Кыргыз тилиндеги өздөштүрүүлөрдүн жана термин жасоонун бүгүнкү абалы

Редакциядан:
Белгилүү түрколог-терминолог окумуштуу Ч.Жумагуловдун кыргыз тилиндеги терминдерди колдонуунун бүгүнкү абалы жөнүндө көлөмдүү макаласын жарыялап баштадык. “Автордун ой-пикирлери 100 пайыз орундуу” деген ойдон алыс болгонубуз менен, анын күйгүлтүккө түшүп айткандарында данек бар экенин танууга болбойт.

Чындыгында эле, башка тилдерден келип, кыргыз тилинин “короосуна” кирген терминдер элибиз тарабынан кандай колдонулууда? Алардын кайсынысы жөндүү, кайсылары жөнсүз? Тилдин алып жүрүүчүсү жалпы эл болгондуктан “Алиби” гезити өз окурмандарын, ошондой эле тилчи, адабиятчы, терминолог окумуштууларды бул макала боюнча өз ой-пикирлерин ортого салууга чакырат.

Көңүлкош болбоңуздар. Жашоонун эң негизги куралдарынын бири тил экендигин унутпайлы.

Суверенизация процесси адабий тилдердин лексикасында да кыйла жаңы сөздөрдүн орун алмашуусуна алып келди. Натыйжада күндөлүк турмуш талаптарын канааттандыруу үчүн калып алып калган терминдерди бүтүндөй “жаңы сөздөр” менен алмаштыруу дартына дуушарландык. Алардын тегин сүрүштүрө келгенде көпчүлүгү четтен кирген сөздөр болуп чыкты. Башкача айтканда, бир бөтөн сөздү (терминди) экинчи бөтөн сөз менен алмаштырып алдык. Кулактандырууну чанып, жарнамага өтүп алдык. Баарынан өкүнүчтүүсү – адабий тилдин жазуу эрежелери менен өмүр бою иришип келген, белгилүү тилчи Х. К. Карасаев өзүнүн чет тилдерден кирген сөз, фразеология, идеомаларын чечмелеген “Карасай сөздүгү” аттуу баалуу эмгегин “Камус намэ” (Бишкек, 1997-ж.) деп атап, өзүн профессор эмес, “мударис” деп бүтүндөй мыкты эмгекти бир да кыргыз түшүнө албаган араб-фарси сөздөрү менен атап коюшун кайсы жосун деп бааласак болот?” – деп өкүнүү менен айткан.

К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” “жарнама – өкмөттүк кулактандыруу” деп турса, аны рекламанын ордуна коё коюштун зарылчылыгы бар беле? Казактарды көрүп, туурай бериштин кереги жок. Дүйнөнүн көп жеринде, түрктөрдө “реклама” деп эле колдонулуп жатат. Ал фр.-лат. тилинен кирген сөз. Мурунураак “жарнак” – деп алып, туура болбой калгандыгын билишсе да, эмгиче өчүрүлбөй айрым телеканалдын титринде (ЭЛТРде) жармашып жүрөт. Айтып койгон бир киши жок. “Жар” деген жарыя, “наама” – китеп. Реклама китеп эмес да. “Жар” дагы, “наама” дагы кыргыз сөздөрү эмес, иран тилинен кирген. “Бабур-намэ”, “Шах-намэ”, “Рух-намэ”, “Камус-намэ” дегендерди эске алып, мээни бир аз иштетип, ой жүгүртүш керек эле да.

Бүгүн кыргыз тилинде эгемендик жылдарында айрым “тилдин патриотторунун” колдоосу менен айтылып, жазылып, өз ордун таппай адашып жүргөн ондогон терминдер тилибизге аралашып жашап келүүдө. Буга баарынан мурун адрести – дарек, гражданды – жаран, конкурсту – сынак, штрафты – айыппул (мурунураак жазапул), нефтини – мунайзат дегендерди келтирсек болот. “Жаран” сөзү, баарыбызга белгилүү, иран тилинен келип жар – “сүйгөн жар, достор, курбулар” дегенди билдирет. Ага көптүктү билдирген “-ан” мүчөсү жалганган. Кыргыз тилинде “ан” деген мүчө жок, -лар, -дар бар. Ошондон улам кыргыз тилинде көптүк түрүндө “жарандар” болуп айтылып калган. Көрүнүп тургандай, “жаран” гражданды, гражданинди алмаштырууга эч бир жагынан туура келбей тургандыгын убагында Академиядагы терминкомдо нечен жолу талкуулап, ылайыксыз экенин далилдеп, четке какканбыз. Ал тургай чечим да чыккан. Мен макалаларымда да бул маселеге бир нече жолу кайрылгам. 1994-жылы Салижан Жигитов “Жаран” дегендин “граждан” сөзүнө эквивалент (аралжы) катары колдонулушу – өмүр бою сөздүктөргө кайрылып көрбөгөн, сөз кадырын билбеген, өзгө тилин да, өзүнүн тилин да сыйлабаган бир наадандын табылгасы” – деп жазган. Мындан артык эмне дешке болот? Элге сиңип кеткен терминди мааниси боюнча туура келбеген сөз менен алмаштырууга кандай зарылчылык бар эле? Мына ушундайлардын кесепетинен бирибиз – “граждандык коом”, экинчибиз – атуулдук коом, үчүнчүбүз – “жарандык коом” деп жазып, айтып жатабыз. Чаржайыттык түзүлдү да калды. Бирөөнүн сөзүн ээрчидик да кеттик. Түштүк жергесинде “жарандар” сөзү бүгүнкү күнгө чейин эл ичинде жандуу макулук маанисинде (“жарандардын жаны – сен”), Өзгөн тараптагы кыргыздардын тилинде жарчы (“паттасын ыраак болжоп жарандары”) деген мааниде колдонулуп жүрөт.

