Кыргызстанда Башкортостандын маданият жана илим күнү өткөрүлөт

argymak

3-марттан 6-мартка чейин Кыргызстанда алгачкы жолу Башкортостандын маданият жана илим күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу “Офис-группа ШОС БРИКС “Уфа-2015” массалык коммуникациялар жана басма сөз кызматы департаментинин ага эксперти Елена Арямнова маалымдады.

Масштабдуу иш-чара башкыр киносунун күндөрү менен ачылат.

Башкортостандын маданият жана илим күнүнүн салтанатуу ачылышы 4-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында өткөрүлөт.Сценада Башкортостандын искусство чеберлери, белгилүү башкыр ырчылары Римма Амангильдина, Ямиль Абдульманов, Марсель Кутуев жана башкалар концерт тартуулайт, “Аргымак”, “Заман” заман топтору өнөр көрсөтүшөт.

Мындан тышкары Кыргызстандын улуттук музейинде башкыр сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өткөрүлөт. Көргөзмөлөр менен концерттердин бир бөлүгү Кант, Кара-Балта, Токмок шаарыларында болмокчу.

Гүлнур Жумалиева, «Кабар ордо», 24.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.