүн тарта албай карап турду. Нары жактан келаткан эткээл тарткан киши аны көрбөгөндөй, шыдыр келип ошого урунду. Ошол замат белгисиз нерсе эки эсе чоңое түштү. Өңү да өзгөрүп, күңүрт тартты. Киши бери чыккан жок, ал ошого жутулуп кеткен сымал, ың-жыңы чыкпай калды. Зейне кыйкырып жиберди. Үнү эч кимге жетпеди окшойт, кылчайган жан болбоду. Дагы бирөө жутулду, анан дагы бири. Дал жолдун ортосунда турган, булуттай болгон агыш нерсеге нары жактан келаткан, бул тараптан бараткан адамдар эч нерсе көрбөгөндөй, шыдыр барып эле ошого урунуп, анан жутулуп кетип жатышты. Анткен сайын ал чоңоюп, карарып баратты. Бир оокумда байтүп дарактын көлөмүндөй жазылып, бүтүндөй көчөнү ээлеп калды. Анан дени үшүп карап турган Зейне, анын өзүн көздөй жыла баштаганын көрдү. Ошондо гана эсине келгендей, дирт этип, качып жөнөдү. Оо кыйла жерге барып, кылчайды. Эми ал алты-жети кабат үйдүн көлөмүндөй болуп, түнөрүп калган экен. Жолундагы адамдардын бардыгын өзүңө сиңирип келатат. Бирок, андан качкан эч ким жок. Көчөдөгүлөр жайма-жай барып эле, жутулуп кетип жатышат. Жүрөгү үшүгөн Зейне буга таң калып алды. Кайра чуркап жөнөдү. Кайда барып, кантип жашынарын деле билбеди. Жан үрөп чуркап баратты. Антсе деле андан алыстай алчудай эмес. Жөө тумандай сүйрөлүп, бирде жакындап, бирде алыстайт.

Эми ал кандайдыр бир ээн талаада чуркап баратты. Алка-шалка түшүп, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй демигет. Мынчалык чуркай аларын өзү да билген эмес. Жанга күч келсе, чуркайт экен да. Арттагы неме дале калбай келатат, кадим жер менен сүйрөлгөн өтө коюу, кара жөө туман. Адеп апакай болчу, анан адамдарды жуткан сайын карарып отуруп, эми капкара болуп калды. «Бул ошол адамдардын пейидеринин, дилдеринин кирин чогултуп алып, ушинтип карарып калды». Ушул сөз кайдан-жайдандыр Зейненин сезимине урунду. Айлана кулак-мурун кескендей жымжырт эле. Барган сайын алсырап, ал-күчү тайып баратканын сезди. Бир аздан кийин жыгылып түшөт окшойт. Анда тигиге жутулат. Баса, анын ичиндеги адамдар эмне болду экен? Күтпөгөн жерден ушул суроого чарпылды. Жоопсуз калган ой көкүрөгүнө бир жамандык болуп, конуп алгансыды. Буттарынын чалыштай баштаганына карабастан, дагы ылдам чуркоого далбастап баратты. Туфлийинин эки такасы тең сынып түшүптүр, эми байкады. Алды жактан кандайдыр бир доош угулду. Ошол тарапты беттеди. Оңдогу кырды айлана бергенде чоң өзөн көрүндү. Шаркырап чоң суу агып жатат. Жээгине келип, үйрөйү учуп кетти. Күркүрөгөн суу кочкулданып, күлдүр-шалдыр кылып, килейген таштарды агызып жаткан экен. Артка чегинди. Жанагы неме дале жылып келаткан экен, бир аздан кийин жетет. Аргасы кете түшкөн аял төмөн чуркады. Эмнегедир ички сезиминде ошол жакта көпүрө болуш керек эле туюм пайда болду. Ырас эле, сайдын кууш жеринде көпүрө көрүндү. Энтигип жетип келген аял шалдайып туруп калды. Көпүрө эчак талкаланып калган экен. Сел алып кетсе керек. Эми Зейненин кылар аргасы калбады. Бут шилтөөгө дарманы жок эле. Кулак тундурган суунун жээгине шалдырай отурду. Наркы өйүзгө көз чаптырды. Жайдын күнкүдөй жашыл өрөөн, жашыл бак-дарактар. Учуп-конгон канаттуу куштар. Бүт жээкти каптаган түркүн гүлдөр. Ушунчалык да кооз, керемет жер болобу? Зейненин көзүнө бир башкача, керемет көрүндү. Ичи тызылдап, жан-дүйнөсүндөгү оо качантан берки катылып жаткан куса, сагыныч, эңсөө баш көтөрүп, буркан-шаркан түшө баштады. Анын күчүнө майышып, чөк түшө отуруп, буркурап ыйлап жиберди. Эми тиги адамдарды жутуп келаткан неме да эсинен чыкты. Тура калып, күрпүлдөгөн сууга бой таштоого умтулду. Ушул учурда дал бет маңдайынан бирөөнү көрө койду. Ал колун шилтеп, сууга кирбе дегендей белги берип жатты. Зейне тааныды, жыйырма жылдай убактан бери көрө элек болсо да, бары бир тааныды. Ал – анын атасы болучу. Кош балдагын ныгыра таянып, бир нерселерди кыйкырып жатты. Бир да сөзү угулбады. Ары тур, сууга кирбе деп жатты окшойт. Анан жерге чөгөлөй олтура калып, бир балдагын бери сунду. Анын учу берки өйүздөгү көпүрөнүн нугуна жетти, балдак бир заматта жайылып, кенен көпүрөгө айланды. Атасы бери баса бер дегендей, колун жаңсады. Анан башындагы калпагын ала коюп, жаңсап кирди. Зейне жүрөгүнүн сыгылып кеткенин сезди. Бул атасына болгон сагынычы, кусасы эле. Ордунан учуп турду, балдак-көпүрөнү көздөй чуркады. Азыр ал кадимкидей сергек эле. Эки колун алдыга сунган боюнча чуркап баратты. Буркурап ыйлап баратты, атасына жетип, кучагына бой таштоого умтулуп баратты. Негедир көпүрө узак экен. Канча чуркаса, ошончо узарып бараткансыйт. Жок, антпей эле туруптур, мына, жакындап калды. Атасы да турду, кызык, эми анын балдактары жок эле. Ал дагы кызын көздөй чуркады. Ыйлап алыптыр, бети ылдый аккан көз жашы күн нуруна чагыла кулап жатты. Чачтары куудай агарып, бетине каршы-терши бырыштар түшкөн экен. Жете бергенде бир нерсеге чалынып, жыгылып кетти. Анан көпүрөнүн ошол жери түшүп кетти да, атасы күрпүлдөп аткан сууга кирип кетти. Зейне үнүнүн жетишинче: «Ата-аа!..» – деп кыйкырып жиберди…

