Мурза Гапаров. “Экөө ээн бакта”

(аңгеме)

Бак туташкан тоолордун этегинде.

Бак чексиз кең.

Бактын эгеси жок.

Бак жапайы.

Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот…

Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат…

Бакта күн бүркөө, суйдаң туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат…

Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда…

Адам бакты аралап узакка узап барып, акыры бир дарактын түбүнө токтойт. Дарактын асты кургак.

Жолоочу даракка жонун жөлөп, бутун сунуп отуруп калат. Ошол замат бүткөн бою талыкшып, магдырап уйкуга кетет. Бирок негедир чочуп, көп өтпөй көзүн ачат. Караса, кашында кара чаар жылан турат. Каректери каректерине кадалып, тилдери титиреп, адамды арбап аткансыйт. Адам аптыга түштү. Анткен менен жылан ага катылбады. Кайра койкойгон башын буруп, калың бариктердин арасына сойлоп кирип, көздөн кайым болду…

Ушул учурда адамдын алдына топ этип алма түштү. Алма ак-кызыл түстө, туптунук… Адам алманы алып качырата жей баштады. Алма ширин чыкты. Дагы жесем деген ниетте төбөсүн карады. Карап, айран-таң калды. Көрсө жөлөнүп отурган дарагы алма эмес, жаңгак экен. “Анда каяктан түштү бул алма?” деген ойго кетти. Адегенде маңдайындагы дарак көзүнө урунду. Бирок анысы чынар эле. Чынар оголе жоон болчу. Түп жагы көңдөй көрүнөт, боорунда боз үйдүн эшигиндей кичине эшик карарат. Эшиктин оозунда капкара чачтуу аял отурат. Өрүлбөгөн коюу чачтын арасынан кууш жүзү гана агарат. Аял бейтааныш эркекти аңдый карап, шашылбай алма жеп атыптыр. Качан экөө кездешкенде, ал ага мулуюп койду.

– Арыбаңыз, – дей салды жолоочу аз-маз алдастап.

– Бар болуңуз,- деп алик алды аял.

– А-а… алманы сиз ыргыткан турбайсызбы?

– Бекер отургуча, жеп отурсун дедим.

– Рахмат.

– Аш болсун.

Экөө тең унчукпай алма жей башташты.

– Каяктан каякка баратасыз?

Жолоочу ойдолоктой түштү.

– Чыгыш жактан…

– Батыш жакка?

– Ооба…

– Жолуңуз узак экен.

– Узак…

Эркек энтигип алды.

– А-а өзүңүзчү?

– Мен ушерде жашайм. Ушул үңкүр – менин үйүм.

– Коюңузчу?

– Былтыртан бери. Былтыр мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам…

– Мага окшоппу?

Аял эркектин суроосуна этибар бербеди.

– Жолдо жети жолу күн батырып, жети жолу таң атырып, акыры ушул бакка келип киргемин. Кирип, кийин мындан чыккым келбей койду.

– Ажайып бак экен.

– Бейиштин багы.

Эркек тунжурай түштү.

– Эгер каршы болбосоңуз, мен да бүгүн биерде түнөп калайын. Абдан чарчадым.

– Уруксат сурагыдай, мен бактын ээси эмесмин. Кааласаңыз, биротоло калып калыңыз. Антсеңиз, андан жакшы. Экөөбүз бири-бирибизге эрмек болобуз…

Аял жароокер жылмайды. Эркек эрип кетти.

– Сиз туура баамдадыңыз: барар жагым белгисиз…

– Анда жетер жериме жеттим деп билиңиз.

– Жан дилим менен.

Экөө элире тиктешти.

Туман тарады. Жамгыр басылды. Дарактардын арасынан батып бараткан күн көрүндү. Бактын ичи кочкул кызыл нурга толуп, көлөкөлөрдүн тытылган тору жайылды…

– Эми жүрүң, кечки ырыскыбызды терип жеп келели, – деп калды аял, үңкүр үйүнөн чыгып.