Өткөн жылдардын биринде Кыргыз телевидениесинен “Атуулдук ырлардын сынагы” дегенди титрден бир нече жолу беришти. Мындагы үч сөздүн экөө ордунда эмес. Көрсө, “Граждандык ырлардын конкурсу” же “Мекен жөнүндөгү ырлардын конкурсу” дегенди айталы дешкен экен. Биринчиден, атуул деген сөздүн өзү такталып, ордун таба элек термин. “Атуул”, “сынак” “ардагер” бизге казактардан келди. Сынак “испытание” дегенди билдирет. Бизде сыноо деп айтылат. Кээ бир жогорку окуу жайларында экзамен сөзүнүн ордуна “сынакты” колдонуп жатышат. Бул туура эмес. Ал эми радио менен теледе аны “конкурстун” ордуна айтышууда. Муну оңдоп, жөнүн түшүндүргөн эч ким жок. Сынакты жакшы табылга катары эсептөөгө болбойт жана ал экзаменди алмаштырууга жарабайт. Анын өз орду бар. “Экзамен” деген термин “процент” сыяктуу эле Касым Тыныстановдун учурунда тилибизге кирип, латын тамгасында чыккан китептерге жазылып, зачёт, километр, градус, метр, сантиметр, тонна, таблица ж. б. термин-сөздөр менен бирге лексиконубузга кошулуп, активдүү кызмат өтөп келатат. Аны өз ордунан козгоонун эч кандай зарылчылыгы жок.

Казактар гражданды, гражданинди “азамат” деп атап алды. Азамат кыргыз тилинде деле азамат – молодец.

Эми адрес термини жөнүндө. Бул француз тилинен орус тили аркылуу бизге келген интернационалдык термин. Ал Октябрь революциясынан кийин дароо келип, тилибизден орун алды. Эми ушунча убакыттан кийин аны эч зарылдыгы жок “дарек” менен алмаштырыштын кереги бар беле? Кереги жок болчу. “Дарек” иран тилинен келген, ансыз да тилибизде жашап жаткан термин. Мааниси – кабар, дайын: дайынсыз жоголду, кабарсыз кетти. Казак, өзбек тилдеринде “адрес” бүгүн да жашап жатат, түрктөр да “адрес” деп колдонуп келүүдө.
“Нефть” деген термин кыргыз тилинде кээде “мунайзат” деп айтылып калат. Анын себептери бар. “Нефть” түрк-перс тилдеринен чыккан. Эмне үчүн казактар “мунай” деп айтышат, бизге түшүнүксүз. Түрк тилдеринин эч биринде мындай айтылбайт.Кыргыздар, өзбектер, азербайжандар, кара калпактар, татар-башкырлар, тувалыктар, карачай-балкарлар “нефть” деп айтышса, түрктөр – “петроль”, түркмөндөр – “небит”, тажиктер – “нафт”, “нефть” деп айтышат. Тилдин тарыхы үчүн мындай ар түрдүүлүк керек жана пайдалуу. Кыргыз тилинде “нефть” деп эле колдонула бериши керек.

Постсоветтик мезгилде кыргыз тили жакын тектеш тилдерден айрым терминдерди кабыл алды. Мисалы, казак тилинен курам, ардагер, атуул, сынак ж. б. Курам деген сөз кыргызда жок, курама деген бар (курама темир, курама төшөк, курама команда). Ошого болбой, “курам” тилибизге кирип, “состав” дегенди алмаштырды. Ал эми сынакты болсо (бул кыргыздарда да пассивдүү формада бар) түшүнбөстүктөн конкурстун ордуна айтып, колдонуп жатабыз. Сынактын чыныгы мааниси “испытание” экендигин жогоруда да айттык. Казак тилинде так ушул мааниде көп колдонулат. Мисалы, мурдагы жылдарда Семипалатинскидеги (Семейдеги) ядролук куралдарды сынаган учурда ошону казактар “сынагы”, “сынак” деп айтышчу, бүгүн да ошондой айтышат. Бул сөз казактардыкы экени ачык көрүнүп турат. Ал эч качан конкурсту алмаштыра албайт. Ал эми эл аралык конкурс терминин “конкурсант”, “конкурстук” дегендерден кантип ажыратып карайбыз?
Мындан бир нече жыл мурун “Кыргыз радиосу” өз берүүлөрүндө “штрафтын” ордуна “жазапул” сөзүн колдоно баштаган эле. “Жаза” – орусча “наказание”, “кара”, “возмездие”, ал эми “пул” – акча, теңге. Штраф дайыма эле акча менен, пул менен компенсацияланбайт да. Мисалы, футбол оюнунда штраф тобу (штрафной мяч), штраф тобун тебүү (бить штрафной мяч) дегендерди “айыппул тобу”, “айыппул тобун тепти” – деп айтабызбы? Логика кайда? Биз ушул терминдер боюнча биринчилерден болуп “Zaman Кыргызстан” газетасына “Жазма маданиятыбыздын бүгүнкү абалы жөнүндө айрым этюддар” (5. 12. 2003, 11, 16-январь, 2004) деген макала жазып, пикирибизди билдиргенбиз. Ал эми биз “штрафной батальон”, “штрафная зона”, “штрафная площадка”, “штрафник”, “штрафная рота” деген сөз тизмектерин которуп, пайдаланалы деген кезде ошол “жазапул” менен “айыппулубуз” керекке жарап бере алабы? Биз айтат элек: – “Керекке жарай албайт” – деп.

