Советбек Байгазиев

s_baigaziev

Өмүр баяным

1945-жылы 1-майда Кыргыз республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Кайырма айылында туулгам. Кайырма орто мектебинин жогорку класстарында окуп жүргөн мезгилимде (1961-1964-жылдар) окуу менен катар эле Ленин атындагы колхоздо почтальон болуп иштегем жана «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш», «Советская Киргизия» газеталарынын штаттан тышкаркы кабарчысы катары кызмат аткаргам. 1964-жылы Кайырма орто мектебин бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетине киргем. КМУну 1969-жылы «Филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигинде бүткөн соң, 1969-1971-жылдарда Советтик Армиянын катарында взводдун командири болуп кызмат кылгам (лейтенант катары). 1971-1972-жылдарда Кыргыз телевидениесинде редактор, 1972-1975-жылдарда аспирант, 1975-1977-жылдарда «Кыргызстан маданияты» газетасында улуу кабарчы болуп иштедим. 1977-1984-жылдарда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1985-1993-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда сектор башчысы, директордун орун басары болуп эмгектендим. 1993-жылдан 2001-жылга чейин И.Арабаев атындагы педуниверситетте илимий жана окуу иштери боюнча проректор болуп иштедим. 2002-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз билим берүү академиясында вице-президент кызматында эмгектенүүдөмүн.

1984-жылы кандидаттык, 2002-жылы докторлук диссертация коргогомун. 50дөн ашык илимий, илимий-публицистикалык, педагогикалык, адабият таануу, этика, поэзия, проза багытындагы китептерге жана окуу китептерине, окуу программаларына, окуу колдонмолоруна автормун жана авторлошмун. Ошондой эле коомдук турмушубуздун ар түркүн проблемаларына арналган 300дөн ашык макалага автормун жана кээсине авторлошмун. Филология илимдеринин доктору, профессор, «Старший научный сотрудник» илимий наам-даражаларга ээмин. Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсүмүн.

«Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» (1997), «Кыргыз республикасынын Ардак грамотасы» (2007), «Манас 1000» юбилейлик медалы (1995), Кыргыз республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» медалы менен сыйланганмын. Эл агартуунун отличнигимин. Кыргызстан журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты болгомун. ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, Кыргыз ССР илимдер академиясынын Ардак грамотасы, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик агентствосунун Ардак грамотасы, Эл депутаттарынын Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланганмын. Ж.Бөкөнбаев, И.Арабаев, Т.Насирдинов атындагы сыйлыктардын ээсимин. “Манас Ата” сыйлыгынын лауреатымын. Жумгал районунун ардактуу атуулумун. Коомго сиңирген эмгегимди эске алып, Жумгал райондук депутаттар сессиясы 2006-жылы өзүнүн атайын чечими менен С.Байгазиевдин ысымын Жумгал райондук борборлоштурулган китепканага ыйгарган. Үй- бүлөлүүмүн, 5 балам бар.

Советбек Орозканович Байгазиев,
2011-жыл, 31-март.

 

Советбек Байгазиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Улутка ушинтип кызмат кылат!

«Кишенден бошонгон рухтун ырлары»

«Кишенден бошонгон рухтун ырлары» — кыргыз поэзиясындагы жаңылык

Байгазиев жана Ата Журт тагдыры

 

Эмгектери жана чыгармалары

Канткенде адам уулу адам болот? же олуя Калыгулдун ЖЕТИ ОСУЯТЫ

Көчмөндөр цивилизациясы (1)

Көчмөндөр цивилизациясы (2)

Көчмөндөр цивилизациясы (3)

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?

Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө бир эки ооз сөз

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.