Эркек эсейе түштү: аял жылаңач көрүндү көзүнө. Эңкейишин эле эптеп эски чүпүрөк менен калкалап коюптур, калган жагын жайылган чачы гана жаап турат.

Аял анын аңкайганын аңдады.

– Умай эненин кийими, – деди күлүп. – Бакта бир жыл жашасаңыз, сиз дагы Адам атага окшоп каласыз.

Эркек сылык жылмайды. Бакты аралай басышты.

– А-а… кышты кантип кыштадыңыз? Таза үшүсөңүз керек?

– Биерге кар түшпөйт экен.

– Ырас элеби? Сонун турбайбы! Мен ушунчалык үшүкчөөлмүн.

– Анда кадырыңыз жам болсун.

Эркек эми эки жагын куунак карады. Чын эле азыр ага жылдын төрт мезгили аралаш көрүнүп кетти. Бир эле учурда дарактардын бири бүрдөп, экинчиси гүлдөп, үчүнчүсү мөмөлөрү бышып, эзилип жерге түшүп турат. Туш-туштан куштар сайрап, түркүн түстүү көпөлөктөр учуп-конуп жүрүшөт.

– Айтканыңыз акыйкат, бул бейиштин багы экен, – деди эркек аялды эреркей карап.

– Адам ата менен Умай энебиз ушундай жерден куулуп отурбайбы.

– Умай энебиз алмага азгырылбаганда…

– Ага адамча сүйлөгөн жылан айыптуу.

– Эмнеси болсо да, экөөнүн кылмышынан кийин күнөөсүздүк кылымы кыйрады.

– А менимче, ошол жакшы болгон экен, – деди аял ойноктоп. – Эмесе экөөбүз минтип бу дүйнөнүн даамын татып, күнөөсүнө батып, жыргап жашайт белек. Чынбы?

– Чыны-го чын…

Аял алдына басып келишкен алчадан уучтап үзүп алып, экөөсүн эркекке сунду. Жалтыраган капкара алчалар эле. “Аялдын каректерине окшош экен”, – деп койду эркек ичинен. Ачык айтканга тартынды.

Бирпастан кийин булар эки кыргоолго туш келишти. Кыргоолдун кыпкызыл корозу боппоз мекиянын ашыглыкка азгырып, кууш куйругун жайып таштап, аны айланып бийлеп атыптыр.

– Ой ушулардын сүйүү ышкысы өттү, – деди аял армандуу. – Каякка баспагын бийлешип-туйлашып, өбүшүп-тебишип жаткан жан. Кубалашкан көпөлөктөр, чырмалышкан жыландар… Мүйүздүү башын мүйүздүү башка артып алып магдыраган маралдар… Караңгыда калкандарын кагыштырышкан таш бакалар… А бир жолу сейилдеп жүрүп, эргежели жез кемпирге кез келдим. Жезкемпир куураган куу жыгачты минип алып, кутуруп кеткенсип, нары-бери күйүгүп чуркап жүрөт. Кызыгып карап калдым. Карасам жез кемпир дегеним – чүткор болуп чыкты. Ийилбес ийнелери үрпөйүп, тикенектүү куйругу титиреп, көздөрү бозоруп алган. Көрсө, кургуруң, куу жыгач менен атайлап денесин дүүлүктүрүп атыптыр. – Аял аяр күлүп койду. – Ашыглыктын азгырыгы менен азабы бардык макулуктар үчүн бирдей окшобойбу.

Эркек арсар жылмайды.

Алар калдайып өскөн картаң алмуруттун жанына жетип токтошту. Алмурут аппапак болуп гүлдөп турат. А анын астынан кайнар булак кайнап чыгып атат. Булак башатында оргуштап, ордонун ордундай тегерек көлгө айланып, анан андан нары агып кетет. Көл жээгин жашыл эңилчек каптап, үстүндө булуттай буу каалгыйт.

– Ой, кайнар булак! – деди эркек өңгөчүн тартып.

– Бакта баскан жагыңыз – кайнар булак, – деп айтты ал. – Мен күнү-түнү киринип турам буларга.

