Карта чучук

chuchuk

Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки башын бек бууп, бышканча кайнатат. Картанын даамы, ич майы менен этке коруштун даамы кошулуп, кош даам болуп бышат. Аны муздак жана ысык бойдон берсе болот. Жашылча салатын кошуп берсе, андан да сонун.

Эля Муратбек кызы, Шоокум Журналы, 01.01.2008-ж.

 

Улуттук тамактын башка түрлөрү

Соц тармактар:

2 thoughts on “Карта чучук

  • 30.08.2015 at 17:03
    Permalink

    жасап жеш керек эле .аппетитти ойготунар

    Reply
    • 01.09.2015 at 11:01
      Permalink

      Тамагыңар таттуу болсун!

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.