Анарбек Акматбеков: «Элибиз эсептешкен маанайдагы меймандостукка өтүп алды»

konok

Социалисттик коомду чанып, капиталисттик коомго ыктаган ушул заманда руханий д аздектелбей, акчанын гана арааны жүрүп калганын далай замандаштарыбыз күйүп-бышып, айтып-жазып жүрүшөт. Алардын бири – белгилүү журналист, акын Анарбек Акматбеков.

– Агай, бир сапар кыргыз радиосунун журналисттери менен баарлашып жатып, «Улуттук мүнөзүбүздү жардылантып алдык, эми аны кайрадан түзүшүбүз керек», – дедиңиз эле. Ошол оюңузду кененирээк чечмелей кетсеңиз?

– Рух деңгээлибиз Кеңеш өкмөтү түзүлгөндөн бери төмөндөп жүрүп отурганын эч ким танбас. Азыр биринчи орунга акча чыкты. Нарк экономикасына өткөн токсонунчу жылдардын башында жарык дүйнөгө келген наристелердин алды 18 жашка толду. Эми, ушул жаштар жана алардын ата-энелери «нарк» деген түшүнүктү акчанын арааны жүрө турган коом экен деп түшүнүп, «баарын акча чечет» деген ойго жетеленип калышты. Коомдо ушундай түшүнүк жашап жаткандыктан, жан-дүйнөбүз өтө эле жардыланып кетти. Ал эми «улуттук мүнөздү калыптандыруу, оңдоо» дегенге келсек, бул сөздүн салмагы менен жоопкерчилиги мени көпкө ойлондурду. Айрыкча, «Биздин улуттун эң жакшы мүнөзү кайсы?» деген суроо көңүлүмө көк таштай кадалды. Албетте, көптөр элибиздин меймандостугун айтып мактанышар. А ошол меймандостугубуздун деңгээли азыр кантип калды? Менимче, эсептешкен маанайдагы конок тосууга өтүп алдык окшойт. Мурунку замандын конок күтүү каадасы азыркы заманга төп келбей калды. Мындайча айтканда, пайдалуу, керектүү конок келгенде гана ачылып-чачылып, «пайдасыз, кудайы конок» келгенде үзүлүп түшө сыйлабай калдык.

Улуттун мүнөзү негизинен улуттун, анын өкүлдөрүнүн билим деңгээлинен, коомго болгон көз карашынан, анан да өзү жашаган коомдун идеяларын урматтагандыгынан көрүнсө, ушуларды азыркы кыргыздардын улуттук мүнөзү деп айтууга болор эле.

– Сиздин баамыңызда, деги бу замандын түрү кандай?

– Биздин коомдо «Акча-мансап-акча» формуласы үстөмдүк кылып жатканына көп болду. Азыр мансапка жетүүнүн, акча табуунун жеңил жолу табылды. Америкада айрым байлар 200 жылда араңдан-зорго миллионер болушса, бизде эпчилдер беш-он жылда эле күркүл болуп чыга келишти.

– Материалдык дөөлөт биринчи орунда туруш керек дегенге кошуласызбы?

– Жок. Бирок, маданиятты, адабиятты гүлдөтүш үчүн акча керек дегенге кошулам. Алгач экономиканы, андан кийин руханий дөөлөттү карайлы деген туура эмес. Анткени, искусство – түбөлүктүү нерсе.

– А руханий жардылыкты кантип жоёбуз?

– Ал үчүн уюган коргошундай бекем, ынтымактуу эл болуп, бакубат жашашыбыз керек. Улуттун көч башында турган азаматтардын улуттук ар-намысы кристаллдай таза болушу кажет. Маселени жетекчи чечет, а эл аны ээрчийт. Эгер биздин рухубуз бийик болсо, ичтен иритчү кара күчтөргө каршы тура алсак, улутубуз эч бир элден кем болбойт. Жаш чагыбызда патриоттуулукка чоң маани берилчү эле. Ал кезде патриот болуу чоң сыймык болчу. Бүгүнкү күндө патриоттуулуктун мааниси төмөндөп кетти. «Мен кыргызмын, мен Кыргызстандын атуулумун, кыргызым үчүн аянбайм», – деген жаштар аз. Антип айтуудан тартынгандар да бар. А эмне үчүн биз «мен кыргызмын» деп сыймыктана албайбыз? Ушул сөз уяла турган сөзбү? Бул – жакшы жышаан эмес.

