Умай бала дүйнө балдарын зомбулуктан куткарат же балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин «Умай бала» повести тууралуу

umaybala

Жакынкы өткөн жуманын ичинде бүткүл кыргыз коомчулугун безге сайгандай ойготкон жана түйшөлткөн «эки жашар балага жасаган зордук-зомбулукту теле каналдарынан көрүп, ушундай адам сыягы жок эки аяктуу айбандар биздин эле арабызда жашап жүргөнү таң калтырды, алардын адам жасабаган мыкаачылыгы кыжырды кайнатты!

Капырай, деги эмне болуп баратабыз? Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун «Адамдагы эӊ кыйын нерсе-күн сайын адам болуу» дегениндей, адам болбой эле күн сайын айбанчылыктын жолун көздөй бараткан адам сыягы жоктордун жолун ким тыят? Улуулар ушинтип баратсак, балдарыбызга кайсы акылды айтып, кантип тарбия беребиз? Аларды кантип адам кылабыз? Балдарыбыздын келечек тагдыры үчүн ким ойлонот?

Деги эле, бала тагдыры – чоң маселе, ал – болгондо да, улуттун тагдыры менен, ал тургай, бүткүл адамзаттын келечеги менен байланышта чечилүүчү көйгөйлүү маселе да. Ошого карабастан, биз, улуулар өз проблемабызды чечүү менен күрөшүп, ошону гана айрыкча маанилүү деп эсептеп, убактыбызды ошого коротобуз, баланын тагдыры тууралуу ойлонууга чамабыз жетишпей баратат. Балдарды бала катары көрүп, алардын чоң проблемалары тууралуу ойлонбой калдык. А өз учурунда чечилбеген кичинекейлердин ошол чоң проблемалары ошол боюнча, өмүр бою чечилбей кала берерин элес албайбыз.

Албетте, жыл өткөн сайын мамлекеттер, ар бир улут глобалдуу проблемалар менен, анын ичинде биз, кыргыздар дагы «Канткенде жер бетинен жок болуп кетпей жашап калабыз?» -деген көйгөйлүү проблема менен алпурушуп келебиз. Ошону менен катар эле, мамлекеттер жана улуттар өз балдарын базар экономикасынын жана жапырт глобалдашуунун курманы болуп калуудан коргоп калууну эстеринен чыгарышты. Балдарды бекер күч, бекер каражат катары көргөн базар экономикасы, андан пайдаланып калгысы келген криминалдуу дүйнө балдарга каршы агрессиясынын алкын агытты. Балдарды бекер күч катары пайдалануу, кулдай жумшоо, зордоп тоноо, сатып акча өндүрүү, уурдап пайда табуу, ден соолугуна залака тийгизип, ал тургай керектүү органдарын сатып акча таап туйтунууну көздөгөн криминалдуу топтор бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар бир булуң-бурчунда күн санап күчөп баратат. Алардан балдарды ким коргойт? Милициябы? Прокуратурабы? Бейөкмөт уюмдарбы? Мектеппи? Коомчулукпу? Ата-эне жалгыз өзүбү?

Элин багуу менен алпурушуп, экономиканы көтөрүү менен гана чектелген мамлекет адам руху, бала тарбиясы, илим-билим, маданият ж.б. тууралуу ойлонууга чамасы келбейби?!

Кызмат ордун сактоо, топтогон байлыгын коргоо менен түн уйкусун бузган чоңдорубуз бала тарбиясы тууралуу ойлонбойбу?

Бийик-бийик үйлөрү, кооз машиналары жана күн сайын акча дайрасы болуп агып келип жаткан базарлары бар байларыбыз мектеп баласынын тагдыры менен түйшөлбөйбү?!

Тагдыры чет жерлерге байланып, алыста калган үй-жайы менен бала-чакасы көзүнөн учкан карапайым кыргыздар балдарынын келечеги үчүн колунан эмне келер экен?

