Сулайман Рысбаев: «Тил – жашоонун негизги каражатына айланып калды»

sulaiman

Буга чейин тилди адамдардын байланыш-катышынын куралы катары эсептеп келсек, бүгүнкү өнүгүү жолундагы башка заманда тил – жашоонун негизги каражатына айланып, тилге мамиле кылуунун жаңы жолдорун издөөгө туура келүүдө.

Жакында эле педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин тил адистиги боюнча студенттерге жана окутуучуларга арналган 4 томдук окуу куралы жарыкка чыкты. Бүгүнкү программабыздын алкагында дал ушул китептер, деги эле бүгүнкү күндөгү кыргыз тилин окутуудагы маселелер тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу, бир топ окуу куралдарынын автору Сулайман Рысбаев агай конокто.

Агай, алгачкы сөзүбүздү жогоруда айтылган китептерден баштасак. Жарык көргөн окуу куралдары тууралуу кененирээк маалымат берип өтсөңүз? Буга чейин дагы тилди окутуу боюнча бир нече методикалык колдонмолорду жазып келгенсиз. Бул окуу куралдарда кандай жаңы нерселер камтылды же кандай айырмачылыгы бар?

– Ырас, мына жаңы жылдын алдында көптөн бери күткөн эмгектеримдин 4 томдук жыйнагын чыгардым. Бул китептер эне тилин мектептерде окутуунун методикалык жана эне тилин окутуу аркылуу балдарга таалим-тарбия берүү маселелерин камтыйт. Бул 4 томдук “Педагогикалык технологиялар” деген жалпы аталыш менен чыкты. Педагогикалык технология: Методика кантип түзүлөт? Балдарды кантип тарбиялайбыз? Кантип билим беребиз?-деген көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги өзөгүн түзөт. А дегенде 1-томун элибиздин эзелтен берки таалим-тарбия берүү куралы болуп келген этнопедагогикалык маселелерге арнагым келди. Ошон үчүн бул «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы» деп аталат. Илгертен элибиз балдарын элдик чыгармалар аркылуу, эң кичинекей табышмак, жаңылмач, макал-лакаптардан, жомоктордон баштап турмушту, тарыхын, дүйнөнү таанытып, жашоого аралаштырып тарбиялап келген. Таалим-тарбия берүүдөгү ар бир методу, принциптери, анын мазмуну дагы ошол элдик чыгармалардын өзүндө болгон.

Балдарга билим берүүдөгү дагы бир маселе жазуу жана сүйлөө ишмердүүлүгү болуп саналат. Баланын эне тилинде ою өспөсө, эне тилинде сөзү, жазуу ишмердүүлүгү калыптанбаса, башка баардык предметтерди өздөштүрө албайт. Сүйлөө ишмердүүлүгү 8-9 баскычтан турган нерсе. Аларга так, туура сүйлөө, туура ой жүгүртүү, сүйлөмдөрдү туура жаза билүү жана башкалар кирет. Негизинен сүйлөөнүн байлыгы, көрктүүлүгү, орундуулугу, эмоцияналдуулугу деги эле мектептеби, же жогорку окуу жайындабы балдарды адептүү сүйлөө маданиятына үйрөтүү маселелери китептин 2-томунда («Окуучунун сүйлөө жана жазуу ишмердиги») мисалдары менен берилген. Ошондой эле бул жерде дагы бир маселе бар. Ал жазуу маданияты. Биз жазуу ишмердүүлүгү дегенде жазуунун түрлөрүн бири-бирине байланыштырбай, андагы системалуулукту сактабай келебиз.

Ал эми 3-том «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык жана практикалык маселелери» деп аталат. Негизинен биз азыр башка заманга жетип отурабыз. Советтер союзунун учурунда «Тил – бул адамдардын байланыш-катышынын куралы» деген аныктаманы карманып келгенбиз. А бүгүнкү күндө тил жашоонун негизги каражатына айланып калды. Ошондуктан, тилге мамиле кылуунун жаңы жолун издөөгө алып келди. Мисалга, тил билген адам кайсы гана жерге барбасын иштеп, жашап кеткенге мүмкүнчүлүк алат. Ошол сыяктуу алганда бүгүн кыргыз тилин дагы жашоонун куралы катары кабыл ала алабызбы, үйрөтө алабызбы? – деген талаш-тартыш маселе жаралууда. Элдин кайсы гана катмарын албайлы ар бир адам тил билүүсүнө жараша жашоого умтулат экен. Эгерде жакшы деңгээлде тил билсе, ал жакшы кызматта дагы иштей алат. Ошол себептүү дүйнөлүк тил билүүдөгү европалык стандартта Кыргыздстандагы башка улуттун өкүлдөрүн кыргыз тилин билип, эркин колдоно алгыдай деңгээлде үйрөтүү маселеси турат. Жетекчилердин, мамлекеттик кызматтагы адамдардын кыргыз тилин билбегендигин айтып келебиз. Бул балким ошолорго кыргыз тилин жеткире үйрөтүү методикасынын жоктугунан болуп жаткандыр. Же болбосо адамдын тилди үйрөнөйүн деген ички сезиминин же «муну билбесең болбойт» деген мамлекеттик, коомдук талаптын жоктугу болуп жаткандыр. Демек, тилди үйрөнүү замандын талабы десек, ал талап эки нерседен көрүнөт. Ал мамлекеттик талап, же адамдын ички каалоосу болушу керек.