Эгемендик алгандан кийин маданиятыбыз менен тилибиз, анын ичинде тектеш тилдердин терминдери мурункуга караганда дагы жакындашат” – деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Арабызда буга чейин болуп келген жакшы байланыштар үзүлдү. Ар бири өз жолун таап жашап жатат. Бирок, “жылдар өтөт, ошол жолдор Түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү мейкиндигине барып кайра кошулат, түшүнбөстүктөр жоюлат” – деп ойлойбуз.

Кыргыз тилинде стипендия, пенсия, пособие, диплом, аттестат, сертификат, грамота, патент дегендер бирдей статустагы терминдер катары төл сөзүбүздөй болуп колдонулуп келатат. Бирок, эмнегедир шарлатан тилчи – термин жасагычтар пособиени “жөлөкпул” (көмөкпул), сертификатты – “тастык, тастыктама” деп айттырууга аракет кылып жатышат. “Тастык” такыр башка маанидеги термин. Ырас, биз мындай кадамга бара турган болсок, калгандарын да алмаштырышыбыз керек. Бирок ага зарылчылык барбы? – Жок! Термин бир сөздөн туруш керек. Кээ бир учурда – эки же андан ашык сөздөн турушу мүмкүн.

Качан бир система башкасы менен алмашканда, бир сапаттан экинчи бир сапатка өткөн кезде бардык экономикалык, саясый, социалдык жана башка өзгөрүүлөр менен процесстер баарынан мурун элдин тилинде чагылдырылат да, анда сакталып калат. Эгер бүгүнкү турмушту алып карасак, кечээ эле элге белгисиз болуп келген акционер, акциз, аудит, бакалавр, ваучер, вотум, дивиденд, диверсификация, инвестиция, инвестор, кампус, квота, лоббизм, консенсус, мажоритардык (мажоритарный), маклер, менеджмент, меценат, отель, офис, плаза, плюрализм, приватизация, сити, спикер, секвестр, спонсор, субаренда, субвенсия, субсидия, толеранттуулук (толерантность), унитардык (унитарный), чартер ж. б. сөздөр тилибизге кирип, турмуштун бардык учурларында колдонулуп жатат. Булардын тилибизге кириши тескери факт же тилди булгоочу кубулуш катары каралышы керек эмес. Тилдин өнүгүү закону ушундай: бир тил башка бир өнүккөн тилдин (тилдердин), көпүрө-тилдин эсебинен байыйт, өзүнө керектүү жаңы түшүнүктөрдү алат. Мындай процесс кыргыз тилинде бүгүн да жүрүп жатат. Индикативдик (индикативный), мониторинг, интернет, институтционалдык (институтциональный), ипотека, компьютер, ноутбук, мэр, мэрия, гастарбайтер, бисмейкер, дайджест, промоутер, риэлтор, паркур, диджей, брокер, билборд, люстрации, холдинг, санация, омбудсмен, сэндвич, преференция, реструктуризация, рестутиция, секвестр, тендер, терминал, трансферт, нанотехнология сыяктуу жаңы терминдер тилибизде ийгиликтүү колдонулуп жатканын кантип танабыз? Биз алардын жолун тосо алабызбы же түшүнүксүз тилге которууга аракет кылышыбыз керекпи? – Жок, мүмкүн эмес – деп айтабыз. Ушуга байланыштуу дагы бир жолу биздин кылымда, глобализация кылымында ар күнү аң-сезимибизге жүздөгөн, миңдеген жаңы терминдер, түшүнүктөр аркырап кирип жатканын белгилеп кеткибиз келет. Мындай жөнөкөй бир мисалды эле алып көрөлүчү. Кай жерде болбосун бир аптекага кирсек, ушунчалык көп жаңы дарылардын, жана башка медициналык каражаттардын аттарын көрөбүз: ротацеф, цефтан, вагилок, артрокол, эсколан, вобилон, нимез, сефлотек, керкавит, камагра, кваматель, конакион ММ, нотта, карум, слезавит, чампикс, демотон-Т, де-нол, индометацин, сановит, бьюти, эмфетал, ланторол, ротавит, ройал, флемоксин солютаб, юлидан солитаб, фезам, омник, сималгель, торвитин, тримекор MR, эмкор, тромбо асс, диалин, актовегин ж. б. Булар кайсы жерде, кайсы өлкөдө болбосун өз аты менен колдонулуп, жумшалышы керек. Башка жол жок. Албетте, башка тилдерден өздөштүрүлгөн интернационалдык терминдер ушул принцип боюнча өнүгүшү шарт. Эчактан бери элге кызмат кылып, бекем отурган терминдердин ордуна ылайыгы жок диалекттик, реликттик, терминге окшобогон түшүнүксүз сөздөрдү сүйрөп келип, зарылчылыгы жок которуп, маанисин эки-үч сөз менен берип жатканыбыз билимсиздиктин, ошол проблеманы жакшы түшүнө бербегендигибиз экенин унутпашыбыз керек.