Өз үнүнөн өзү чочуп ойгонгон Зейне төшөгүнөн тура калды. Жаздыгы сууланып калган экен. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап алыптыр, басыла албай атты. Дивандын баш жагындагы жарыкты күйүзүп, халатын жамынып, ашканага кирди. Жайнаган, көз жоосун алган кооз шкафтардын бирин ачып, грек коньягынан бир рюмка ичти. Ордуна коюп баратып, кайра тартып алды, дагы бирди куюп, шак тартып жиберди. Бу маалда түн ортосунан ооп калган экен. Кайра жаткан менен уктап кете албасын билди. Үй ичинде аны-мунусун кармаламыш болуп жүрдү. Тамдын бир капталын бүтүндөй ээлеген кийим салган шкафтан шыкалган кийимдердин кайсы бирин аларын билбей, кыйла турду. Заңгыраган ушул үйдө жалгыз калганына он жылдан өткөн. Он эки жылдай бирге түтүн булатып, бир жаздыкка баш койгон күйөөсү Сан-Франциского иштейм деп кетип, барары менен бир жаш келинге үйлөнүп алганын уккан. Көрсө, экөө мурдатан эле табышып, анан ошол жакка чогуу кетишкен экен. Эки-үч айдан кийин улуу баласын бул жактан окутайын, билим берүүнүн шарты абдан жакшы экен, чакыртып алды. Кызы болсо алты жылдан бери Австралияда, ошол жакка турмушка чыккан. Ошентип, коколой башы жалгыз калды. Чындап келгенде, күйөөсү экөөнүн турмушу үйлөнгөндөн кийинки эки-үч жылдан соң эле татаалдана баштаган. «Сен эмне чокчоңдойсуң, кимиңе таянып атасың» – деген сөзү жүрөгүнө муз болуп, биротоло тоңуп калган. Ушундан уламбы, анын таштап кеткенине күйүп-бышкан деле жок. Ал тургай, кайра бир жеңилдеп алгансыды. Ал эми баласы кеткенде, чындап жалгыз калганын сезди. Бир капшыты аңтарыла түшкөнсүдү. Кыргыздар «Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы» деп коюшат эмеспи. Акыры буга да көнүп баратты.

Ал көйнөгүн бир кармалап, бул көйнөгүн бир кармалап атып, анан колго тийгенин бөйрөктүү, дөңгөлөктүү чоң сумкага ыргыта берди. Текчелерде тирелип, бери жагында илинип турган кийимдердин чети оюлчудай эмес. Жалгыз башына булар жүз жылга жетмек. Негедир азыр ушулардын бардыгын үйүп туруп, өрттөп жибергиси келди. Жерде жаткандарын кайра шкафка будалай, ыргытып кирди. Таңды ушинтип атырган аял, эртеси «Казань» темир жол вокзалына келип, «Москва-Бишкек» поездине отурду. Кыргызстанга адеп өзүнүн машинасы менен эле кете бергиси келген, бирок, мурда мынчалык алыска айдап көрбөгөн. Анын үстүнө алыскы жолдо жалгыз сереңдеп жүрө берүүгө жүрөгү даабады. Эмнегедир учакка да түшкүсү келбеди. Жыйырма жыл мурда бул жакка поезд менен келген. Эми кайра баратат. Ушунча жылдан бери көрө элек мекенине, тууган жерине баратат. Бирок, негедир көкүрөгүндө ошо мекенге, туулган жерине, жакындарына болгон сагынычы, жанды коерго жер таптырбай өрөпкүткөн кусасы жок эле. Анын ордун кандайдыр бир боштук, кайдыгерлик, кош көңүлдүк ээлеп алгандай.

Купеге кирген жүргүнчүлөр өз орундарына жайгашып жатышты. Булар бир үй-бүлө экен. Аны-мунуларын отургучтун алдына коюп бүтүп, көңүлү жайлана түшкөн киши чалкалай олтурду. Зейнеге карады:

– Буйруса, үч-төрт күн чогуу болобуз. Андыктан адеп таанышып алалы, жердеш. Менин атым – Ысман, көлдөн болом, бул киши – менин жубайым, аты Калипа, бул болсо менин уулум – Эрнест.

– Жакшы экен. Мен – Зейнемин.

– Сиз Москвадансызбы, – деп сурады Калипа.

– Ооба.

– Келгениңизге көп болдубу?

– Жыйырма жыл болду.

– Оо, жергиликтүү болуп калган турбайсызбы, – деди Ысман.

– Сиздер да Москвада турасыздарбы?

– Жок, Филадельфияда жашайбыз, он беш жыл болду.

– Алакандай кыргыздар ушинтип отуруп, дүйнө жүзүнө чачырап жок болуп кетебизби деп, кээде коркуп кетем. – Зейне ойлуу тарта сүйлөдү.

– Аның ырас, Зейне, баса, мен бир кыйла улуу окшойм. Сен дей берейин, каршы эмессиңби?

– Ой жок, Ысман байке, айта бериңиз.

– Кыргыздар «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, киндик кан тамган ыйык жерди таштап, жети атаң билбеген алыскы жат жерде, жат элде күн кечирип калайын деп ким ойлосун. Атаганат, өз жериңде, өз элиңде жашаганга не жетсин. Айла жок, тириликтин айынан нан табалы, үй-бүлө багалы деп жүрөбүз да.

– Мен сизди айтканым жок, Ысман байке. Деги айтам да, өзүм деле чет элде жүрбөймбү.

– Ой, жүз көрүшөрүбүз менен эле көйгөйүбүздү айтып кирдик го. Андан көрө таанышканыбыз үчүн деп, шам-шум этип отуралы. Алыскы Американын даамынан ооз тийгиле. – Калипа сөздү башка жакка буруп кетти.

Поезд бир силкинип алып, ордунан козголду. Негедир Зейненин жүрөгү болк дей түштү. Адамдардын, имараттардын барган сайын ылдамдай, артка жапырыла калып жатканын терезеден карап олтурду. Көңүлү тынч эмес экенин, өз ою менен алек болуп жатканын сезген Ысман «бул эмнеси» дегендей көз таштады да, Калипага карады. Ал ийнин куушуруп койду. Ысман эшикти акырын ачып, купеден чыгып кетти. Каны кызыган күлүктөй, поезд эми бир калыпта шака-шук, шака-шук этип, жол боюндагы көзгө урунган нерселердин бардыгын артка таштап, кетип баратты. Адам тагдыры да ушу поезд сымал, бардыгын арт жагында калтырып кете берет. Жакшысы калып атабы, жаманы калып атабы – бирдей. Бирок, зымырап бараткан поездден түшүп калып, кайра кайтууга болот. Ал эми, басып өтүп кеткен тагдыр жолуна, өмүр жолуна кайтып барууга болобу? Албетте, жок. Кайып келген ушул ой аялды терең улутунтту. Көздөрү жашылдана түштү. Анысын тигил аялга көрсөткүсү келбей, үстүңкү орунга чыгып, терезени карап жатып алды. Бир ыргактан жазбаган такылдакка кулак төшөп, уктап кетүүгө аракет кылды. Түндө түн жарымынан туруп, чала уйку болуп калганына карабастан, анысынан майнап чыкпады, кирпиги ирмелбеди. Башка учурда башы жаздыкка тиери менен шылк этмек. Бу уйкунун да өзүнчө ырахаты бар турбайбы. Бир нерсеге кыжаалат болуп, айлаң кетип турганда катуу уктап кетсең, бир жүктөн арыла түшкөндөй, жеңилдеп каласың. Бирок, азыр ошол нерсе аялга өчөшкөндөй, мобу шууу-шуу этип калып жаткан бак-дарактардын арасында калгандай.