Аял аялдабастан көлгө кечип кирип кетти. Көл аны көкүрөгүнө чейин көмдү.

– Кана, чечинбейсизби?

Эркек арсар аквалда калды.

– Экөөбүз бирге жуунсак уят болбойбу.

Аял каткырып алды.

– Кимден уяласыз? Биерде бизден башка эч ким жок.
Эркек чечкинсиз чечине баштады. Жегдеси менен өкчөсүз өтүгүн чечип, шымына келгенде дагы тайсалдады.

– Кечиресиз… Ич кийимим жок эле…

– Ого бетер жакшы экен, – деди аял жайдары жылмайып. – Бир жылдан бери жылаңач эркекти көрө элекмин…

Эркекке кубат болду мунусу. А шымын шыпырып таштап, көлдү бойлоду.

– Ох, кандай рахат… Суу сонун ысык турбайбы.

Ал адебестен денесин жууп кирди.

– Узак жол басып, кирдеп кеттим, – деди актангандай.

– Эчтеке эмес. Эми экөөбүзгө эч кандай кир жукпайт, – деп жубатты аны аял.

Анан эркектин оозун ачыра койбой, алакандары менен артын жышып кирди. Эркек буга көшүп туруп берди.

– Колдоруңуз жаман жумшак экен, – деп койду бирпастан кийин, үнү каргылданып.
Эми аял алдына өттү. Экөө тең орто бойлуу эле. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү тийишип кетип атты. Денелеринен көзгө көрүнгүс учкундар чачырап, жан жерлери жалындаганы калды булардын.

– Кийимчен кырктагы кишидей көрүнгөнсүз, эми карасам, желдеттей жигит турбайсызбы.

– Жыйырма жетидемин.

– А мен жыйырма экиде.

– Анан… абдан сулуу экенсиз.

– Сиз дагы…

Айткандары чын эле. Аял кымча бел, эмчектери чагылгандын ташындай катуу, ажары айдай тунук, а ой-кыялы ойноку окшойт… Эркек болсо арыкчырай, кыр мурун, аялдын түтөгөн кара кашындай муруту бар, сүйлөгөн-күлгөнү сыпайы, мүнөзү – сүйгөнгө да, күйгөнгө да даяр экенин элестетет…

Аял аны сылык сылай берди. Акыры ал чыдабай, аялды кыса кучактады. Экөөнүн маңдайлары сүзүшүп, көздөрү сүзүлүп, эриндери эрип кетти. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү өйкөлүп, таптакыр тилден калышты…

Аста-секин ай чыкты. Ай нурлары алмуруттун аппапак гүлдөрүн аралап өтүп, көлгө себилди. Көл үстүндө эки кара баш калкып сүзүп жүрдү.

– Айтмакчы, атың ким, айым кыз?

– Акшам. А сеникичи?

– Актаң.

– Актаң…

– Акшам…

Экөө кайра жанашып, өбүшүп алышты.

– Жүр эми, үңкүр үйүбүзгө кайталы, – деди кыз.

Көлдөн чыгышып, барар жактарына бет алышты. Айдыңда ар кайсы даракка асылышып, анар, анжир, курма сыяктуу мөмөлөрдөн үзүп жеп баратышты.

– Акшам…

– А-а?

– Сен бая: мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам, – деп айттың. Ал эмне дегениң?

– Ал дегеним: экөөбүз тең ашыглыкка азгырылып, анан анын азабынан, ата-журтубуздан айрылып, минтип барса келбес жолго чыгып отурабыз…

– Демек, сен дагы…

– Мен дагы… Сага окшоп…

Актаңдын оор жүгү жеңилдей түштү. Көңүлү көтөрүлдү.

– Анда айтып берчи, – деп калды ал куунак түрдө.

– Жок. Авал өзүң айт, – деди Акшам. – Кана, башта.

Актаң макул болду.

– Мен ушул жылдын жазына чейин үйлөнгөн эмесмин. Ойноп-күлүп жүрө бергенмин.