Албетте, башка тилдерден өздөштүрүлгөн интернационалдык терминдер ушул принцип боюнча өнүгүшү шарт. Эчактан бери элге кызмат кылып, бекем отурган терминдердин ордуна ылайыгы жок диалекттик, реликттик, терминге окшобогон түшүнүксүз сөздөрдү сүйрөп келип, зарылчылыгы жок которуп, маанисин эки-үч сөз менен берип жатканыбыз билимсиздиктин, ошол проблеманы жакшы түшүнө бербегендигибиз экенин унутпашыбыз керек. Бул алдыга таштаган кадам эмес, артка чегинүү, тилдин өнүгүүсүндөгү прогресске эмес, абсурдка, хаоско алып барат. Ушул жаатта жыйырма жыл ичинде көптөгөн каталыктарды, контролсуз иштелген жумуштарды жасадык. Алардын бири катары эчак өздөштүрүлгөн эл аралык терминдерди жаңы “түшүнүктөр” менен алмаштыруу аракетине туш болгон бирдиктерди келтире кетели: аккумулятор (лат.) – жыйнагыч; аргумент (лат.) – ыспат; автостанция (фр.-лат.) – авточордон; габарит (фр.) – тыш өлчөм; конденсатор (лат.) – коюланткыч; клапан (нем.) – сарпбашкаргыч; компостер (фр.) – тешкич; конвейер (англ.) – ташыгыч; насос (рус.) – соркыскыч; материал (лат.) – текзат; модуль (лат.) – ченемат; план (пол.) – мерчем; платформа (фр.) – секи; процессор (англ.) – жараяндагыч; резонанс (фр.) – өөрчүн; радиостанция (лат.) – радиочордон; режим (фр.) – шарттам; траншея (фр.) – сай казгыч; энергия (гр.) – зарде (ир. мощь); трансформатор (лат.) – көмөк чордон; электростанция (гр.) – электр чордону; электрические линии (гр.) – электр чубалгылары; цифра (ар.) – санарип; патруль (фр.) – кайгуул. Ушулардын баары жана дагы бир катар “жаңы табылгалар” мындан ары тилибизде колдонулсун деген укукту эч кимден алган эмес, алууга да эч акысы жок. Эч ким андай укукту бере албайт. Мамлекеттик тил комиссиясынын алдындагы терминком дегендин (азыр бул комиссия жок, тараган) бергендери, көк китепче-сөздүк сыяктууларга жазгандары сунуш катары гана кабыл алынышы керек, аларда, кечирип коюшсун, үйрөнө турган, ала турган эчтеке жок. Акад. К. К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө”: кайгуул ист. дозор (конный); разведка (военная); “Карып калган бээден, кайгуулга минер ат туулбас” – От старой кобылицы не родится конь, на котором можно выехать в дозор; “Кароол карап жер көргөн, кайгуулга чыгып жол чалган” – Он караул смотрел, местность осматривал, в дозор выйдя, путь разведывал. Жол контролунда, патруль кызматында бул кайгуул деген таптакыр туура келбейт. Мурункудай эле колдонула бериши керек. Кыргыз тилинин улуу корифейлери Юдахин, Карасаев өздөрүнүн “Сөздүктөрүндө” патруль, патрулда, патрулдук, патрулдоо деп беришкен. Ошондон улам жол патрулу деген айтылып келген. Эгер, объективдүү карап көрсөк, жогоруда сунуш кылынгандардын, “терминге окшош” сөздөрдүн бири да көңүл бөлүүгө татыбайт. Эч ким түшүнбөйт. Тилди булгагандан башка эч пайдасы жок. Кийинки кезде даңктуу милициябыздын жакшы иштерин сезип жатабыз. Ошону менен бирге, күндөлүк практикалык ишинде төл сөзүбүздөй болуп, сөздүктөргө чейин эчактан бери жазылып келген “инструкторду – нускоочу, инструкцияны – нускама, инспекторду – тескөөчү, оперуполномоченди – ыкчам өкүл, мародёрствону – мародёрчулук дебей “ташталкан” деп колдонуп жатышканы чоң жаңылыштык” – деп эсептейбиз. Тескеме, тастыктама, нускама, талаптама, сунуштама, сурама сыяктуу сөздөрдү эл жакшы түшүнбөйт, алар тилди байытпайт, бузгандан башка пайдасы жок. Мындагы оперуполномочен, оперкызматкер дегендер мурункудай эле колдонула бериши керек эле. Кара сөздүн устаты, залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармаларынын биринде: “… Райондон келген уполномочендер журтту биримдикке, даярдыкка чакырышты” деп жазып жатпайбы. “Ыкчам өкүлдөр” деп жазуу анын оюна да келген эмес. Кийинки кезде “ыкчам” сөзүн ылайыгы бар, ылайыгы жок жерге деле колдонууну өнөр кылып алдык. Ушул эле жерде дагы бир акылга сыйбаган табылга жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Цифра терминин жогоруда анын араб тилинен чыкканын, нечен кылымдарды кыдырып, материктен материк багындырып кыргыздарга келип, алардын орфографиялык эрежелеринен, сөздүктөрүнөн ордун таап, колдонулуп жатса, аны кээ бир акылмандардын санарип (адегенде арипсан деген) деп алышка аракет кылып жаткандыгынын өзү сабатсыздыктын ачык көрсөткүчү, термин жаратуунун элементардык талаптарын билбегендик. Кыргыз тилинде сан – число, арип – тамга. Цифрада тамга болбойт. Цифралык маалыматтар, цифралык телефон, цифромания, рим цифралары, цифралык диктофон, цифралык система, контролдук цифра, цифралык фильтр дегендерди санарип менен берүүгө мүмкүн эмес, зарылчылык да жок. Эгер бүгүн америкалык жазуучу Дэн Браундун “Цифровая крепость” деген үчилтик романын кыргыз тилине которуп калсак, “Цифралуу чеп” дейбизби же “Санарип чеп” деп беребизби? “Цифровая подушка для шеи” деген жаңы препарат чыгып жатат. Аны биз “Цифралуу жаздык” дейбизби же “Санарип жаздыгы” деп айтабызбы? Карап көргүлөчү. Кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежеси да буга жол бербейт. Ошого карабай айрым шылуундар, “балыкчы балыкчыны алыстан көрөт” дегендей бири-бирин табышып, кыйратып салгансып, жаңы сөздүк дегендерге киргизишип, ар кимден колдогон рецензия “жаздырышып” чыгарып коюшса эле эл аны кабыл ала бербейт.