Түндө көргөн түшү кайрадан көз алдына тартылды. Көпүрөдөн өтүп кетерине аз эле калган. Бир нече кадам чуркаса – атасына жетмек. Кучагына барып жыгылмак. Эмне үчүн ойгонуп кетти экен? Эх, тагдыр, жок дегенде түшүн оң келтирип койсоң эмне? Баса, атасынын балдагын төшөп, көпүрө кылганы – аны күтүп жатканы го. Же баратканын сезди бекен? Кайдан?.. Жыйырма жыл бою кабарлашпаган кишиде андай сезим эчак өлүп деле калса керек. Буга ким айыптуу? Ушул суроо ийне болуп барып, дал жүрөгүнө сайылып кеткенсиди. Эркинен тышкары онтоп алды. Терезеге үңүлдү. Поезд эми шаардан чыгып, кайың токоюн аралап бараткан экен. Эзели түгөнчүдөй эмес. Орус жери бүтүндөй токой сыяктанып кетет. Түшкө жакындай бергенде гана сээлдей баштады. Айрым ачыла калган жеринен тээ алыска созулуп жаткан мейкин талаа көрүнө калып, жок болот. Бир оокумда токой түгөнүп, тоолор, андан бери созулуп жаткан адырлар көрүндү. Нары жагында мелтиреп жаткан көл бетинде күн нурлары ойнойт. Капысынан эле «бул биздин көл, Ысык-Көл турбайбы» деген ой көңүлүн өрөпкүтүп жиберди. Чыканактап тура калам деп, башын шыпка катуу уруп алды. Ага көңүл да бурбады. Көлдөн көзүн албай, мелтиреди. Толкундар менен кошо бийлеп, чагылып жаткан нурлар көзүнө тийип, уялтып, кыйлага чейин ача албай атты. Ушундай абалда көп турдубу, аз турдубу – ким билсин, акыры көзүн кылыйта ачты. Көл жээктей кеткен тасмадай жолдо бир машина зымырап баратат. Эми Зейне поезде эмес эле, ошол машинада баратканын сезди. Эки бөбөгү менен арткы орунда отурат. Аны апасы айдап алган, атасы Мукай жанында. Ал кишинин буту оорулуу, эки балдак менен басат. Андыктан машина айдай албайт, өзүнүн кичинекей машинасы бар, аны кол менен айдайт. Майып болсо да тырмалаңдап, билими болбосо да, шаардагы бир гезитте иштейт. Ал жакка редактор өзү чакырганын айтып калат. Апасы Ажар жаны тынбаган, иштемчил аял. Ооруканада өз кесиби боюнча бир аз иштеп туруп, алган айлыгына алымсынбадыбы, базарга чыгып, соода-сатык ишине аралашты. Бул өңүттө жөндөмү бар окшойт, тез эле базардын «өз кишисине» айланып, иши жүрүшө баштады. Анан Айна аттуу татынакай сиңдиси төрөлдү. Ал эки айга толгондо Мукай ишинен бошоп, балдарды карап, үйдө отурууга туура келди. Деги, төгүлгөн маңдай тер, эринди кесе тиштеген аракеттин акыбети кайтпай койбойт тура. Жыл айланбай ичкен-жегендери, кийим-кечектери оңоло түштү. Соода-сатыктан тапкан акчасын чогултуп жүрүп, кийин Ажар машина сатып алды. Бул соода ишинин дагы илгери жылышына жакшы өбөлгө берип атты. Азыр ошо машинада баратышкан. Бул күнү Мукайдын айылдагы туугандарына барышкан эле. Зейнеге тоо, айрыкча Жылуу-Суу абдан жакты. Шаарга кеткиси келбей, кыйылып, араң келаткан. «Сабактан каласың, кызым. Эмки жумада дагы келебиз» – деп атасы эптеп көндүргөн. Экинчи класста окуйт. Иниси Бакыт алты, бөбөгү Айна үч жашта.

Түн менен күн эриш-аркак жүргөн сыңары, жашоо деген улуулук да жакшы менен жамандан, кубаныч менен кайгыдан, табылга менен жоготуудан, бакыт менен өксүктөн турган нерсе экен да. Балким, анын асылдыгы дал ушундадыр? Ошолордун кайсынысы күтүлбөгөн жерден кирип келерин эч ким билбейт. Ошо билбегендердин арасында Мукайдын үй-бүлөсү да бар болучу. Зейне келе турган жекшембини күтүп, күн санап атты. Анткени дагы айылга, тоого барышмак. Өткөндө атасы барабыз деп убада берген, ал айткан сөзүнөн кайтпаган киши экенин билчү. Бирок, бул сапар анысы аткарылбады. Жекшембиге жетпей Ажар жүрөгүм деп жыгылып, ооруканага жатып калды. Бул эми көп эле адамдардын башына келе турган нерсе эмеспи, тирүү болгон соң ооруйт экен, айыгат экен. Бирок, Ажардын дарты чегине койбой, көпкө чайналды. Дары-дармек, дарылоо акысы, анан дарыгерлерге белек-бечкек деп отуруп, акыры аргасы кеткен Мукай Ажардын макулдугу менен машинаны сатып жиберди. Тагдыр экен, дартынан жөнүгө албай, араңжан Мукайды, чиедей үч баласын калтырып, келбес сапарга аттанып кете берди. Бапырап турган үй, ошентип, мостойду да калды. Кош балдакка күнү түшкөн адамга кыйын болду. Биртке пенсиясынын тыйынын коротпой, үч баласынын камына жумшайт. Антсе деле жетпейт. Жарыбаган акчасынын тең жармы эле «коммуналдык кызмат» деген балекети соруп коет. Туугандын туугандыгы башка иш түшкөндө билинет дегени туура экен. Мукайдын кыйналып жатканын билген иниси үч жашка толуп калган Айнаны багып алалы деп келишкен экен. Нары карап ыйлап, бери карап күлүп дегендей, акыры жок дей албады. Буга эс тартып калган Зейне каршы болуп чырылдап, кучагынан чыгарбай, отургандардын барын ыйлатты. Ушундан көп өтпөй, алыскы Алайдагы таежеси келип калды. Мукайдын, балдардын жашоо-шартын, ал-абалын көргөн аял эки баланы өзү менен кошо алып кетти.

Жадырап-жайнап жүргөн балдар капысынан эле апасынан өлүүлөй, атасынан тирүүлөй алыстап, алардын мээриминен ажырап, анысы аз келгенсип экиге бөлүнүп, чоочун кишилердин колунда болуп калышы абдан оор болду. Бакытты билбейт, Зейне көпкө чейин эмне болуп кеткенине ишене албай, тагдырдын бул кыйчалышына түшүнүгү жетпей жүрдү. Үйгө апасы келип калгандай сезилип, көчөдөн кызыл машина көрүнө калса утурлай чуркайт. Балалык кыялы менен «апам үйгө келип, анан бизди таппай бул жакка келатат» деген ойго жетеленет окшобойбу. «Өзгө жалган, өлүм ак» деген сөздүн маанисин кайдан түшүнсүн бала неме. Ооба, өлгөндүн шору өзүндө, тирүүнүн көрө турган күнү өзүндө. Демек, өмүр улана берет экен. Атасына, киндик каны тамган жерине болгон сагынычы, кусасы жан-дүйнөсүнө көлкүлдөгөн Зейне ыйлай-сыктай, иниси экөө таежесиникинде жашап жүрдү. Алар деле карапайым, ашып-ташып кетпеген жай адамдар болучу. Бирде бар, бирде жок турмуш дегендей. Анда-мында Мукайдан акча-тыйын келет. Биртке болсо да эки баланын кийим-сийимине жарап калат. Аялынын нары карап кеткени аздык кылгансып, балдарынан тирүүлөй ажыраган жарым жан, жарты сан атасынын кандай ал-абалда жашап атканын кайдан билсин. Арбын акча жибере албаса да, үзбөй кат жазат. Бир жолу телевизордон көрсөтүп калды. Атасынын жазуучу экенин, чыккан китептери бар экенин ошондо билди. Ай, ошондо көптөн бери көкүрөгүндө катылып жаткан сагынычы, кусасы сыртка чыгып, эч кимди көзүнө илбей букулдап, бугун чыгара ыйлап алган. Ошентип, билинбей отуруп, арадан сегиз жыл кантип өтүп кеткенин сезбей калды кыз. Он биринчи классты бүтөрү менен атасын көздөй жол тартты…