– Жаштыктын дооранын сүрүп.

– Ооба… Анан атам, аймактагы атактуу адам, элден намыс кылып, акыры ой-боюма койбой үйлөп салды. Бир жесир аялдын кызына…

– Эмне үчүн жесир аялдын?

– Аялдын эри атамдын жанбирге досу болчу. Атам ошонун арбагын сыйлады. А тойдун эртеси кайнэнем: “Аяш, эми ээн үйдө эңгиреп жалгыз каламбы? Кыз-күйөө мени менен жашасын” дегенинен, атам ага да макул болду. Ошентип, мен күч күйөө катары жашап калдым. Кайлыгым он алты жашар, уялчаак, ишенчээк, баео кыз. Бара-бара жакшына аял болуп бермек, бечарам. Бирок буга жеткирбеди апасы…

– Апасы?

– Кайнэнем кыркка кирелек катын…

Актаң аялдай түштү.

– Кызга бергис жубан беле?

Актаң башын ийкеди.

– Акылды азгырган азыткы эле… Кызы көшөгөдөн чыга элек жатып… кызгана баштабадыбы?

– Кызын сенден?

– Мени кызынан.

Акшам айдың бакты жаңыртып каткырып калды.

Күлкүсү куду тоо суусунун көбүгүндөй көбүрүп көрүндү.

– Ушундай болушун каалап тургам.

– Каалап тургам?

– Кызык да! Энеси кызын кызганбай, кызынан күйөө баласын кызганганы. Айт ар жагын. Тезирээк!

– Кызын көшөгөдөн чыгарбай эле койду, мастан. “Жо-жок, сен отура бер, карегим. А күйөө баладан камсанаба, өзүм ардактап алам”, – деп.

– И-и, кантип ардактады анан?

– Кызматчы аялдай кызмат кылды: колума суу куюп, сүлгү сунат; бутумду өзү жууп, өзү арчыйт; уюба деп желкемди укалайт, ысыба деп желпип турат. Кийгеним күндө жаңы, ичкеним арак-шарап, а кашымда акышы артык, кылыгы күч кайнэнем… Бир жолу ошондой отурушта ойноп айтып калды: “Зайыбың али жаш. Сен аны анча кыйнаба”, – деп. Мен дагы онун ойнун ойнодум. “Кыйнаганым жок…”, – дедим аңкоолонуп.

“Көрүп атам, угуп атам”, – деп койду мугамыр мулуюп.

Кийин билсем, түндөлөрү уктабастан, караңгы үйдүн караңгы кааналарын кыдырып, көшөгөбүзгө көлөкөсүн түшүрүп, ойноп-оонаганыбызды көрүп, сүйлөп-күлгөнүбүздү тыңшап жүрүптүр.

Акшам дагы бир шаңшып алды.

– О-о, элестетип атам, – деди билерман кишиче. – Кызганчаак катын кыйын кыйналган экен. Кыялында далай жолу жулунуп көшөгөңөргө кирип барып, кызынын бетин аймап, чачын жулуп, а сени чалкаңан жыгып, үстүңө үйрүлүп түшкөн тура, бейбак.
Актаң да күлдү.

– Акыры кыялын ишке ашырды. Бир күнү: “Бүгүн аялың эс алсын, сен бөлөк бөлмөгө жат”, – деп калды. Эмне демекмин? Унчукпай макул болдум. Кайнэнем кызынан кылбат каанага төшөк салды. А мен чечинип, шамды өчүргөндө желегин желбегей жамынып, желпинип кирип келди.

“Кыңырылба, кызымдын кызматын кылып берем”, – деди желегин жерге ыргытып…

– Токтой тур ушул жерде, – деп шыбырады Акшам Актаңдын оозун оозу менен жаап. – Ал азыткынын айтканын өзүм аткарам…

Экөө өбүшүп, жабышып калышты. Ай тийген жылаңач денелерине ала көлөкө түшүп турду. Туш-туштан жарганаттар шуулдап өтүп атышты. Жакындан байуулу улуду. Узактан сүтактын муңдуу үнү угулду…

Ай анча алыстаганда Акшам:

– Эми… – деп энтиге эс алды, – аңгемеңди улант.