Кечээ эле, Жаңы жылдын алдында Жогорку Кеңеште бюджетти талкуулап жатканда Премьер-министр Ж. Оторбаев “…цифраны карап көрсөк”, “конкреттүү цифралар боюнча…”, “…номиналдык цифра”, “…ошол цифра көбөйүп жатат” деп сөзүндө цифраны катыштырып жатпадыбы. Аларды башкача айтууга мүмкүн эмес. Дегеле цифра, шифр, цикл, штраф, фраза сыяктуу терминдерди кыргыздын тили келбей калчудан бетер болбогон бир сөздөр менен алмаштырып берүүгө аракет болуп жатат. Мисалы, “Сөздүк” деп чыгарылган бир китепте штрафты – жазана, шифрды – шартар, циклди – бүтүл, фразаны – айтыма, цикл экономический дегенди – эгечарбалык, бүтүндөй шифрди – санар деп берсе, экинчи бир сөздүктө циклди – мерчим, цикл экономический дегенди – экономикалык мерчим деп берип жатпайбы. Кыргыз почтасы чыгарып жаткан элдик лотореянын “Белек” деп жазып, таратып жаткан кагазында бир нече ката кеткенин көрүү кыйын эмес. Анда “выигрышная комбинация цифр” – “ута турган сандар жыйнагы” деп турат. Ал “ута турган цифралардын комбинациясы” деп кетиш керек болчу. Ушундан улам “одна цифра” – бир сан, “две цифры” – эки сан болуп туура эмес кеткен. Ал жерге бир цифра, эки цифра деп берилиши туура болмок. Мына ушунун өзү эле ушуларга котормосу менен жол бергендердин, сөздүктөрүнө жазып алгандардын терминдердин тилге кандай жол менен келери жөнүндө түшүнүктөрү жок, кыргыз колдонуп жаткан эл аралык термин-сөздөрдүн келиш тарыхынан кабары жок экенин билдирет.

Элдин эсин эки анжы кылган дагы бир-эки “табылга” жөнүндө эки ооз сөз айтпай кетүүгө болбойт. Жоктон тапкансып, нечен кылымдар изденип, кол эмгегин жеңилдеткен, адам акылынан жаралган “машина” деген терминди жок кылып, анын ордуна “унаа” деп берели дегенди кандай түшүнсөк болот? Унаа ансыз да тилибизде жашап жатпайбы. К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” “унаа” рабочий скот (сюда же входят и не обладающие особым ходом верховые лощади); жумушчу унаа же күч унаа тягло, тягловая сила деп турбайбы. Эми машинаны – “унаа”, автомобилди – “унаа”, авто дегенди да “унаа”, транспортту да “унаа” деп айтып жатабыз. Автоунаа дегенде “унааунаа” болуп калып жатканын байкаган эч ким жок. Оозеки тилде машинаны унаа деп айтууга жол берилет: – Эй, тезирээк бир унаа тапчы? Воронцовкага барып келе коёлу” – деп айта беребиз. Түрктөрдө да автомашинанын, автомобилдин (отомобилдин) ордуна “араба” деп айта беришери белгилүү. Тилдеги ордун, түпкү маанисин билбей, бурмалап, өжөрлүк менен айрым термин-сөздөрду айтып, жазып жатканыбыз тилибизди өнүктүргөнгө жатпайт. Мисалы, темир жол станциясын – темир жол бекети, шайлоо бекети, чек ара бекети, май куюучу бекет, космос бекети, автобекет деп күнүгө радиодон, кыйратып салгансып үстү-үстүнөн эфирге чыгарып жатабыз. “Бекет” деген орустун “пикет” деген сөзүнөн, ал француз тилинен келген “небольшой сторожевой отряд, застава (напр. конный п.) дегенди билдирет. Революцияга чейинки орус турмушунда ортосу 20-25 км келген почта станциясын билдирген сөз катары кыргыз-казакка белгилүү болгон. Ошондон улам “бекетчи” – станционный смотритель деп айтылып калган. Ушуларды бир карап койсок боло, элге таңуулагандан мурун. “Жарманын кызуусу менен черүүгө аттанып” дегендей кыргызча кылат деген ушундай болуш керек деп сырттан келген, төл сөзүбүздөй болуп калган терминдерди өзүлөрүнүн денгээлинен көтөрүлө албаган замандаштарыбыз эл ушуларды кабыл алабы? Деген суроого жооп издебей туруп, бирдемелер менен алмаштырып жаткандыгы бизди өкүндүрөт. Тил бузарлык жолго түшүп элементардык нерселерди жеткире түшүндүрбөй слесарды – оңдогуч, батареяны – жылытуучу меш, карточкаларды – дүмүрчөктөр, пакеттерди – топтомдор, авантюраны – аңгаары, аварияны – апаат, авторду – жараткер, конвойду – айдап чыгаруу, пенсияны – бааракы, үзүргү, пенсионерди – бааргер, үзүркер, пособиени – жөлөкпул, көмөкө, стипендияны – сүйөмө, шлангды – ийкем түтүк, поликлиниканы – эмкана, заказды – тапшырык, заказчикти – муктажкер, союзду – кошун, биримдик, трибунаны – мингар, приборду – алет, киломертди – чакырым (сантиметрди, дециметрди эмне кылабыз?) ж.б.у.с. айттырууга аракет кылып жатабыз. Келтирилгендерден эле көрүнүп тургандай биз эртең кайда барабыз, минтип отурсак? Сөздү, терминди эл жаратат. “Тилдин тазалыгын сактоочу академия да эмес, грамматика да эмес, билимдүүлөр да эмес, тилди таза калыбында сактай турган элдин руху” – деп Белинский өз убагында бекеринен айткан эмес экен. Эл менен макулдашпай, элдин көкүрөгүнөн орун таппаган, көңүлүндө уялай албаган сөздөрдү, терминдерди ой келди, ээнбаштык менен сүйрөп тилге киргизебиз деген аракетти токтотуш керек. Мына ушундан эле кыргыз тилинде термин жаратуунун бүгүнкү абалы кандай жолдо болуп келгенин, болуп жатканын билсек болот. Ошого карабай бүгүн абал өзгөрдү, мурунтан келаткан традициялуу илимий негизде ишке ашыруу жолу башталды десек болот.