– Зейне! – Капыстан чыккан үнгө селт эткен аял жалт карады. Эмелеки көлгө, атасын көздөй жөнөп бараткан өрөпкүгөн абал, автобекетке бара жаткан жол көз ачып-жумганча жок болду. Эмне болуп кеткенин адеп түшүнө албай, деңдароо тартты. Поезд дале бир калыпта шакылдап, кетип бараткан экен. Маңдайында турган Ысман ага күлө карады:

– Абдан чарчаган окшойсуң, аябай уктадың го. Түшкү тамак маалы өтүп калды, чогуу барып шам-шум этип келбейлиби?

– Аа, макул. Түндө ыпырап-тыпырап жүрүп, кеч жаткам, ошондон го. Мен азыр, кийинип алайын.

Ысман чыгып кетти. Азыркы элестен дале ажырай албай, бир аз жатты да, анан төмөн түштү. Вагон-ресторанга кирип, Ысмандар отурган столго барды. Терезенин сыртында кайсы бир белгисиз шаардын үйлөрү, бак-дарактар артта калып жатты. Маңдайда олтурган Эрнест сыртты карап туруп, англис тилинде бир нерсе деди, Зейне түшүнбөй калды. Ысман ага ошо тилде жооп берди да:

– Уулум учак менен кетпегенибизге нааразыланып атат. Жаштар заманга жараша шашма эмеспи. Үч күнүн поездде короткусу келбей атпайбы, – деди актанган кебетеде.

– Учакка белет калбай калыптыр. Тууган жерге, элге болгон сагынычыбыз эртеңкиге чейин күттүрбөдү. Поезд менен жүрө бердик. – Калипа күйөөсүн жактай сүйлөдү. Эрнест дагы чет тилде сүйлөдү, Калипа ыңгайсыздана түштү.

– Балам, кыргызча эле сүйлөсөң, жалаң кыргыздар отурабыз го.

Жигит кайдыгер түрдө кол шилтеп койду да, бир нече сөз айтты. Ысман аны жактырбагандай карады. Аргасыздан жылмайды:

– Кудай урган чунак, кыргызча түшүнөт. Бирок, окуганы, иштегени бүтүндөй чет тилде болуп, ошого көнүп алды. Үйдө деле өз тилибизде сүйлөйбүз. Негедир бул балдырап эле чет тилде сүйлөйт. Тууган жерге, элге карата менде сагыныч жок деп атпайбы.

– Бул алты жашында кеткенбиз. Жүргөн чөйрөсү балдарга сөзсүз өз таасирин тийгизет экен. – Калипа да жылмайымыш болду.

– Бул жагдайда Эрнест жалгыз эмес. Чет жерде, жат элде жүргөн миңдеген балдар өз тилин, элибиздин үрп-адатын, каада-салттарын унутуп калышпадыбы. Бул биздин бир ууч улуттун чоң кайгысы деп ойлойм. Менин уул-кызым да чет мамлекетте жашашат. Эми алардын өз мекенине, өз элине келер-келбеси арсар. – Зейне өзүнчө терең улутунуп алды. Жигит тилин чайнай сүйлөп койду.

– Адам үчүн жашаган жер гана мекен, башка мекен болушу мүмкүн эмес, дейт бул дөөдүр, – деди Калипа. Бул талаштан майнап чыкпасын жакшы билген Ысман сөз багытын башка тарапка бурду:

– Зейне, сен Кыргызстандын кай жеринен болосуң?

– Көлдөн, Каракол шаарынан.

– Оо, нака жердеш турбайбызбы, биз Жети-Өгүздөн болобуз.

– Жакшы экен, Америкада эмне иш кыласыздар?

– Мен жүк тарткан чоң машина айдайм, Калипа – жеке менчик ооруканада дарыгер, уулум болсо Филадельфия университетинде окуйт, быйыл үчүнчү курсун бүтөт. Чыгынып туруп, туугандарга сапар тарттык. Буга чейин катташууга шарт болбоду.

Купеде үчөө ар кайсыдан кеп салып, кыйлага отурушту. Эрнест коңшу вагондо баратышкан Америкалык жигиттер менен таанышып, аларга кошулуп, көңүлү жай болду окшойт. Ошентип, жол үстүндө бир күн өттү. Эртеси күн бүркөө тартып калган экен. Көп өтпөй вагондун үстүн дыбыратып, жамгыр жаап кирди. Зейне кечээки адаты менен өз ордуна чыгып, одеалын жамынып жатып алды. Бул аялдын көңүлү жайында эмес экенин сезишкен тигилер тынчын албоого аракет кылышты. Ысман чалкалай жатып алып, китеп окууга киришти. А Зейне болсо чаба жаап, дыбыраткан терезени карап баратты. Темир жолдон окчунураак түшкөн орус айыл-кыштактары биринен сала бири артта калат. Кайрадан токой каптаган талаа. Асманга бой кере, зыңкыя өскөн ак кайыңдар. Алар берки карагай, бак-дарактарга теңсинбей караган сыяктанат. Капысынан көз алдына тартыла калган ушул элестен улам Зейне муңайым жылмайып алды. Ушуга удаа «Жада калса жанаша өскөн ушул сезимсиз бактар да бири-бирине тыңсынганын карасаң, Теңир» деген ойго урунду. Дыбырап аткан терезе акырындык менен ичинен бууланып, сырт тарап көрүнбөй баратты. Тазалап коюу ниети менен колун суна берип, кайра айныды. Буу коюуланып барып, заматта тунара түштү. Анан Зейне ошого оп тартылып, кайдадыр зуулдап баратканын сезди. Бир оокумда чубалган чоң автобус Караколдун автобекетине келип токтоду. Алыскы жолдон чарчаган немедей «быш-ш…» этип алды. Бешим чен болуп калган экен.

