Сүйлөбөс кыз

(жомок)

Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала кербөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы хандын зайыбы эркек, вазирдин зайыбы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо, атаэнелери экөөнү үйлентүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең, вазирдин кызы Акылжан акылэстүү, токтоо киши болду. Күндердүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды да:

— Мен сени менен тура албайм! Мен вазир эмес, хандын кызын алышым керек,— деди.

Акылжан муну угуп, сөздү кесе сүйлөдү:

— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Сага эми эн, акыркы жолу дагы бир акыл айтайын. Үзүр шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч ирет сүйлөтсө — ошол алат. Эгер мыкты болсоң — ошого жет,— деди.

Арадан кеп күн етпөй, Жаннатты издөегө Мээнетбек 5калгыз аттанып кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арыпачып, аты ыргайдай, езү торгойдой болду.

Кеп күн жана түндөр етүп, акыры толук токсон күн дегенде, Жаннат кыздын шаарына жетти. Анын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жазууну окуду: «Ким да ким үч сүйлөтсе — Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».

Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө ээрчитип киришти.

Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек езү туулгандан берки көргөнбилгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде, хандын коңгуроосу кагылды.

«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөте алган жок, эми хан ага жаза колдонот» деп жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү.

Жаннат кыздын ордосунда тамак бышырган аял Мээнетбекке жаны ачып, бир күнү аны чыгарып алды да, үйүнө ээрчитип келип, эки жума баккандан кийин музоо кайтартып койду. Ошентип, бир жылдан ашык убакыт өттү.

Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап, эркекче кийинип, жаракжабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп, Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып, өзүнө тамак берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таажым кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлей баштады:

— Жаннат, кыз, мен сүйлөген сөзгө кулак салып, адилеттик кылыңыз. Менин айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал мындай: жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана молдо узак жолго чыгышат. Жүрүп отуруп бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, келишкен сулуу кыздын кебетесин жасап тургузуп коёт. Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан ал ез өнөрүн көрсөтмөк болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат. Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө, билерик, сейкө, кала берсе топчусуна чейин тагат. Акыры кезек молдого келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп: «Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп, кызга жан киргизет… «Бул кыз мага тийиштүү» деп талашыптартышып, эртеси төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры биздин элдеги кара кылды как жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Ушул ишти биринчи ойлогон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?

Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албай:

— Жок, кызга жан киргизген молдо алышы керек, — деп кыйкырып жиберди.

Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип, ошол замат коңгуроо кагылды.

— Эмики сез мындай, — деп дагы сүйлөдү Акылжан: — Бир кишинин үч баласы болот. Алар үйлөнүш үчүн бир кызга үчөө тең кызыгат. Чатак ырбап кетпесин дейт да, атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:

— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку, — деп балдарын алыскы шаарга жөнетөт.

Буларды эң улуусу кырк күнчүлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем, ортончусу төгөрөктүн терт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү бир тиштеп жесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне сатып алганын өз ара айтып өтүштү.

— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү,—деди улуусу ортончусуна.

Үчөө күзгүден караса: баары эле аманэсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын жана анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү. Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер замат ал кыз: «Оф, ушунчалык катуу уктаган экем» деп тура келет.

Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат» дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сйз калыстык кылыңыз: кыз кимге ылайык?

Жаннат шашып:

— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөенүн буюму эч корогон жок, — деди.

«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды салып, коңгуроо дагы кагылды.

Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:

— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк үчөө жол жүрүп келатса, бир жерде атаэнеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр. Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп, үч жолдош кызды куткарып калмакчы болот. Бирок кантип ала качат: кызды кайтарып калышкан экен.

— Мен уурдап келем,—дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын кийимин уурдап кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнейт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчее айлына келип талашып: «Кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар: (Ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?

Жаннат дагы шашып:

— Жок андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп үчүнчү жолу сүйлөдү.

— «Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми үч жолу урулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалым убада боюнча, Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду.

— Сени алуудан мурда элижуртуң менен таанышайын, шаарыңды аралап көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди. Бир күүн талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы менен тырмагы аябай өсүп, этин какач басып, кийими тытылып, кейпи кетип, алсырап кеткен экен. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал өзүнө окшотуп:

— Сен эми мен болуп калдың… Жаннат кыз тиет сага. Бирок ал кызга эч сөз айтпай кирип бар, — деген акылды үйреттү да, езү ошол жерден үйүнө кайтып кетти.

Мээнетбек Жаннатты алып, элине шааншөкөт менен келип түштү. Эл чогулуп, чоц той болду. Мээнетбекке учурашуу үчүн Акылжан да келди. Мээнетбек аны көрер замат:

— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды.

Акылжан кайра басып, эми ханга барды:

— Ханым, датым бар: сиздин алдыңызда балаңыздын эки ооз сөз сурамак элем… Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып, сиз уксаңыз, — деди.

Хан макул болуп, жашкарынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди. Акылжан Мээнетбектен минтип сурады:

— Жаннат кызды сиз кандай аракет, кандай сөз менен сүйлөттүңүз? Сиз музоб кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?

Хандын уулу Мээнетбек моюн бербей:

— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге да жолуккан эмесмин, — деп тайсалдады.

Акылжан ачуусу келди да:

— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар эмне? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди да, Жаннатты кандай жол менен сүйлөткөнүн айтып өттү. Жаннаттын ичи күйүп:

— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулуна турбайм, азыр кетем! — деди.

Хан башынан макоо уулуна нааразы, Акылжанга ыраазы болуп, эли менен кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен. Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.

Соц тармактар:

One thought on “Сүйлөбөс кыз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.