Узартпа, уккум келбейт…

– Азыр, аз калды, – деди Актаң алдыга алдастай басып. – Алты айдан кийин айыбыбыз ачылды. Аялым акыры билип койду. Көптөн бери шектенип жүрсө керек, бир күнү колго түшүрдү, үстүбүздөн чыкты. Айкырыкты салып, бурхан-шархан түштү, байкушум. Апасы ант ичип актанганча, буркурап ыйлап, булкунуп чыгып кетти. Эки ойнош эмне кыларды билбей, эсибиз ооп отуруп калдык…

Кыйладан кийин эшиктен иттердин үргөнүн, элдин ызы-чуусун эшиттик. Кабатырланып, караңгы терезеге келдик. Терезеден кыштактын көчөсүз салынган таш-тамдары көрүнөт. Азыр алардын карааны гана карарат. А ээлери эшикте. Ар кайсы жактан ай-айлап айкырган адам. Адамдардын арасында кимдир бирөө куйруктуу жылдыздай жалындап күйүп барат. Аны көргөндө кайнэнем кан жутуп, какай албай катып калгансыды. Эсине келгенде: “Кызым! Кызым ада болду!” – деп эчкирип, эшикке атырылды. Аргасыз артынан түштүм мен. Экөөбүз энтигип элге жетсек, күйгөн киши менин аялым, эчак өртү өчүп, түтүнү түтөп жерде жатат…

Кайнэнем кызынын алдына чөк түшүп, боздоп калды. Мен болсо башым маң болуп, көпчүлүктүн көлөкөсүнө жашынып алдым, эңилишке эрким жетпеди. Бирок ичимен эзилип: “Эсил эркем… Эриң эрдей, энең энеңдей болсочу”, – деп кейип турдум. Адамдар ар кайсыны айтып, арман кылып атышты. “Жакшынын жаны тынды”, – деп койду жанымдагы бирөө.

“Жайы жаннатта болсун жаш неменин”, – деди экинчиси. Кокусунан:
“О кудагый! Кудай курутту го бизди! Эмнеден жаздык, айтсаң? Кыз-келиндин убалы кимге?”, – деген айбаттуу авазды уктум. Карасам, өз атам. Ана ошондо мен өзүмдүн тирүүлөй өлгөнүмдү түшүндүм. “Эми өлүгүңдү көрсөтпөй жогол, ит!”, – дедим өзүмө өзүм. Анан аста-секин элден бөлүнүп, караңгылыкка житип кеттим…

Алар Акшам айткан үңкүр үйгө келип калышкан эле.

– Куш келипсиң, – деди үй ээси. – Кана, ичкери кир.

– Экөөбүз батабызбы?

– Кадырың жам болсун. Актаң эңилип, эшиги жок астананы аттады.

– Коркпо, үстү эгиз.

– О терезең да бар турбайбы.

– Өзүм койгонмун.

Алакандай тешиктен айдын нуру түшүп, үңкүр үйдүн ичин күңүрт жарытып турат.

– Чын эле кең экен.

– Кембагалдын кепесиндей. Отур.

Экөө жанаша жайлашты. Алдыларында ачык эшик, айдың бак.

– Астыбызда эмне шыгырайт?

– Бариктер.

– Жыргал турмуш…

Бирпаска үндөбөй отурушту. Анан Акшам:

– Ырдап берейинби? – деп калды.

– Ырда, – деди Актаң.

– Кызыл-кызыл козунун көрпөсү элем, о-о-ой-дай…

Кыз да болсо бир үйдүн эркеси элем, о-о-ой-дай…

Актаң азилдешип, коштоп кетти:

– Эркеликке койгон жок, чалга сатты, о-о-ой-дай…

– Чалдын баласына.