Мына, өзү туулуп, киндик каны тамган шаар. Сегиз жылдан бери көздөн учуп, өзүнө чакырып, умтулткан шаар. Көзүнө сүйкүм көрүндү. Өзү жашаган көчөнүн аты эсинде эле. Көп өтпөй, балалык көкүрөгүн кусага көлкүлдөткөн, караанына зар болгон атасынын үйүнө жетип келди. Кире бериштен экинчи кабатка көтөрүлүп келатканында негедир сезиминде «азыр эшикти апам ачат» деген ой көкүрөгүнө тепчилип өттү. Өрөпкүп, кыйкырып жибере жаздады. Калтыраган колу менен эшикти какты. Бейтааныш аял ачканда заматта көңүлү кайт боло түшкөнүн сезди. Анан Мукай деген кишинин мына жашаар-жашабасын сурады. «Бар» деген жоопту угаар замат тигил аял менен учурашууну да эсинен чыгара, ичкери атылды. Атасы экөө оо кыйлага чейин бекем кучакташып, буркурап ыйлап отурушту. Бирок, бул ый кубанычтын, көрүшүү бактысынын ыйы эле. Атасы кыйла улгая түшүптүр. Чачтары куудай агарып, бетине каршы-терши бырыштар түшкөн. Отуруп-турганы ого бетер кыйындап, жакшы баса албай калган экен. Аны көрүп, жүрөгү тызылдап алды. Таежеси алып кетип атканда мындай эмес эле. Тың басып-турчу, жаш эле. Аэробекеттен ыйлап коштошкон, самолет учуп кеткенче колун булгалап, темир кашаага жөлөнүп, жалгыз турган. Ошол элес көпкө чейин көз алдынан кетпей жүргөнү эсинде.

Даракты бутагынан, баланы ата-энеден айрыбасын. Мукайдын үйүнө кут түшкөн сымал, береке кирип калды. Бул учурда ал бир кызы бар аялга үйлөнүп, жашап аткан. Ал оорукананын ашканасында иштеп, кызы үчүнчү класста окуйт экен. Алар менен Зейне бат эле ымала таап кетти. Жаңы апасы да аркы-беркиге түшүнүгү жетик, ак көңүл аял эле. Кыздын көңүлүн табууга, өзүнө жакындатууга аракет кылып жүрдү. Жакшы сөз жан эритет дейт эмеспи, эне мээриминен эрте ажыраган кызга андан артык эмне керек. Мезгил өткөн сайын кадимки эне-баладай, ал эми кызы менен бир тууган эже-сиңдидей болуп баратышты. Бул жылы шарт болбогондуктан, Зейненин окусам деген аздек тилеги ишке ашпады. Турмуш деген бир орунда турбайт тура. Коомдо үч уктаса түшкө кирбеген нерсе болуп кетти. Түбөлүк турчудай сезилген зор өлкө бир күндө кулап калды. Эркин болдук, өз алдыбызча мамлекет болдук деп эдиреңдеп жүрүштү. Анан кубанычтан көккө ыргытылган калпактар кайра колго тийбей, соксоюп жылаң баш калгандар арбыды. Эл арасын жакырчылык, кымбатчылык, тартыштык деген эзели аты угулбаган нерселер каптады. Мындай учурда окуу жөнүндө ойлонуу – болбогон кеп эле. Жогорку окуу жайлары акы төлөтүп окутуу ыкмасына өтүп киришкен. Ага төлөй турган акча Мукайда жок эле. Муну түшүнгөн Зейне кайсы бир бейөкмөт уюмга жумушка кирип, иштеп жүрдү.

…Мезгил дөңгөлөгү билинбей чимирилип, айлар айланып, жыл жылып жатты. Кечки тамакты ичип отурушту. Бир маалда Зейне күтпөгөн жерден:

– Ата, үйдү бошоткула, бул үйдө мен жашайм, – деди. Тигилер бирин-бири карап, туруп калышты. Кызынан мындай сөз чыгарын күтпөгөн Мукай такалып калды, анан кызына назар таштап карады. Балким, жөн гана тамашалап айтып жаткандыр деген ойго кетти. Жок, кыздын түрү тамашалаганга окшобойт. Чын дити менен эле айтып жаткандай. Ошондо Мукайдын көңүл түпкүрүнөн бир нерсе тырс этип, сынып кеткендей боло түштү.

– А биз кайда барып жашайбыз, – деп, акырын үн катты.

– Жер там алып, чыгып кеткиле. Короче, бул силердин проблемаңар.

– Кызым, азыр жер там алгыдай менде кудурет жок экенин көрүп турасың. Азыр замана-заат минтип бузулуп турат. Шартым болсо, айттырбай эле үй алып бербейт белем.

– Силерди үй алып берет эле деп, күтүп отурат экем да.

– Кой, кызым, антип араң отурган жанымды кыйнаба. Алты саным аман болсо, бир айласын табат элем.

– Ой, ата, калп эле өлүмүш боло бересиз. Сизди жазуучу дейт. Колуңуздан баары келет, кирчү жерлерге кириңиз. Жер там бергиле деңиз, – деди кыз мостоюп туруп. Маселенин тамыры тереңде катылып жатканын Мукай сезди. Мүмкүн тиги тараптан ушундай сөз болгондур. Азыр бала эмеспи, өзү түшүнөөр деген ойдо өзүн кармап, сабыр тутту. Шынаа кагылган жарака акырындык менен чоңое берет көрүнбөйбү. Ошо күндөн тартып, Зейненин кыял-жоругу өзгөрө баштады. Өзүн үйдөгүлөрдөн окчун кармап, жумалап сүйлөшпөй койчу болду. Ал келгенде беркилер бурчка тыгыла калганын көргөн Мукайдын заманасы куурулат. Дагы бир сапар, эмне болуп кеткенин ким билсин, Зейне атасынын кыжырына тийип, өз оюн бербей көжөлүп туруп алды. Өмүр бою оору менен кармашып, тагдырдын далай азаптарын жонтериси менен көтөрүп жүрүп, нерви жукарып калган киши ачуусуна жеңдирип:

– Жогол көзүмө көрүнбөй! – деп буулуга кыйкырып жиберди. Зейне ошол замат үйдөн чыгып кетти. Ачуусу тараган Мукай, эрдин кырча тиштеп, кыйкырып жибергенине өкүнүп, өзүн-өзү жемелеп жүрдү. Ызасы, ачуусу тараганда келет, деп күттү, көчө карап, көзү тешилди. Жок, келбеди. Мукай анын батирде жашап жүрүп, анан Москвага кетип калганын угуп, өзүнчө чөгө түштү.

Кыбыраган тирүү жандын күнү бүтүп, жашоосу токтоп калмак беле. Москвага келген Зейне эл катары бир жумушка кирип, иштеп жүрдү. Кыргыз жигити менен сүйлөшүп жүрүп, эки жылдан кийин үйлөнүп алышты. Негизи, үй-бүлө күтүү ар бир адам, айрыкча кыргыз баласы үчүн өзгөчө бир бурулуш, турмушундагы бөтөнчө бир кубанычтуу, жоопкерчиликтүү учур эмеспи. Айрыкча кыргыз турмушунда үйлөнүү жөрөлгөсү башкача шаан-шөкөт, үрп-адат, каада-салттар менен коштолот го. Кандай болсо да булар эки жаштын келечек турмушуна жакшы жерпай болуп берери бышык, муну эч ким тана албайт. Бирок, Зейне менен Асылбектин үйлөнүшү таптакыр башкача болду. Жаштыгына, кыялынын катаалдыгына салган Зейне атасына болгон таарынычын, ызасын жеңе албады. Асылбектин ата-энесине: «Менин эч кимим жок, томолой жетиммин» деп балп эттирди. Ар бир ата-эне өз баласынын бактысын, келечегинин түз болушун ойлоп, ошонун камын жейт. Жакшынакай жубайлуу болушун тилейт. «Эшигин көрүп, төрүнө өт» деп төгүн жеринен айтылбаган. Андыктан ким болсо да бул турмушта жакшы куда-сөөк күтүп, алышып-беришип, сыйлашып-катташып тургусу келери чын. Асылбектин ата-энеси деле ушундай тилекте жүрүшкөн. Бирок, алар күткөндөй, алар самагандай болбоду. Уулу ушул кызды тааптыр, аны менен кол кармашып, турмуш жолунда бир басууну чечиптир. Балким, нике-кайып буйруп койгондур? Эмне кылышмак, ичтеринде башкача ойдо калышса да, баласын кыя алышпады. Ал жактырып, көңүлдөрү табышып калган эки жашты ажыратууга даай алышпады. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, акыры макул болушту.

