Жаңы поэтикалык котормолордон

Олжобай Шакир

Ли Бай (701–762) — кытай акынынан котормо

КОЛУКТУМА «КҮЗ ЖЭЭГИНЕН» КАТ

Эч кайда, эч бир
тыным жок. Жаным мүшкүлдө –
сапарым улам
алыстайт өскөн аймактан.
Мингеним кайык,
тирлигим суунун үстүндө.
Кат жолдоор кезде
кайрадан бошойм кайраттан.

Күйдүмчок болбой
күн барбы бизге жолукчуу?!
Сен түндүк жакта,
мен түштүк жакта зарланып:
үч жылым өттү,
көрбөдүм сени колуктум.
Өз үйүм, өлөң
төшөк жок жүрөм сандалып.

Жүзүңдөн тозуп,
агарган чыгаар саамайың.
Кайрыймын кантип
күлкүңдү, күлгүн чагыңды?
Жолоочу келип –
шараптан шаңкып маанайы
кат берген бир күн,
жеткирчү мага зарыңды.

Окусам катты,
тамгалар боздоп ачуу зар:
тургансыйт ыйлап
барчага түшкөн күйүттөр.
Ортодо билем,
о канча суу бар, ашуу бар.
А бирок биздин
бир экен мүдөө, үмүттөр.

 

С “ОСЕННЕГО БЕРЕГА” ПОСЫЛАЮ ЖЕНЕ

Нету отдыха мне
Никогда и нигде
Путь все дальше ведет
От родимого края.
Перебрался я в лодку,
Живу на воде,
И расстроился снова,
Письмо посылая.
Не дано нам с тобою
Скитаться вдвоем,
Ты на севере,
Я — на томительном юге.
С той поры,
Как семью я покинул и дом,
Что я знаю — три года
О милой супруге?
Побледнело лицо,
На висках седина
Как вернуть бы
Твою молодую улыбку?
Гость однажды приехал,
Хмельной от вина,
И в руках он держал
“Пятицветную рыбку”.
Прочитал я
Парчовые знаки твои,
И казалось,
Что иероглифы рыдают.
Сотни рек, сотни гор
Преградили пути,
Но желанья и мысли
У нас совпадают.

Перев. Александра Гитовича

 

Бурулкан Сарыгулова

Анна Ахматовадан котормо

* * *

Биздин ушул ыйык өнөр
Жашап келет миң жылдап…
Ал барында караңгы да жапжарык.
Бирок, али бир дагы акын
даанышмандык, карылык жок, а балким,
өлүм дагы жок деп такыр айталек.

 

* * *

Наше священное ремесло
Существует тысячи лет…
С ним и без света миру светло.
Но еще ни один не сказал поэт,
Что мудрости нет, и старости нет,
А может, и смерти нет.

Мунара Зарипова

Марина Цветаевадан котормо

УЙКУСУЗ ТЕРЕЗЕ

Кайрадан терезе,
Уйкусуз таӊ аткан.
Кармашып колдорун,
Же ичип шараптан,
Унчукпай эки жан
Тиктешип түн баккан.
Ар үйдө кан досум,
Бар чырак сыр каткан.
Менин да үйүмдө
Качкан бар уйкудан.
Уктабай отуруп,
Шам болуп жалындап,
Түндөргө нур чачкан –
Ал көздөр жайнаган.
Кездешип –ажырап,
Жүрөктөр жарылат!
Уйкусуз айнектен,
Үнсүз ый жаӊырат!
Уйкусуз чырактар
Тынчымды көп алат,
Мен дагы уйкумду,
Жибергем кубалап.
Кан досум,сатпаган,
Бир сенден суранам,
Тилеп койчу тынчтык,
Ар үйгө түн баккан!

 
ВОТ ОПЯТЬ ОКНО

Вот опять окно,
Где опять не спят.
Может- пьют вино,
Может -так сидят,
Или просто -рук
не разнимут двое.
В каждом доме, друг,
Есть окно такое.
Не от свеч, от ламп
темнота зажглась:
От бессонных глас!
Крик разлук и встреч-
Ты окно в ночи!
Может-сотни свеч,
Может-три свечи…
Нет и нет уму
моему покоя.
И в моем дому
завелось такое.
Помолись, дружок,
за бессонный дом,
За окно с огнем!

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.