Мына ошондой учурда биздин балдарыбыз үчүн ким отко түшөт, ким чокко күйөт? Эмесе, ушул тууралуу сөз кылалы.

Учурдагы көрүнүктүү балдар жазуубуз жана окумуштуу Сулайман Рысбаевдин мына ушундай маандайдагы, жарым жомок, жарым фанастика жана детективдик багытта, ошентсе да бүгүнкү реалдуу турмуш кырдаалын таасын баяндаган «Умай бала» аттуу повести жакында «Кыргыз патент» тарабынан басылып чыкты.

Повестте Жашыл-Нурабад деген жомоктук шаарда бүгүнкү күндөгү эле биз жашап жаткан учурдагы окуялар баяндалат. Андагы окуялар курчтугу жана күтүүсүздүгү менен окуган адамды өзүнө тартып, реалдуу турмуш чындыгы, шаардагы балдар турмушу, үй-бүлөдөгү кыйчалык проблемалуу кырдаалдар, мектептеги бала тарбиясы, билими, учурдун талаптары, ага жараша балдарды өнүктүрүү проблемалары, мугалимдин татаал эмгеги, криминалдуу дүйнө, анын бала тагдырына тийгизген оор залакалары ж.б. ишенимдүү маанайда, жатык тил менен көркөм чагылдырылган.

Повесттин баш каарманы – Акылтай, адегенде, бакчанын тарбиялануучусу, кийин «Манас» аттуу улуттук гимназиянын алдыӊкы окуучусу. Ал, кокустан күтүүсүз кырсыкка кабылганда, күтүүсүз түрдө кадимки эне менен баланын коргоочусу Умай эненин баласы-Умай баланын жардамга келүүсү менен аман калат да, ошондон тартып керемет окуялар башталат. Адегенде, анын мындай сырдуу абалга, керемет дүйнөгө кабылганын эч ким түшүнбөйт, эң жакын адамдары, ата-энеси дагы. Сырдуу дүйнөнүн бар экенин сезсе да, ага ишенбеген, ага моюн сунбаган кечээки атеист ата-энеси жана мектептеги мугалими менен жазуучу агай дагы акыры ишенишет. Бара-бара Умай бала жердеги проблемаларга Акылтай аркылуу түздөн-түз аралашып, Акылтайга жардам берип, төрөт үйүнөн алмашылган наристени, уурдалып, дене мүчөсү сатылган бакчанын тарбиялануучусун, таза канынан ажырап, акырында дайынсыз жоголор наристе кызды аман алып калууга жардамдашкан кереметтүү Умай баланын бар экенин эл өз көзү менен көрүшөт.

Мындай баланын өмүрүн коргоо проблемасы бүгүн бизди, кыргыздарды эле кыйнап отурган жок. Бул–дүйнөлүк проблема, глобалдуу маселе. Ошон үчүн китепте Умай бала айтып жатпайбы: «Бардык жерде балдарды уурдап кетип жатат, бардык жерде балдарды кулдай сатып жатышат, дүйнөнүн бардык жерине барып балдарга жардам берүүгө туура келет…» деп. Демек, Умай бала бир шаардын гана эмес, дүйнө балдарынын сакчысы, дүйнө балдарынын коргоочусу катары чыга келет повестте. Демек, ушундан улам, Умай бала – дүйнөлүк каарман болууга акылуу.

Акылтай болсо бүгүнкү кыргыздын жаңы доорунда өсүп келаткан жаңы бала, анын жаңы заманга жараша түптөлүп келаткан жаңы образы, улуттук мазмундагы жаңы мүнөзү бар жаңыча каарман катары көрүнөт. Анын образын түзүүдө автор учурдагы курч проблемалардын фонундагы, кичинекей болсо да акылы өскүлөң, сергек ойлонгон, жан дүйнөсү таза, өзү курдуу балдардын ичинде билим алууга айрыкча умтулган, жетик ойлонгон, өз алдынча көз карашы бар, «бөтөнчө бир кудай берген» сапаттары менен айырмаланган «супер окуучу», бирок кадимки эле бүгүнкү миңдеген мектеп окуучусунун ичинен чыккан типтүү образ, типтүү каарман.