– А-а, ошондойбу? Кана-кана…

– Чал элүү жашта, баласы он тогузда болчу. Эки жыл илгери… Атасы акылдуу, көрүнүшү көрктүү киши эле. А баласы энесин тартып, эси жок, эр болгончо эркеликке кана элек, балалыгы кала элек бир дөдөй. Айылда анын аты – Кемчонтой. Жамандын жарты өнөрү артык эмеспи: Кемчонтой кумар ойноочу. Ар күнү ашык алчыйт, ордо атат, короз уруштурат, ит талаштырат, ат чабыштырат… Баарысына акча саят. Утат, уттурат… Бир жолу капчыгы какталып, каңырыгы түтөгөндө: “Катынымды койдум!”, – деп, мени да уткуруп жибериптир, үйүң күйгүр. Кайнатам куткарбадыбы мени кумарпоздон.

Экөө тең куунак күлүп алышты.

– А сен ага кантип катын болуп жүрөсүң?

– А-а… Жыйырмага чыкканча эрге тийбей, кара далы аталып кеттим.

– Кантип? Ушундай көркүң мененби?

– Тандаган тазга жолугат. Гүлжигиттерди чанып отуруп, акыры Кемчонтойго кор болдум. Анын үстүнө өз атам куураган кедей, а кайнатам чириген бай эле. “Калыңыңды өзүң быч, каалаганыңды аласың”, – деди кайнатам, адатымча көктүгүмдү көрсөтсөм. А өз атам болсо көзүмдү карайт жалдырап. Аяп кеттим анан аны.

Ошентип, өзүмдү өзүм Кемчонтойдун койнуна салып бердим…

Акшам кичине тунжурай түштү. Кийин кокусунан күлүп жиберди.

– Эмне күлөсүң?

– Кызык иш… кылмыш иш… кийин башталды. Никелешкен түнү күйөө кургурум менин ычкырымды чече албай койду.

– Ырас элеби? Айтып бер!

– Албетте, мен дагы кыз каадасын кылып, кыйла каршылык көрсөттүм. Бирок бул чыныгы себеп эмес эле. Чыныгы себеп: Кемчонтой алигиче катын көрбөптүр, анын үстүнө ал шордуу арак ичип, наша чегип алыптыр. Ичкилик менен баңгилик дагы бул жамандын жарты өнөрүнө кошулат. Кыскасы, Кемчонтой кыйлага куру убараланып, кийин коңурук тартып уктап кетти.

– Ажап болуптур.

– А эртеси эртең менен экөөбүздүн экиден жеңелерибиз киришпейби: “Кана, кыз-күйөө, жакшы жаттыңарбы?”, – демиш болуп. Чынында төшөк көргөнү келишкен. Салтты билесиң го: күйөө жак кыздын кыз экенин билиши керек да. А биздин шейшеп аппапак бойдон эмеспи. “Кокуй, кыз, бул эмнеңер? Кан кана?”, – дебеспи менин жеңелерим. Мен дагы уялбай: “Күйөө балаңардан сурагыла”, – дедим. Кемчонтой түш көрүп аткан. “Дарткам!”, – деп койду ал ушул тапта. Анын жеңелери арсар аквалда артына кайтышты. “Шектүү кетишти, – дешти менин жеңелерим. – Жок, кыз, буларды эптеп ишендириш керек. Антпесек абийирибиз төгүлөт. Кызыңар жубан чыкты дешсе, кантебиз? Ата-энеңиз асылып өлбөйбү ар-намыстан? Кала берсе, калыңын кайтарып алат кайнатаңыз. Ошондуктан, кызыке, кайын журтуңузду курсант кылыңыз тезирээк”, – деп безилдешти. “Кантип?”, – десем: “Күйөөңүз баёо бала. Сиз өзүңүз жардам бериңиз ага. Түшүндүңүзбү?”, – дешет. Түшүндүм, албетте…

Экинчи күнү чын эле Кемчонтойду азгырып көрдүм. “Кел, эрди-катын туурап ойнойлу”, – дедим ага. Бирок ал кечегиден бетер мас эле, көңүлдөнбөй койду. “Койчу, ошондой да оюн болобу”, – деп, тескери карап жатып алды…