Ал эми 4-китеп “Кыргыз тили, адабияты мугалимине жүз кеңеш» деп аталат. Бул жерде кызык маселе бар. Мындан бир 7-8 жыл мурда КРнын билим министрлигинен Билим берүү академиясына бир тапшырма берилген. Ал Кыргызстандагы мугалимдердин анты болуп, ошол антка жараша мугалим дагы абройлуу болуп, абийири, намысы менен иштеши керек деген. Мында улуу кыргыз идеалогиясына жараша улам кийинки муунду заманга жараша татыктуу, ар намыстуу кылып тарбиялоо милдети алдында тургандыгын кыргыз мугалими түшүнө турган ант түзүлгөн. Ошондой эле мугалимдин ар намыс кодекси киргизилди. Заман талабына жараша мугалимди калыптандыруу маселесин көтөрүп чыккым келет. Бүгүнкү күндөгү мектептин негизги максаты жөн эле кыргыздын жүрөгү көкүрөгүндө жок билимдүү адамды окутуп чыгарбай, кыргыз үчүн күйгөн улутман атуулду тарбиялап чыгарышы керек. Жалпысынан жүз кеңештин ичинде мугалимдин анты, кодексинен баштап, мугалим биле турган тарбиялоо, окутуу принциптери, кыргыз тили мугалиминин милдеттери, балдардын билимин туура баалоо, сабак деген эмне деген сыяктуу ж.б. маселелер камтылган. Сабак деген – бул мурунку муундун үлгүсүндө кийинки муунду тарбиялоо болуп саналат. Ошол илимий билимдерди берип жатып эле кыргыз тилинин маани-маңызын, анын ичинде катылып жаткан бай элдик мурастар, тил аркылуу калыптанган бүтүндөй рухий дүйнө баланы тарбиялайт. Китепте ушул нерселерди жеткиргенге аракет кылдым.

Сиз айткандай мектептен окуучулардын билимсиз, маданиятсыз даярдалып жаткандыгы бүгүнкү күндөгү мугалимдердин сабатсыздыгы менен байланыштуубу?

– Мисалы, мугалим, методика жана окуу китеп деген үч түшүнүк бар. Мыкты методика, же мыкты окуу куралы болсо эле бардыгы чечилет дегенден алыс болуш керек. Кеп мугалимде. Мугалимдин билимин өркүндөтүп, алар мыкты методика менен камсыз болгондо гана аны туура пайдаланып, жакшы сабак өтө алат. Жогорку окуу жайынан жетиштүү билим алып келбеген адис мектепке келип, кайра эле өзүнө окшогон начар окуучуну тарбиялайт. Мектепте ал начар окуучуну даярдайт. Начар билим алган окуучу кайра эле жогорку окуу жайына келет. Ушундай бир тегеренип турган туюк логикалуу бүтүндүк туура эмес жүрүп атат. Мугалим баланы окутуш үчүн, алгач баланын жан дүйнөсүн тазалаш керек. Албетте коомдо ар кандай терс көрүнүштөр күчөп турган мезгилде балдарды алардан кантип ажыратып ала алабыз? – деген суроо курч болууда. Мындай заманда мугалимдер кыйын акыбалга калды. Ата-энелер дагы ошондой абалда. Балдарга коомчулуктун таасири күчтүү болуп, анын жан дүйнөсү ар кандай жаман нерселерге толуп, сабакка көңүл койгонго да жарабаган балдарга мугалим эптеп-септеп сабак өткөнгө аракет кылып жатат. Ошондуктан мектептеги билим балдарга жукпай жатат.

– Кыргыз тилин окутууда методикалардын жетишсиздигин айтып келебиз. Бизде методикалык колдонмолорду даярдоочу методисттер жетишсизби? Сиздин пикириңизде кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуу кандай жолго коюлган?

– Чындыгында бизде методикалык китептердин жоктугу негизги өксүк болуп саналат. Мисалы, аскер согушка кирерде курал кандай керек болсо, мугалим сабакка кирерде методика ошондой керек. Методика бул жаңыланып туруучу илим. Ал эми кыргыз тилин окутуунун методикасы өзүнчө бир илим катары жаңыдан калыптанып келатат. Өзгөчө башка тилдүү адамдарга кыргыз тилин окутуу методикасы бул жаш илим. Мисалга, дүйнөлүк улуу тилдердин бири болгон англис тили 300 жылдан бери окутулуп, анын үйрөтүү методикасы мыкты калыптанып калган. Орус тили деле ошондой деңгээлде. Ал эми кыргыз тилин башка улуттарга окутуу 1930-жылдарда башталган. Андан кийин 1960-жылдарда башка тилдүү адамдар өз каалоолору менен үйрөнөт деген токтом чыкканда Кыргызстанда кыргыз тилин үйрөнүү дээрлик токтоп калган. Мына ушунун өзү бизде методиканын өнүгүүсүнө чоң кедерги болгон. 1987-жылдагы кош тилдүүлүк боюнча чыккан токтом бизди кичине жанданткан. Андан кийин Мамлекеттик тил мыйзамы чыккандан кийин аны окутуп, үйрөтүү боюнча программалар жазылып, окуу китептери жазыла баштаган. А методикага болсо өткөн кылымдын соңку жылдарында гана кириштик. Себеби ошондон баштап алгачкы диссертациялык иштер корголуп, окуу куралдары жазылган. Ал эми акыркы мезгилде эл аралык тил үйрөтүүнүн стандартынын негизинде тилди окутуунун методикасын пайдаланып, кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтүүнүн концепциясын жаздык. Мында тилди жөн эле жаттап үйрөнбөстөн, аны кайсы чөйрөдө колдонооруна жана анын деңгээлине жараша үйрөтүү жагы каралууда. Жогоруда айтылган жаңы методика мына ушул нерсеге багыт алып баратат.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ» радиосу, 27.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.