Мевлана Желаледдин Руми : “Жаратылышты корукчулар эмес, сүйүү коргойт”

mevlana

  • Эй адам, эч кимди таарынтпа. Сөздөн катык эч нерсе жок. Дене оор жүктү көтөрө алат, бирок көңүл сөздү көтөрө албайт.
  • Бутуна кирген тикендер, издеген роза гүлдөрүнөн кабар берет.
  • Жакшы күндөр сага келбейт, ал күндөрдү көздөй жүгүрөсүң.
  • Шайтан менен салгылашка тайманбай чыга алам. Бирок, адам шайтанга айланса, мына ошодон корком.
  • Ийри болсом, жаа сыяктуу дубалга асышат. Түз болсом, ок сыяктуу талааны көздөй атышат.
  • Сулууну сулуу кылган адеби, ал эми адеп – сулууну сүйүүгө себеп болот.
  • Сүйгөнүң жүрөккө, досуң аркаңдан саят. Жүрөк айыгат, бирок дайыма бүкүр бойдон каласың.
  • Таарынуу же араздашуу үчүн шылтоо издебей, сүйүктүү болуу жана сүйүш үчүн чара издегиле.
  • Адамдарды билүү- деңиздин суусун ыстакан менен бошоткондон дагы кыйын.
  • Айрым учурда бүтпөчүдөй болгон кайгы-капа жамгырдай эле нөшөрлөп үстүңө жаайт, бирок эч качан унутпа, түркүн түстүү күн желеси жамгырдан кийин чыгат.
  • Бардык нерсеге чыдай албай турган абалга келген кезде да эч качан чегинбе, анткени ошол учур тагдырыңды өзгөртөт.
  • Адамдагы сулуулук жүздө, жүздөгү сулуулук көздө. Бирок, адамды сулуу кылган оозунан чыккан сөз болот.
  • Мунарадан түшкөндүн бир бөлүгү табылат, бирок, көңүлдөн чыккандын эч нерсеси табылбайт.
  • Адам ким экенин билгиси келсе, кимдерди жакшы көргөнүн изилдесин.
  • Махабат үчүн күндөй, ал эми достук менен бир туугандык үчүн аккан суудай бол.
  • Жашоо үстүккө- босток тикендерди көрсөтүп жатса, эч качан капаланба, анткени жакында роза гүлдү дагы көрөсүң.
  • Бүгүнкү күнүң кечээки күнүңдүн эртеңи эле, кана бүгүн эмне жасай алдың? Андыктан бүгүнкү бүтчү ишти эртең жасайм, эртең жасайм дебе…
  • Жаратылышты корукчулар эмес, сүйүү коргойт.
  • Эч качан өткөн нерсе менен жашаба, бирок ар дайым өткөн иштен сабак ал.
  • Сүттөн чыккан бардык кашыктар ак бойдон калат. Эң маанилүүсү ичинен чыккан сүттү ак бойдон калтыруу.
  • Айыпсыз дос издеген, доссуз калат.
  • Адилеттүүлүк эмне? Бардык нерсени өз ордуна коюу. Зомбулук эмне? Бир нерсени өз ордуна эмес, башка жерге коюу.
  • Акылың жок болсо өрттөнгөнүң, эгер жүрөгүң жок болсо, демек, анда жоксуң.
  • Балыкка деңизден башкасы-азап.
  • Бул дүйнө дарактын жашоосуна окшойт. Дарак карыган сыяктуу, адам баласы да карыйт. Дарактын быша элек мөмөлөрү сөңгөгүнө катуу жабышат, ал эми бышкандары мөлтүрдөй төгүлөт.
  • Убакыттын кадырын билсең, анда ошол доордун эң пайдалуу адамы да, жашы да, карысы да сенсиң.

Даярдаган Нуржан Жумабек кызы, «Де-факто», 20.02.2015-ж.

 

Мевлана Желаледдин Руминин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.