Дилбар Чокоева, филология илимдеринин кандидаты, доцент: “Азыркы айылдык жаштар үчүн бир “кудай” пайда болду…”

ЖАМУнун кыргыз жана чет элдер адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Дилбар Чокоева менен төкмөчүлүк өнөр, анын өзгөчөлүгү, Токтогул менен Барпынын мааракеси, “чала молдо дин бузат” молдокелер тууралуу маектештик.

– Бир кезекте төкмөчүлүк өнөр Ашыралы Айталиев, Эстебес Турсуналиевдер менен кошо “көз жумат” деп да жүрдүк эле. Азыркы акыбалга кандай баа бере аласыз?

– Төкмөчүлүк жөнүндө кеп кылганыбызда илгерки генийлерди айтууга алыбыз жетпесе дагы, азыр алдыңкы сапта жүргөн Элмирбек, Амантай, Аалы жөнүндө азын-оолак айтпасак болбос. Анткени, булар “төкмөлүк өнөр бар, ал жашап жана кадимкидей өнүгүп жатат” деп айтууга негиз болуп бере турган айныксыз алибилер да. Элдин төкмөлүккө болгон кызыгуусун ушулар кайра ойготту десек болот. Мисалы, азыр ар кандай чөйрөдө Токтогулдун 150 жылдыгына карата болуп өткөн ушулардын айтышы жөнүндө кеп болуп жатат, көргөнү тамшанып айтса, көрбөгөнүнүн бүйрү кызып, “кассетасы чыктыбы, каерде сатылып жатыптыр” деп, көздөрү жайнап кетип жатат.

– Төкмөчүлүк өнөрдү мындан ары өркүндөтүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

– Төкмөлөрдүн мектебин ачыш керек. Таланттуу төкмөлөргө аябай билим берүү зарыл. Алардын ар кимиси өз курагынын, өз чөйрөсүнүн кызыкчылыгын көтөрүшөт. Маалымат да беришет. Тилди да үйрөтүшөт ж.б.ж.б. Мисалы, Элмирбек тарыхты жакшы айтса, Аалы төкмөчүлүктүн техника өнүккөн заманда да мүмкүнчүлүгү укмуш экендигин, ал заман менен кошо өнүгө ала турганын далилдеп жатат. Амантай укканды зериктирбеген кызыктуу айтыштары менен көрүүчүлөдү өзүнө тарта билет. Аалынын Ринатка берген жооптору аңыз болуп эл ичинде түбөлүк айтылып калчу кепке айланды. Ал эми Элмирбектин Чыңгыз Айтматовдун азасында кошкон кошогу эмне деген Чоң Сөз?! Бул чындыгында кыргыздар үчүн Достоевскийдин Пушкиндин мүрзөсүнүн башында сүйлөгөн сөзүнчө бар. Башкалар балким муну түшүнбөйт. Түшүнбөгөндөн кийин баалай да алышпайт. Бирок, биз өзүбүздү башкалар аркылуу баалагандан арылышыбыз керек да. Кыргыздын бешенесине жазылган манасчылык менен төкмөчүлүк, балким, дүйнөлүк бренд болуп бере албайт. Бирок, улуттун өзөгүн түзүп, аны өлбөс-житпес кылып бекемдей турган, бириктире турган гипс, рухун сугарып турар соолгус мүрөк суу, дүйнө таануусун өзгөлөрдөн өзгөчөлөнтүп көрсөтө турган калып болуп берери анык болгон соң бул өнөрлөрдү дагы көтөрүү, күчтөндүрүүдөн аянбаганыбыз оң. Буларга карата атайы мамлекеттик программалар иштелип чыгып, проекттер колдоого алынса.

– Кийинки чыгып жаткан төкмөлөрдөн кимдер назарыңызга түшүп жүрөт?

– Жыпара Арзымаматованын төккөнү өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Комузду колуна албайт. Жалаң Барпынын обону менен айтышат. Анда-санда колдорун сермегени болбосо кыймыл да жок. Бир турда Идрис менен айтышты. Ошондо жаш акындын улам чалпоолонуп жатканына карата “сени дал ушул сахнада, өзүм жетелеп чыгып айтыш өнөрүнө аралаштырып, тушооңду кескенимен бери эки эле жыл өттү го. А мен сегиз жылдан бери чыдап жүрөм го” деп, ошондон бери башынан өткөн окуяларды, кайсы мааракеде кимдер менен айтышканын, уюштуруучулардын кимиси ага кандай мамиле кылганын айтканда, залда отурган айрымдардын дене табы 200 гө чыгып кеткендей болду. Бул деген чоң талант да. Мен кыргыздарда аял затынан төкмө жок деп жүрчү элем. Таланты бирде дайра болуп толкуса, бирде деңиздей мелмилдеген, бирде туптунук тоо суусундай шаркыраган, төкмөлүктө чоң философиялык жалпылоо деңгээлине чейин көтөрүлгөн, оюна бою, сөзүнө үнү келишип турган, төрт аягы тең жорго, келин да болсо кыргызга берилип кызынан артык кызмат кылган маркум Майра Керим кызынын окуучусу аталып анча-мынча чыга калып жүрчү, ар жагында какшып калгансып күчөнүп жатып анда-мында бир сап айткан аялдан, анын аты да Жыпара болсо керек эле, башка эч ким жок деп жүрчү элем. Көрсө бар экен. Болгону чыгармачылык багы ачылбай келатыптыр. Айтыш бүткөндөн кийин чай үстүндө азыраак сүйлөшө калып, бул эжеде укмуштай чыгармачылык күч, жетишээрлик даярдык жана оңой эмес каалоо бар экендигин байкап, “кантип бул энергияны реализациялоо керек?”- деген ойго келдим. Жөндөм, жөндөм, жөндөм… Бирөөлөр бар жөндөмдү ушинтип реализациялай албай жүрсө, дагы бирөөлөр өзүндө жок нерсени “бар кылып бергиле”- деп адамдарды кыйнап жүрүшөт.