– Азыр калктын камын жегендер жокко эсе дейсизби?

– Ооба, эл мүдөөсүн ойлогондор азайды. Ар бир кыргыз өз калкынын мүдөөсүн ойлосо, ошондо гана руханий бийиктикке жетебиз. Чынында, ар бир иштин куну бүгүнкү күндүн гана чени менен өлчөнбөшү керек. Анын нагыз наркы өз убагы келгенде бычылат. Ар кимдин табияты ар түрдүү эмеспи. Бир адам көңүлчөөк болсо, экинчиси – унчукпас, а үчүнчүсү айтканыңды теңирден тескери түшүнүп алышы ыктымал. Бул айрыкча тил, дил, дин маселелерине келгенде кашкайып көрүнөт. Адам баласын канчалык акыл-эстүү дегенибиз менен, анын башка жандыктарга өтө окшош экенин такыр тана албайбыз. Маселен, бири – бөрү, экинчиси – түлкү, а башкасы – жылкы, кээси жылан шекилдүү…

Орустардын Евгений Евтушенко деген чоң акыны өткөн кылымдын 60-жылдары: «Эркектер негедир аял сымал болуп баратышат, ал эми аялдар эркектердин ролун аткарып калышты», – деген мааниде ыр жазган эле. Чынында, азыр көпчүлүк эркектер аялдардан артта калышты…

– Сиздин оюңузча, улуттук идея деген эмне?

– Улуттук идея дегенибиз – бүткүл эл эңсеген, максат кылган нерсе. Ошондуктан, кыргыз элинин жакшы ой-пикирлерин жана айлана-чөйрөгө карата көз караштарындагы түшүнүк, ой, элестер биз сыйлаган улуттук идея экендиги ырас, ата-бабаларыбыз ушундай эркин заманды эңсеп келишкен. Элдердин биримдиги менен ынтымагы да улуттук идея болууга ылайык, анткени, ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашап турган мамлекетте элдердин өз ара ынтымагы өкүм сүрбөсө болбойт. Эгер Кыргызстандагы бардык улуттун өкүлдөрү «мен кыргызмын, мен Кыргыз мамлекетинин атуулумун» дей турган болсо, мен дагы андай идеяга кошулмакмын. Буга биздин элибиз эртеби-кечпи туура түшүнөт деп ойлойм.

– Конкреттүү сунушуңуз барбы?

– Менимче, биздин кезектеги улуттук идея ушул болушу керек: экономикабыз өсүп-өнүгүшү үчүн, элибиздин түшүнүгү кеңейип, ар ким өз ордунда көшөрүп иштеши зарыл. Эгер биз глобализациянын селине жуулуп кетсек, анда өлкөбүзгө да, тилибизге да, динибизге да, дилибизге да оорчулук келиши мүмкүн. Ошондуктан, жоголуп, чачылып кетпей, алдыңкы элдердин катарында бекем турушубуз керек деген ой тагдыр чечүүчү маселе экенин унутпашыбыз керек. Муну азыртан ойлонбосок, эртең кеч болуп калат.

Элибиз саясатка көп аралашпай, тынчтыкта жашаса, ошого мамлекет тарабынан шарттар түзүлсө дейм. Ар бир атуул колунан келген ишти чыгармачылык менен жасап, мамлекет үчүн иштеши керек. Жаштар иштегенден качпаса, оңой оокат издебесе… Ал эми акылы тунук карыяларыбыз жаштарыбызга акыл-насаатын айтып, туура жолго салганга умтулушса… Эң негизгиси – балдарыбызды жашынан абийирдүүлүккө тарбияласак, кийин алар замандын керегине жараган атуулдардан болушат. Мен өз оюмду залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен аяктагым келип турат: «Адамдын балалык абийири дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт».

– Агай, атайы редакциябызга келип, маңыздуу маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бар болуңуз!

Маектешкен Элеонора Абдылдаева, Шоокум Журналы, 01.09.2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.