Аттиң, турмуш деген сууну каалаган жерге жеткире турган арык эмес. Анын өз мыйзамы, өз жолу бар. Адамзатына баш ийбей турган бийлиги бар. Зейне муну бир, эки жылдан кийин эле түшүнө баштады. Атасынын бир ооз сөзүн кечире албаганына, мүнөзүнүн катуулугуна өкүнө турган болду. Айрым учурда күйөөсү жөндөн-жөн эле өз үстөмдүгүн көрсөтүп, зүкүлдөйт. Мунусун Зейне сезбей коймок беле, сезет, түшүнөт. «Сен кимсиң, кимиңе таянасың, алыңа карап жүр дегени да», дейт ичтен сыза. Ошондо эмне үчүн калп айтты экен, эмне көк беттик кылып, атасынын алдынан бир өтүп койгон жок. Ал кургур, көрүнүп калар бекен деп, кечке балкондо зарыгып отурганын көрүп жүрдү го. Ар кимден издеттирип, үйгө келсин деп айттырганын да укпады беле. Барса, кайра табышып албайт беле. Анда эл катары эле турмушка чыкмак, сөзү да чоң болуп калмак, күйөөсү да минтип чочоңдой алмак эмес. Айрыкча өзүнүн жалгыз экендигин, төркүнү жок экенин чоң кайнатасы каза болгондо билбедиби. Ошондо эс алып келебиз деп көлдө, күйөөсүнүн айылында жүрүшкөн. Кайтабыз деп калган кезде кайнатасынын токсон бештен өтүп калган атасы кайтыш болду. Алыш-бериштери көп экен, кыргыз жеринин туш-тарабынан келип жатышты. Куда-сөөктөрүнүн көпчүлүгү бардар көрүнөт. Уйун деле, жылкысын деле алып келип, түшүрүшөт. Өзгөчө өзүнөн кичүү абысынын төркүнү үч-төрт машина менен күркүрөп келип, түшүп калышты. Тоодой жылкыны алып келип, бакка байлап коюшту. Бир гана Зейне тараптан көз көрсөтүп барган бир жан болбоду. Кимдин ким экени ушундайда билинет турбайбы. Жоолугун түздөп салына албаган, суу мурун абысыны көз көрүнө көтөрүлүп, кыр көрсөтө баштабыдыбы. Жанынын күйгөнүн айтпа. Анын үстүнө боз үйдө олтурушкан кемпир-кесектер Зейнеге шектүү карап: «Ботом, бу келиндин төркүндөрү жокпу, бул эмне кылышканы. Тоодой-таштай кудасына келип койбогон да куда болобу?» деп бири кыжынса, дагы бири: «Бул бечара томолой жетим кыз экен» деп шыпшынса, тигиндейде олтурган кара сур аял: «Койчу ай, томолой-сомолой эмес эле атасы, бир туугандары бар экен. Өзүнүн жамандыгынан, ит кыялдыгынан барынан чыгып калган неме экен» дейт. «Апе-ей, ботом, сенин билбегениң бит, ай. Аны кайдан билип жүрөсүң, тайгандай болуп». Шалпык эрин аял тигиге кайрылды. Анысы жөн калмак беле: «Мурдуна заң сүйкөсө билбеген сен дейсиңби, баягыда үйдө тамак ичип олтурбайбызбы. Үйдө Темир кайним да бар эле. Балдар телевизор көрүп атышкан. Бир кезде андан акыбыны, жазуучусубу, айтор, бир кишини көрсөтө баштады, ага ким көңүл бурду дейсиң. Темир тигилип, карап калганынан улам назар бурдум. Көрсө, ал киши Темирдин жакшы жолдошторунун бири, жазуучу экен. Кытайданбы, же түрктөнбү – анысын түшүнө алган жокмун, иши кылып алыс жактан китептери чыгыптыр. Анан ошо өлкөнүн элчиси, жанагы, эмне дечү эле, кымбат машиненин ачкычын берген экен. Ошону айтып атты. Баса, ал киши майып турбайбы, баса албайт экен. Анткен менен белгилүү киши экен» деп жебиреди. «Анан ботом, ошол кишинин өзү келе албаса деле, туугандары, инилери келип коюшпайбы? Аларда бир мандем бар го!» деди дагы бири. «Угушума караганда, бу келин башка бирөөнүн колунда өсүп, кийин, чоңойгондо келген имиш. Кыялы чатак окшобойбу, атасы менен келише албай, кетип калган дешет. Мына, бу жерде жүрүшкөнүнө бир айга чукулдады, ушу турган жердеги атасына бир кирип, кечирим сурап, жарашып алса болот эле го. Ата-эне кантип баласын кечип койсун, кептин бары келиндин өзүндө болсо керек» дейт салабаттуу байбиче. «Курган балдар, катын албай, кайын ал деген сөзгө маани бербей эле, көзүнө жылуу көрүнө калган бирөөнү сүйдүм-күйдүм деп, жабыша калып атышпайбы. Мына, анын майнабын көрүп атпайбызбы минтип» деп токтоду коңшу кемпир.

Бул күбүң-шыбыңдардын айрымдарын кирип-чыгып жүргөн Зейненин кулагы чалып атты. Ансыз деле кайын ата, кайын энесинин алдында, бөтөнчө күйөөсүнүн алдында кичирип, баш көтөрө албай турган чакта мындай сөздөрдү угуу, ал үчүн оңой болгон жок. Жер катуулугунан чыдады окшойт. Бу күнү өзү билбеген турмуштун бир кырын даана көрдү. Өткөн күндөрүнө, баскан-турганына саресеп салып, чорт кыялына, көк беттигине ушунда бир өкүнүп алды. Азыр эле чуркап барып, атасын кучактай жыгылып, ой-боорунча буркурап ыйлап, болгон-бүткөн бугун чыгарып алгысы келип кетти. Бирок, анысы ошо бойдон калды. Ушундан кийин үйдөгүлөрдүн каш-кабагы башкача тартып, жасаган мамилелери өзгөрүлдү. Чынында, мурда деле жакшы эмес эле. Эми ого бетер салкын тартты. Ата-энеси, ага-туугандары тарабынан жеме-жука уккан Асылбекке да жеңил болгон жок. Ал кантсин, же быякка, же тыякка тарта албай, эки ортодо чайналганын көрүп турду. Эмнеси болсо да, жүрөгүнө көрүнбөгөн бир жүк түнөп калгансыды. Аны артынган боюнча Москвага сапар тартты. Ошондон бери туулуп-өскөн жерине биринчи баратышы эле.