– “Таланттар айылда катылып жатат” дейбиз. Айылдык жаштарга билим, тарбия берүү деңгээли кандай?

– Азыр айылдык мектептер жаштарга билим жана тарбия берүү миссиясын белгилүү себептер менен толук аткара албай жатат. Спорт менен шугулданганга шарт жок, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө андан бетер. Ошондуктанбы, азыркы айылдык жаштар үчүн бир кудай пайда болду. “Манас жаңырыгы” (а чындыгында “Ислам жаңырыгы”) деген канал аркылуу жаштар ушул жаңы кудайга шумдук “глупый” суроолорду берип, андан ашкан “глупый” жоопторду алып, мээлерин чириткенден башка иш кылбай калышты. “Исламда ырдаган, бийлеген күнөө кылганга тете”-дешет биздин молдокелер. Балким түпкү булакта мындай эмес, бирок биздин молдолор ушундай деп комментариялап келишет. Христианчылыкта деле, мусулманчылыкта деле комментаторлор аша чабышаары башынан белгилүү эмеспи. Ал эми кыргыздын бүт тулкусу ырдан тураарын азыр гүлдөп өнүгүп жаткан төкмөчүлүк өнөр далилдеп жатат. Муну молдолор шарияттын кайсы статьясы менен соттоп жатты болду экен? Ал эми Конституцияга “биз светтик өлкөбүз” деп жазып алышып, өздөрү шылкыйып аянтта намаз окуп, муфтийдин аягына жыгылып жаткан биздин чоңдор менен депутаттардын жоругучу. Ал эмес Араб өлкөлөрүндө дагы өкмөттүк аянтта намаз окулбайт экен.

tokmolor
Сүрөт http://aymak.kg/ сайтынан алынды.

– Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракеси ызы-чуу менен өтүптүр. Эмне себептен?

Барпы апыздын мааракеси “өтөт”, “өтпөйт” деп ызы-чуу болуп жатып өттү. Мындай талаштын жаралышынын себеби – мамлекет тарабынан бул мааракеге каражат бөлүнбөптүр. Ага карабай жергиликтүү “барпычылар” райондун акимине кайра-кайра кирип жатышып, областтык деңгээлде өткөрүүгө макулдашыптыр. Алардын мындай оюна Кадыркул Даутов баш болгон Бишкектеги окумуштуулар каршы чыгышты. Алар, албетте, ушул мааракенин шылтоосу менен Барпынын чыкпай жаткан чыгармалары, изилдөөлөр жарык көрсө, анын чыгармачылыгынын изилденбей жаткан жылга-жыбыттарында да дың бузулса, жалпы коомчулуктун, кошуна мамлекеттердин да көңүлү бурулгудай, Апыздын чыгармачылыгынын масштабына ылайык иш-чара өткөрүлсө дегендей ойдо болушту да. Бирок мында “акчаны ким төлөсө, музыканы ошол буйрат” дегендей иш болду. Окумуштуулар жарыялаган “бойкотту” жергиликтүү бийлик жана мааракени уюштуруучулар капарына да алып койгон жок. Ал эми жергиликтүү илимий чөйрөнүн алы болсо ЖАМУда илимий-практикалык конференция өткөрүү, анда: “К.Даутовду “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү” аттуу китеби үчүн мамлекеттик Токтогул сыйлыгына көрсөтүү жана Барпынын 130 жылдык мааракесин мамлекеттик масштабда 2015-жылы өткөрүү өкмөттөн суралсын” деген пункттар менен резолюция кабыл алынышына жетишүүгө гана жетти. Башка эмне кылабыз, биздин өлкөдө ким алсыз? Жалаң акыл эмгеги менен алектенгендер алсыз. Интеллигенция эч нерсе өндүрбөйт, бирок мамлекеттин мээси, руху, маданияты кандай болору дал ушул интеллигенцияга байланыштуу. Ошондуктан, мамлекет интеллигенцияны ар тараптан колдоого алса. Бүт өнүккөн өлкөлөрдө иш ушундай. Анткени, илимди, маданиятты экономика, өндүрүш менен бир катарга коюп алып кетпеген мамлекеттин иши айран. Эртеңкиси кандай болору күмөн. Биздин трагедиябыз -биздин мамлекетте ушундай система калыптана албай жаткандыгында. Дагы рахмат, Сузактын айрым ишкер жигиттери топтогон акчадан, илимий конференция аты кылып өткөрүмүш болуп коюуга кичине акча бөлүп беришиптир. Бул жерде бир суроо жаралат: университеттин өзүндө да илимий иштерге деп акча бөлүнөт да, ал акча кайда жумшалат, акын сузактык болсо анын чыгармачылыгына байланыштуу иш-чараларды сузактыктар гана өткөрүш керек деген көз караш кайсы логикага сыят деги.

– Төкмөлөр кандай айтышты?

– Мен Барпы апыздын мааракесиндеги айтышта бир нерсеге баа бердим: төкмөлөр биринен-бири кыйын. Жаңы чыкканы деле тамтаңдабай таптак басып, даана-даана айтып жатты. Бул төкмөчүлүк кыргыздын жаны менен кошо жаралган башы менен кетчү өзөк өнөр экендигин тастыктап турбайбы. Ошондуктан, төкмөчүлүк өнөрдү жайылтуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн атайын мамлекеттик программа болсо кана атаганат!

Дайырбек Мейманов, “Алиби” («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.