Саар менен жеңелер дагы келишти. Бул жолу жаңжал чыкты. “Кызыңар кыз эмес экен”, – дешти Кемчонтойдун жеңелери. “Балаңар эркек эмес экен”, – дешти менин жеңелерим. Тигилер чычалап чыгып кетишти. А беркилер мага: “Бүгүн түнү тырмап болсо да өзүңүздү канатасыз”, – деп буйрук беришти…

Мени саарлап санаа басты. Күйөө кургурум кур дегенде ушул күнү соо болсо экен деп тиледим. Тилекке каршы, тилегим ташкапты. Кемчонтой керели кечке курбу-курдаштары менен куунап, кечинде дагы мас келди. Келип, босогону аттары менен килемдин үстүнө кулады. Ошол бойдон уктады. А мен тагдырыма таарынып ыйлап кирдим…

Мына ушул учурда эшик акырын ачылып, үйгө узун бойлуу киши кирди. Карасам, кайнатам. Ордуман секирип турдум. “Коркпо, мен сени куткарганы келдим”, – деди кайнатам. Анан карылуу колдору менен желкемен жерге басып, секин төшөккө жаткырды. Мен каршылык көрсөткөн жокмун…

– Жалап, – деди Актаң.

Акшам буга каткырып күлдү.

– А кайнатам кайра чыгып кеткенден кийин, мен Кемчонтойду чечинтип, жаныма жаткырып алдым. Ал таң атканда таң калып атпайбы: “Эй, эмне үчүн шейшеп кыпкызыл? Куду анардын ширеси төгүлгөнсүп?”, – деп.

“Тантыба, кылар ишти кылып коюп…”, – дедим эркелеген болуп.

“Менби?” – дейт маңбаш. “Анан ким?”, – дейм ого бетер назданып.

– Жез кемпир, – деп койду Актаң.

– Жез кемпирге жеңелери киришпейби кийин.

– И-и?

– Төртөө тең курсант. Баарысы ыраазы. Мен тарап сүйүнчүлөп, эр тарап сүйүнчү берип жатып калышты. Кайнэнем жеңелериме күмүштөн сырга тагып, кайнатам алтындан билерик салды…

– А кайнатаң кийин катылган жокпу сага?

– О, кеп ошондо болуп атпайбы. Экөөбүз биротоло ойнош болуп алдык.

– Ошентмексиңер, бетпактар.

Акшам адатынча каткырып алды.

– Эки жыл жыргап жашадык. Ышкыбыз өчпөй… Анан ашкере болдук. Шермендебиз чыкты. Адегенде, албетте, кайнэнем билет биздин кылмышты. Ал баласынын көзүн ачат: акмактын арына тиет, жиндинин жинин келтирет. Акырында колуна айбалта берип, өлтүрөсүң экөөнү дейт. Кемчонтой көкнарыдан ичкенинче ичет да, кийин көздөрү канталап, шилекейи куюлуп, биз жаткан үйгө келет. Келсе, экөөбүз жанаша жатабыз. Кемчонтой адегизбей атасын балталады, андан соң мага дап берди. Бирок кудайдын кудуретиби, колун көтөрө албай койду. Шал болгон немедей шалдырап туруп калды. Көзүнөн жаш кетти… Мен анын ошол аквалынан пайдаланып, жалаң көйнөкчөн, жылаңайлак бойдон эшикке чуркадым. Эшикке чыгып, эсиме келбей туруп: “Эл-журт! Өлтүрдү! Өлтүрдү!”, – деп кыйкыра бериптирмин. Аш-паш дебей адамдар чогулуп калышты. Алар көрүштү, түшүнүштү. “Айыптын баары анау аягы суюк аялда!”, – деп чаңырды кайнэнем долуланып. “Жазалаш керек жалапты!”, – дешти калган эркек-аялы. “Айгыр ат апкелгиле!”, – деп айкырышты. “Айгырдан айлансын бул шуркуя! Ак байталга байлагыла, эки жалаптан тең кутулалы”, – деди кайнэнем.

