Сулайман Рысбаев. «Экөө болчу»

(аңгеме)

Айжаз сабактан келип, өзүнүн бөлмөсүнө кирди. Күзгүгө каранса, анын текчесинде эки кызыл алма туруптур. Айжаз сүйүнүп, алмалардын бирин алды да, ашкана бөлмөгө кетти. Алманы жесе, аябай ширин алма экен. Аны «кызым келгенде жесин деп катып койгон» апасына ыраазы болду Айжаз.

Алманы жеп бүтүп,  кайрадан өзүнүн бөлмөсүнө келди. Барса, күзгүнүн текчесинде калган дагы бир алма жок…

«Экөө эмес беле? Бирин ким жеп кетти?»– деп ыйлагысы келди Айжаздын.

Бирок, үйдө Айжаздан башка эч ким жок болчу.

Чын эле, алманын бири кайда кетти? Табышып койгулачы…

 

s_rysbaev111mС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Экөө болчу»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.