Булбул

(жомок)

Байыркы заманда бир чал булбул экөө дос болуптур. Чал мергенчи да комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик атып келип оокатын өткөрөт. Токойдо сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды тууратып комуз чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.

Күндөрдүн биринде булбул чалдын күүсүнө кызыгып:

– Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу,-дейт.

– Макул,-деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет. Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат.

Булбул кийин абдан такшалат.

Анын сайраганын уккан эл тыңшап эле олтургусу келип, таң калышат. Ошондо абышка тигиге кайрылат.

– Досум, сенин сайраганын бүткүл элге жагып калды, бардыгы эле уккусу келишет. Бирок күндүзү иш менен күйпөлөктөп жүрү-шүп жакшы уга албай жатышат. Ошондуктан түнкүсүн сайрагын, түнкүсүн эл бош, сайраганынды угуп ыракаттана маашырла-нышсын,

Булбул сайроону комуздай үйрөнүп, чал досунун айтуусу боюнча дайым түнкүсүн сайрап калган экен.

Соц тармактар:

One thought on “Булбул

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.