Бүбайша Арстанбекова: «Адабиятты чоң бизнеске айландыруу керек»

b_arstanbekova

Улуттук адабиятка мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай, ар ким өз арабасын өзү тартып турган заманда, Улуу Британия сыяктуу акын, жазуучуларга колдоо көрсөтүп, адабиятты бизнеске айландырчу адамдар болушу керек.

«Улут уюткусу» программасынын кезектеги чыгарылышында “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы, коомдук ишмер, акын Бүбайша Арстанбекова менен 2014- жылдын 14- 17- ноябрь күндөрү Алматыда өткөн Үчүнчү Эл аралык адабият фестивалы жана жеке чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

Бүбайша айым алгач сөзүбүздү сиздин чыгармачылыгыңыздан баштасак, биз билгенден учурда сиздин ишмердүүлүгүңүз такыр башка тармакта. Чыгармачылыкка, поэзия дүйнөсүнө качан, кандайча аралашып калгансыз?

– Мен дайыма айтып келем. Чыгармачылыкка келип калганымдын себеби, ата- энем бири- бирин эркелетсе дагы, капалантса дагы ыр түрүндө кайрылышчу. Өзүм дагы мектеп жашынан ырларды жаттап, кээде өзүм жазып баштадым. Кийин окуп, иштеп калган мезгилимде көбүнчө коомдук иштерге аралашып, чыгармачылыкка көңүл бурбай калдым. 7- класста эң алгачкы ырымды гезитке чыгаргам.

Өткөн жылдын ноябрь айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Үчүнчү Эл аралык адабият фестивалында “Курманжан датка” аттуу поэмаңыз менен 2- орунду багынтып келдиңиз. Бул ийгилигиңиз менен сизди куттуктайбыз! Ушул фестивалдын жүрүшү жана сиздин жеңишиңиз тууралуу кенен айтып берсеңиз?

– Бул биринчиден Кыргызстандын, кыргыз поэзиясында болгон чоң жеңиш деп эсептейм. Алматы шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк адабият сынагы Улуу Британиядагы “Оpen Central Asia” чоң компаниянын уюштуруусу менен өттү. 2012- жылы бул фестиваль Кыргызстанда өткөн экен. Анын уюштуруучулары көбүнчө Британиянын жарандары. Алардын негизги алдына койгон максаттары Борбор Азиядагы адабиятты дүйнөгө таанытып, акын, жазуучулардын элге сиңип кете турган өзгөчө тарыхый болобу, поэзия, проза болобу чыгармаларды тандап, мыкты авторлорду таап чыгуу болуп саналат экен. Ал эми мен бул фестивалга интернет аркылуу байланышып, “Курманжан датка” чыгармамдан үзүндүнү Жолон Мамытовдун кызы Айгерим Мамытова экөөбүз орусчага которуп жөнөткөнбүз. Андан кийин англисчеге которулганда маанисин жакшы түшүнүштү окшойт, чыгарманы толук жиберүүнү суранышты. Мен чыгарманы толук жазып бүтө электе жөнөтүп калдым. Фестивалга катышып калгандыгым мен үчүн чоң буйрук болду. Себеби, фестивалдын шарты боюнча сынакка жарыкка чыккан бир китеп катышмак. Буга чейин менин “Сага”, “Карегимде Ата Журт” деген эки китебим жарык көргөн. Бирок ал китептер тууралуу эч кандай сурашкан жок. Алардын кызыкканы эле “Курманжан датка” поэмасы болду. Эч нерсе айтышпайт экен, кийин интернетке финалист катары 9 кишинин ичине Кыргызстандын атынан менин фамилиям жарыяланыптыр. Бирок жеңүүчү болуу эч кандай оюмда да жок болчу. Анан Алматага чакырышты. Ал эми фестиваль башталганга чейин бир жума мурун “Китеп окуу” аземи өттү. Ал жерде ар бир катышуучу чыгармаларын өз тилинде окуп беришти. Мен чыгармамдан кыргыз тилинде үзүндү окуп бергенде ордуларынан туруп кол чаап, абдан жакшы кабыл алышты.

Сынакта атайын калыстар тобу болдубу?

– Дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөлөрүнөн аттуу- баштуу жазуучулардан, илимпоздордон, адабиятчылардан турган эксперттик топ болду. Алар биз менен аралашып, жакшы таанышкан соң бир туугандай болуп калдык. Фестиваль абдан мыкты уюштурулгандыктан, кээде тамактанууга дагы убакыт болбой ар кайсы жерде ар кандай иш- чараларга катышып жаттык. Алар чыгармачыл адамдардын ич ара байланышын өнүктүрүү, бири- биринен тажрыйба алуу максатында болду. Мисалы, дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жазуучулар эмнени ойлоп, эмнени жазат, адамзаттын жалпы көйгөйүн кандай чагылдырган чыгармалар барбы, дүйнөлүк дэңгээлдеги жазуучулар чыгып жатабы? Мына ушул суроолор коюлду.

Бул фестивалга Кыргызстандан сиз жалгыз катыштыңызбы?

– Жок жалгыз барган жокмун. Менден сырткары дагы бир жазуучу жана эксперт катары улуу жазуучу Казат Акматов барды. Бул фестивалдын үч: видеофильм, иллюстрация (сүрөтчүлөр) жана адабият категориясы бар экен. Видеофильм категориясына белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев катышты.