– Зейне, туруп чай ич, – деди Калипа. Анын үнү Зейнени поезддин ичине кайра алып келди. Кайсы бир станцияда токтоп турган экен. Аял төмөн түшүп, чачы-башын оңдоп, астыңкы орунтукка көчүк басты.

– Кай жерге келдик?

– Оренбургдан өттүк. – Китеп окуп жаткан Ысман баш көтөрүп, жооп берди. – Жадап кетсең керек, жакында жетебиз. Тууган жерге жакындаган сайын жол узарып кеткендей, зарыктырып, жүрөк дүкүлдөйт. Оо, тууган жер, бодур ташың да көздөн учту го.

– Биротоло келатасыңарбы, – деп сурады Зейне жөн салды.

– Жок, бир-эки ай жүрөбүз го. Ата-тууган, жерге-жээк дегендер бар, аларды сагынат экен адам. Он беш жыл аралыгында далай эле жамандык-жакшылыктар болсо керек, кеч болсо да учурашып, көз көрсөтүп коюу парз эмеспи. Анын үстүнө кичүү кызыбыз турмушка чыгып жатат, – деди Ысман.

– Ал кыз Кыргызстанда беле?

– Кайдан, кыз баланы кантип жалгыз таштайлы, биз менен чогуу турчу. Сүйлөшкөн баласы да Филадельфияда жашайт. Бир ай мурда экөө чогуу кеткен. Кудалар менен сүйлөшсөк, балдардын тоюн шаардагы кафеде өткөрөбүз, деп чакырышты. Кызыбыздын тоюна кантип келбей коелу. Ата-энесиз да той өтмөк беле. Бардык иштерди жыйыштырып таштап, келатабыз. – Калипанын үнүндө кандайдыр бир сыймыктануу, мактануу, эреркөө сезилди.

– Жакшы экен, тоюңар тойго уланып, эки бала бактылуу болушсун.

– Ырахмат, айтканың келсин.

Зейне алдындагы чайдан ууртап, тунжурап олтурду. Калипанын өз кызы жөнүндөгү кадыресе эле айтылган сөздөрү негедир жүрөгүнө катуу тийип, ачыштырып жиберди. Айрыкча «ата-энесиз той өтмөк беле» дегени кулагына жаңырыктап, тынымсыз кайталанып, сезимине балкадай урулуп жатты. «А менин тоюм ата-энемсиз эле өтпөдүбү» деген ой тигини басып кетти. Аялдын жан-дүйнөсүнөн бир нерсе сынып кеткенсиди, өзүнөн-өзү алсырай түштү. «Айтсаң, ошого ким күнөөлүү, тирүү турган атаңды өлгөн деп кантип калп айттың? Москвадан биринчи сапар барганда эле жолугуп, алдынан өтүп койгонуңда жакшы болбойт беле. Анын балкондо олтурганын өз көзүң менен көрбөдүң беле. Ал кургур ошондо сени ойлоп, сагынып, куса болуп, көчөдөн көрүнүп калар бекен деген ойдо зарыгып, саргайып олтургандыр. Ырас, ачуусу менен катуу айтып коюптур, бирок, сен бары бир анын кызысың да. Жарык дүйнөгө жараткан өз атаң эмеспи. Андыктан сабап койсо да көтөрүүгө, чыдоого милдеттүүсүң да. Бары бир айлаң кетип, заманаң куурулганда эки жүздүүлүк кылып, аныңды билдирбөө ниетинде, кечирим сурап, тизесин кучактоонун ордуна даңкылдаган бойдон кирип бардың го. Байкуш киши, ата эмеспи, мунуңду да кечирди, сенин колуңду сурап келген кайындарыңды тосуп алды. Томолой жетиммин дегениңди уккан кайненең атаңды өз көзү менен көрүп, анын кандай киши экенин түшүндү. Ошондо сага кандай көз менен караганын унута элексиң, башың төмөн түшүп, жерге кирип кете жаздабадың беле. Ага карабай, көк беттигиң кармап, кудалык шарт боюнча «ачуу басар» дегенин токтотуп койдуң. Атаң сенден барган «ачуу басар» менен эле марып, турмушу жарып, байманасы ашып-ташып кетмек эмес. Анын өз ырыскысы өзүндө. Эч кимдин көзүн карабайт, керек болсо көптөрдөн жогору турат. Аны түшүнүп турсаң да, түшүнгүң келбеди. Кайра аны басынтып, келекелеп: «Келген кудаларды кантип узатасыңар?» дегениң эсиңден чыгып кеттиби? Эмне, буга чейин ал киши конок тосуп, конок узатпай жүрүптүрбү? Бир эмес, эки бирдей куда тосуп, узатты эле го? Сен ошондо атаңа эмес, өзүңө-өзүң кылдың. Сен өзүңдүн келечегиңе балта чаппадыңбы. Муну баягыда, чоң кайнатаң каза болгон күнү түшүнгөнсүң. Ошондо эле акылыңа келип, кадамыңды түздөп кетсең болмок. Анда бардыгы башкача болмок. Асылбек да кетпейт эле. Жок, антпедиң, көгөргөндөн көгөрүп туруп алдың, жарым жан атаңа өчөгүштүк кылдың. Эми кимге таарынып, кимге өчүгөсүң?». Кайдан-жайдан келген ушул шыбыш, аялды биротоло алсыратып жибергенсиди. Анткени, бул анын өз көкүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан сезим шыбышы болучу. Чындыктын угулбаган чыңырыгы болучу. Ошондуктан, ага жооп таба албай, тунжурады. Кимдир бирөөнүн тике берилген суроосуна тигиндей, же мындай деп жооп таап, буйтап өтүүгө болот. Ал эми өзүңдүн сурооңо өзүң жооп беришиң кыйын, мүмкүн да эмес. Муну да азыр сезип, азыр билип отурат.

– Зейне, сенин бир жериң ооруп турабы, – деп сурады Ысман. Өз оюна алаксый түшкөн аял карбаластай, маңдайында турган чайды ала койду:

– Жок, кабатыр болбогула. Жөн гана өз өлкөңө, элге, агайын-туугандарга болгон сагыныч, куса жүрөктү тызылдатып, ар кандай ойго салат экен. Айрыкча, жол жүргөндө өткөн өмүр, артта калган жаштык, жаздым баскан жолдор эске түшөт тура.

– Ооба, аның чын. Тирилик деп тыпырап чуркап жүрүп, анан ушундай бош боло калганда эмнелер гана ойго түшпөйт. Мындай нерсе менде да бар. Айдоочу экенимди айтпадымбы. Өмүрдүн көбү жолдо өтүп келатат. Машина айдап баратканда эки көзүм – жолдо болсо, мээм – ойдо. Ойго ылайым жакшы нерселер гана түшкүдөй жашаш керек. Бул эми ар кимдин кылган аракетине, жасаган нерсесине, баскан жолуна байланыштуу эмеспи.

– Жакшы айттыңыз, Ысман ага. – Зейне ойлуу унчукту. – Бирок, биз, адамдар, ошону учурунда эске албайт экенбиз да. Биздин шорубуз ушунда экен.

– Пенделик деген ошол. Өткөн ишке өкүнбө дейт, бирок, ошол өтүп кеткен өкүнүч алдыдагы баса турган жолду таразалоого, абайлоого түрткү берип турат. Ат бир мүргүгөн жеринен экинчи ирет мүргүбөйт.