Бүгүнкү Өкмөттүн аппаратынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тилдеги терминдерди тактоо жана бирдейлештирүү боюнча жумушчу топтун кечиктирилгис иштеринин бири катары – эч негизсиз, ойлонулбай ордунан козголгон термин-сөздөрүбүздү (адрес, процент, квартира, коллектив, гарантия, гарант, врач, медсестра, штраф, заказ, цифра, группа, микрорайон, реклама, секретарь, секретариат ж. б. д. у. с.) мурунку закондуу ордуна тезинен кайра алып келишти камсыз кылуу – деп эсептейбиз. Мындан башка жол жок. Эгер аны жасай албасак, элдин ишениминен кол жууйбуз да, “ар кандай чөп башылап бирдемелерди жасамыш болуп жаткан иштерибиз жарым тыйынга татыбай каларын бөркүңдөй эле көрүп кой” – деп айтканга мажбур болобуз.

Кыргыз радиосу менен телеберүүсүнүн кабарчыларынан баштап, дикторлоруна чейин айтып, окуп жаткан сүйлөмдөрүндө туура эмес колдонулган сөздөрдү, терминдерди угуп, тилибиздин кандай деңгээлге түшүп калганына, мындай абалга кандайча келип калганыбызга өкүнүү менен жооп издейбиз. Мисалы, Россияны – Орусия, процентти – пайыз, адрести – дарек, квартираны – батир, гарантияны – кепилдик, методду – усул, микрорайонду – кичи район, заказды – буюртма, врачты – дарыгер, штрафты – айыппул, группаны – тайпа, рекламаны – жарнама, коллективди – жамаат (кээде жаамат деп да айтып жатабыз, күлкүң келет), медсестраны – медайым, мээрман айым, заявканы – табыштама, талапкат, планды – мерчем, финансыны – каржы ж. б. у. с. Ушуларды тилибизге киргизебиз дегендин өзү алаңгазарлыктын дагы бир көрүнүшү деп айтууга суранып тургандай. Сый, жумшак айткан сөздөр көңүлгө алынбай калды.

Мисалы, Россияны – Орусия, процентти – пайыз, адрести – дарек, квартираны – батир, гарантияны – кепилдик, методду – усул, микрорайонду – кичи район, заказды – буюртма, врачты – дарыгер, штрафты – айыппул, группаны – тайпа, рекламаны – жарнама, коллективди – жамаат (кээде жаамат деп да айтып жатабыз, күлкүң келет), медсестраны – медайым, мээрман айым, заявканы – табыштама, талапкат, планды – мерчем, финансыны – каржы ж. б. у. с. Ушуларды тилибизге киргизебиз дегендин өзү алаңгазарлыктын дагы бир көрүнүшү деп айтууга суранып тургандай. Сый, жумшак айткан сөздөр көңүлгө алынбай калды.

Кыргыздар эч убакта революциядан мурун да, кийин да Россияны Орусия деп айткан да, жазган да эмес. Эски кол жазма документтерден жолуктурбайбыз, эч бир сөздүктө жок. Россия тээ Түштүк Америкада же Африка жакта бир жерде бүрүшүп жаткан кичинекей өлкө эмес. Дүйнөдөгү эң чоң, кыргыз эли үчүн өлчөөсүз мааниси бар, жанаша, бирге жашап жаткан мамлекет. Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов: “Эй, Россия, Россия! Бир боор энем, Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен. Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, Биз элбиз, биз кишибиз сени менен” – деп 1945-ж. Кой-Сарыда жүрүп, чын жүрөктөн чыккан сезимин кагазга түшүрүп жатпайбы. Эми ушул Россияны эч убакта Орусия деп айтпаган, жазбаган биздин замандаштарыбыз “Азаттыкка”, “Би-Би-Сиге” кызматка барган сааттан баштап эле “Орусия”- деп, тили келбей, сүйлөй албаса да, оозун чормойтуп жатып эптеп айтып жатышпайбы. Аларды туурап биздикилердин эртеден кечке айтканы – “Орусия”. “Кыргыз тилинин жазуу эрежесинде” Россия Федерациясы деп жазылып турат. Ал баарыбыз үчүн закон. Башкача айтууга, жазууга укугубуз жок. Кыргыз радиосунун жетекчилиги муну жакшы билиши керек. Обу жоктукту токтотуш керек.