Фестивалдын алкагында ар кайсы мамлекеттерден келген жазуучулардын ортосунан кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз? Дүйнөлүк деңгээлге чыгууга кыргыз жазуучуларынын дарамети бар бекен, же өзүбүздүн казаныбызда эле кайнап жатыптырбызбы?

– Биз негизинен өзүбүздүн казаныбызда эле кайнайт экенбиз. Ал эми кээ бир Казат Акматов сыяктуу чыгармалары чет тилдерге которулуп, чет өлкөгө чыгып жүргөн жазуучулар бар. Эгер биздин акын, жазуучуларды дүйнөлүк деңгээлге чыгарабыз десек, Улуу Британия сыяктуу адабият чөйрөсүн чоң бизнеске айландыруучу мыкты уюштуруучу бир адам чыгышы керек. Бизде адабиятты бизнеске айландырмак тургай, такыр каралбай калбадыбы.

Жазуучулар менен тажрыйба алмашуу сизге кандай таасир берди?

– Эгерде алардын бизден улуулугун көрө алсам, анда мен туура эмес жазат экенмин деген ой келет дегем. Себеби, ар бир эле жазуучу өзүнүн тарыхын, ата- бабасын, салт- санаасын чыгармасында көрсөткүсү келет экен. Аны көрсөткүсү келген менен ошол нарктуулукту сактай албай калган өлкөлөр бар экен. Бизде ооз толтуруп айтып оолуксак “Манасыбыз”, андан кийинки заманбап чөйрөдө Чыңгызыбыз бар. Айтып отурса абдан көп. Ошол көрөңгөбүзгө мен сыймыктандым. Ал эми жазуу ыкмасы боюнча аларга эч кандай сын- пикир айта албайм. Мисалы, дүйнөлүк деңгээлдеги Я.Вишневский деген жазуучу келди. Анын китеби бир басылышында эле 1,5 млн тираж менен чыгып, 60тан ашык тилге которулат экен. Андайларга сөз жок.

5- январда Ташкентте өткөн “Китеп окуу” аземине катышып келдиңиз. Бул дагы жогоруда айтылган фестивалдын алкагында уюштурулган иш- чарабы?

– Бул фестивалдын максаты Борбор Азия адабиятын дүйнөгө таанытуу болгондуктан, ошол фестивалдын жеңүүчүлөрүн Борбор Азия мамлекеттерин кыдыртып, чыгармаларын элге тааныштырат экен. Ал жерде дагы көптөгөн улуу адамдар, акын- жазуучулар, тарыхчылар, жогорку кызматтардын өкүлчүлүктөрү жана ММКнын өкүлдөрү катышты. Алардын Кокон хандыгы тууралуу маалыматы болгондуктан, “Курманжан датка” чыгармасын абдан жакшы кабыл алышты. Дагы бир айта кетчү нерсе, Курманжан датка биздин энебиз деп жүргөн өзбектер бар экен. 1991- жылы Курманжан датканын 180 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөргөндө гана алар анын кыргыз экендигин билишиптир. Бул тууралуу мага бир тарыхчы айтып берди.

Кокон хандыгы учурундагы тарыхый мезгилде, Курманжан датка тууралуу буга чейин дагы Сооронбай Жусуев ыр түрүндөгү “Курманжан датка” романында, андан сырткары Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романында жазышкан. Сиздин поэмаңыздын булардан кандай артыкчылыгы бар жана буга чейин белгилүү болбогон кандай маалыматтарды бере алдыңыз?

– Абдан туура суроо болду. Бул көптөрдүн жүрөгүн өйүп жүргөн нерсе деп ойлойм. С. Жусуевдин чыгармасына таптакыр окшобойт. “Курманжан датка” поэмасын Курманжандын төрөлүшүнөн баштап, баардыгын салттуу түрдө бердим. Тарыхый жагын Курманжан датканын уулу Камчыбектин небереси тарых илимдеринин кандидаты Турсунай Өмүрзакованын “Доор, инсан, ишмердүүлүк” деген Курманжан датка энебиз тууралуу жазылган тарыхый эмгегинен алдым.

Демек, мурдагы жазылган чыгармаларда жок маалыматтарды сиздин чыгармада кездештирсек болот экен да?

– Кездештирүүгө толук мүмкүн. Курманжан датка тууралуу кененирээк изилдеп, келечекте дагы чыгармалар жазылат деп ойлойм. Мындан сырткары Алымбек датка тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алууга болот.

Бул чыгарманы жазууга эмне түрткү болду?

– Мындан бир нече жыл мурун назгүл деген журналист түшүнө кирип атканымды айтып, Курманжан датка тууралуу чыгарма жазышыңыз керек деп сунуш киргизген. Мен улуу инсан тууралуу жаза албайм деп, көңүл бурбай койгом. Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин Курманжан апабыз менин да түшүмө кирип, жазбоого мүмкүн болбой калган учурда анан чыгарманы жазып баштадым.

Маалыматтарды топтоп, жазууга канча убакыт талап кылынды?

– Жалпысынан 11 жыл убакыт кетти.

Каныкей Бозгунова, “Марал FM” радиосу, 04.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.