Сулайман Рысбаев

С.К.Рысбаев 1956-жылы Ош шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1987-жылга чейин айыл мектептеринде мугалим болуп иштеген.

1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында ага илимий кызматкер, сектор башчысы, 1992-жылдан бери бөлүм (лаборатория) башчысы болуп иштеп келатат.

1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргогон, доцент (2000), педагогика илимдеринин доктору (2006), профессор (2011).

1993-жылы Эл агартуунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.1988-жылдан КР Журналисттер союзунун, 1997-жылдан бери КР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Кырчын», «Байчечекей» балдар журналдарынын жана «Кыргыз тили» гезитинин редколлегия мүчөсү.

Бакчанын балдары үчүн «Наристе-алиппе», мектептин 1-класстары үчүн «Алиппе», «Адеп алиппеси», 1-4-класстардын «Кыргыз тили», «Дилазык» класстан тышкаркы окуу китептери жана 30га жакын методикалык эмгектери учурда кеңири колдонулууда. Анын окуу китептери менен Өзбекстандын кыргыз мектептеринин окуучулары да эне тилинен билим алышууда.

Балдар үчүн 20га жакын аңгеме, жомок китептердин автору. Чыгармалары өзбек, орус, немец, англис тилдерине которулган.

Ушундай эмгектери үчүн КРнын Эл агартуусунун отличниги (1993), Тоголок Молдо (2000), Э.Арабаев (2002), Түгөлбай ата (2004) сыйлыктарынын ээси болгон. Эл аралык Педагогикалык-социалдык илимдер академиясынын (Москва) академиги (2006), КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» медалы менен сыйланган (2006), КРнын маданиятынын мыктысы (2006), Москва шаарында өткөн «Библии-Образ-2007» фестивалынын лауреаты, КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты (2009), Эл аралык Манас ата академиясынын академиги (2010), КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2011).

3 уулу, 1кызы, 7 небереси бар.

Түзгөн А.Мукамбетова

 

С.Рысбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Айбийке сулуунун» айтайын дегени…

Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн аңгеме, жомок жана жомок-повесттеринин 3 томдугу

Алгачкы жана азыркы «Алиппе», же И.Арабаев жана С.Рысбаев

С.Рысбаев — Кыргыз балдар адабиятынын Андерсени

Китеп – билим булагы. С.Рысбаевден жаңы окуу куралдары

Сулайман Рысбаев: «Тил — жашоонун негизги каражатына айланып калды»

Умай бала дүйнө балдарын зомбулуктан куткарат же балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин «Умай бала» повести тууралуу

 

Эмгектери

Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларында педагогикалык идеялар (PDF түрүндө)

 

Чыгармалары

Умай бала (жомок повесть)

Бир түйүнчөк акча (аңгеме)

Кызгалдактуу талаа (аңгеме)

Таттуу үй (аңгеме)

Акбардын дарагы (аңгеме)

Экөө болчу (аңгеме)

Сагынуу (аңгеме)

Периштенин кайтып келиши (аңгеме)

Дарак-эне жана тентек балдар (аңгеме)

Чынаркандын түшү (аңгеме)

Айгерим менен күзгү (аңгеме)

Баланын канаты (аңгеме)

Оюнчуктун ичинде эмне бар (аңгеме)

Бакыт деген эмне? (аңгеме)

Акыркы марал (аңгеме)

Чоң кишилер баарын билеби? (аңгеме) 

Соц тармактар:

2 thoughts on “Сулайман Рысбаев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.