Ысман өз сөзүнүн калетсиз экенине канагаттанган немедей, чалкалай олтурду. Ушул учур поезд оор силкине, ордунан козголду. Баягы бир ыргактагы шакылдак кайра башталды. Ага көңүл бурбаган Ысман, кечээтен бери окуп келаткан китебин колуна алды. Өзү айдоочу болсо, анан китепти эмнеге мынча тикирейип окуйт болду экен, деп ойлоду Зейне. Өзү китеп окубайт эле. Көзүнүн кыйыгы менен китепке карады. Жазуусу чет тилде экен, ушунча жыл орус жеринде жашап жүрсө да англис тилин билбейт эле. Анан жазуунун төмөн жагындагы сүрөттү көрдү. Негедир тааныштай сезилди. Акырын эңкейип карады. Жүрөгү болк этип кетти. Эми окуй баштаган Ысманга кайрылды:

– Кечиресиз, Ысман ага, алдыгы китебиңизди көрсөм болобу?

– Албетте.

Сүрөттү үңүлө карап туруп:

– Бул киши ким, – деп сурады. – Кыргыз го?

– Кыргыз, болгондо да биздин жердешибиз. Мукай деген жазуучу.

– Мукай!.. – Зейне сөзүн андан нары улай албай, мукактанып, токтоп калды.

– Ооба, тааныйсыңбы бу кишини?

– Бул киши… бу киши менин атам.

– Оо, мына эмесе, биз белгилүү адамдын кызы менен келаткан турбайбызбы. Жөн киши эмес экениңди кечээ күнү эле байкагам. Сен да жазасыңбы?

– Жок, мага андай касиетти ыраа көрбөптүр, Жараткан.

– Ой, эч нерсе эмес, мындай кишинин кызы болуунун өзү эле зор бакыт эмеспи. Кут болсун!

– Ырахмат, бул китеп англис тилинде чыккан бекен?

– Англис тилине которулуп, Америкада басылган экен. Быякка чыгарда машинама бир кыргыз жигит түшүп калды. Ошол көтөрүп жүргөн экен. Жакында эле чыкканын, жакшы китеп экенин, окурмандар, айрыкча кыргыздар көп окуп жатканын ошол жигиттен уктум. Анын айтымына караганда, Кытайдан, Түркиядан китептери чыгып жаткан экен. Кыргыздар жөлөмөлөй албаган адамды минтип, чет өлкөлөр көтөрүп жатканына ыраазы болуп калдык. Жеткен жердеги китеп дүкөнүнө кире калсам, Кудай жалгап бар экен, дароо сатып алдым.

– Мен муну билген эмесмин, абдан жакшы болгон экен. Сиз англисче жакшы билсеңиз керек.

– Чынында, өтө мыкты билем деп айта албайм. Бирок, кадимкидей сүйлөй алам, эми он беш жылдан бери аралашып жашаган элдин тилин билбесең уят да.

– Туура айтасыз. Ысман байке, сизден бир нерсе сурайын деп турам. – Зейне батына бербегендей, кыйыла сүйлөдү.

– Тартынба, Зейнеш. Урматтуу адамдын сендей кызынан аяган нерсе курусун.

– Ушул китепти мага бересизби?

– Урматтуу карындашым, ушул да кеп бекен, албетте, берем. Мен тигил жактан кайра сатып алам. Ме.

– Чоң ырахмат.

Китепти аярлуу буюмдай бооруна кыса кучактаган Зейне ордунан туруп, залга чыкты. Кууш жерде нары-бери өткөн адамдарга тоскоол болбоюн деген ниетте, тамбурга барып, китеп бетиндеги сүрөткө кунт кое тигилди. Аны ак чачтуу, бетине бырыш түшкөн киши муңайым көздөрү менен карап турду. Ошол каршы-терши түшкөн бырыштардын арасынан Зейне өзүнүн баскан жолун, таштаган кадамдарын көрдү. Муңайым көздөрдүн түпкүрүндө бул кишинин өзүнүн гана эмес, кызынын – Зейненин да кыйчалыш тагдыры катылып жатканын сезди. Жүрөгүнө курч бычак сайылгандай ачышып кетти. Өз эркине баш бербеген көз жаштары мончок болуп тамды…

Кеч бешимде Бишкекке жеткен поезд бекетке келип токтоду. Эми эле ээн турган бекет опур-топурга, өйдө-төмөн чуркап, бирөөлөрдү издеген адамдарга толуп кетти. Бүтүндөй өмүрүн үч күнгө сыйдырып, ушул жолдун келкисинде калтырган Зейне сыртка чыкты. Аны эч ким тосуп албайт эле. Эл аягы сээлдегенче тура турайын деген ниетте бак арасындагы отургучка көчүк басты. Бекеттин көчө тарабынан энтеңдеген Ысман чуркап келди:

– Ой, мында эмне отуруп алдың, чогуу келатат экен десек, жүрү, кызым менен болочок күйөө балам машина менен келиптир. Караколго чейин чогуу кетебиз. Мен атаңа сөзсүз жолугушум керек.

– Ырахмат, Ысман аба. Сиздер кете бериңиздер. Мага азыр машина келатат. Бул жерде бир-эки күнгө кала турган жумушум бар. Бүткөрүп алып кетейин.

– Каап, чогуу кетсек жакшы болбойт беле. Мейли анда, буюрса дагы кезигебиз. Атаңа чоң салам айтып кой. Кеткенче сөзсүз барам.

– Жакшы барыңыздар.

Темир жол бекети заматта кайра ээнсирей түштү. Бошогон поезд кайдадыр жылып кетти. Айлананы жалгыздык ээледи. Ичиркенткен, сыдырым жел саамайдан сылап өттү. Зейне ордунан туруп, бекеттин ээн калган ичи менен көчөгө чыкты. Кай тарапка басарын билбегендей, бир саамга тунжурады. Негедир дүйнөдө жападан-жалгыз калгандай, көңүлү чөгүп, кандайдыр бир жумшак, караңгы сазга чөгүп бараткан сыяктуу сезди. Дүйнөнү жаңыртып, бир ыйлап алгысы келди. Анан жолдон өтө берем деп, катуу келаткан машинага урунуп кала жаздады. Айдоочу сөгүп өттү. Ага карап да койбоду. Жол жээгине келип, кол сумкасынан атасынын китебин алып чыкты. Мукабадагы сүрөттү карады. Селт этип кетти. Сүрөттөгү адамдын эки көзүнөн жаш куюлуп жаткан экен. Коркконунан ыргытып жиберейин деп, колун көтөрүп баратып, кайра айныды. Бооруна бекем кысты. Сүйрөп келаткан оор сумкасын ордунда калтырып, акылынан адашкан немедей чуркап кетти. Демиккен боюнча автобекетке жетип, катар турган таксилердин бирине шыдыр олтурду. «Киши күтпөй, айдай бер, төлөп берем. Тезирээк жеткирсең болду» деди. Жалоондой болгон жаш жигит кым этип, ошол замат алкынтып жөнөдү. Зейне атасынын бу дүйнөдөн өтүп кеткенин билбей, куштай сызган жеңил машинада ашыгып бара жатты…

23.09.14.

 

m_satybaldievМ.Сатыбалдиевдин барагы

Соц тармактар:

One thought on “Мусакун Сатыбалдиев. «Келки жолдогу өмүр»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.