Өткөн 23-24 жылдын ичинде тилибиздеги төл сөзүбүздөй болуп, бир нече муундун өкүлдөрү колдонуп келген бир катар интернационалдык (эл аралык) термин-сөздөрдү “орус тилинен келген” – деген “ярлык” менен “кыргызча кылабыз” – деген сунуштар аябагандай көп болду. Албетте, аларда күнөө жок, “ою, тилеги жакшы”- деп эле коёлу. Бирок ошол проблеманы терең түшүнүү, термин кабыл алуунун, өздөштүрүүнүн кандай жолдору бар, илимий жактан алар кандай жол менен жүргүзүлүшү керектиги көбүнүн ой-акылына уялай албады. Мына ушундай пайдалуу ой айткандар бар экен. Алардын бирөө окумуштуу, тилчи, проф. Үсөнбек Асаналиев “Бир пикирге качан келебиз? Адабий тил: абалы жана маселелери” аттуу макаласын 1990-жылы 24-майда “Кыргызстан маданиятына” жарыялап, “баарыбызды кызыктырган көптөгөн суроолорго адис, тилчи катары абдан туура жооп берип, түшүндүрүп, бул маселенин келечегине, учурдагысына өз салымын кошту” – деп айтып коюшубуз парз.

Кийинки кезде, кыйратып салгансып, врачты “дарыгер”, медициналык сестраны “медайым”, “мээрман айым” деп айтып, ал эмес көркөм чыгарма сыяктууларда жазып жибердик. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” врач – врач, сестра – сестра, медициналык сестра, Карасаевдин “Орфографиялык сөздүгүндө” врач, врач-онколог, врач-хирург, врачтык сыр, медициналык сестра деп эле жазылып турат. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген наам бар. Ал эми Юдахиндин “Сөздүгүндө” дарыгер, дарыкер, даригер, дарикер иран тилинен келген эскирген сөз, 1) торговец лекарствами и снадобьями; аптекарь, провизор; 2) лекарь деп берип жатса, аны биз эми казактарды туурап, дарыгер, башкы дарыгер деп айттырып жатканыбыз мамлекеттик тилди өнүктүргөн болобу? Дарыгер сөзү ишкер – ишчи, кызматкер – кызматчы, жоокер, табышкер, зергер, кылмышкер, соодагер, калемгер сыяктуу дарыгер – дарычы деген эле сөз. Ошондуктан, врач, башкы врач, ветеринардык врач мурункудай эле колдонула бериши туура. Бүгүн айрым бир “мыкты” терминологдордун жардамы менен медсестраны “медайым”, “мээрман айым” кылып, госпожа-даманын даражасына көтөрүп салдык. Бир жагынан “мырзалар жана айымдар” (дамы и господа дегендей) деп жатып, ооруканада, поликлиникада иштеген медперсоналдардын эң төмөнкү кызматындагы кызды же жашы улгайып бараткан аялды “айым” кылып койдук. Ооз ачкан бирөө жок. Врачтардын отурган кабинеттеринин сыртына жазылган жазуулардагы каталарды көрүп, тил бузган термин жасоо оорусу бул жакты да каптаган экен дейсиң. Эгер орусчасын жазбай “Улуу мээрман айым” деп койсо аны көргөндөр: – “Башкы врач аял ушул жерде отурат турбайбы”, – деп ойлошу мүмкүн. Ошол эле учурда, “башкалар эмне, мээрман эмес бекен?” – деген бүдөмүк ойдо калышы ыктымал.

“Мырза” менен “айым” терминин кайсы учурда, кимге карата айтышты да жакшы билбей келебиз. 75 жашка чыккан адамды “мырза” деп, 80 жаштагы апа же эже деп айтчу кишиге “айым” деп кайрылган кабарчы-корреспонденттерди көрүп жатабыз. Борборубуздагы чоң поликлиникалардын биринде “Үй-бүлөлүк дабагерлер тобунун жетекчиси”. “Руководитель ГСВ” деген жазуу-такта илинип турат. Орфографиясына көңүл бурбай эле коёлу. “Бул жерде “врачтар” дегендин ордуна “дабаагерлер” деп жазылган. “Шыпаакерлер” деп да айта коюп жүрөбүз. Чынында “Үй-бүлөлүк врачтар тобу” деп жазылышы керек. Сестра, медсестра терминдери төл сөзүбүздөй болуп, канча бир муундун канында, жанында, мээсинде болуп, биз менен дайыма жакшылык-жамандыкта бирге жашап келатат. Алар мындан ары да элибиздин оозунда мурункудай эле колдонулуп, өмүрүн уланта бериши керек. Заманыбыздын атактуу хирург-врачы Мамбет Мамакеевич “Фабулага” жарыялап жаткан “Мезгил жана инсан” деген автобиографиялык мемуарында “врач”, “диет врач”, “врачтар”, “Оорукананын башкы врачы”, …областтык оорукананын башкы врачы”, “оору таржымалын жазганды үйрөтүп”, “нерв системасы”, “…подвалга ээрчитип киришти”, “врач-терапевтти” “диагнозу туура болсо”, “дежурстводо күн-түн дебей”, “дежурить эткенде”, “медсестралар”, “Пишпек темир жол станциясы” деген терминдерди, сөз айкалыштарын туура жазып, кээ бир “тилчилерге” караганда бул маселени алда канча туура түшүнөөрүн көрсөттү.

