Орус драма театры – өз позициясын бекем тутат

rusteatr

Кийинки жылдарда Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын тегерегиндеги ызы-чуу басылбай келет. 2013-жылдын апрелинде театр өз тарыхында өтө оор кризисти башынан кечиргендигине карабастан, бутуна туруп кайрадан көрүүчүлөрүн кубандыра баштады.

Кыргызстанда орус драма театрына көңүл бургандай эч бир театр жок болсо керек. Театрдын ички кухнясынын татаалдыгына, 2013-жылдын апрель айындагы жетекчиликтин алмашууларына карабастан көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнө жол издеп келет. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын орто ченинде театр 80 жылдыгын белгилейт.

Белгилүү болгондой, 2013-жылдын апрель айында Борис Воробьевдун ордуна жаш, көптү үмүттөндүргөн Александр Кулинский келди. Жамааттын айтымында, азырынча жаш жетекчинин бардык каалап-тилегени ишке аша элек. Эң башкысы ал театрды сактап калды. Себеби, бир даары театрдын жаш жетекчиси бул татаал объектти тарта албайт деген пикирде болушкан.

Бирок, турмуш алар ойлогондой болгон жок. 2013-жылдын апрелинде театрдын репертуарында болгону бир гана спектакль болгон. Ал да театрдын кичи сахнасында коюлган. Себеби, театрдын чоң сахнасындагы бардык үн, жарык берүүчү жабдууларды, декорациянын бир бөлүгүн, актёрлор спектаклдерде кийишкен кийим-кечелерди, ар кандай керектүү шаймандарды мурдагы директор түндөп жүктөп кеткендиктен театр сызга отуруп калган. Бүгүнкү күндө театрдын репертуарында 21 спектакль бар. Эки сахна тең иштейт. Мурунку жетекчинин учурунда мамлекетке карыз болгон 3 млн. сом толугу менен жабылды. 2013-жылы театрга каршы козголгон 11 соттук доо, театрдын пайдасына чечилди.

Бул бардык тоскоолдуктар артта калды дегендик эмес дейт,-театрдын жаш жетекчиси Александр Кулинский. Бирок, театрдын администрациясы менен чыгармачылык жамааттын ортосунда чече турган маселелер бар. Анын бири маяналар – 2,5 миңден 13 миң сомго чейин. Кыска мөөнөттүн ичинде өлөсөлүү театрдын жалпы жамаатынын эбегейсиз эмгектеринин натыйжасында театрдагы спектаклдердин саны да, сапаты да өсүп, театрга жан кирди. Жамааттын жүрөгүндө ишеним шооласы жанды. Үстүбүздөгү эле жылы театрдын жамааты 8 спектаклди көрүүчүлөргө тартуулоону пландап жатышат. Алардын үчөө мурда сахнада коюлуп, кийин унутта калгандар. Ал эми март айынын орто ченинде көрүүчүлөргө Нил Саймондун “Макоолор” деген пьесасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

-Быйылкы жылдагы маанилүү окуя – 21-ноябрга белгиленген театрдын 80 жылдык мааракеси. Ушул маанилүү иш-чараларга байланыштуу театрды ремонттосок деген тилегибиз бар. Бул жагдайда КР Президенти, Өкмөт, Маданият министрлиги колдоо көрсөтөт деген ойдобуз. Белгилей кетүүчү маселе – бул ремонт иштерин өз күчүбүз менен ишке ашырууга кудуретибиз жетет. Кеп, аны ишке ашырууга бизге уруксат беришсе,-дейт жаш жетекчи.

Көшөгө  артындагы көңүл иренжиткен ар кандай иштерге карабастан Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус театрынын жалпы жамааты өздөрүнүн көрүүчүлөрүнө көңүл сергитип, руханий байлык тартуулаган спектаклдерди тартуулоо багытында иштеп келишет.

Бактыбек Имамадиев, «Эркин тоо», 18.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.