– Эки жалаптан?

– Биздин үйүрдө бир ак байтал бар болчу. Ал өз айгырын чанып, башка байдын үйүрүнө качып барып, анын айгыры менен ойноп келчү.

– Койчу?

– Жаныбар жакшы көргөн жагына жашырынып, жылга менен каттачу: барарда куйругун түйүп, күйүгүп чуркап отуруп, кайтарда шашылбай, бактылуу басып келчү.

– Укмушуң кур ургаачылар…

– Ак байталды мен аячумун. Экөөбүз ынак элек. Бирок башкаларга анын жоругу жакчу эмес. “Байым, жоготуңчу ушул уятсызды, элге шерменде кылды го бизди”, – деп калчу кайнэнем. Кайнатам деле арданчу ичинен. Анткен менен акылдуулук кылып: “Жөн кой, жаш неме ойноп алсын”, – деп күлүп кое турган.

Мына эми ошол байтал экөөбүздү кошо жазалашты. Мени эки билегимден байталдын куйругуна байлап, анан артыбыздан айгак салып, айылдан алыс айдап жиберишти. Ошентип, ак байтал менен Акшам, тагдырлаш эки шордуу бири-бирибизди сүйрөп, бежолмо бежол качып келаттык. Менин бети-колум аймалып, көйнөк-көкүрөгүм тилинди. Кудай жалгап, сойлогон жерим тегиз, көк шибер экен…

Акыры ак байтал арыдыбы же айгактаган адамдар артта калганын сездиби, акырын басып калды. А бир бейтааныш өзөндүн жээгине жеткенде такыр токтоп, оттоп кирди. Мен дагы эс ала түштүм. Эсиме келгенде эптеп кутулуштун амалын ойлодум. Карасам, алдымда кырлуу таш туруптур. Дароо билегимдеги жипти таштын кыры менен кыя баштадым. Эски жип экен, тез эле кыркылып кетти. Мен ак байталдан ажырап, асманды карап, талып жатып калдым. Ошол аквалда уктап кетиптирмин. Ойгонсом, жака-белде ак байталым көрүнбөйт. Өзөндүн боюнда өзүм жалгыз калыпмын. Эми эмне кыларымды билбей, кыйлага кыймылдабай отурдум. Кийин, кокус артымдан аңдып куугун келип жүрбөсүн деп коркуп, ордумдан туруп, бейтааныш жакка бет алдым…

– Тагдырыңа таң берем…

Актаң Акшамды өптү. Акшам ага жооп берди. Экөө алмашып жатып калышты…

Ошол бойдон экөө эки күн эшикке чыгышкан жок.

Үчүнчү күнү катуу күн күркүрөп, асман чартылдаган чагылгандардын согуш майданына айланды. Чагылгандардын жалындаган октору жерге жетип, бирөөсү Акшам менен Актаң жашаган чынарга келип тийди. Чынар чатырап өрттөнүп кетти. Өрт кечке чейин өчпөй койду. Кечке маал нөшөрлөп жамгыр жаап, жалын быкшыган көк түтүнгө өттү. А түтүн аста-секин тарап, акыры чынардын калган калдыгы – чычалага айланган өзөгү көрүндү. Өзөк өрттөнүп отуруп, кишинин боюнчалык гана бөлүгү калыптыр…

Жамгыр таң атканча жаады. Таң атканча чычаланын күйүндүлөрү күбүлүп түшүп, жалтылдаган жылма жыгачка айланыптыр. Өзөктүн өзү куду кучакташып турушкан эркек менен аялды элестетет. Эркек менен аялдын денелери аксаргыл, сылык, тунук. Экөө маңдайлары сүзүшүп, көкүрөктөрү тийишип, тизелери тирешип, тилсиз сүйлөшүп турушат…

«Де-Факто» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12-19.05.2011-ж.

murzaМ.Гапаровдун башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.