Адрести “дарек” деп айттырып, Кытайдагы кыргыздардын тилин буза баштадык. “Дарек” – деген ансыз да тилибизде бар. “Адрес”, “адресант”, “адресат” терминдерин жоготуп жатканыбызды бирөөбүз ойлодукпу? “Микрорайон” дегенди 20 жылдан бери “кичи район” деп айтып келебиз. “Кичи район” дегенден соң, анын “чоң району” болуш керек. Мисалы, Кичи-Алай, Чоң-Алай, Кичи-Кемин, Чоң-Кемин, Кичи-Ак-Суу, Чоң-Ак-Суу деген сыяктуу. “Микро” деген сөздү айткыбыз келбей жатса, микро менен келген жүздөн ашык термин-сөздөрдү пайдаланып (микроэлемент, микрохирургия, микробиология, микроскоп, микрохимия, микроорганизм, микроинсульт, микроавтобус, микросистема, микроструктура, микросхема ж. б.) жатканыбызды кайда алып барабыз? Ушуга да чоң акыл керекпи? Заказды – “буюртма” деп айтып жатабыз. Кафеге же ресторанга кирип калсак, анда иштеген официантка кыз жаныбызга келгенде – “кызым, заказ алып коёсуңбу”,- деп сый кайрылабыз да. “Буюртма алчы” – деп кантип айтабыз? Же болбосо заявканы “табыштама”, “талапкат” деп айтсак ким түшүнөт? “План” деген сонун түшүнүктүү сөзүбүз турса, аны “мерчем” деп айттырып жатабыз. Мерчемдин мааниси башка экенин, аны сунуш кыларда бир жолу “Сөздүктөрдү” карап коюш керек эле да. Же болбосо “тайпа” дегенди алалы. Ал араб тилинен келген. Кыргыз, казак тилдеринде “урук”, “уруу” дегенди билдирет. Сөздүктөрдө да ошондой берилген. Мисалы, каз.: көшпелi тайпалар – кочевые племена; тайпалар тiлдерi – племенные языки; тайпалык – племенной ж. б. Тайпа- группа деген терминди алмаштырууга эч ылайыгы жок. “Группа” эл аралык термин, немец тилинен. Түрктөр да “группа” деп колдонушат. Биздин сөздүктөрүбүздө да ушундай жазылып турат. Эгер, ошончолук эле айткыбыз келбесе, аны “топ” деген менен алмаштырып берсек эч каталык болбойт. Группанын бир мааниси топ. Бирок, группа тилибизден кетпеши керек. Мына ушуларды сын көз менен карап, ылгабай, анализдеп көрбөй элге чыгарып жатканына нааразы болгон журналисттердин бири Үсөн Касыбеков “Журналисттер ушак жазганга маш болуп бүттү” деген статья-интервьюсунда (КТ., 4-дек. 2012) “…Тилдин ашмалтайын чыгарышты. Анан ошолор кыргыз тилине күйүмүш эткенине күйөсүң да. КТРК баш болуп, 5-канал, НТС, НБТ деген телеканалдардын журналисттери кыргыз тилинин маданиятын бузушту. Тилдин нормасын ушулар туура колдонбогондон кийин башкасын эмне кылабыз сөз кылып…” деп күйүп айтты. Чынында радио, телевидение элге туура сүйлөө, ошол аркылуу сабаттуу жазууну үйрөткөн тил маданиятын элге жеткирип турчу күзгү экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Турмушубуздан орун алып, элдин нааразычылыгын туудуруп жаткан фактыларды айтып, эл жазуучубуз Бексултан Жакиев “Эне тилди бузгандар” деген макаласы менен “Фабуланын” үч санында [19-, 22-, 26-ноябрь, 2013-ж. №76 (273), 77 (274), 78 (275)] ошол эле “адрес, реклама, юстиция, машина, транспорт дегендерди тилибизден сүрүп, башка сөздөр менен алмаштырсак, бардыгын баштан аяк эптеп-септеп эле которо берүүгө өтсөк, дөөрүп калышыбыз да мүмкүн. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тилибиздин табияты да, ыргагы да, уккулуктуулугу да чалмакей чалынып, бузулуп жатат. Кандай гана термин болбосун “бардыгы кыргызчаланышы керек” деген бир жактуу кежирлик өкүм сүрүп келатат. Мындай тил бузарлык ишти токтотуу керек” – деген оюн билдирди.

Заманыбыздын таланттуу журналисттеринин бири Эсенбай Нурушев “Вечерний Бишкекке” жарыялаган (19 октябрь, 2012 г.) “Кыргызский новояз понимаете? Спросите у “колхозников” деген макаласында бир катар маселелер менен бирге биз сөз кылып келген финансы, каржы, унаа, юстиция ж. б. терминдердин туура эмес, өз ордунда эмес колдонуп, тилди бузуп жатканыбызды далилдүү фактылар менен жеткире айтты. Ошол айтылган пайдалуу ойду эске алган бирөө жок. Баарыбыз эле кыйынбыз, бирок колубуздан бок келбей жатканын моюнга алгыбыз келбейт. Жогору жакта белгилеп кетсек да, дагы айрым бир фактылардын бир-экөөсүн кайрадан эске сала кетүү керек деп ойлойм. Мисалы, квартира менен канцелярияны кыргыздар жаңы келген орустардын сөздөрүн түшүнбөй, тили келбей, туура айта албай квартираны “батир”, канцелярияны “кеңсе”, “кеңсалар” деп айткандыгы белгилүү. Эми бүгүнкү кыргыздарды ошол жүз жыл мурунку абалга алып келип, өзүнүн деңгээлин ошого теңеп, бүтүндөй элибизди “ошондой айткыла” – деп жаткандарды кандай түшүнсөк болот? Бул тил бузарлыкпы же тилибизди өнүктүрүп, байытып жатканыбызбы? Анда мындан ары “генерал” дебей “жандырал” деп айталы. Акылга сыяр иш кылсак боло, тантыбай. Ушуга окшогон “табылгаларыбыз”, “жаңылыктарыбыз” тилибизден өз ордун таба албай, чийки майдай сиңбей, ар кандай нааразычылыкты, сын-пикирлерди туудуруп жаткандыгы да ошондон улам экендигин сезчү убак эчак эле келди.

Четин ЖУМАГУЛОВ,
Кыргыз улуттук энциклопедиясынын
Башкы редакторунун биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
профессор, окумуштуу түрколог-терминолог

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.01.-03.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.