Ушунун баары китепте табихый нерседей көзгө даана урунуп турат. Повесттин окуясынын баяндалышы ошонусу менен да кызык жана ишенимдүүдөй көрүнөт.

Кантсе да, учурдагы бала тагдырындагы мындай глобалдуу маселелерди козгогон жазуучу Сулайман Рысбаевдин бул жаңы чыгармасы дүйнөлүк улуу жазуучулардын классикалык чыгармалары менен идеялаш экенине жана коюлган проблема ошолордон кем эмес деңгээлде чечилгенине ишенбей коюуга болбойт. Китепти колго алып окуй баштаганда, адегенде эле, кадимки дүйнөлүк балдар экранынын каармандары–Карлсон, анан Гарри Поттер же «Адам-жөргөмүш» көзгө элестейт. Мындагы Умай бала дагы ошолор сыяктуу кыргыз балдарынын кыйын кырдаалдардагы жардамчысы, коргоочусу катары чыга келет. Ал мындай баалуулугу менен улуттук адабиятыбызда буга чейин жазылбай келаткан жаңы тема–балдар детективин баштап отургандай, аны жомоктук, романтикалык, фантастикалык стилдин тили менен берип, бала тагдыры үчүн улуулардын милдетин дагы бир ирет дүйнөлүк деңгээлде, балалыктын кандай таза жана өжөр экенин, доорго жараша аны өстүрүү жана аны коргоо зарылдыгын глобалдуулуктун масштабында бере алгандыгы да жазуучунун зор ийгилиги–деп баалоого татыктуу.

Андай болсо, окуңуз, урматтуу окурман: тестиер балдар, темир канат уул-кыздар, өспүрүмдөр, алардын ата-энелери, мугалимдер, тарбиячылар, эл өкүлүмүн деген депутаттар, эл бийлеген министрлер, эл башы–Өкмөт мүчөлөрү, мамлекетти башкаргандар–баарыңыздар! Окуңуздар! Балдарыбыздын келечеги тууралуу ойлонуңуздар, түйшөлүңүздөр!

Дагы бир сөз: бир ирет, Швед жазуучусу, кадимки «Карлсон жана бала» повестинин автору Астрид Лингренддин жаныбырлардын тахдыры тууралуу жазган китебин өлкөнүн королу окуган экен да, китепте жазылган проблема экологиялык маселе экенин туура түшүнүп, атайын Жаратылышты коргоо комитетин түзгөн экен. Ушундан улам айткым келет, повестте дал ушул биз кабылган кырдаалды чечүү, баланы өнүктүрүү жана коргоо максатында жазуучу Расул Касымалиев баш болгон топтун демилгеси менен Балалыкты коргоо жана өнүктүрүү аттуу республикалык комитет түзүлөт. Ушундан улам айткым келет, бизде да дал ушундай комтетти түзсөк неге болбосун!

Кантсе да, жазуучу С.Рысбаевдин аталган китеби окурмандарыбыздын бир дем менен кызыгып окуурлук сүйүктүү китеби болуп калууга тийиш. Сөзүмдүн соӊунда айтарым Балдар сүйгөн мындай чыгарманы мектептин адабият программасына киргизүү жагын Билим берүү жана илим министрлиги ойлонсо да болот.

Байтемир Асаналиев, балдар акыны,
КРнын маданиятына эмгексиӊирген ишмер
январь, 2015-ж.

 

Соц тармактар:

One thought on “Умай бала дүйнө балдарын зомбулуктан куткарат же балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин «Умай бала» повести тууралуу

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.